presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Сандан-санга
Мамбет Мамакеев
МЕЗГИЛ ЖАНА ИНСАН
Автобиографиялык
мемуар

Таң аткыча чуркап жүрүп, эртең менен катуу уктап калган экем, күн чыга жаздап калыптыр, бирөө тамга жабыштыра бир тепти, дагы эмне болуп кетти деп ыргып тура калсам - маңдайдагы кошуна Жумалы деген сакалдуу киши, кулагы укпайт, армияга алынган эмес, сүйлөй албайт, ачуусу ушунчалык келген - дагы качырып келе жатат. Ой, сизге эмне болду десем, эне-атамдан эчтеке калтырбай сөгүп кирди: "Эчкиңди уурдаган ууруларды мага эмне үчүн айткан жоксуң?" - деп. Кулагынын укпасы эсиме түшө калды. Ой, таяке, эшикти тепкилеп жатып ойгото албай койбодумбу десем, эс алып тура калды. Бул кишинин аларга ачуусу келгени, жаңкы Касий деген абышка ушул кишинин инисин тоогумду уурдадың деп сельсоветке айдатып убара кылган, ошол эсинде экен.
Чынында, Жумалыны алпарсам, чоң чатак чыкмак. Эртесинин эртеси Касий абышка мыйрыңдап көчөдөн өтүп баратса, Жумалы баса калып өлтүрүп коё жаздаган, "Сен менин инимди тоок уурдадың деп жаман атты кылдың, а сен эчки уурдайсың!" - деп. Мен карындаштарыма эртеси бададан эчкилер келатканда, булардын бир жакшы эчкисин кармап алгыла деп эскертип кеткен элем. Кечинде жумуштан келатсам, Дөөлөтпайдын балдары, алар кайдан билсин, эчкисин бербей, менин карындаштарымды сабап жатыптыр, мен көрө коюп үстүнөн чыгып, тиги балдарды бир топ бакырттым, жайлап жибердим. "Эмне үчүн биздин эчкини аласыңар?" - дейт. Мен: барып эне-атаңардан сурагыла эмне экенин деп жаактарын бастым. Кийин таң калганым, үйдө ажаан, куу канчыгыбыз бар эле, чоочун кишини жолотчу эмес, кандай үрбөй калды дейм да. Көрсө, Мээркан жеңе биздикине келип, жаргылчагыбыз бар эле, ошого талкан тартып кетчү, мурунтадан ойлонуп даярданып жүрсө керек, ит деле ачка да, талкан тартып отуруп улпагынан берип үйрөтүп алыптыр, ошон үчүн ит үргөн эмес. Мына, уруштун, жокчулуктун бир кесепети!
Түшкө чейин окумай, түштөн кийин колхоздун жумушунда болчубуз. Жумушту укмуштай иштечү элем. Бир эле мисал, чалгы менен күнүнө 60-80 сотых жер чабам. Колхоз күнүнө үч аяк суюк жарма берет, мага эки-үч норма аткарат деп беш аяк (чоң кесе) жарма берет. Азыр мынчалык жерди 5-6 киши дагы чаба албайт. Кийин доктур болгондо отпускага барсам, атам байкуш чалгысын алып кетип баратат. Ата, кайда десем, "Чөп чапканы", - дейт. Азыр, мен дагы чалгыны алайын деп артынан бардым. Төш жакка атам кетти зуулдата чапкан бойдон, мен бир чаап эле демим кыстыгып узай албадым, атам байкап кайра келип: "Кой, балам, мен өзүм чабайын", - деди.
Жумушту укмуштай иштедим дебедимби, кайсы жумуш болбосун. Ошентип, башкарма, калган активдер 9-классты бүткөндө, мени күзүндө, эгин жыйыла баштаганда кырман башчы кылып шайлашты, менин милдетим - эгин бастырмай, тазаланган эгинди күнүгө жөнөтүп, мамлекетке өткөрмөй. Ал убакта мындай кызматка жетиш оңой эмес эле. Экинчи жагынан, эптеп эгин жыйнап үй-бүлөнү багыш керек болчу. Окууну унуттум, окубайм дедим, окуу башталганына 10-15 күн өтүп кетти. Бир күнү эле Сары-Камыш айылы жактан бир атчан киши келе жатат, анда машина деген жок, алыстан атчан киши келатса көрүнчү эле, жакындаганда карасам, менин директор агайым Токоев Касымбай экен. Келип, самандын түбүнө түшүп, мени менен сүйлөшө баштады. "Окуунун башталганына эче күн болду, эмне окууга барбай жүрөсүң?" - деди. Мен: агай, окууну бүттүм, окубайм, мындай кызматта иштеп көргөн эмесмин, менин максатым - бөбөктөрүмдү, үй-бүлөнү багышым керек, атам армияда болсо деп жүйөмдү айтсам, агайым: "Ай, бала, сен эле кыйналып жатыптырсыңбы? Бүт эл-журтка келген кыйынчылык бул. Уруш деле бүтөт. Андан көрө окууңду бүтүп, аттестат алып ал", - деп алда немедей сабырдуулук көрсөтүп сүйлөдү. Мен дале көгөрүп, жок, агай, окубайм дедимби, окубайм деп кескин жооп кайтардым. Аягында, ал: "Эсиңе кел, акмактанба, бир убакта эсиңе келип, "Кап!" дебе, анда кеч болуп калат", - деди. Мен көгөрүп болбодум. "Ойлон", - деп коюп кетип калды.
Беш күндөн кийин дагы агайым келди, анда орой жаным, мага эмне эле жабышып калдыңыз? Окубайм деп дагы кайра узатып жибердим.
Ошондон үч күндөн соң биздин айыл жактан дагы бирөө чаап келе жатат, жакын келгенде тааныдым, Чаки деген арык тыртайган, үнү ачуу абышка бар эле, ошол экен. Бул келе жатканда түшүнчүбүз, же бирөөнү армияга чакырып же өлгөн адамдын кагазын алып келчү, ошон үчүн бул абышка суук көрүнчү. Аттан түшпөй туруп: "Ай, бала, бери кел", - деди. Чуркап барсам, повестка берип: "Сени эртең районго чакырып жатат, эки жылга Кеминге барып коргошун казат экенсиң", - деп жатпайбы. Эсим оой түштү. Үйгө келип, үйдөгүлөргө айтсам, баары ыйлап киришти, эми биздин күнүбүз эмне болот деп.
Эртеси, анда жөө эле жүрчүбүз, Ак-Сууга жөө барсам, райисполком чакырткан экен, бир чоң эски клубга район боюнча 200 бала чогулдук. Райисполкомдун төрагасы Кокоев Сары деген ушундай сулуу, сонун киши: "Кан төгүлүп жатат, акыбал өтө оор, ишке жараган эркектер армияда, ошолорго жардам керек. Силер 2 жылга Кеминге барып, коргошун казган жерде иштеп, армияга жардам кыласыңар", - деп бизди чакырган жагдайды кенен түшүндүрүп айтты. Анда "барбайм" деген сөз жок эле, эки күндөн кийин даярданып ушул жерге келгиле деп таратып жиберди, кетип баратсам: "Ким Мамакеев?" - деп сурап калды. Мен десем, "Сен мага кирип кетчи", - деди. Чуркаган бойдон артынан кирип бардым. Отургузуп, түз эле: "Эмне үчүн окубай жүрөсүң?" - деп суроо берди. Агай, атам армияда, чоң атам, энем менин колумда, бөбөктөрүм көп, өтө кедей үй-бүлөдөнбүз, ушундай ишке ишенип койгондон кийин окубай эле коёюн дедим эле десем, бул агай дагы акыл-насаатын айтып: "Мен сени калтырайын, окуйсуңбу?" - дейт. Сүйүнүп кетип, агай, азыр эле окуума барайын десем, күлүп: "Бир-эки күндөн кийин бар, бул балдар атаандашат, эки күн көрүнбөй туруп, анан бар", - деди.
Эки күн огороддун башында чоң калың кендирибиз бар эле, ошонун арасында сойлоп жатып, эки күндөн кийин окуума жетип барсам, директор агайым ачуусу келип: "Эмне келдиң? Сен мен эки жолу барсам дагы болбой койбодуң беле, же сени бирөө коркуттубу?" - деди. Жок, агай, өзүм эле окуюн деп келдимдеп шылкыйдым. "Акмак десе, болуптур, окуй бер", - деп койду.
Кийин уксам, байкуш агайым айласы кеткенде райисполкомго барып сүйлөшүп, ушинтип коркутуп алып келип бербесең болбой койду дептир. Ушул агайыма өмүр бою ырахмат, менин киши болушума, ушундай даражага жетишиме биринчи себепкер болгон - агайым.
Токоев Касымбай агайым мени артымдан кубалап жүрүп окутту дебедимби, же бул агайым менден бирдеме чыгаарын сезгенби, билбейм. Өмүрү кыска экен, 53 жашында кайтыш болуп кетти. Институтту бүткөндөн кийин мен ушул агайымдан кол үзгөн жокмун, барган сайын кезигип турчу элем. Кайтыш болгондо бара албай калдым, кабар берилген жок. Кемпири ушул күнгө чейин тирүү, Бишкекте инисинин кызы менен турат экен, колумдан келген жардамымды берип турам.
Ошентип, 8-класстан тартып, Сары-Камыш орто мектебинде окуп жүрдүк. 8-9-класстарда экенде 3 км жерге жөө барып-келип окуйбуз, кийим деген жок, тон, тери шым, кийиз өтүк, жамаачы чокой. Жер кургакта, кар чоң жаап, суукта эчтеке эмес, анан март айынан ала-шалбырт башталганда, ошондо көрчү элек тозокту. Үйдөн чыкканы мен бир боо кургак саманды колтуктап ала чыгам. Бир аздан кийин эле таман чылпылдап кетет, суу саманды алып салып, кургак саманды сала коюп, дагы бир топ жерге чылангыча чуркап, мектепке жеткиче төрт жолу алмаштырып барчу элем. Кийин врач болгондо түшүнгөнүм: ошондогу биздин организм - чың организм, мыкты ден соолук болгон! Ооруп калуу деген жок эле, ошондо эле Кудай таалам жардам берип, шорубуз чыгып кетсе керек.
10-класска жеткенде интернат ачылып, ошол жакка тамак-аш берип жатып калдык. Ошондогу окуунун сапаты тууралуу айтсам, жогорку же орто билимдүү бир да мугалим жок экен. Окуу китеп, сыя, дептер дегенди көргөн жокпуз. Жаңы дептердин ордуна эски китептерди пайдаланып, сыянын ордуна өзүбүз күзүндө бөрү карагаттын ширесин сыгып алып, ошону менен жазчу элек.


(Уландысы кийинки санда)










??.??