presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Миң-Куштагы бир көйгөй
миң көйгөйгө тете...
Миң-Куштун миң кайрыгы...
PS: Мындан бир жума мурун, Жумгал районунда жайгашкан айтылуу Миң-Куш шаарчасына барып, жергиликтүү элдин көйгөйүн угуп, бир кезде атагы таш жарган шаарчанын азыркы аянычтуу абалын өз көзүбүз менен көрүп келдик. Уранга ууланып күн кечирип жаткан элдин арманы жана трагедиясы менен төмөндө кенен таанышып алыңыздар.

Биздин өлкөдө көйгөйгө көмүлгөн атактуу жерлер абдан көп. Алардын алдыңкы сабында союз кезинде Москванын көзөмөлүндө болуп келген Жумгал районундагы айтылуу Миң-Куш шаарчасы да бар. Чынында эле ал кезде Миң-Куш шаарча болуп, мактоого гана арзып турса, азыр шаарчанын абалы өтө аянычтуу. Анда кеп башынан болсун...
Миң-Куш шаарчасы 1947-жылга чейин эч ким барбаган аска - зоокалуу, ээн кокту болчу. Миң-Куш деп аталганга чейин, бул жер жалпы жонунан Кабак деп аталып келген. Ал аймакта кара алтын деп эсептелген көмүрдүн мол кени бар экендиги Байзак баатырдын доорунда эле аныкталган. Ал тургай Кара-Кечеден Миң-Куштун тоолорун чейин созулуп, эчен кылымдарды карытып былкылдабай жаткан кара алтындан Байзак баатыр кышкысын жигиттерине каздырып келип, биринчи болуп өзү "ооз тийген" экен. Согуш аяктагандан кийин орус окумуштуу-изилдөөчүлөрү Кабакта көмүр кени гана эмес, дүйнө өлкөлөрүндө сейрек кездешүүчү уулуу зат, кадимки атом бомбанын өзөгүн түзө турган уран (радиоактивдүү химиялык элемент) кени бар экенин чалгындоо учурунда аныкташат. Ошондон кийин бул жер орустар үчүн "ыйыктын ыйыгындай сезилип", Сталиндин буйругу менен Москванын көзөмөлүнө алынат. Натыйжада 1947- 1960-жылдардын аралыгында кабат-кабат үйлөр түшүп, түшкө кирбеген шаарчага айланат да, миң түркүн куштар сайрап мекендеген ажайып бул жер Миң -Куш деп аталып калат. Миң-Кушка кыска убакыттын ичинде 2 башталгыч, 3 орто мектеп, 1 клуб, 3 театр, 4 бала бакча, 1 музыкалык, 1 спорт мектептери, атагы алыска кеткен "Оргтехника" (убагында бул заводдо 3 нөөмөт менен 3 миңге чукул адам иштеген) заводу, ТЭЦ, кесипчилик окуу жайы, китепкана жана оорукана салынат. Шаарчага көчүп келген адамдардын саны тездик менен (Россиядан жүздөгөн орус туугандарыбыз да көчүп келген ) көбөйүп, жашоочулардын саны 13-15 миңге чейин жетет. Айтор, союз кезде Миң-Кушка суктанып, ал жакта жашагысы келген адамдар жүздөп саналчу. Жогоруда айтылгандай Миң-Куш тоолуу жана кокту-колотту жер, түз жерлери аз. Ушундан улам эл жашаган түз жерлер бир нече аянтчаларга бөлүнөт. Алар 16-,17,-20- жана 21- аянтчалары деп аталат. Мунун да өзүнчө жандырмагы бар. Мисалы, Миң-Куш шаарчасынын 16-аянтча деп аталган жери деңиз деңгээлинен 1600, 21- аянтчасы 2100 метр бийиктикте орун алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Тепкич сымал улам бир бийик секинин үстүндөгү тегиз аянтчалар кол менен атайын жасап койгондой көрүнүп, көргөн адамдын таң калуусун жаратпай койбойт.
1955-1968- жылдардын аралыгында орус адистери Миң-Куштан 100дөгөн тонна уран (анын басымдуу бөлүгү 17-аянтчага жакын жерден казылган) казып, Москвага ташып кетишкен. Миң-Кушту кыска убакыттын ичинде гүлдөгөн шаарчага (болгондо да Москванын камсыздоосундагы) айлантуунун эң башкы сыры ушул уран казып алуу менен байланыштуу болгон. Албетте, бул сырды ал кезде көпчүлүк биле бербеген. Москва ал жердеги уран кенин, башка жакты кой, жергиликтүү эл үчүн да жашыруун сыр катары сактаганга аракет кылган. Ушундан улам, Миң-Куш уран казылып жаткан учурунда чычкан кире алгыс бекемдикте кайтарылып турган.
Белгилүү болгондой Миң-Куштан казып алган уран менен Советтер союзу атом бомба жасап, дүйнөдөгү эң күчтүү ири державага айланган. Бирок Москва үчүн Миң-Куштун орду канча маанилүү болсо, андагы уран кенин сыр бойдон сактап калуу маселеси андан да маанилүү болгон.
Союз кезинде уран казуу иштери менен улай (Кара-Кеченин көмүрүнөн мурда) Миң-Куштун көмүрү казып алына баштаган. Мисалы, союз гүлдөп турган учурда Миң-Куштан жылына 450 миң тоннага жакын көмүр казылып алынып турган. Бул азыркыга салыштырмалуу өтө чоң көрсөткүч, маалымат катары айта кетсек, учурда ал жактан жыл сайын болгону 20-30 миң тонна гана көмүр казып алынат. Тамшанып эске сала кетчү жагдай Миң-Куштун ушуга окшогон миң кайрыктарынын бири - бул союз кезинде жакшы жолго коюлган кышкы спорт оюну хоккей эле. Кыргызстан боюнча бир гана Миң-Кушта хоккей оюну боюнча Орто Азиянын чемпионаты өткөрүлүп турчу. Бирок азыр деле хоккей оюну ал жакта таптакыр солгундап кеткен жок. Акырындык менен кайрадан жандана баштады. Маселен, 2012-жылы миңкуштуктар 50х25 өлчөмдөгү хоккей муз аянтчасын 300 миң сомго курушуп, биринчи ирет облус боюнча чемпионат өткөзүштү. Азырынча ал жактагы жаштарды өзүнө тартып алаксыткан жакшы көрүнүштөрдүн бири ушул хоккей оюну десек болчудай.

Уулуу урандын кесепети
Ошентип дүйнөлүк картада орду эбегейсиз чоң болгон СССРди атом бомбасы бар кубаттуу державага айланткан атактуу Миң-Куш союз кулагандан кийин Москванын камкордугунан кур жалак калат. Жыл өткөн сайын куту качып, завод, театрлар ж.б. иштен чыгат. Алдым-жуттум аткаминерлер менчиктештирүү убагында ырыстуу мекемелердин баарын менчиктештирип, андан калганын сатып жиберишет. Анысы аз келгенсип, казылып алынып, бирок айрым бир жерлерде жакшы көмүлбөй калган урандын калдыктары барган сайын ачыкка чыгып, аба аркылуу жергиликтүү жашоочулардын ден соолугуна терс таасир тийгизип баштайт. Миң-Кушта жалпысынан Туюк-Суу, Талды-Булак, "Как -1", жана "Далный" аттуу 4 хвостохранилища бар. Бул кооптуу жайларда жалпысынан 1 млн. 150 метр куб көлөмдөгү уран калдыктары сакталып калган. Алардын ичинен бүгүнкү күндөгү эң кооптуусу, Миң-Куштан 1,5 чакырым алыс аралыктагы жайгашкан Туюк-Суу (аты эле айтып тургандай мунун түбүнөн суу агып өтөт) хвостохранилищасы. Бул жерге 480 миң куб. метр уулуу зат 3 гектар жерге көмүлгөн. Бул жерге жакын жайгашкан тоо мындан 10-15 жыл мурун 300 метрге чейин жарылып жарылып, ал тоо 4-5 жылда 1-1,5 метрдей сууну карай жылып жатат. Эгер ушул темп менен жылып олтурса, аз жылдын ичинде (кокус кыян, сел сыяктуу табигый кырсыктар болуп кете турган болсо, бир күндүн ичинде дейли) Туюк-Сууну бөгөп калат . Ал эми дал эле ошол жерде (350-400 метр аралыкта) 23 үчүн түтүн эл жашайт. Тоо көчүп, тоодон агып түшүп жаткан бир топ чоң сууну бөгөп калса, эки-үч күндүн ичинде көлмөгө айланып, биринчи кезекте Туюк -Суу хвостохранилищасын ачыкка чыгарат. Ал көлмө жогоруда айткан 23 түтүн элди, андан ылдыйраак жайгашкан анча алыс эмес жердеги эл жашаган 16-аянттын жарымын каптайт.
Ошентип, сууга ачык чыккан уран калдыктары ансыз да уранга ууланган Миң-Куштун суусуна куюлат. Ал болсо, түз эле Көкөмеренге куят. Көкөмерен болсо, белгилүү болгондой Нарын дайранын негизги бөлүгүн түзөт. Нарын дарыябыз, Токтогул ГЭСин толтуруп турат, андан ары Өзбекстанга, Сыр-Дарыяга кетет...

(Уландысы кийинки санда)
Айбек Шамшыкеев












??.??