меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Чотоновго чоң рахмат!
"Ата-Мекенчилердин" эң эле тазасы жана мактоолорго татыктуусу Түштүк Кореядагы кыргыз элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун адамгерчиликтүү экенин билчүбүз. 2010-жылдагы июнь коогалаңы тушунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп кеткен Дүйшөнкул Чотонов азыркы министр Кубатбек Боронов менен бирге сепаратисттердин огунан жарат алып, майып болуп калган ӨКМдин катардагы жоокери Акпарали уулу Жусупбекке жардам көрсөтүштү. Дүйшөнкул Чотонов кореялык мыкты врачтарды да ээрчите келип, Мекенибизди коргойм деп ден соолугунан ажыраган жоокерди дарылатмакчы болушууда.

Мэрдин эрки канчалык?
Бишкектеги мыйзамсыз курулуш иштерин токтотууга эч кимдин алы келбей, арга түгөнгөндө ар кандай кептер айтыла баштады. "Бүгүн биз прокуратура менен биргеликте мыйзамсыз курулган курулушту элдин көзүнчө түрттүрүп салсак, бул көпчүлүккө жакшы мисал болмок" - деп шаардык кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жетине албай оюн орто салса, шаар башчысы Кулматов "колдон келсе 9 кабаттуу үйдү" - деп тамашага салды. Же чын айттыбы, анысын биле албадык. Бирок Жээнчороевдун айтканындай кылышса, көпчүлүк курулушчу-көпөстөрдүн көзү ачылмак. Ага Кубанычбек Кулматовдун эрки жетпейт. Көрүнгөн жерге курулуш жүргүзүп жаткан Арапбаев, Суракматов өңдүү дөө-шаалар Кулматовду Жээнчороевуна кошуп туруп "жеп" салышат го...

Эх Каркыра, Каркыра...
"Азаттыктын" таланттуу журналисти Уланбек Эгизбаев деген жигит көлдөгү Каркыра жайлоосуна барып, эң мыкты фото кадрларды "кармап келиптир". Арадан жылдар өтүп, кабыргабызды кайыштырып казактарга кеткен Каркырабыздын кайгысын аз-маз унута түшкөн экенбиз. Уланбектин сүрөттөрүнөн кийин келишкен керемет жерибизден айрылганыбызга ичибиз кайра ачышып, улутундук. Жерибизди казактарга карматкандар калк алдында эртеби кечпи жооп бериши керек. Бирок аларың азырынча Алтынбек Сулайманов, Аскар Шадиевге окшоп "Бир бол" деген партия түзүп, Адахан Мадумаровго окшоп ТүркПАдан ар ай сайын 8 миң доллар айлык алып, Роман Шин, Динара Исаевага окшоп парламентте мантайып отурушат. Баарынан дагы кыргыздын жерин саткандар "бир болуп" алып партия түзүп, мекенчилдик тууралуу кеп козгогондо, күйбөгөн жериң күл болот экен...

Оогандан боевиктер ооду дейби?
Өткөн айдагы Тажикстандын Хорог шаарындагы башаламандыктардын учурунда Ооганстандын аймагынан 100гө жакын куралчан бовиктер Тоолу Бадахшан аймагына өткөнү кабарланды. Мындан 15 жыл илгерки Баткен коогалаңында 30дан аз-маз ашкан сакалчандар сазайыбызды бергени эсибизде. Бирок азыр абал абалкыдан башкача экендигин генерал Артур Медетбеков айтты.
- Наркобарондор өз кербендерин алып өтүү үчүн чек ара аймагында террактарды, чек ара чатактарын уюштурушу мүмкүн. Бирок азыр 99-жыл эмес. Алар кирип келген күндө деле биздин чек арачылар алардын мизин кайтарганга кудурети жетет. Жети жылдык согушту башынан кечирген тажиктер андан да күчтүү. Боевиктерди бат эле ордуна кое алат.

Аба-ырайын Айдаралиевсиз эле билебиз
Акча жасаган жагынан биздин аткаминерлер астына киши салбай калды го. Депутат Эркингүл Иманкожоеванын айтымында Айыл-чарба министрлиги атайын долбоор иштеп чыгыптыр. Ал боюнча дыйкан-фермерлер аба-ырайы тууралуу алдын ала SMS-маалымат алып, ошого жараша талаа иштерин жүргүзөт имиш. Баарынан күйдүргөнү бул пайдасыз иш үчүн миллиондогон сом сарпталат экен. Аба ырайын элибиз министр Айдаралиевсиз эле теледен, радиодон билип алат. Буга чейин деле ошентип келген. Андан көрө ошол миллиондорду айыл-чарба техникаларына же күйүүчү майга жумшаса болмок экен...

Жол тоскондорго жобо
Жол тоскондордун жоругу чынында каныбызды кайнатып, жаныбызды кейитти. Жада калса Акматбек Келдибековдун партиялашы Нургазы Айдаровдун дагы жүрөгүн ооруткан экен. Алайлыктар жолду ачаар менен мыкты мыйзам долбоорун иштеп чыгып, көпчүлүккө алып чыкты. Анын айтымында стратегиялык жолдорду тосуп салуу өлкө ичиндеги саясый абалга гана таасирин тийгизбестен, экономикалык абалга да терс таасирин тийгизет. Маселен, Акматбек Келдибековдун тарапкерлери тарабынан 20 күндөн ашык Ош-Эркештам жолунун тосулуп турганынан улам республикалык бюджетибиз өтө чоң чыгымдарга дуушар болду. Андыктан жол тосуу кадамдарына карата тиешелүү чараларды көрбөсөк, эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Мыйзам долбооруна ылайык автоунаа жолдорун мыйзамсыз тосуу 24 сааттан ашпаса, же болбосо жол тоскондорго материалдык жактан, жана башка жактардан жардам көрсөтүү аракеттерине карата жеке адамдарга 3 миң сом, юридикалык жүздөргө 50 миң сом айып пул салынат. Мына ушундай сыяктуу эле аракеттер жолду тосууда техникалык каражаттар колдонулуп, жолго ар кандай нерселер төгүлүп таштала турган болсо, ошондой эле аны менен бирге бул аракеттер эч кандай кылмыштуулук менен коштолбосо, анда административдик айып пул салынат. Тактап айтканда жеке адамдарга 5 миң сом, юридикалык жүздөргө 70 миң сом. Андан тышкары жол тосууга колдонулган каражаттар конфискацияга алынып, беш суткага чейин административдик камакка алынат. Белгилүү өлчөмдө чыгымдарга алып келген аракеттерди жасагандар 30 саатка коомдук ишке тартылат жана укук бузууга колдонгон каражаттары конфискацияланат. Же болбосо, каражаттарын конфискациялоо менен бирге беш суткага камакка алынат. Ал эми мындай аракеттерди уюштургандар, же жетекчилик кылгандар - жеке адамдарга 10 миң сом, юридикалык жүздөргө 100 миң сом айып салынат. Ошондой эле алардын укук бузууда колдонгон каражаттары конфискацияланат. Ал эми ушундай кырдаалдарда беттерине бет кап кийип алып мыйзам бузгандардын жеке адамдарына 2 миңден 3000 сомго чейин, юридикалык жүздөргө 30 миңден 70 миңге чейин айып салынат. Эгерде бул мыйзам долбоору парламенттен кабыл алынып, президент кол коюп күчүнө кирип калса, Кыргызстан үчүн жакшы иш болот.

Мандаты турса, маянанын эмне кереги бар
ЖК жыйындарына катышпагандыгы үчүн "Ар-Намыстын" депутаты Эсенгул Исаковдун айлыгынан 10 миң кармап калышкан экен. 10 миң сомунан айрылып, ойго батып турган Эсенгул Исаков "Мен жүйөөлүү себептерден улам жыйындарга катышпай калгам. Бул тууралуу расмий кат таштаткам. Мен бай эмесмин, бизнесим да жок. Кайрып бергиле акчамды" - парламент башчысына ачууланды. Бир айда бир жолу жыйынга катышкан депутаттар да жок эмес. Алар эмнеге ачууланбайт? Мандатынын аркасы менен тапканы мыйзамдуу айлыгынан ашып түшкөндөр маяна алам деп деле башын оорутпайт окшойт...






Яндекс.Метрика