presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Табият тартуусу...
Бердибек Самудинов,
Жумгал райондук токой-чарба мекемесинин жетекчиси:
"Апас Жумагулов мени жок шылтоо
менен 4 ай СИЗОго каматып койгон..."
- Бердибек байке, алгач райондук токой чарбанын кечээки жана бүгүнкү ахыбалын айтып берсеңиз? Жумгал районун токойго бай деп айтсак болобу?
- Мен райондук токой чарбасын жетектеп жатканыма 5 жыл болду. Биздин райондун токой чарбасы 1947-жылы түзүлүп, анын курамына Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондорунун да токой чарбалары кирип турган. Бирок кийинчерээк эки район тең өз алдынча болуп бөлүнүп кетти. Биздин токой согуш жылдары абдан көп кыйылган экен. Азыр биздин токой чарбанын жалпы аянты 97 801 гектарды түзөт. Мунун ичинен 26 миң гектар (20 миңден ашык гектар жери карагай)жери токой баскан жер болуп эсептелет. Мына ушул сандарга карап Жумгал району токойго бай район деп жыйынтык чыгара берсек болот. Анткени, салыштырмалуу айтсак, Кочкор районунда болгону (суу жээктеги бактар) 4 - 5 миң гектар токой бар. Ак-Талаа да аз. Ат-Башы районунда да бир топ гектар токой бар, бирок биздикинен азыраак. Жаңылбасам, Нарындын токой чарбасынын аянты биздикиндей көп.
- Токойду көбөйтүү жана сактоо иштери тууралуу айтсаңыз?
- Мурун жылына 100 гектар жерге бак өстүрүү планы бар болчу. Бирок ал толук аткарылбагандыктан, кийинки жетекчи ал норманы 50 гектарга чейин кыскартып койду. Азыр жылына биздеги 4 токой чарба бөлүмү баары биригип, 50 гектарга чейин бак олтургузабыз. Бак олтургуза турган жерди жазында туурасын бир метр, эки метр кылып атайы аянтча кылып даярдайбыз. Ошондо бир жылдын ичинде чабылган жердин кыртышы өз калыбына келип калат. Бак олтургузуу маселесин сыртынан караганда жумушу аздай көрүнгөнү менен чынында түйшүгү өтө көп. Андан тышкары, токой өзү менен өзү, мындайча айтканда табигый жол менен көбөйөт. Карагайдын бат же кеч өскөнү жердин кыртышына жараша болот. Жер кыртышы анча эмес болсо, анда бир жылда 15 - 20 сантиметрге чейин өсөт. Эгер абдан жакшы болсо, анда 40-50 сантиметрге чейин өсүүгө кудуреттүү. Мисалы, биздеги Кара-Кече, Миң-Куш, Дүңгүрөмө, Көлмө, Өрнөк деген жерлердеги карагайлар өзү өсүп чыккан карагайлар. Алардын азыркы жашы болжол менен 200 жылдан 500 жылга чейин десек болот. Негизи, карагай өзү кыйууга кылымдап өскөндөн кийин жарайт. Бирок ошого жеткичекте өтө бечел болот экен. Уругу таруунун эле уругундай болот. Биз карагайдын уруктарын Кызыл-Сөөк, Өрнөк деген жерлерде 5-6 гектарда атайы питомнигибизге жыш жана сап-сап кылып себебиз. Ал коюу болуп, тытышып өсүп, бою 4-5 жылда араң бир карыш болот. Себилгенине 7-8 жыл болгондо бою араң эки- үч карыштан ашат, ошондо гана аларды тоолордун бооруна олтургузабыз. Ошондой эле, Ак-Талаа, Ат-Башы, Тогуз-Торо райондоруна 30 миңден 50 миң көчөткө чейин берип, камсыздап жатабыз. Мунун баасы 100-150 миң сом болот. Акчасы барлар дароо берет, жоктору карыз болуп создуктурушат. Эми токойду сактоо иштерин айтсам, негизинен токойду сактоо бизге башка райондорго салыштырмалуу жеңил. Анткени, Жумгал району көмүр кенинин башында олтурганын бүт кыргыз эли жакшы билет. Ошон үчүн элибиз карагай, бак кыйып, аны отунга жакпайт. "Кара-алтын" көмүр турса, бак кыйып жүрөбү?! Бирок токойдун эң чоң душманы - бул өрт экен. Биздин кызматкерлер мына ошол өрттөн сак болуу аракеттерин алдына-ала көрүп турушат.
Жарыктык, карагай өскөн жерлердин астынын баары эле көмүр болот экен. Мисалы, Кара-Кече менен Миң-Куштагы биздин токой чарбага тиешелүү жерлерде: "Мээрим", "Ак-Жол", "Паншер" деген жеке ишканалар жана мамлекеттик "Беш-Сары" деген карьер да иштеп жатышат.
- Алар, көмүр казуу иштеринде токойду кыйышат да. Силерге келтирген зыянды төлөп беришеби?
- Албетте, төлөшөт. Алар көмүр казышканда карагайларды кыйышат, жердин кыртышын жана экологияны да бузушат да. Ошол зыяндарды биз гектарына жараша коэфициенттер менен эсептейбиз. Көп кыйганга мамлекет уруксаат бербейт. Биринчи кезекте картайганы, ооругандары кыйылат. Жогоруда аттары аталган карьерлер бизге 1,5 млн. сомдон, 3,5 млн. сомго чейин бересе. Мисалы, "Паншер" деген ишкана бизге 5 жылдын ичинде 3,5 млн. сом төлөп бериши керек. Буга чейинки жетекчилер келтирилген зыяндарды аздан эсептеп, калганын башкача жолдор менен алып жүрүшсө керек. Мен бул маселеге катуу кийлигишип, баары менен келишим түзүп койдук. Азыр биз бир жылда жогорку жактын уруксаты менен 300 кубтан 500 кубга чейин курулушка жарактуу карагайларды кыябыз. Бирок ошонун курулушка 30 пайызы эле жарактуу болсо, калганы отунга кетет. Аны менен элди камсыздайбыз. Быйыл башкы деректерибиздин көрсөтмөсү менен Тогуз-Торо районуна 500 куб курулушка жарай турган карагай беребиз. Бирок жол татаал. Эгер жол оңолуп калса, миңдеген кубга чейин берсек болот.
Мына ушундай жолдор менен чогулган акчага 6 млн. сомго жаңы административдик имарат салып жатабыз. Азыркы күндө 2 млн. сомдук иши бүттү. Буйруса, эмдиги жылы толук бүтүп кирип калабыз.
- Сиздердин токой чарбада канча адам иштейт? Кадр жана айлык маселеси кандай?
- Жалпысынан 40ка чукул адам эмгектенет. Өзүбүздүн чакан чарбабыз бар. Бир чабан жылкыларды багат. Мамлекеттик бюджеттен биздин токой чарбага айлык маселесине гана каралат. Башка иштерге каралбайт. Биздин кызматкерлер 3500 сом. Эми ойлосоңуздар, бул акча эмнеге жетет? Мен 40 жылга жакын эмгек тажрыйбам менен 10 миң сомго жакын алам. Өкмөт бизге айлыкты былтыр көбөйтөбүз деген, эмдигиче көбөйтө элек. Токой-чарбанын телефон, май, командировка ж.б. чыгымдарын жогоруда айткан каражаттар менен жабабыз. Буга чейин биздин тапкан акчанын 20 пайызы салыкка кетчү. Азыр аны жоюп коюп жакшы болду. Быйылкы саткан көчөттөрүбүз 500 миң сомдой болду. Кызарт айылынын 1 гектар жерине өзүбүздүн акчабызга бак тигип бердик. Бирок баары эле бизден карыздап алышат. Кайра карыздарды жаман-жакшы көрүнүп жатып чогултабыз. Кыскасы, биз өзүбүздү өзүбүз изденип багып жатабыз. Бирок, Кудайга шүгүр биздин токой чарба райондогу колго илинген мекеме. Ошондуктан, райондун айрым көйгөйлөрүнө да шартыбызга жараша жардам берип турабыз. Ал эми бизде кадр маселеси өтө кыйын. Азыр бизде жогорку билими бар 4 гана токойчубуз калды. Калган жаштарды окутуп жатабыз. Окуган балдардын ичинен бизге кызматка келбей, атасынын сөзүн укпай мечитке жана башка мамлекеттерге квота менен кетишкен балдарыбыз да бар. Балдарды көбүрөөк окутпасак, кадр маселеси өтө эле кыйын болуп турат.
- Сиз жетектеген мекемеде тартип маселеси кандай? Чектен чыгып, карагай саткандар да болсо керек...
- Мен иштеп жаткан 5 жылдын ичинде андай терс көрүнүштөр болгон жок. Карагай сатып кармалып, 2-3 ирет соттолгон бир кызматкер бар экен. Мен кызматтан бошотуп койсом, мурунтан иштеп жүргөндөр анын соттолуп жүргөнүнүн чоо-жайын айтышты. Көрсө, ал байкушту райондо кызматы бар адамдар өз кызыкчылыктарына пайдаланып, акырында соттордун колуна салып берип койчу экен. Мен келгенден баштап карьерлерден ар бир кызматкерге кышында 5 тоннадан 8 тоннага чейин бекер көмүр бердиртем. Өзүбүздүн атайы эсептен кызматкерлерге ченеми менен премия жана ысык тамак берилип турат. Бирок аны такай камсыз кылууга мүмкүн эмес экен.
- Бир кезде атагы алыска кеткен Миң-Куш шаарчасында карагай көп өсөт экен. Азыр Миң-Куштун мурунку куту учуп, уранга ууланып жашап жатат. Сурайын дегеним, урандын карагайларга тийгизген таасири кандай?
- Карагайлар - бул экологиянын санитары да. Миң-Куш эли азыр өтө оор абалда күн кечирип жатышат. Өзүң айткандай, уранга ууланып жатышат. Бирок ал уран калдыктары Миң-Куштагы жүздөгөн гектар жерде өскөн карагайларга терс таасирин тийгизген жок. Тескерисинче, ал карагайлар Миң-Куштун уран жыттанган абасын тазалап, ал жактын жашоочуларына чоң пайда алып келип жатат.
- Убагында райондо аким болуп турганда Акаев менен Жумагуловго каяша айтып, атыңыз республикага угулуп, кызматтан куулганыңызды билебиз. Ошол окуяны кыскача айта кетсеңиз, окурмандарга кызык да...
- 40 жылдын ичинде ар кандай жооптуу кызматтарда иштедим. 1990-1995-жылдары Жумгал районунда аким болдум. Ошол жылдары легендарлуу парламент тарай турган болуп калды. Акаев министрлерди, губернаторлорду, бүт акимдерди чогултуп жыйналыш кылды. Сөзүн баштаганда эле: " Менин эч укугум жок калды. Баарын депутаттар тартып алды. Парламентти тараталы же өздөрү тарасын. Силер элди толкутпай кармагыла" -деген мааниде узак сүйлөдү. Андан кийин премьер-министр Апас Жумагулов сөз алып, парламентти же өкмөттү колдоп сүйлөбөй, каяктагы коэффициент, проценттерди сүйлөп жатып алды. Аны угуп, ачуум абдан келип кетти. Ал сөзүн бүткөндөн кийин, бирөө, эки киши чыгып сүйлөсүн деп калышты. Мени эч ким чык дебесе да, ордуман атырылып туруп сөз алып: "Аскар Акаев ушул жерде буркурап эки саат ыйладыңыз, көзүңүздүн жашын аарчый турган киши жок. Сизден кийин премьер эки саат сүйлөдү, эмнени айтканын эч ким түшүнгөн жок. Сиз минтип ыйлап турсаңыз, өкмөттүн кебетеси бул болсо, Кыргызстандын келечеги эмне болот? Минтип ыйлабай, Конституциянын гранты бек эле болбойсузбу?" -деп оюмдагыны түз эле айтып салдым. Жыйындан кийин, мага губернаторлор баштап: "Эй, сен өлө турган бала окшойсуң ээ" -деп суроо салып калышты. Ошондон кийин Жумагулов менин артымдан түшүп, дароо кызматтан алды. Анан мен Нарын Эркин экономикалык зонасына иштеп кетсем, артымдан киши салып бир ыгын таап, болбогон шылтоо менен СИЗОго 4 ай каматып койгон. Мен аркылуу Нарындын ошол кездеги губернатору Болотбековду кызматтан алып түшөлү эле дешкен, бирок анысы ишке ашпай калды. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, мен сотто акталып чыктым. Жумагуловго байланыштуу окуяларды айта берсем, ал өтө узак. Азыр экөөбүз кээде тойлордо жолугуп калсак, мага чуркап келип, кучактап учурашат, уялбай. Мен да аны жүрөккө кысып коём.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев










??.??