presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кан жол
Сак болсоң, сактайт!
Жол эрежесин бузгандарга коюлуучу айып пул эселеп көбөйтүлдү. Мунусу дурус болду окшойт. Бирок, билгендердин айтымында, аталган чара жол тартибин көзөмөлдөгөн адамдарды түз эле "коммунизмге" сүйрөп барчу чечим болду дешет. Жол көзөмөлдөөчүлөр мурункудай эле парасын ала берет, алганда да эки эсе, беш эсе, он эсе көп алмай болду, анткени, айып пулдун көбөйүшү ошого алып барат. Аны ким токтотот? Эч ким токтото албайт! Бурчтан чыга калып жүрөктү түшүргөндөрүн айт! Илгери ата-бабаларыбыз чапанын тескери жамынып, далдоо жерден чыга калып машина үркүтчү экен... тукум куучулуктур... Ар бир жол тоскон кызматкердин жанына бирден текшерүүчү кое албайсың, ээн талаада видеокамера да коюуга болбойт, параны алганы алган. Маселен, ичип алган кайсы бир айдоочу колго түшсө, андайлар азыркы күндө жолдо толтура дейли, аны кармаган көзөмөлдөөчү мурункудан көп акчага эгедер болот. Ичип алган неме сураган сумманы кыйшактабай туруп эле карматат. Эми бул маселени чубап олтурбайлы, азыр элдин жарымы шоопур, билген, билбегени менен, окуган окубаганы менен, андыктан пара берүү маселесин элдин баары билет. Жолду көзөмөлдөгөндөрдүн коррупциялык жагдайын жайына коелу, дайны жок эле тейтектей бергендин кереги жок, анткени, аны токтотууга шаа жетпейт. Артынан түшкөндөр кармаса, ондон бирин кармар, анысы дагы аңыз аралай качып элге уят болот экен... Кармаган күндө деле акча берип кутулуп кетет, башка жерге которулуп барып жолун тосо берет. Андан көрө тартиптүү болуп, кабыл алынган эрежеге көнүш керек: ичип алып айдаба, катуу айдаба, каршы жолго өтпө, светофордун "тилин" ал, машинан илгичин курчан, алдыңдагы машинаны эрежедегидей кууп өт, туура эмес жерге токтобо, күбөлүгүң жок рулга олтурба ж.б. Тартипти өзүбүз бузуп балээ болуп жатпайбы. Жолду көзөмөлдөгөндөрдүн капчыгын өзүбүз эле "чын дилден" толтуруп жатпайбызбы.
Жайкы сезон башталганы жолдо машина көбөйөт. Аны менен кошо жол кырсыгы да өсөт, бөтөнчө Ысык-Көл тарапка кетчү жолдо-оозума таш! Азыр каалаган адам эле рулга олтуруп айдап кете турган жагдай түзүлдү. Анткени, айдоого укук алчу күбөлүктү "баланча" деген акча берип эле сатып аласың. Колунда барлардын уулдары менен кыздары, айланайы-ын, килейген жиптерди айдап алып көлдү көздөй сызып баратканын көп эле көрөбүз, адыраңдаганын сүрөттөп да бере албайсың! Шумахериңдин шуулдаганы биякта калат! Кудай бир сактайт да! Алардын эне -атасы, кызына же уулуна машинаны берүүдөн мурун сактык жөнүндө ойлонуш керек, өзүнүн балдары жөнүндө ойлогусу келбесе, башканын өмүрүн ойлонууга милдеттүү. Көпкөн балдары машина айдагысы келсе, окуп туруп алсын күбөлүктү. Күбөлүк алгандан кийин машинаны далайга чейин көзөмөл менен айдасын. Далай чоңдун көпкөн балдары авария жасап жатат, авариялык жагдайды жаратып жатат, аларда жол эрежеси деген түшүнүк жок! Ушул абалды кантип токтоторду жол көзөмөлдөгөндөр өздөрү да билбейт, билгиси да келбейт... чөнтөк, баягы эле чөнтөк!
Урматтуу рулда олтургандар, машинаңарды сак болуп айдагыла, силерди кудай колдосун! Ал да "сактанганды сактайм" дейт экен, сак болгула! Жолуңар шыдыр болсун!

Баратбай Аракеев




Үсөн Сакетаев 24 жылга кесилди
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 26-июнда "3 жашар кызын зордуктаган" деп айыпталып жаткан Үсөн Сакетаевди 24 жылга эркинен ажыратты. Буга чейин аталган кылмыш иши боюнча сот отуруму жабырлануучунун энеси менен кылмышка шектүүнүн ортосундагы жеке мамиленин айынан кечеңдетилип жатканы айтылып келген. Кылмышка шектүүнү туугандары бошотуп алууга аракет жасагандары да айтылган.
Эске сала кетчү жагдай, 5-июнда болгон соттук процестин жүрүшүндө Үсөн Сакетаев лезвие менен мойнун кесип жиберген. Аны "Тез жардам" кызматкерлери ооруканага алып кетишкен. Кийинчерээк ал терисин гана кескени айтылып, тергөө абагына жөнөтүлгөн.

Осмоналиев деле таза эместей…
Билим берүү жана илим министри Канат Садыковду катуу сындаган "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев деле таза эместей. Былтыр 24 студент жалпы республикалык тестирлөөлөгө катышпастан эле Кыргыз-Орус славян университетине өтүп кеткендиги айтылып, жазында ызы-чуу болду. Ошондо министр Канат Садыков университеттин ректорун чакырып, "эмнеге мындайга жол бергенсиң" десе, ал баардыгы депутат Каныбек Осмоналиевдин кийлигишүүсү менен болгон, "мен депутаттын айтканын аткарбай коё алган эмесмин" деп жооп бериптир. Ошондой эле Каныбек Осмоналиев Канттагы Акматбек Келдибековдун аялына таандык делген АзМИ аталышындагы медициналык окуу жайды жаптырууга да каршы болуп жаткандыгын эшиттик. Министр Канат Садыков болсо, саны бар, сапаты жок, окуу жайларды жабуунун аракетин көрүүдө.

Текебаев текебер мүнөзүн карматууда
Өзүнүн кызыкчылыгына келгенде кылдан кыйкым издеп, жумурткадан кыр чыгарган "Ата Мекен" партиясынын "атасы" Өмүрбек Текебаев өзү мактап-жактап, "эң эле таза, тажрыйбалуу, иштин көзүн билген адам жаныбызда эле жүрүптүр" деген оодаларын унутуп, Жоомарт Оторбаевди Өкмөт башчылыктан алып түшүүнү эңсеп, тескери ушата баштады. Буга Кумтөр маселеси себеп болуп жатканын аңдоо кыйын эмес. Оторбаевди өкмөт башына алып келүүдө негизги ролду ойногон фракция лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр боюнча өкмөттүн позициясын кескин сынга алып, кенди жабуудан кайра тартпаган чечимдерди сунуштап чыгууда. Ал эми өкмөт башчы андай тобокел кадамдарга барууга батынбай турат. Өкмөт "Ата Мекен" фракциясы каршы болгонуна карабай, Давыдов мөңгүсүндө иш жүргүзүүгө уруксат берди. Өкмөт башчынын мындай позициясы аны өкмөт башчылыкка сүрөгөн фракция лидерине караганда, мамлекет башчысына жакын болууда. Бул көрүнүш Текебаевге жакпай, тескериленген текебер мүнөзүн карматууга негиз түзүүдө. Эми каникулдан келгенче Өкмөт башчысын кандай жол менен өзүнө имерүү керектигин, көнбөсө кандай жол менен кетирүү зарылдыгын ойлонуп, план түзүп келет окшоп калды.

"Бир бол" бириндейби...
Өңкөй Кудайдан жөө качкандар биригип "Бир болуп" алгандар шайлоонун шаңын эрте баштап көрүнгөнгө жуучу түшүп, "чабал өрдөк эрте учат" болуп шалпылдап жүрүшөт. Азырынча аталган партиянын лидери катары саналып жүргөн Алтынбек Сулайманов кадыры кайтыш болгондорду партиясына тартуунун далалатын кылып, көрүнгөн бурчта жолугушууларды уюштуруу менен алек. Буга чейинки артында калбыры бар делген Жаныбек Бакчиев, Исхак Пирматов, Игорь Чудинов, Мамасадык Бакиров, Марат Султанов сыяктууларды топтоп алды эле, эми буларга табакташ кылууга Исхак Масалиевди кошулушун өтүнүп, "бир болсок" шайлоодо утабыз деген өңдүү кыялын билдирип, жолугуп сүйлөшүү жүргүзгөнүн эшиттик. Ата кадыры менен бийлик сересине аралашып калган Масалиевдин чамасы чак экенин эске алганда, "Бир болуп" бириккендердин барчу багыты узак болчудан эмес. Жогоруда аты аталагандар ар кайсы "үйүрдөн" чыккандыгын, буларды депутат болуу кызыкчылыгы гана бириктирип жатканын эске алганда, "Республикага" окшоп, "Бир боло албай" бириндеп кетчү мезгили алыс эместигин туюга болот.

"Центерранын" жетекчилиги Кыргызстанга келүүдөн чочулоодо
"Кыргызалтындын" жетекчиси Токон Мамытов 30-июнда "Азаттыктын" таңкы маегинде "Центеррага" которулуп кеткен 200 миллион долларга байланыштуу "Кыргызалтындын" мурунку жетекчиси Дилгир Жапаров камакка алынгандан кийин "Центерранын" жетекчилиги Кыргызстанга келүүдөн чочулап жатканын билдирди. Мындан улам, Кумтөр боюнча жаңы келишимдерди түзүү иштери токтоп тургандыгын, "Центерранын" жетекчилиги кепилдик берилген шартта гана Кыргызстанга келерин билдиргенин кошумчалады.









??.??