presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Талашка түшкөн наристенин тагдыры…

Эсиңиздерде болсо, былтыр 2013- жылдын 6- февралында Наргиза Жумабаева аттуу 27 жаштагы келин төрөп, өз канынан жаралган наристесин Бишкек шаарындагы Биринчи май районуна караштуу үйлөрдүн биринин дааратканасына таштап, таштаганы аз келгенсип, наристенин үстүнөн таш бастырып кордогону коомчулукка тарап, коомчулуктун төбө чачын тик тургузган эле. Бактыга жараша, наристе милийсалардын жардамы менен шаардагы №3 балдар ооруканасына жаткырылып, аман калган. Ал эми наристени төрөп, кордогон Наргиза Жумабаеванын үстүнөн (баланы төрөп, өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн) кылмыш иши козголуп, үч жылга эркинен ажыратылган. Бирок көп өтпөй эле Бишкек шаардык соту Н. Жумабаеванын соттук ишин бир жарым жылга кыскартып, бир жарым жылга эле кесүүгө аракет кылганда Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Наристе болсо балдар үйүнө өткөрүлүп берилип, ал жерден наристени Эрлан Уездбаев жубайы Аида Уездбаева экөө багып алышкан. Учурда Наристе аталган үй-бүлөнүн колунда. Ата-эне мээримин төгүп, өз кызындай багып, өстүрүп келишет. Бирок, тилекке каршы, кыз бир жаштан ашып, көзгө жакшы көрүнүп калганда кызды талашкандар болуп жатыптыр. Багып алган үй-бүлөнүн айтымында, кызды анын туугандарынан мурун балдар үйүнүн тарбиячылары жана айрым сот өкүлдөрү мыйзамсыз иш аракеттерди кылып, Уездбаевдерден бир нерсе өндүрүүгө аракет кылып жаткандыгын, кыздын бакма энеси Аида Уездбаева баса белгиледи.
- Аида айым, учурда наристе талашка түшүп жаткан экен, окуя боюнча айтып берсеңиз?
- Наристенин эмне болуп жаралып, балдар үйүнө түшкөндүгүн өзүңөр жакшы билесиңер. Тогуз жаштагы уулум бар. Ошого жолдош кылып, бала багып алсак деп жүрчүбүз. Былтыр февраль айында балдар үйүнө барсак, кызыбыз Амира бар экен. Балдар үйүнө жаңы эле түшүптүр. Жолдошум экөөбүз тең Амираны жактырып, багып алганбыз. Учурда Амира бир жаштан ашып, буту басып, биздин кыз болуп калды. Биз кызыбызды эч кимге бербейбиз. Билсеңер керек, кызыбыздын жүрөгүн операция кылыш керек. Төрөлгөндө эле жүрөгү тубаса тешик болуп төрөлгөн. Операцияга 50 миң доллар керек экен. Азыр биз ошол акчаны чогултуп жатабыз. Операция Россиядан жасалат. Буюрса операциядан кийин кызыбыздын жүрөгү жакшы болот деген тилектебиз.
- Кызды азыр таенеси талашып жаткандыгын уктук, ошол чынбы?
- Энеси кызды өлтүүгө аракет кылып таштап салса, анан кантип ал талашат билбейм. Былтыр кызды багып алгандан кийин, көп өтпөй эле балдар үйүнүн тарбиячысы Кожобекова Чынара бизге телефон чалып, кыздын таенеси кызды кайтарып бергиле деп сотко кайрылгандыгын билдирген. Биз сотко катышууга адвокат жалдап, адвокат аркылуу Наргиза Жумабаеванын энеси менен байланышсак, ал айткан: Мен кызды бага албайм, бага тургандай шартым жок, кыз операция болсо, мен аны кантип операция кылмак элем" деп. Ал эми Наргизанын энеси сотко кайрылды деген тарбиячы Наргизанын энесин, туугандарын көкүтүп, "кызды Наргиза өзү багышы керек" деп бизге каршы тукурган экен. Андан тышкары Кожобекова Чынара журналисттерге маалымат берип, айтыптыр: "Кызды багып алган Уездбаевдер сотко кайрылса, мен кыздын таенесин алып келип аларга көрсөтөм" деп. Кыскасы кызыбызды энеси, туугандары деле талашкан жок. Жок жерден эле балдар үйүнүн тарбиячысы Кожомбердиева Чынара жана айрым сот өкүлдөрү эле чечимди туура эмес чыгарып, бизден эптеп бир нерсе өндүрүштүн амалы кылып жатат. Биз аларга эч нерсе бербейбиз. Аларга бергенден көрө, ал акчага биз кызыбыздын жүрөгүн операция кылышыбыз керек. Ал эми кызыбыздын биологиялык энеси Наргиза Жумабаева боюнча айтсам, Наргиза кызды кантип багат? Наргиза жакшы эне болсо биз кызды бермекпиз. Ал бакпайт да. Кызды өлтүрүүгө аракет кылып, дааратканага таштаган неме кантип бакмак эле? Ал эне эмес, аны эне деп атоого болбойт. Кыз биздики, кызыбызды биз эч кимге бербейбиз.

Мирлан Алымбаев





Шоу маек
Дайыр Исмадияров,
ырчы:
"Келечектеги жубайымды
интернеттен жолуктурам го..."

- Дайыр, учурда эмне менен алектенип жатасың?
- Биздин жумуш чыгармачылык менен эле элге кызмат кылып, тойлорго барып ырдоо да. Азыр да тойго чакыруу алып, барганы жаткам. Жай айында эс алып тоого чыгып, таза абадан дем алып келейин деп атайын палатка сатып алгам. Бирок ошого да убакыт жок болуп жатат.
- Ошондо кандай, жайды эс албай иштеп эле өткөрөйүн деп жатасыңбы?
- Эс алуусуз жай жай болбой калат го. Жок дегенде ысыктын аптабында көлгө барып сууга бир чумкуп албасам, чарчоом басылбайт. Кудай буюрса, орозо айында көлгө эс алып келем. Баса, азыр жаңы ырдын үстүндө иштеп жатам. Шаңдуу, элди бийлете турган ыр болот.
- Тойлорго убада берип, бирок барбай койгон учурларың болду беле? Деги эле тойго чакырса жок дебейсиңби же акчасы аз экен деп барбай коесуңбу?
- Негизи бул менин жумушум болгондуктан баш тартпаганга аракет кылам. Бирок ар кандай болуп калат. Кээде жазбай унутуп калсам, кээде туура эмес пландап алып барбай калган учурлар болот. Айрымдары туура түшүнсө, кээ бирлери урушат. Кандай болбосун өз күнөөмдү сезип, кечирим сурайм. Ал эми досторумдун, туугандарымдын, жакындарымдын тоюна алар айткан суммага эле барып берем.
- Социалдык тармактарда көп отурасың, убактыңдын баары социалдык тармактарга кетет го?
- Замандын талабы ушул экен да. Азыр бардык иштер интернет аркылуу бүтүп жатпайбы. Бул бир чети абдан жакшы, убакытты үнөмдөйсүң дегендей. Ошондуктан социалдык тармактарга бат-бат кирип турам. Жумушум көп. Бирок көп деле убактымды албайт. Атайын деле бир жерде отурбайсың. Телефондун баарын интернетке кошууга мүмкүнчүлүк бар. Кайда барсаң жаныңда болот дегендей.
- Футбол көрөсүңбү, кайсыл команданы сүрөп жатасың?
- Аябай берилип көрбөсөм да, убакыт болуп калганда көрүп калам. Мурда эч кайсы команданы сүрөөгө алчу эмес элем. Быйыл болсо Германия командасын колдоп жатам. Жыйынтык кандай болот, азыр аны айтуу кыйын.
- Интернетте көп отурсаң кыздар менен таанышпай койбосоң керек?
- Социалдык тармактарда досторум абдан эле көп. Дос болууну сунуштаган кыздар да арбын. Көбү таанышуу үчүн дос болушат. Кошуп коем. Бирок өзүм таанышпайм. Мени менен таанышышат.
- Таанышууну каалагандарга жооп бербейсиңби?
- Шартка жараша. Убактым кенен болуп, таанышып жаткан кыз көңүлүмө жакса жооп берип, пикир алмашып турам. Интернетте деле жакшы, билимдүү, ыймандуу кыздар көп. Болгону сүйлөшүп көрүш керек. Чынын айтсам, болочоктогу жубайымды интернеттен же өзүмдүн концертимден табам го деп ойлойм.
- Социалдык тармактан таанышкандар көбүнчө өздөрү туурасында калп маалыматтарды беришерин угуп калабыз. Сен дагы калп айтып, кыздарды алдаган учуруң болду беле?

- Негизи алдабаганга аракет кылам. Эми түптүз, сызыктан чыкпай жүрө албайсың. Кээде калп айтып коюуга туура келет. Эми атайын деле алдап, ага зыян келтирүү максатында эмес, кайсы бир маселени айтпоо керек болгондо. Жок, мен калп сүйлөбөйм деп периште болгум келбейт.
- 25 жашымда үйлөнөм дечү элең, бул кыялыңды качан ишке ашырасың?
- Эми кудайдын айтканындай болот да. Биз пенделер ар кандай пландарды түзүп, кандай гана кыялданбайлы, баары буйруктан көз каранды экен. Андыктан кудай буюрган күнү.
- Кандай машинаны жактырасың?
- Негизи кымбат баалуу машиналарга кызыкпайм. Реалистмин. Ошондуктан капчыгыма карап иш кылам. Бирок "Мерседес Бенц" маркасын баалайм.
- Жол эрежелерин бузуп, МАИчилерге түшөсүңбү, алардан кантип кутуласың?
- Ар бир кесип ардактуу дегендей, МАИ кызматкерлерин сыйлайм. Алардын жумушу оор. Бирок чыгармачыл инсандарды аябай сыйлашат. Кээде гана орус улутундагы МАИчилерге туш болуп калганда акча сунбайм, айдоочулук күбөлүгүмдү алдырам.
- Ырчылыктан качан кетейин дейсиң?
- Ушул кезге чейин сахнадан кетейин деген ой келбептир. Бул менин тандап алган кесибим. Кудайдын берген мүмкүнчүлүгүнө жараша ырчылык кесипти аркалайм деген оюм бар.

Жаркынай Кадыркулова









??.??