меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Өнөр өлбөйт
- Кана, ырдап көрчү, угуп көрөйүн,-дедим. Ал:
Ак маңдай келин (о) мен сага,
Арнаймын (и) гана ушул (эй) ырымды.
Ар дайым айтам (эй-э о-о) мен сага,
Ичимде (и) гана терең (и-ий-ий) сырымды.
- деген көңүлдүү жүрүштөгү обонду баштады да, андан ары:
Калам менен (о) жазгандай,
Печет менен (о) баскандай.
Келбетиңе (о) карасам,
Ак маңдай,
Күйүп бир турган ак шамдай.
Аркаңа (гана) салган (о) эки өрүм,
Маңдайдан (и) гана типтик (эй) бөлүнгөн.
Ай чырайлуу (эй о-о) нур жүздүү,
Адамга (и) гана сүйкүм (и-ий-и-ий) көрүнгөн,
- деп түтөй созуп келип, аягын:
Айбы, Күнбү (о) Чолпонбу,
Балбылдап (и) гана күйгөн (эй) эки көз. Адамды тарткан (эй о-о) өзүнө, Агай (и) деп гана айткан (и-ий-и-ий) сылык сөз, -деп көңүл отун жандыра бүтүрдү.
- Жарайсың. Куттуктайм, - деп Абдыкалыйды кучактап, колун кыстым. Ал бажактап кубанып калды. Чынында эле обонунан ыры, ырынан обону өткөн, мурда мен эч жерден укпаган, бойдон өтүп жүрөктү өрттөгөн тунук ыр экен. Ошол күндөн тартып Абдыкалыйдын обончулугу башталды.
Тушоосу
Ат-Башыда кесилген
"Ак маңдайдын" тушоосу Ат-Башыдагы айтылуу Боогачынын Ак-Муз айылында кесилди. Абалтан ыр жандуу ак-муздуктар жаңы ырды абдан жакшы кабыл алышты. Абдыкалыйды сахнадан кетиришпей "Ак маңдайды" эки-үч жолу сурап угушту. Ат-Башыдан жаралган "Ак маңдай" бат эле Нарын аймагына, кийин бүтүндөй кыргыз калкынын кеңири чөйрөсүнө элдик ыр шекилдүү тарады...Анын обондору мен уккан обончулардын ырларынан таптакыр башка эле. Аларда өтө бир мукамдуулук, өзгөчө бир жугумдуулук менен бирге аваздуулук тээ бир түпкүрдөгү кооздугу менен өкүм сүрүүчү. Анан алар ар бир карапайым угуучунун жүрөгүнөн кайнап чыккандай жаркындуулукту туудуруучу", - деп өз замандашын сыймыктануу менен эскерип, Абдыкалыйга жана анын чыгармаларына өз убагында өтө таасын баа бергендердин бири Нарын театрынын өз мезгилиндеги көрүнүктүү артисти Жусуп Самаков болгон.
Таасын обончу, шыктуу артист, асыл адам
Замандаштарынын эскерүү­лөрүнө караганда, Абдыкалый таңшыган обондорундай эле өзү да элге жугумдуу алпейим адам, турган жеринде күлкү-шаттык жандырган шыктуу артист болуптур. Ал сахнага чыгаардан мурда алдын ала оюнга келген көрүүчү-угуучулардын курагын байкап, эгерде жаштар көп болсо ашыктык, күлкүлүү, элди-жерди сүйүү тууралуу, ал эми улгайган адамдар көп болсо, аларга ылайыктуу ырлардан, күүлөрдөн аткарчу. Анын дагы бир мыкты сапаты айылга гастролго чыкканда оюндан кийинки бош убактыларын карыялар менен балдардын арасында өткөрчү экен. Аксакалдар менен элибиздин өткөн тарых, санжырасы, залкар эл шайырлары тууралуу көп сүйлөшүп, Токтогулдун ырларынан ырдап, күүлөрүнөн чертип берчү. Абдыкалый өтө баласаак болгон. Бөбөктөрдү көргөндө берерге эчтекесин таппай элжиреп, эзилип кетчү. Ал оюнду көрүүгө келген балдардын баары менен эски тааныштардай тил табыша сүйлөшчү. Абдыкалый бөбөктөргө элдик балдар ырларынан да ырдап берүүдөн эч тажачу эмес экен...
Дээринен таланттуу артист Абдыкалый ар түрдүү чыгармаларды аткаруу, обондорду чыгаруу жана ырдоо менен бирге театрга коюлган көптөгөн пьесаларда кандай ролдор болсо да ийине жеткире аткарган. Мисалы, К. Жантөшевдин "Дардаш", Ж. Бөкөнбаевдин "Токтогул", К. Маликовдун,"Күлүйпа", М. Токобаевдин "Кайгылуу Какей" аттуу пьесаларында. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында оорукта күндүр-түндүр эмгектенип жаткандарга таңшыган ырларды ырдап, мукам кайрыктуу күүлөрдү чертип, алардын көңүлдөрүн көтөрүп, жарптарын жазууга өзүнүн бүткүл талант-шыгын арнаган.
Бааланган эмгек
Абдыкалый Темировго өзүнүн жаркын таланты менен чыгарган жана аткарган жан эргиткен обондору жана театралдык өнөрдү өркүндөтүүдөгү сиңирген эмгеги жогору бааланып, 1944-жылы "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам берилген. Бул чоң таланттын андан аркы чыгармачылыгына дем берет. Анын согуштан кийинки жылдары чыгарган: "Беш жылдык", "Мен ашык", "Чын сүйүү", "Ак чабак", "Саадаткан", "Сайрай бер комуз", "Пахтачы келин" сыяктуу ар кыл темадагы обондору эл арасында жактыруу менен кабыл алынат.
Бактылуулуктун көз ирмемдери
Согуш бүтүп, эл арасын ынтымак-ырашкерлик аралап, турмуш өз нугу менен өтө берет. 1949-жылы Нарын театрынын жамааты Ысык-Көл театрына кошулат. Абдыкалый болсо өзүнүн өсүп-өнгөн, чыгармачылыгы көктөгөн айылына келип, Жумгал маданият үйүнүн уюштуруучусу болуп иштей баштайт. Арадан 5-6 ай өтпөй дирижёр Шейше Ороз уулунун чакыруусу боюнча Кыргыз филармониясына кабыл алынат. Ал эли-журтка аттын кашкасындай таанымал Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Молдобасан Мусулманкулов, Саякбай Каралаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев сыяктуу залкар комузчулар, манасчылар, төкмө акындар, ж.б. шайырлар менен аралашып, жан дүйнөсү балкып, бакыт зээри көңүл кушун көкөлөтөт. Айрыкча, "Обончу обончуну алыстан билет" дегендей көптөн бери атын угуп, "бирге иштесем" деп көксөп жүргөн обончу, ырчы Жумамүдүн Шералиев менен бир чыгармачыл жамаатта эмгектенгенине өзүн эң бир бактылуумун деп эсептеген. Жумакем Абдыкалыйдын комузчулук, ырчылык, обончулук өнөрү менен кеңири таанышкандан кийин анын чыгармалары жөнүндө өзүнүн пикирлерин, каалоолорун айтат. Ага Абдыкалыйдын кийинки мезгилде чыгарган ырларынын ичинен "Чын сүйүү", "Сагындым" деген лирикалык ырлары, обондору оригиналдуулугу менен жагат. Ал турсун алп обончу Жумамүдүн Шералиев ал эки ырды кумарлануу менен концерттерде ырдап чыгат. Мунун өзү эле Абдыкалыйдын канчалык бийик даражадагы обончу экенин ачык-айкын айгинелегендигин кыргыздын чыгаан музыка таануучусу Балбай Алагушев баса белгилеген экен.
Өлбөй турган ырлар калат, күү калат...
Ошентип, Абдыкалый Темировду филармониянын чыгармачыл жамааты жакшы кабыл алат. Дароо үй беришип, жакшы жалыйна чектешет. Анын кубанычы койнуна батпай, көчүп келиш үчүн Жумгал жергесине, Таш-Дөбө айылына барат. Жердештерине ажыраш аяк берип, карылардан бата алып, эртең шаарга жөнөйм деп турганда күтүлбөгөн жерден катуу ооруп калат... Жердештеринин бүгүнкү күнгө чейин жең ичинен күбүрөшүп айтууларына караганда, бирөөлөрдүн көзү тийгенби же сөзү тийгенби, болбосо көрө албастыктын эпкини тийгенби... айтор белгисиз тийген дарттан оңоло албай, көз жумат... Армандуу дүйнө, таланттардын башкы уясына кабыл алынып, төбөсү көккө жете сүйүнүп, айылдаштарына жетине албай барып, анан түбөлүк жайга кете берерин билбегендир да! Ошентип, чыгармачылыгы гүлдөп турган мезгилде бу дүйнөдөн көзү ачык кетет. Чыгарылбай калган чыгармаларындай эле артында туяк да калбай, коломтосу бош калат. Бирок, Абдыкалыйдын өмүрү өтө кыска болсо да, артында элибиз менен түбөлүккө бирге жашай турган өмүрү узун, жылдыздуу ырлары калганына биз, анын күйөрмандары каниет кылабыз. Кантели:
Адамзатка ыр канат да, күү канат,
Ар жүрөктө ыр жанат да, күү жанат
Ырдан, күүдөн бүткөн адам өлсө да,
Өлбөй турган ыр калат да, күү калат, - деген поэзиянын сыйкырлуу кайрыктарындай сабалап учкан Абдыкалый Темировдун өлбөс-өчпөс жүрөккө жакын обон-ырлары ыр жандуу, күү жандуу кыргыз элинин арасында түбөлүккө таңшый берерине бөркүбүздөй ишенебиз.
Алтымыш Ашыракманов








Яндекс.Метрика