presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Эл сыйлаган агартуучу жөнүндө баян
Мөмөсү шагын ийген саябан дарак

Адамды тарбиялап, инсандык кадырын көкөлөтүүгө салым кошо алсаң өзүңдү бийик сезүүгө акылуусуң.
Габриэль Гарсиа Маркес

Ай нуру чагылышып, көзүнөн жылдыздуу асман көрүнгөн карагер ат текирең-таскак менен кулагын жапырып, оозунан ак көбүк чачыратып алып учуп келатты. Чилде күчүнө чыгып, чыкылдаган аяз ат үстүндөгү отуздарды чамалап калган жигиттин бети- колун тызылдата каарып турду. Ал тумагынын кулакчынын түшүрүп, кара драп пальтосунун этек өңүрүн тизесине кымтылап, айылга эртерээк жетип алсам экен деп ак эткенден так этип, карагерин темине шаштырып жүрүп олтурду. Демейде олбуй-солбуй камчыланып калчу эле, бул ирет карагер камчы салдырган жок. Ооздугун күтүрөтө тиштегилеп, уламдан- улам жүрүшүн ылдамдатып, такаланган туяктары менен кар басып тапталып калган тоңголок жолду оё чапчып, чыкылдаган аяздуу кышкы теребелди дүбүртү менен жаңырыктатып жорго жүрүш салып алганына өзү да ыраазы болгондой. Жылкы жаныбар сүйлөп жиберер тили эле болбосо баарын түшүнүп тургандай, касиетиңден айланайын!
Саат жебеси түнкү он экини көрсөтө бергенде жылкы, жаныбар каадалуу кошкуруп, айылдагы мектепке жете келишти.
Карагерди суулуктан алган ат кошчу: " Айланайын Бообек, ушунчалык да кечигесиңби, мынчалык кеч калчу эмес эле, дагы эмне болду экен, кудай өзү сактасын деп чый-пыйым чыгып кетти", - деди карыя жеңилдене дем алып.
- Ээ, жарыктык , кызмат болгондон кийин ыгына карап, ысык-суугуна чыдайт экенсиң. Мугалимдердин айлыгын алгандан кийин, райондук элге билим берүү бөлүмүндө мектептердин ишин караган жыйын башталып калып, аяктаганча кеч болуп кетпедиби. Баса, окуучуларга керектүү калем саптарды, дептерлерди да ала келдим, кеңсеге киргизип койсоңуз деп, бекемделип тыкан байланган эки таңгакты карыяга суна берди.
Тумагына жана узун кара драп пальтосуна конгон бир эли карды күбүп салып, карыя менен бир аз кобурашкан соң үйүнө бет алды. Үйү да оңдой берди болуп мектепке жанаша эле…
Бул жигит Буденный мектебинин директору Бообек Асылбеков эле. 1959-жылдын ушул түнкү кышкы чыкыроону анын эсинен чыкпай калды. Ага тете жакшы сөз шарапаты менен коштолгон маанай көтөргөн саамалык эмгек кубанычы да бар болчу.
…Ошол күнү райондук элге билим берүү бөлүмүндө өткөн жыйында жаш муундарга билим, тарбия берүүдө өзгөчөлөнгөн алдыңкы мектептердин, жетекчилердин катарында Буденный мектебинин директору Бообек Асылбековдун да өрнөктүү иштери менен жетишкендиктери белгиленип, жакшы баа берилген. Чындыгында да ал жаштыгына карабастан директорлор арасында изденичтиги жана аракетчилдиги, келечектүү ар кандай жаңы иштерди баштоого батылдык менен киришкен тартынбастыгы, жаңычылдыгы менен айрымаланып туруучу. Кырчын курактын аруу ой-тилек менен айбарланып жалындаган жаштык жигердин деми да жигерлендирип турган.
Анын үстүнө жаш жетекчи ар тараптуу билимге эгедер, окумал да инсан эле. Колунан китеп, гезити түшчү эмес. Аткарган кызматынан тышкары басса-турса билимин байытууга ынтызарланып, классикага ынтаасын коюп, китеп артынан китеп окуганды өнөкөткө айланткан. Бул ошол мезгилдин өзгөчө бир жакшы жышаандуу жөрөлгөсү болгон. Элдин баары жапырт билимге умтулуп жаткан кез болчу. Ким канчалык көп китеп окуса өзүнүн рух дүйнөсүн байыткандан тышкары, эл арасындагы кадыр-баркы да өсүп туруучу. Анын үстүнө окумал адам өзү ачкан көркөм дүйнөнү айылдаштарына, санаалаштарына тааныштырмайын санаасы тынч эмес. Элдин күсөгөнү да ошол, ким эмне окуганын сурап турушчу. Айылдыктардын колунда дайыма элдик эпостор, даңазасы артып турган көркөм китептер, "Ала-Тоо", "Чалкан" журналдары болор эле. Көрдүңүзбү, эл өзүнүн билимге болгон эңсөөсүн, чаңкоосун көркөм адабият менен сугарып турган.
Ал эми Бообектин окуган китептери эң эле ар түркүн болчу. Саргара жорткон кызарта бөртөт дегендей, анын шиңгил мөмөлөрү өздүк китепканасынан кашкая көрүнүп туруучу. Дүйнөлүк адабиятка ынтаасын коюп, классиканы кызыгып окуганы байкалчу. Анын мына ушундай рух көрөңгөсү жетекчилик кызматында да, жаш муундарга терең билим жана тарбия берип, нуска айтууда өзүнүн жагымдуу таасирин тийгизди. Турмушунда да пайдасы чоң болуп, өмүр жолуна да ак жарыгы түшүп турганын кийин даана сезди…
Ал кезде мектепти отун менен камсыз кылуу чоң маселе болчу. Азыркыдай күркүрөп жүрүп турган транспорт жок. Мектептин бир аттык арабасы болор эле. Ошону менен көмүр ташып, тутаткы жараңкаларын түшүрүп алчубуз. Жоопкерчилик деген чоң болчу. Мектептин кем-карчы болсо район борборуна ат менен каттап чечип алчубуз. Жогоруда сага айтканымдай, Кировкадан ат менен кычырыган кыштын түн бир оокумунда айылга келгенимде отун маселесин дагы бышыктап чече келгенмин,-деп эскерди Бообек агай. Ошол жылы кычыраган кыш ызгаары узакка созулуп, окуучулар үшүбөсүн деп мектептин контрамарка печтерине апрель айынын орто ченине чейин үзбөй от жагып турганбыз. Кыштан жакшы чыкканбыз.
…Апасы Бурулкан көп жыл саргара күтүп, кудайдан тилеп жүрүп Бообекти кеч көрдү. Ак кушту көрүп калып, уча бергенде чубалжыган узун боосунан бек кармап калган. Ошол түшүндө аян түшкөндөй көп өтпөй уулду болгон. Ошондон улам өмүрү узун болсун деп атын Бообек койгонун энеси жобурап айта берер эле. "Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" бапестеп багып, эл уулу бол деп өстүрдү. Баралына жеткире телчиктирип, тарбиялап, жогорку билим алышына өбөлгөчү болду. Апасынын тилеги ишке ашкандагы сүйүнүчү али да эсинде.
Дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов курбалдашы эле. Ошол мезгилде Маймак станциясынан жүк ташыган поездге олтуруп, борбор калаа Фрунзеге окууга чогуу сапар чегишчү. "Полуторка" деп коюшчу жүк ташуучу чакан машинаны да жакшы билип калышты. Билим алабыз деп күздө борборго чогуу аттанып, жай чилдеси күчөгөн маалда айылга чогуу сапар тартып жүргөн кезде анын да ыраатын жакшы эле көрүштү. Өз ара мамиле, ымалалары ысык эле. Кийин да өз ара сый мамиледе болуп жүрүштү. Согуштан кийинки мезгил, адамдардын бири бирине мамилелери жакшы болчу. Ошол кездин адамдарынын таалим- тарбиясы, турмуштук нарк-нускасы кийинкилерге ар дайым өрнөк. Булар туурасында агайдын айта берсе түгөнгүс узак аңгемелери бар.
Асылбек уулу Бообек 1928-жылы Талас облусунун Кара Буура аймагындагы Чоң-Кара-Буура айылында жарык дүйнөгө келген. 1943-жылы Кара-Буура жети жылдык мектебин бүтүрүп, Буденный колхозунда бригаданын эсепчиси, кийинчерээк секретары болуп иштеген. 1946-47-окуу жылдары Покровка районундагы Чоң-Коргон мектебинде окуп, 1947-48-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектебин бүтүргөн.
1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин география жана тарых адистиги боюнча факультетти ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Чалдывар орто мектебинде география мугалими болуп агартуучулук эмгек жолун баштаган. 1953-55-жылдары Киров районундагы (азыркы Кара-Буура) Бейшеке орто мектебинде завуч, кийинки жылдары директору болуп иштеп турду.
1955-56-жылдары Бейшеке орто мектеби Москвадагы эл чарба жетишкендиктеринин (ВСХВ) катышуучусу болгон. Ошол жылдары агай "ВСХВнын катышуучусу" деген эки медалга татыктуу болгон. Агартуу майданында сиңирген эмгеги жогору бааланып туристтик топ менен СССРдин Баатыр шаарларын кыдырып келүү сыйына арзыган.
1958-жылдан баштап 1963-жылга чейин Буденный мектебинин директору болуп иштеп турган. Кийин ушул мектепте география мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип жүрүп, 1988-жылы ардактуу эс алууга чыгып, 1998-жылга чейин агартуучулук кесибин улантып иштеп келди.
1980-жылы СССРдин георгафия коомунун анык мүчөсү болуп катталган. 1982-жылы "Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" белгиси менен сыйланган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин алкыш каты жазылган грамотасын алган. 2007-жылдын 27-сентябрында Өлкөнүн президентинин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын эмгек сииңирген мугалими" деген ардак наамга ээ болгон. Персоналдык пенсионер. Ушу кезде уулдары менен кыздарынын урмат-сыйын көрүп, неберелеринин мээримдүү чоң атасы жана таятасы. Өмүрлүк жары Кубатбекова Зарылбүбү да жаш муундарды тарбиялоого бүткүл дарамет мээримин арнап, күч-кубатын аябай иштеп жүрүп кетти. Таланттуу педагог эле. Көпчүлүк айыл эли ал кишинин колунан башталгыч билим алгандыктан ар дайым урматтап, сыйлап турушчу. Педагог жубайлар өмүрдө эриш-аркак болуп бараандуу өмүр көчүн тарбиялап, уядан учурушту.
Кара-Буура аймагында эмгеги сиңген эл агартуучуну билбеген адам жокко эсе. Бообек агайдын эмгегин анын колунан таалим- тарбия алып, турмуш сапарына аттанып чыккан окуучуларынын баары эстеп, ызааттап турушат. Кызылдай мээнет тери менен жашап жаткан окуучуларын көрүп агайы да жетине албай турат. Мугалимдин бактысы да ушунда.
Алардын көпчүлүгү устатынан шакирти өтөт дегендей чыгаан чыгышты. Республиканын аймактарында көрүнүктүү кызматтарды аркалап, элге-журтка эмгек сиңирип жатканын көрүп жетине албай сүйүнүп да, сыймыктанып да калат. Алардын көпчүлүгү пайгамбар жашына келип, дагы бир тобу өзүнө удаалаш эле өмүр сапарын арытып келе жатышсада, агай деп урматтап турушат. Мындан артык сый болбостур. Эл сыйлаган мугалимдин саябан дарагы берекелүү мөмөлөп шагын ийип турат. Бул макаланы сөз башы болсун деп коелу. Буйруса айтар кеп, жазар сөз али алдыда.

Меңдибек Асылбеков











??.??