Ынтымак ыргагында...
Керемет жайлоодогУ
эстен кеткис той…

21-июнь күнү Жумгал районунун Байзак айылынын Көлмө аттуу керемет жайлоосунда райондун эли үчүн чоң той болуп өттү. Той жалпы жонунан илгертеден салтка айланып калгандай "Малчылардын тою" деп аталганы менен, район эли үчүн кош той болду, анын чоо-жайын төмөндө баяндайбыз.

Бул тойго Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов, Кыргыз эл артисти, улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Маданият, туризм жана маалымат министри Камила Талиева, белгилүү акын, Жазуучулар созюзунун төрагасы Акбар Рыскулов, Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов, коомдук ишмерлер жана жеке ишкерлер Автандил Кулбараков, Дамир Кайырбеков, Аманкул Токтомамбетов, "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчиси Мирлан Сатыбалдиев ж.б. катышып, элеттин эли эңсеген тойдун көркүнө көрк кошуп, кадырын кыйла арттырып, ак дилден чыккан куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Белгилүү болгондой малчылардын тою союз убагында калыптанып, ар бир райондо, облуста ар кандай деңгээлде белгиленип келген. Бирок токсонунчу жылдардан кийин ал салт кан буугандай токтоп, ортодо бир топ жыл өтпөй калды. Акыркы жылдары мал-жандуу өрөөндөрдө малчылардын тою минтип кайрадан жанданып олтурат. Маалымат катары айта кетсек, союз тараган кезде, мал киндиктүү кең Жумгалдагы райондогу 500 миңге жакын кой элге дыйкан чарбага маселеси менен бөлүнүп берилген. Элдин колуна тийген ошол "колхоздон калган мурасты" карапайым калк 20 жылдан бери таптакыр жок кылып салбай, сарамжалдуулук менен кыйла көбөйтүп алышты. Натыйжада жаздан күзгө чейин миңдеген кой, жылкы, уй баласы жайкалган жайлоололорубуздун кутун учурбай, тоолорубузду томсортопой берекесине береке кошуп келет.
Көлмө жайлоосу Байзак айылынан бир кыйла алыс болгондугуна карабай, бул тойго 3 миңден 5 миңге чейин эл келди. Жолдун катаалдыгына байланыштуу жетпей калгандары да көп болду. Жумгал райондук администрациясы жана Байзак айыл өкмөтү тарабынан 8 боз үй тигилип, бир бээ жана 20 кой союлду. Тойдун шаңын улуттук оюндар: аламан, жорго, кунан чабыш, көк-бөрү, кыз-куумай, кыргыз күрөш, эр эңиш жана 8 команда катышкан волейбол жана жөө күлүк оюндары чыгарды. Андан тышкары, КРнын Каскадёрлор федерациясынын жетекчиси Рахат Бердикеевдин аттын кулагы менен ойногон шамдагай жигиттери ат жалында ойношуп, көрүүчүлөргө ар кандай кызыктуу оюндарды көргөзүштү. Бул оюндар удаалаш болуп жаткан кезде бүт жайлоону жаңыртып: Кенже Кубатова, Жайна, Анара, Үмүт, Бекзамир, Тумар, Баатыр баштаган бир топ ырчылар элдин көңүлүн көтөрүп обон созуп турушту.
Кунан чабышка 18 кунан катышып, маарга биринчи келген Абыл Сапаровдун кунаны 15 миң сом баш байгени утуп алды. Андан кийин 13 жорго күч сынашып, биринчи келген Кедек Токтоналиевдин жоргосуна 15 миң, экинчи келген жорго 10 миң, үчүнчү келген жорго 5 миң сом байге утту. Ал эми аламанга 24 күлүк түшүп, 9 чакырым аралыктагы өрүү жолдо биринчи келген Абыл Сапаровдун күлүгү Honda-CRV үлгүсүндөгү япон автоунаасын утуп алды. Айта кетчү жагдай, бул 6 миң доллар турган автоунаага жана андан тышкары ар кандай оюндардын байгелерине ж. б. чыгымдарга кеткен 400 миң сомго Жумгал районун кулуну, жеке ишкер Автандил Кулбараков демөөрчүлүк кылып, элдин ыраазычылыгына, батасына арзыды.
Канды кызыткан көк-бөрү оюнуна район боюнча 5 команда катышып, жыйынтыгында "Таш-Дөбө" командасы менен "Тенти аке" командасы финалга чыгып, жеңишке "Тенти аке" командасы жетишти. Баш байге катары Чолпон-Атадагы мыкты пансионаттардын бирине 7 күндүк (8 адамга) эс алуу жолдомосуна ээ болушту. Экинчи орун 10 миң, үчүнчү орун 5 миң сом. Эл аралык спорттук оюндардын эң эле кызыктуусу болгон волейбол оюнуна жалпысынан 8 команда катышып, финалда "Көк-Ой" командасы менен "Байзак" командасы беттешти. Жеңишти "Көк-Ой" командасы камсыздап, жогоруда айткандай эле 8 оюнчу Чолпон-Атага 7 күндүк эс алуу жолдомосун алышты. Экинчи жана үчүнчү орунду камсыздаган командалар 10 миң жана 5 миң сом байгеге ээ болушту. Ошондой эле, судьялар менен журналисттер да кызыктыруучу сылыктардан куру калган жок. Элдин бүйүрүн кызыткан бул эки оюнга Жумгал районунун кулуну, жеке ишкер Аманкул Токтомамбетов демөөрчүлүк кылып, көпчүлүктүн алкоосуна татыды.
Кош той деп сөз башында айтканыбыздын себеби мындай: 21-июнь Кыргыз эл артисти, айтылуу композитор Муратбек Бегалиевдин жарык дүйнөгө келген күнү. Муратбек мырза, ушул жеке майрамында кичи мекенинде болгондугуна байланыштуу, туугандары, жердештери анын урматына жогоруда айтылган көк-бөрү менен волейбол оюндарын уюштурушту. Айтамакчы, чоң талант, залкар инсандын туулган күнүнө арналган мындай шаан-шөөкөттү жердештери мындан эки жыл мурун эле башташкан. Эмне демекчибиз, мындай майрам, мындай той жеке эле Жумгалда гана эмес, республикабыздын ар бир районунда болуп, элибиздин ынтымагын чыңдай берсин. Эми төмөндө кезегинде Көлмө жайлоосунда 20 жылдан ашуун чабан болгон Маликайдар аксакал менен бул тойдун эң башкы байгеси болгон автоунааны жеңип берген күлүктүн ээси Сапар мырзага кыскача сөз берели.





Имашов Маликайдар, 80 жашта:
- Мен союз кезинде малчылардын тоюу жыл сайын белгиленип, чабандардын демине дем, күчүнө күч кошуп турчу. Мен 22 жыл бою ушул жайлоолордо чабан болдум. Ал кезде, алдыңкы малчыларды Нарынга, Бишкекке алып барып турчу. Союз тарагандан кийин, бул майрам бир жолу уюштурулду. Андан кийин ушул кезге чейин дымып токтоп калган. Эми ушул күндөрү болуп жатканы абдан жакшы жышаан. Анткени, мындай той элибиздин, анын ичинде чабандарыбыздын ынтымагын бекемдеп, барчылыктын белгисин көрсөтөт. Ушул майрамда уюштурган балдарга чоң рахмат. Көп малды топтоп алып, алардын туягын бирден санап, айдап жүрө бергендин пайдасы жок. Мал деген адамдын бор эти менен тең болот, андыктан малды элдин керегине жаратып, жакшы иштерге сарптап, кедейлерге беришип, айтор ыгы менен колдонуп турсак өз берекесин берет.
Сапар Абылов, баш байгенин ээси:
- Ушул тойдо кунаным биринчи келди. Андан кийин 3 жаштагы асыйым "Мааникер" 24 күлүктүн ичинен биринчи келип, бизге бул ак жолтой автоунааны утуп берип, кубндырып олтурат. Бул күлүгүбүз былтыр Нооруз майрамында Жумгалда, андан тышкары Таласта 7-апрелдеги ат чабышта да биринчи орунду алган. Бирок бул күлүк кыргыз аты эмес, чет мамлекеттен келген. Муну мага Айдар деген чогуу иштеген досум белекке берген. Эмне демекчимин, жалпы элдин көңүлүн көтөрүп, ушундай чоң майрамды уюштуруп жатышкан бардык демөөрчүлөргө чоң ыраазычылыгымды билдирем.
Айбек Шамшыкеев