presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Депутаттын көзү менен…
Мирлан Бакиров,
Жогорку Кеңештин депутаты:

"Чек араны ыйык тутуп, сактай албасак, кооптуу шарт түзүлөт"

- Мирлан Исакбекович, жаңы Өкмөттүн курамы иштеп баштаганына араң эки айдын жүзү болду. Бирок негедир эмитеден эле сын айткандар арбыды. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Негизи, жазылган да, жазылбаган да мыйзамда Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө жүз күндөн кийин баа берип баштаса болот. Азырынча 100 күн боло элек. Ошого карабай, кандайдыр бир деңгээлде сын-пикирлер айтылып жатат. Албетте, буга Ош шаарында газдын жоктугу себеп болуп жатат. Кыргыз Өкмөтүнүн Өзбекстан менен болгон сүйлөшүүсү натыйжа бербей, элдин нааразы болушуна, сын-пикирдин жаралышына түрткү болууда. Ал эми башка социалдык-экономикалык маселелер мурун кандай нукта жүрүп келсе, ошол калыбында жүрүп жатат.
- Парламентте газ маселесин чечүүдө Кыргызстан алсыздыгын көрсөтүп жатат, Өзбекстанга кетчү сууну бууп, өздөрүнө жараша мамиле жасаш керек, ошондо алар биз менен сүйлөшөт деген ойлор айтылды. Сиздин оюңузча бул көйгөйдү кандай жол менен чечкен туура?
- Коңшу мамлекет катары, бул маселе сүйлөшүү жолу менен чечилип келген. Мындан ары да дипломатиялык жол менен чечилиши абзел. Туура, айрым депутаттар сууну токтотуп коёлу деп жатышат. Бирок биз сууну токтото албайбыз. Анткени электр энергиясын алыш үчүн сууну коё берип турушубуз керек. Анын үстүнө Ошто газ жок болгондон кийин, көпчүлүк эл электр энергиясын көбүрөөк колдонууга аргасыз. Эгер биз электр энергиясын да үзгүлтүккө учурата турган болсок, анда карапайым элдин жашоо-шарты оорлоп, нааразычылык күчөйт. Андыктан сууну токтотуп коюуга болбойт. Бир гана сүйлөшүү жолу менен чечүү кажет.
- Бирок бул маселе саясатташып кетти. Өзбекстан Сох анклавына коридор берүү, Камбар-Ата-1 ГЭСин курбоо талабын койду. Бул канчалык деңгээлде дипломатияны түшүндүрөт?
- Албетте, газ маселеси экономикалык алкактан чыгып, саясатташып кетти. Өзбекстандын мындай талап койгону чын. Бул парламентте жабык эшик артында каралган. Бирок бул маалымат, массалык маалымат каражаттарына чыгып кетти. Эми чынын айтканда, Өзбекстандын койгон талабы Кыргызстан үчүн кабыл албай турган чечим. Мындан улам, Президент Алмазбек Шаршенович коңшуларга көз каранды болуп алардын көзүн карап отура бербей, кырдаалдан чыгуу үчүн Ошко суюлтулган газ жеткирүү аркылуу маселени чечүү жолдорун караштыргыла деген тапшырма берди. Бул ыкма убагында жакшы эле пайдаланылып, өз натыйжасын берип келген. Албетте, суюлтулган газ менен Ошту мүлдө камсыз кыла албайбыз. Ошентсе да жер үйлөрдү камсыз кылууга болот. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдү альтернативдүү электр энергиясына өткөрүү менен бул көйгөйдөн кутулса болот. Буга бир топ каражат, убакыт керек. Бирок коңшулардын көзүн карабайлы десек, эртедир-кечтир буга барышыбыз зарыл. Антпесек газ көйгөйүнөн арылуу кыйын. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга миллиондогон доллар инвестиция келип жатат, ошол каражаттардын кандайдыр бир бөлүгүн газ, электр тармагындагы көйгөйдү чечүүгө жумшоо абзел.
- "Кыргызгазды" Орусиянын "Газпром" ишканасы сатып албадыбы. Ошко газ жеткирүү көйгөйүн түндүк аркылуу газ куурун тартуу мененби же Өзбекстан менен түз сүйлөшүү аркылуубу, айтор "Газпром" бул милдетти өз мойнуна алышы керек эмеспи…
- Ооба, туура айтылды. Бирок учурда "Газпром" "Кыргызгазга" ээлик кылуу укугун толук өткөзүп ала элек. Бул процесс канча убакка чейин созулат али белгисиз. Ошондуктан 3 же 6 айбы, белгилүү мөөнөттүн ичинде укук, ээлик маселесин аягына чыгарууну тездетип, келишимге ылайык "Газпром" өз милдетин аткарыш керек. Ошондо гана Кыргызстан газдан коңшуларга көз каранды болуудан кутулат деген ишеним бар.
- Эгер "Газпром" өз милдетин так аткара албаган учурда, Кыргызстандын кандайдыр бир талаптарды, шарттарды коюу укугу келишимде каралды беле?
- Каралган. Ратификация кылып жатканда бардык коопсуздук мүмкүнчүлүгүн камтыганга аракет болгон. Эгер "Газпром" өз милдетин аткара албай калса, санкция, арбитираждык форс-мажордук жагы эске алынган.
- Эми маегибизди жогорудагы маселелерге кыйыр да, түз да таасири бар делген чек ара көйгөйүнө бурсак. Чейрек кылымга жакын мезгилден бери коңшулар менен чек араны тактап бүтө албай келебиз. Мунун кесепетинен Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери менен болгон чек ара тилкелеринде чыр-чатак, жаңжалдар жыл сайын катталат. Ушул чек ара маселесин кантип тез арада чечип, жөнгө салса болот деп эсептейсиз?
- Чындыгында чек ара көйгөйү өтө оор, түйшүктүү, чаташкан маселе болгондуктан, өтө кылдат, аяр мамилени талап кылат экен. Тилекке каршы, бул маселе дагы коңшу Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин өз кызыкчылыктарын таңуулоосуна тушугуп, күнү бүгүнкүгө чейин чечилбей келет. Маселен, Өзбекстан газды курал катары пайдаланганын айтсак болот. Кыргызстан тең ата сүйлөшө албай жатат. Мындай көрүнүштөр, мен ойлойм, Бажы биримдигине кирсек чечилеби деп. Анткени, жол картасына Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына байланыштуу чек ара, миграциялык, экономикалык көйгөйлөр камтыла турганы айтылууда.
- Өткөн айларда Коопсуздук, тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына болгон сапарында, чек ара маселесин талкууга алып, Кыргызстан Тажикстанга Форух-Исфара жолун куруп бермей болгон макулдашууга жетишип келгенин билдирген эле. Бул канчалык деңгээлде Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берет?
- Эгер эки тараптын биргелешкен макулдашуусуна жараша жол салынып кала турган болсо, чек арадагы чыр-чатактар токтоп, келишпестиктер азаймак. Бирок, Кыргызстан өзүнүн ички жолдорун оңдой албай жатканда, Тажикстанга жол салып берүү милдетин алышы, бул да болсо, кыргыз жетекчилеринин коңшу мамлекеттердин жетекчилери менен тең ата сүйлөшүүгө эрктери жетпегенин туюндурат десек болот. Коңшулардын алдында коркок-билиштигибиз бардай, чабалдыгыбызды көрсөткөн мындай алсыз аракетибиз өкүндүрбөй койбойт. Учурда коңшулардын Кыргызстандын аймагына жылып кирип, чек арадагы жерлерди ээлөө аракети ар тараптан тынымсыз жүрүп жатат. Биз азыртадан чек араны ыйык тутуп, көздүн карегиндей сактай албасак, ага аракет кылбасак, келечекте өтө кооптуу шарт түзүлөт. Ал учурда кеч болуп калат. Андыктан, эртеңкинин камын бүгүнтөдөн көрүү милдет.
- Маегибиздин өңүтүн өзгөртсөк, сиздин көз карашыңызда коррупцияга каршы жарыяланган күрөш жемишин берип жатабы?
- Коррупцияга каршы күрөш жигердүү жүрүп жатат деп айтсак болот. Учурда күн сайын интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында президент тарабынан түзүлгөн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бир топ кылмыштуу иш-аракеттердин бетип ачып, кармап, камап жатканы айтылып, жазылып жатат. Мындай дем улана берсе, жакынкы жылдары жемишин бере баштайт. Себеби дароо эле баары оңолуп кетиши кыйын. Анын үстүнө коррупцияга каршы күрөш бир күндө же бир жылда аягына чыкчу оңой-олтоң иш эмес.
- Коррупцияга каршы күрөшүү бир эле президенттин иши эмес, парламент, өкмөт, коомчулук жапа тырмак жардам көрсөтүшүбүз милдет. Тилекке каршы, коомчулуктагы жердешчилик, тууганчылык, акча бермей көрүнүштөр, айрым депутаттардын тар аймактын же бир адамдын керт башынын кызыкчылыгын коргоо сыяктуу илдеттер коррупцияга каршы күрөшкө тоскоол болуп жатат. Мына алайлыктар коррупцияга шектелип камалган жердеши Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабы менен бир айга жакын убактан бери жол тосуп жатышат. Ушул туурабы?
- Албетте, жалпы коомчулуктун жардамы болбосо, коррупциялык күрөштөн жыйынтык чыгыш кыйын. Анан коррупционерлерди камабайсыңар деп талап коюп, камаса чыгаргыла, бул биздин бала деп жердешчилик, тууганчылык менен мамиле жасап акчага азгырылып, нааразычылыкка чыккан акылга сыйбайт. Арийне, коррупцияга каршы күрөш дагы текши жүргүзүлүүгө тийиш. Бийлик оппозиция, позиция деп бөлбөй, жасаган, кылган ишине жараша баа берип, тандоо ыкмасын колдонбошу шарт. Мыйзам баарына бирдей иштеши абзел. Бийликке жаккандарга башка, жакпагандарга башка кош стандарттуу мыйзам жүргүзбөшү керек. Ошондо элде нааразычылык чыкпайт.
Ал эми Алай тууралуу айта турган болсок, ал жердегилер үчүн чындыкты, акыйкатты талап кылган ыкма - жол тосуу болуп калды. Алар болгону Ахматбек Келдибеков ооруп калыптыр, үй камагына чыгарып койгула деген гана талап коюп жатышат. Ар бир жаран Конституция боюнча өз оюн айтууга жана талап кылууга акылуу. Бирок ошол эле кезде жол тосуу менен башка жарандардын укугун бузуп жаткандары мыйзамсыз. Коопсуздук, тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов барып сүйлөшүү жүргүзүштү. Маселе чечилген жок. Эми жол тоскондордун өкүлдөрү Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен жолугушканы жатышат. Өкмөт башчынын соттун ишине кийлигишүүгө укугу жок болгондуктан, чекитти бир гана сот коёт. Соттун чечимине эч ким кийлигише алышпайт.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу











??.??