меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Маселе мөңгүдөбү
же өңгөдөбү?

"Кумтөр" айрым депутаттарга тынч уйку бербей жатса керек. Алар эми бул ишкананы "төлөтүүгө" мажбурлоо үчүн эмнени ойлоп табууну, кандай нормаларды кабыл алууну да билбей калышты. Депутаттардын бир жагынан Кумтөр маселесин күзгө калтырууну чечишкенин, а экинчи жагынан кайрадан чуулдатууну улантышканын мындан башкача кандайча түшүнүүгө болот?
Атап айтканда, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин жаны жай албай жатат. Ал кайрадан ишкананы улутташтыруу жөнүндө айтып баштады. Анын үстүнө сөзгө сараңданган жок десек болот.
- Керек болсо биз алардан баарын тартып ала алабыз. Бул улутташтыруу деп аталат. Керек болсо, биз аларга кайсы-бир карыздарды да илип коебуз жана баарын тартып алабыз, - деп билдирди "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын отурумунда ал.
Мында ал "Кумтөр" ишин токтотконун каалабагандыгы, бирок ал биздин мыйзамдарды урматтоого тийиш экендиги жөнүндө жакшы тилегин да айтып актанды.
Мындай тилек катарында ал мөңгүлөргө тиешелүү документти эсептейт. Фракциянын отурумунда Суу кодексине түзөтүүлөрдү карашты. Түзөтүүлөргө ылайык, стратегиялык мааниге ээ жана алардын ишмердүүлүгү мөңгүлөргө таасир этүүсүз жүзөгө ашырыла албай турган ишканаларга кендерди издөө, чалгындоо жана иштетүү боюнча иштерди кенди иштетүү зонасына туш келген мөңгү массаларын милдеттүү түрдө башка жерге орун которуштуруу менен жүргүзүүгө уруксат берүү сунушталат.
- Муздардын эрүүсүнөн зыянды баалоо жана канадалыктарга эсепти берүү керек. Керек болсо биз алтындын жүз пайызын да өзүбүзгө ала алабыз. Алар кен ишканасын консервациялоону жүргүзмөйүнчө бизден кете алышпайт. Буга жарым жылдай убакыт кетет, - деп айтты ал.
"Мөңгүлөр жөнүндө" мыйзам долбоорунун президент тарабынан четке кагылуусу, социал-демократ Эркингүл Иманкожоевага да жаккан жок. Ал биринчи вице-премьер Т.Сарпашев болбогондо, президент аталган мыйзам долбооруна кол коймок деп эсептейт. Анын пикири боюнча, Т.Сарпашев мамлекет башчысына мыйзамга кол коюлса, анда "Кумтөрдүн" иши токтоп кала тургандыгын айткан.
- Мыйзам долбоорунун өзүндө болсо ишкананын ишин токтотуу жөнүндө бир сөз жок болсо да, - дейт ал.
Албетте, мыйзамда мындай норма жок. Бирок, мөңгүлөрдүн аймагында ишкананын иштөөсүнө тыюу салуу бул жөнүндө айтып турган жокпу? Депутат айым эмнеге билмексен болот? Же ал сунушталган мыйзам долбоорлорун тыкан президент иликтебейт, а кимдир-бирөөнүн пикирин гана угат деп эсептейби?
А президент өзү Түркияга иш сапарынын жыйынтыгы боюнча Бодрумдагы пресс-конференцияда "Кумтөрдүн" айланасындагы түшүнүксүз оюндарды токтотууга чакырды. Ал "Мөңгүлөр жөнүндө" мыйзам долбоору "Кумтөрдүн" токтотулушуна түз багытталгандыктан улам ага кол койбогонун белгиледи.
- Мыйзам керек. Бирок, "Кумтөр" иштей ала тургандай, ошол эле убакта мөңгүлөргө зыян болбой тургандай макулдашылган вариантты иштеп чыгуу зарыл. Эгерде биз эртең кен ишканасын токтотсок, экологиялык катастрофа күтүп турат. Мөңгү жылууда, аны токтото албайсың, жана өндүрүш токтотулса, чоң кесепет болот. Баш менен ойлонуу керек да, ошондуктан мен мыйзамга вето койдум жана макулдашуучу комиссия түзүүнү сунуштадым. Дегинкиси, "Кумтөрдүн" айланасында түшүнүксүз оюндар жүрүүдө. Баары популизм менен алектенишүүдө, бирок парламент да, өкмөт да жооп бергиси келбейт. Мындай болбоого тийиш. А жыйынтыгында президентти күнөөлүү кылышат, - деп айтты ал.
Эркингүл Иманкожоеваны өкмөттүн Суу кодексине "мөңгүлөрдүн тез эрүүсүнө өбөлгө түзүүчү ишмердүүлүккө уруксат берген" түзөтүү киргизип жаткандыгы да ачууланткан.
- Өкмөт алда качан эле "Кумтөрдүн" адвокаты болуп калган. Мындай практиканы токтотуу зарыл. Силер жоготулуп калган Давыдов мөңгүсү жөнүндө гана айтасыздар. Бирок, ал жерде башка мөңгүлөр да бар, алар да убакыттын өтүшү менен жок кылынышы мүмкүн. Азыр Давыдов мөңгүсүнө жамынуунун кереги жок. Анан бардык мөңгүлөрдү жоготобуз да, а айыл чарбасын өнүктүрө албай калабыз. Анткени бизде суу алтынга тете болуп калат, - дейт Иманкожоева.
Депутат өзгөчө мөңгү катмарлары эрип жаткан себептерди окуп алса болмок. Эки жыл мурда Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин директору Сабир Атажанов айткан маалыматтар боюнча, акыркы 40 жылда Кыргызстанда 1 миңге жакын мөңгү эрип кеткен.
Мындай жоготуунун негизги себеби катарында ал глобалдуу жылууну атаган.
- Азыр эле мөңгүлөрдүн азаюусунун ылдамдыгы жылына 1,8ден 14,2 метрге чейинди түзөт, а аянттарынын кыскаруусу 0,1ден 400га чейин. Акыркы 40 жылда 1 миңге жакын мөңгү жок болгон, - деп билдирди С.Атажанов.
С.Атажановдун сөзү боюнча, 2025-жылы абанын температурасы көтөрүлүшү мүмкүн болгон 2 C0 жылууда Күнгөй Ала Тоо кыркасынын түштүк капталынын муз каптоо аянты 760га, а түндүк капталы 320га кыскармакчы, а Нарын дарыясынын айланасындагы мөңгүлөр өз аянттарынын 500га чейинин жоготушу мүмкүн.
Мына ошондуктан, суу запастарын сактоо үчүн популисттик мыйзамдарды кабыл алуу эмес, комплекстүү чараларды көрүү: тамчылатып сугарууну киргизүү, ирригациялык системаларды ремонттоо, мүмкүн, суу сактагычтарды куруу... зарыл. А бул үчүн каражаттар керек, жана инвесторлорду (алар ансыз да көптөгөн мындай долбоорлорду өз алдынча жүзөгө ашырышууда) мындай иштерди жүргүзүүгө милдеттендирүүгө болот.
Көптөр депутаттардын "Кумтөрдүн" айланасындагы ызы-чууларын кийинки күздөгү парламенттик шайлоого байланыштырышат. Себеби, реалдуу кесепеттери жөнүндө ойлонбостон туруп жөн эле "жигитчилик оюндарын" ойной беришпейт да.
Жангороз Эсенгелдиев








Яндекс.Метрика