Токон Мамытов,
"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси:
"Ал документтер ачыкка чыкса, коомчулукта чоң сенсация болот..."

- Токон Болотбекович, "Де-Факто" гезити сизди 1 миллион сом айлык алат деп жазып чыкты. Бул кеп канчалык деңгээлде чындык?
- Эч кандай чындыгы жок. Ал маалыматты окуп алып өзүм таң калдым. Өзүңөр ойлосоңор, бизде ошондой суммадагы айлык барбы? Мен депутат болуп жүргөндө да, вице болуп турганда да айлыгым 20-25 миң сом болчу. Бул миллион сомдун чоо-жайы мындай: мен генерал катары персоналдык пенсия алгандардын катарындамын. Ошол акчаны депутат болгондон баштап Соцфонд 1-2 жыл бербей кармап жүрдү. Ал пенсиянын өзүнчө кошумчасы да бар. Жеке эле меникин эмес, мага окшоп персоналдык пенсия алышкан 6-7 чиновник да ала албай жүрүшкөн экен. Биз чогулуп Конпалатага арыз жазып, жыйынтыгында сотто Соцфондду биз утуп чыктык. Ошол эки жылга чейин чогулуп калган 600-700 сом персоналдык пенсиябызды ар бирибизге которуп берген. Ал акчаны декларацияда көрсөтпөй деле койсом болмок. Башкалар көрсөтүштүбү, көрсөтүшпөдүбү, мен аны билбейм, бирок мен баарын ачык көрсөткөм. Ошондон улам, Мамытовдун айлыгы өтө чоң экен деп "Де-факто" негизги маселени сурап, тактабастан эле жазып коюптур.
- Чулгандуу протокол боюнча да көп кеп айтылууда. Вице-премьер болуп турганда, эмне болгон протоколго кол койгонуңузду өз оозуңуздан угалычы...
- Айрымдар ал протоколдо жазылгандарды теңирден тескери буруп, карандай калпты элге таңуулап жатышат. Мисалы: "Мамытов ал протоколдо бир нече маселелерге макулдук берип кол койгон. Ошонунун негизинде газды токтотту, Сохко коридорго жол ачты ж.б. Ошентип ал протоколго таянып алышып өзбектер кыргыздарды кыйнап жатышат" деп айтышууда. Бул таптакыр туура эмес. Мына протокол силердин колуңарда да турат. Карап кёрсёнёр, жогоруда айтылгандар бар бекен? Бул кепти Өкмөт апаратынын бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров айтканын өзүм да гезиттерден, сайттардан окуп калдым. Курбанбай мырза, 2013-жылы 27-декабарда Ташкентте болгон сүйлөшүүгө мени менен кошо Өкмөттүн делимитация, деморкацияны тактоо боюнча комиссиянын жетекчиси катары барган. Ал киши ал жерде эмне тууралуу сөз болгонун жакшы билет. Анан бүгүн эмне деген жомокторду айтып жатышканын такыр түшүнгөн жокмун. Ал жыйында: чек ара, жайыттар, Үңгар тоодогу телевышка, такталбаган жерлер (статус-кво) ж.б. маселелер каралып, алар боюнча протокол даярдалган. Бирок анда суу, газ жана Сох маселелери боюнча такыр кеп болгон эмес. Курбанбай мырза: " Мамытов чарба маселелерине кийлигишпей, аны көтөрбөй эле койсо болмок экен" дегендей айтып жатат. Кантип кийлигишпейбиз?! Чарба маселеси түздөн-түз чек ара маселеси менен байланыштуу да. Же эмне суу сактагыч баштаган бир топ маселелерди көтөрбөй эле, Орто-Токой же башка суу сактагыты, жайыттарды тактабай туруп өзбектерге берип салыш керек беле?! Анда мен эл душманы болуп калам да. Мына Курбанбай мырзанын позициясы ушундай болуп жатат. Ошондуктан Искандаров коомчулукка жогоруда айткандай протоколду бурмалап, терс маалыматтарды бере берсе мен аны сотко берем. Мындан башка документ, протоколдор да бар, аларды да кошуп берем. Эгер ал документтер ачыкка чыкса, коомчулукта чоң сенсация болот. Ошон үчүн бул протоколго газды, сууну жабыштырып сүйлөө - бул бери болгондо Жантөрө Сатыбалдиев айткандай "галдирбайлык" кеп да.
- Бул жерде көпчүлүккө белгисиз кандайдыр бир кызыкчылыктар болсо керек. Экөөңүздөрдө ортоңордо эмне талаш-тартыш бар?
- Ачыгын айтканда, мен өкмөттөн отставкага кеткенде айрым ЖМК өкүлдөрү: "Мамытов Коргоо Кеңешине, УКМКга барат, министр болот экен" деп такталбаган маалыматтарды жазып чыгышканда, арты таза эмес адамдар: "Бул желмогуз, ал кызматтарга келип калса, бизди согот" деп менин артымдан тоголок арыздарды ар кайсы жакка жазып баштаган. Миллион сом менен протокол маселелери ошондой тоголок арыздардын бири десем болот. Искандаров экөөбүздүн ортобузда талаш деле жок. Мен вице болуп турганда ал жетектеген комиссиянын ишмердүүлүгүнө, сапатына бир топ сындарды айткам. Исмаил Исаков да: "Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча так позициясы жок" деп туура эле айткан экен. Балким ошол маселелер себеп болгондур. Бирок мен вице болуп турганда чек ара боюнча документтерди, карталарын баарын топтоп, жыйнап койгонбуз. Чынын айтканда, ал түйшүгү көп ишке 4-5 ай убакыт кетти.
- Эми "Кыргыз алтындын" жалпы ахыбалы тууралуу кеп учугун улайлы... Ишти эмнеден баштадыңыз? "Мамытов чекист болсо, экономикалык иштерди кандай алып кетет деген да сындар айтылды..
- Ишти таанышуудан баштадык. Нарындагы Солтон-Сары, Макмал, Терек -Сай, Иштамбердини кыдырып, өзүбүзгө тиешелүү иштер, ишканалар менен таанышып келдим. Баарынын ахвалын көрүп, көйгөлөрдү уктук. Жалпысынын "Кыргыз алтында" кадр маселеси жакшы жолго коюлуптур. Профессионалдар көп экен. Бул жерде маселенин көбүн чыныгы адистер чечет. Мага ошолор баарын түшүндүрүп, кеңеш берип жатышат. "Кыргызалтынды" жетектешкен Сарыгулов, Кудайбергеновдор убагында бул ишкананын туура жолго багытташкан экен. Мен ошого кубандым. Ал кезде Кыргызстандын 16-18 жериндеги алтын кендерин көрүнгөндөр талап-тоноп кетпесин дешип, убагында "Кыргыз алтынга" лицензия берип, кошуп коюшуптур. Бирок кийин 2007-2009-жылдары Максим Бакиев өзүнүн Елисеев деген достору менен баарын өзү каалагандай башкарып калыптыр. Елисеев өзү келбей калганда, жумушу жок атасын алып келип, жумушчулардын үстүнөн каратып чоң кылып койчу экен. Ал болсо спорттук кийим кийип алып, жумушчулардын барын "бараны, силер кайдасыңар, командировкаңарды токтоткула" деп оозго алгыс ар кандай сөздөр менен шатырата сөгүп турчу экен. Ошентип, алар "Кыргызалтынды" тоной башташкан. Атайы банкрот кылуу операциясын жасалма жүргүзүшкөн. Мисалы, "Кыргыз алтын" Солтон-Сарыдагы "Бучук" деген кенге изилдөө ж.б. иштерине 4-5 миллион сом сарптап, эми казуу иштерин баштайлы деп жатса, Максим менен Елисеев аны тартып алышып, кытайларга сатып, ортодон акча жасашкан. Ал кездеги жетекчи Алмаз Жапаровду ары-бери айдап алышкан дейт. Ошондой эле "Кыргыз алтын" бүгүнкү күнгө чейин ар кандай себептер менен: Макмалдагы "Кылдону", "Перевалныйды", "Иштамбердини" ж.б. алтын кендерин тарттырып жиберди. Баарын бириктиргенде алтындын кору Кумтөрдүкүнөн кем эмес болот. Кыскасы, Максимдин саясаты "Кыргыз алтынды" таптакыр банкрот кылып, өлкөдөгү алтын кендерин өзү иштетип, чоң пайда көрүү болчу.
- Азыр кайсыл алтын кендери кайра кайтарып алынды?
- Аракеттер көрүлүп жаткан экен, бирок көбү кайтарылып алына элек. Макмал алтын кени 1996-жылы эле түгөнүп жабылмак. Ал тургай, 2000-жылдары Япониядан адистер келип, жапкыла деген сунушун айтып кетишиптир. Бирок бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Тилекке каршы, кен түгөндү. Кен жок болгондон кийин алтынды кайдан аласың? Азыр кышка чейин комбинатты токтотуп, жылуу кезде жок дегенде 60 миң тонна кен жыйнап, аны жазга чейин иштетүү маселесин сунуш кылышыптыр, азыр аны карап жатабыз. Ага чейин "Кылдону" кайра алып калсак, ал жерде иликтенген маалымат боюнча 5 тоннадан 10 тоннага чейин алтын бар. Анда Макмал кени дагы 7-8 жыл иштейт. Мындан тышкары, Макмалдын хвотохранилищасында 5 тоннадай алтын бар экен. Аны да кайра иштетиш керек. Азыр "Кыргыз алтындын" адистери ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат.
Ал эми Солтон-Сары кени да, эчак эле түгөндү дешкен. Бирок түгөнбөй эле иштеп жатат. Жаман жери коомчулукта Солтон-Сарыда алтын уурдалып жатат деген кептер айтылып келет. Буйруса, биз аны тыкыр иликтеп чыгып, укук коргоо органдары менен бирге токтотобуз. "Бучук" кенин кайра бергиле деген талап коюп жатабыз, себеби, ага биздин ишкана 5-6 миллион сом сарптаган да. Кытайлар "Бучукту" алышкан менен, бүгүн иштетишкен жок. Жергиликтүү эле өткөндө бир чатакта аларга нааразы болуп, тракторлоруна чейин өрттөп жиберишти. Эл: "Бучукту" "Кыргыз алтын" алса, биз анда жардам беребиз" деп жатышат. Албетте, бул жакшы нерсе эмпеспи. Биз алсак, ошол жердеги балдар иштеп, үй-бүлөсүн багат да. Терек-Сайдагы абал деле ушундай экен. Кыскасы, бир кездеги тарттырып жиберген алтын кендерибизди кайра кайтарып алсак, "Кыргыз алтын" мамлекетке чоң пайда келтирет.
- Мурунку жетекчи Дилгир Жапаровдун Кумтөргө которуп жиберген 200 миллион доллары боюнча эмне айтасыз?
- Азыр эч нерсе айта албайм. Себеби, мен бир нерсе айтсам эле ал айтканым тергөө иштерине ар кандай таасир тийгизип калышы мүмкүн. Анан мен сындап чыгышат. Азыр мага жалпы жамаат ал киши тууралуу жалаң жакшы пикирлерди айтып жатышат.
Маектешкен,
Айбек Шамшыкеев