Алманбет Анапияевдын жактоочусу Данияр Маманов;
"КР президенти кол койгон мыйзамды ИИМ сактабай жатат"

Жактоочунун айтымында 21-июнь күнү Бел боо күрөшү боюнча эл аралык "Алыш" федерациясынын президенти Алманбет Анапияевдин ишин обьективдүү иликтөөнү өлкө башчыларынан суранган 36 спортчу кол койгон кайрылууну ИИМ жасалма деп чыккан. Министрликтин бул билдирүүсү коомдук резонансты жаратты. Бул боюнча Анапияевдин жактоочусу Данияр Маманов МККларга кырдаалды мындай деп түшүндүрдү.
- Данияр Шаматович, айрым маалыматтар боюнча Алманбет Анапияев тергөө башынан эле ага карата бир жактуу тергелип жатканын айтып, Кыргызстандан сырткары жүрөт. Чын бышыгын өз оозуңуздан уксак?
- Ооба ошондой. ИИМ эч кандай соттун чечими жок эле Алманбет Анапияевди ОПГга такап, ал гана эмес 2009-жылдын жаз айында президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов менен анын эки өнөктөшүн өлтүрүүгө тиешеси бар деп эч кандай далили жок эле айыпташкан. Андан кийин 2013-жылы полковник Толкунбек Шоноевдин дагы өлүмүнө тийиштиги бар экенин айтып, "Алыш" федерациясынын президентине эл аралык издөө жарыялашкан. Алманбет Анапияевдин бул кылмыш иштерине эч кандай тиешеси жок экенин сот аныктап чыккан. Ошол себептен республика башчыларына Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй дүйнөдө атагы бар 36 атлет кайрылуу жолдошкон. ИИМ жасалма деп жаткан жогорудагы кайрылууда адилет, акыйкат чечим чыгаруу үчүн Алманбет Анапияевдин ишин ИИМ эмес, УКМК же прокуратура иликтесин деген мазмундагы жөнөкөй эле ошол эле учурда өтө негиздүү кайрылуу болгон. ММКдагы маалыматтардан спорт коомчулугунун кайрылуусун алгандан кийин ИИМдегилер кол койгон ар бир спортчудан "эмне үчүн Алманбет Анапияевди коргоп чыкканын" сурап чыгышкан. Биздин милиция башчылары үчүн демократиялуу Кыргызстанда мыйзамга баш ийген ар бир жаран өз оюн ачык айтууга укуктуу экенин анча түшүнө беришпейт окшойт. Бул эмне кылмыш беле? ИИМдин аракетин күнөөсүздүк жоромолу принцибин (презумпция невиновности) бузгандык катары бааласак да болот. Бул боюнча ар бир жаран анын ичинде айыпталуучу Анапияев дагы соттук териштирүүлөрдө күнөөсү далилденип, Фемида кызамткерлеринин акыркы чечими менен бекитилмейинче күнөөсүз болуп саналат эмеспи.
- Бирок күнөөсүздүк жоромолу КРнын мыйзамдары тарабынан бекитилип, ошондой эле биздин мамлекет тарабынан эл аралык документтерде кол коюлган да. ИИМ мыйзамды бузуп жатат дегиңиз келип жатат го?
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тигил же бул жаранды оперативдик маалыматтарга гана таянып, сотто тастыкталбаганына карабай уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары баалаган мыйзамды бузгандык болуп эсептелет. Бул үчүн өтө далилдүү фактылар керек. Тилекке каршы, КРнын ИИМи бул мыйзамды көзгө илбей, акыркы тараткан маалыматтарында Алманбет Анапияевди "баңги затын сатуудан жана ташуудан түшкөн каражатка ОПГларды курал-жарак жана акча менен камсыздап турган, кылмыштуу топту уюштурууда эмгеги көп" - деген сыяктуу далилсиз айыптарын айтып, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү деп баалап салды. Мындан сырткары А. Анапияев КР Кылмыш жана Жаза кодексинин 123-ст. 2-б, 125-ст. 3-б, 168-ст. 2 б, 3-б, 231-ст. 1-2-б, 170-ст. 1-2-3-б, 30-97 б, 2-б, 30 - 97 б.2; 30-174 б. 1,2; 30-97 б.2 б.1, 3, 8, 1 1, 15. 16 беренелери боюнча айыпталып жатканы айтылат.
Ушул эле пресс-релизде "ИИМдин маалыматтары боюнча А. Анапияев жана анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү түштүк областтарындагы июнь окуяларынын учурунда да каракчылык жана рейдерлик басып алуулар менен алектенген. Кыйын кырдаалдан пайдаланып, коркутуу жолдору менен кыймылсыз мүлктөрдү жана ар кандай байлыктарды жалган мүлк ээлерине каттатып алышкан. А. Анапияев мындан башка дагы оор жана өтө оор кылмыштарга шектелүүдө" -деп көрсөтүлгөн.
2010-жылдагы июнь окуялары боюнча бир жылдан ашык созулган бир нече соттук процесстер болуп өтүп, сот өкүмдөрү чыгарылган.
Июнь окуяларына байланышкан бир дагы көрсөтмөдө, бир дагы кылмыш ишинде Алманбет Анапияевдин катыштыгы тууралуу сөз да жок. "Анапияев байлыктарыбызды башка бирөөлөргө каттатып жатат" - деп бир дагы жабырлануучу кайрылган эмес. Ал жөнүндө адвокаттар бир дагы арыз менен таанышкан эмес. Буга да канааттанбай 20-июнь күнү ИИМдегилер Анапияевге карата адилеттүү тергөө ишин жүргүзүү тууралуу кайрылууга атактуу спортчулар кол койгон эмес деп чыкты. Кайрылуу каттын анык экендигин спортчулар өздөрү айтып жатканына карабай "Алар эмнеге кол коюп жатышканын деле билишкен эмес экен" - деп атышат. Спортчулар кол койгонун өздөрү айтып жатса, ИИМ эмнеге андай кат таптакыр болгон эмес деп элдин башын айлантып жатат?
Мыйзам ченемдүү суроолор толуп атат. Укуктары тебеленген Кыргызстандын жаранына байланышкан тергөө иштерин адилет жүргүзүп бериңиз деп кайрылгандын эмнеси мыйзамга каршы келет? Алманбет Анапияев өзүнө карата мыйзамдуу мамиле жасоону талап кылууга акысы жокпу?
Мен коргоп жаткан адам эч кимге жан тартпаган калыс процесстин өтөөрүнө кепилдик болсо, мекенине кайтып келүүгө, сот алдында жооп берүүгө даяр экенин бир нече жолу айткан. Ал жалгыз ИИМ органдарына ишенбейт, антүүгө негизи дагы бар. Ал болгону өзүнүн ишин ИИМден алып, Башкы прокуратурадагы, УКМКдагы компетенттүү кызматкерлерге иликтөөгө берсе деген суранчы бар. Спорттук чөйрөдөгү кесиптештери коомчулук алдында аны колдоорун ачык айтканы үчүн, өз пикири бар болгону үчүн эми спортчуларды кысмакка алышабы?
Бизге белгилүү болгондой Анапияевди спортчулар гана колдоого алган жок. Кадырлуу функционер, филантроп, патриот - Алманбет Анапияевди коргоп бир катар ишмерлер дагы чыгышты. Алардын арасында ЖК депутаты Абдумуталип Кочкорбаев, телепродюсер Арстанбек Абдыманов, "Майдан кg" гезитинин башкы редактору Нургазы Айдаров жана башкалар бар. Күн өткөн сайын Анапияевге карата обьективдүү тергөө иштеринин жүрүшүн сураган адамдардын саны көбөйүүдө. Муну ИИМ байкабай кое албайт.
Укук таануучулар ИИМ тарабынан дагы бир мыйзамды тоготпогондукту байкашты. Өзгөчө бул мекеме тарабынан таратылган ресс-релиздерде тиги же бул кишини оңду-солду эле "ОПГ мүчөсү" деп атап, кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн деп аталган мыйзамдын нормаларын көзгө илбей жатышат. Бир нече жума мурун эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, мамлекет башчысы тарабынан кол коюлган бул мыйамга ылайык жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.
Бул мыйзам маалыматты толук текшербей туруп басмага жарыялаган ММКлар менен ар кандай маалыматтарды тараткан мамлекеттик кызматкерлер айткан сөзүнө жоопкерчиликтүү болуусуна багытталган. Эскерте кетсем, эми кылмыш кылгандыгы тууралуу атайылап жалган маалымат тараткандар 50 миңден 100 миң сомго чейинки айыпка жыгылып, бир жылга чейин эркинен ажыратуу мүмкүндүгү каралган. Жеке максатты көздөп оор жана өтө оор кылмыш кылгандыгы тууралуу атайылап жалган маалымат тараткандар дагы 100 миңден 200 миң сомго чейин айыпка жыгылып, 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Бул эреже боюнча ЖК депутаты Токтогул Тумановдун айтымында тигил же бул кишини ОПГ мүчөсү катары көрсөткөн укук коргоо органдары дагы айткан сөзүн далилдеп бериши керек. Ал эми "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Эристина Кочкарова кайсы бир маалымат каражатына берген маегинде "бул мыйзам соттун чечими чыга электе, алдын ала адамды тигил же бул кылмыштуу аракетке тиешеси бар деп, аны кылмышкер деп жарыялаганга каршы багытталганын, анткени күнөөсүдүк жоромолу деген бар экенин" - деп баса белгилеген.
Мындан сырткары ИИМге мыйзамдын "Уюшкан кылмышка каршы аракеттенүү жөнүндө" деген дагы бир эрежесин эскертким келип турат. Бул мыйзамдын түшүндүрмөсүндө "тигил же бул кылмышка тийиштиги тууралуу эл алдындагы айтылган айыптардын көбү такталбагандыгына байланыштуу мындай маалыматтарга коомчулуктун ишеними жоголуп, кылмыштуулукка каршы күрөшкөн мамлекеттик органдарга карата көңүл коштук мамиле пайда болот"-деп ачык айкын жазылып турат.
Башкы прокуратура ИИМди тартипке чакыраарына ишенип туралы. Биз Алманбет Анапияевди оор кылмыштарга катыштыгы бар деп жалган маалыматты массалык түрдө тараткандыгы үчүн ИИМдин үстүнөн арыз жаздык. Ошондо, бул мыйзамды Жогорку Кеңеш кимдер үчүн кабыл алып, президент тарабынан кимдер үчүн кол коюлганын иш жүзүндө көрө жатаарбыз. Жок жерден караланып жаткан жөнөкөй жарандар үчүнбү же кезектеги шайлоого карата даярдыкпы?
Булак: http://k-news.kg