presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Мелис Турганбаев,
Бишкек ШИИБнин башчысы:
"Шайлоодон
кийин камалчу депутаттар камалат…"

Мурдагы күнү Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев жаңы конуштарда ачылган аймактык милиция бөлүмдөрүнүн ачылышына катышты. Бул жолу аймактык милиция бөлүмдөрүнөн алтоо ачылып, алардын бири Октябрь районуна караштуу 6 - кичирайонго, бири Киркомстрой аймагына, калган төртөө Ленин районуна караштуу "Арча-Бешик", "Ак- Өргө", жана "Ак-Ордо" жаңы конушуна ачылды. Эске сала кетсек, мындай бөлүмдөр эки жылдан бери ачылып келет. Былтыр мындай бөлүмдөрдөн шаардын ар кайсы аймагына кырк төртү ачылган. Алдыда дагы бир тобу ачылаары күтүлүүдө. Мисалы бир бөлүмдү ачыш үчүн орто эсеп менен төрт жүз миң сомго жакын каражат сарпталат. Ал каражат шаардык мэрия тарабынан төлөнүп берилет. Ал эми кечээки иш-чарага шаар мэри Кубанычбек Кулматов катышат деген менен катышкан жок. Эмне себептен катышпагандыгын биле албадык. Бир гана Мелис Турганбаев иш-чаранын башынан аягына чейин катышып, шаар тургундарынын алкышына арзыды. Учурдан пайдаланып, Мелис Турганбаевге суроо узатып, жооп алдык…

- Мелис мырза, милийсанын кадыр - баркын кантип көтөрүш керек?
- Биринчиден, милийсаларды сыйлаш керек. Азыр баарына эле милийса күнөөлүү болуп, милийсанын баркы түшүп кетбедиби. Милийсанын жашоосун оңдоп, жөнөкөй эле мисал, үстүндөгү формасын оңдоп, айлык акысын көбөйтүш керек. Мисалы участкалык милийсалар жыйырма миң сом алса, мен алардын иштебегендигин көрөйүн, чуркап иштешет. Азыр мисалы участкалык милийсалар 12-13 миң сом алышат. Он үч миң сомго кимдин иштегиси келсин, айлыгы көп болсо, иш да ошончолук жакшы болот.
- Үй жок милийсалар арбын, президент Атамбаев милийсаларды үйлүү кылуу керектигин айтты эле. Бу боюнча иш кандай жүрүп жатат?
- Президенттин айтканы боюнча үй курулуп, буюрса убагы келгенде милийсалар үйлүү болушат. Мамлекетти эле карап отурбайлы деп быйыл курулуш компанияларынын биринин директору менен сүйлөшүп, жүз квартира алып жатабыз. Үйү жок кызматкерлердин алды документтерин топтоп, кезекке туруп жатышат. Жоктон көрө жогору да. Үйү жок жүргөндөн көрө ижарага болсо дагы үй алып, үйлүү болуп калышат да.
- Кызматкерлердин саны жетиштүү элеби?
- Кызматкерлердин саны жетиштүү. Жыл сайын катарыбыз жаш кызматкерлер менен толукталып жатат. Участкаларда күн сайын текшерүү болуп, борбордук аппараттан атайын кызматкерлер барып текшеришет. Мектептерди текшерип, мектеп директорлору менен бирге иш алып барышат. Ошол себептен быйыл мурдагыга салыштырмалуу өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук отуз пайызга азайды. Балага болгон ата-энелердин жоопкерчилиги пайда болду. Мурда жоопкерчилик деген болгон эмес да. Азыр чоңдордун балдары тентек кылып, мушташа кетсе, атасы чоң экенине карабай, ата-энесине балаңды тый, болбосо жооп бересиңер деп эскертүү беребиз. Эскертүүнү укпагандардын балдарын камап, жоопкерчиликке тартабыз. Эне-аталар балдарын тарбиялашы керек. Мектептеги тарбия эч нерсе эмес, баланы үйдөн тарбиялаш керек. Саат түнкү ондон кийин баланы эшикке чыгарган болбойт. Караңгыда шайтан көп дегендей, шайтандын баары караңгыда болот.
- Көлбаевдин камактан чыгышы боюнча эмне айта аласыз?
- Көлбаев боюнча эч нерсе айта албайм. Убагында биз камап, иштин баарын баштап бергенбиз. Бирок биз баштаган ишти башкалар эмне кылып жатканын көрүп жатпайсыңарбы. Ачык айтканда азыр мени Көлбаев кызыктырбайт. Мени азыр шаардын коопсуздугу, элибиздин бейпил турмушу кызыктырат. Көлбаев кача албайт. Качса кайра кармап келип камап коебуз. Дүйнөлүк практикада кылмышкер болгон адамдын өлкөдөн чыгууга акысы жок. Ал саясатка жана башка мамлекеттик кызматтарга аралаша албайт. А бизде ички саясатка аралашкан кылмышкерлер деле болуп жатпайбы. Азыр карасы-агы, жашылы, кызылы, көгү, сарысы кайсы экени билинбей калды.
- Айрым депутаттар сиз кылмышкер атаган айрым кара дүйнөнүн адамдарын пир тутуп, сыйлаш керектигин айтып чыгышпадыбы, буга не дейсиз?
- Мындай нерселер Акаевдин, Бакиевдин убагында да болгон. Аягы эмне менен бүттү. 7- апрель революция менен бүтпөдүбү. Азыркы саясатчы, депутаттар бирөөнү пир тутуп, сыйлагандан мурун ойлонушу керек. Алар прокурор же сот эмес да. Бирөөнүн ак-карасын далилдегендей. Бир депутат чыкпадыбы: Алмамбет Анапияевди баалышыбыз керек деп. Андай баалагысы келсе сүрөтүн үйүнө алып барып илип алып баалай берсин. Депутаттардын деңгээли ушундай болсо кантип өнүгөбүз. Шайлоого аз калды. Шайлоодон кийин көп депутаттар менен сүйлөшөбүз. Мен азыр ызы-чуу кылбайын деп жатам. Бир нерсе болсо эле бул депутатты камады, куугунтуктады деп чыгышат. Кээ бир депутаттардын күнөөсүн топтоп койгонбуз. Аларды шайлоодон кийин кулагынан чоюп жетелеп келип эле камайбыз. Күнөөлүү депутаттар кимдер экенин өздөрү жакшы билишет. Мен буга чейин эле эскертип айтып келгем, "абайлагыла" деп. Адам баласы сүйлөгөндө, бирөөнү сындаганда өзүнүн ким экендигин билип туруп сүйлөсө. Айрым депутаттар артында былыгы үйүлүп жатса деле сүйлөй беришет. Кулагынан чоюп келип камай баштасаң, элди көтөрүп ызы-чуу сала башташат. Эркек болгондон кийин карыган кемпир-чалдарды алдыга чыгарбай, кылган ишине өзү жооп бериши керек да. Убагында менин башымдан деле далай кыйынчылыктар өттү. Мен деле элди көтөрсөм көтөрмөкмүн. Бирок мен ага барган жокмун. Менин намысым ага жол берген жок. Соттошуп жүрүп, акыры чындык жеңет болуп жеңип чыктым. Ар бир адам кылган ишине мыйзам алдында, эл алдында жооп бериши керек. Бул өзгөчө саясатчыларга тиешелүү.
- Медет Садыркуловдун соту боюнча оюңузду уксак…
- Сот ишти калыс карады деп да, карабады деп айта албайм. Мен ойлогом, иш бурмаланып өзгөрүп кетеби деп. Райондук сот ишти карап, шаардык сотко өткөрдү, эми шаардык сот кандай чечим чыгарат, күтө туралы. Сот создуктурулуп жатканда шек санагам. Жакшы болбойт го деп. Андай болгон жок. Жакшы эле болду.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев











??.??