Айыл өкмөттө
Тимур АЙЫЛЧИЕВ,
Ысык-Көл облусундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы:
"Көлүбүзгө көңүл бөлүү зарыл"
- Тимур мырза, Бостери дегенде эле көгүлтүр көл, ысык кум көзгө тартылат. Ысык-Көл районунундагы эс алуу жайлардын үчтөн бири сиздердин айылда экен. Андыктан, калктын көпчүлүк бөлүгү эс алуучуларды тосуп алуу менен үй-бүлөлүк бюджетин толтурушат эмеспи. Быйылкы жайкы сезонго даярдыгыңыздар кандай?
- Азыр Бостери айылы боюнча пансионаттардын 90 пайыздан ашыгы даяр. Муну облустук, райондук мекемелерден, анан өзүбүздүн депутаттардан түзүлгөн комиссиялар текшерип чыгышкан. Ал комиссиялардын тутумунда экотехинспекция, санэпидемстанция сыяктуу мекемелер менен бирге биз да барбыз. Эс алуу жайлардын жайкы сезонго даярдыгы ошол комиссиялардын чечиминин негизинде чыгат. Быйыл өзгөчө көңүл бөлүнүп жаткан нерсе бул-тазалоочу жабдуулардын абалы, парк-пляж зонасынын, кумдун тазалыгы жана адискөй куткаруучулардын болушу. Дагы бир көңүл бөлө турган жагдай коопсуздук маселеси. Буга туристтер өтө маани берет. Жакында биз Россияга официалдуу делегациянын катарында барып келгенбиз. Ошондо дагы коопсуздук жөнүндө көп сөз болду. Ага байланыштуу учурда ар бир эс алуу жайдын коопсуздук агенттиги бар. Ал эми экологиялык-санитардык абалды кароого эс алуу жайдын жетекчилери өздөрү кызыкдар. Бул жылы Ысык-Көлдүн курорттук сезону жогорку деңгээлде өтөт го деп ойлойм.
- Жайкы сезон башталардан мурда Кыргыз Өкмөтүнүн облусубуздагы өкүлү Эмилбек Каптагаев тазалоочу жабдуулары талапка жооп бербеген эс алуу жайларды быйылкы сезондо иштетпейбиз деп жатты эле. Сиздердин айылда канча эс алуу жайы ушундай талапка жооп бере албай жабылып калды?
- Негизи Эмилбек Саламатовичтин бул талабы туура коюлган деп эсептейм. Себеби, биз туризм деп касиеттүү көлүбүздүн тазалыгына көңүл бөлбөй койсок болбойт. Биздин айылдагы 9 эс алуу жайы дал ошол тазалоо жабдуулары боюнча даярдыгы толук бүткөн эмес деп эсептелингендиктен, иштөөгө уруксат алган эмес. Алар бул талаптарды аткарбаса ачылбайт. Бирок, азыркы күндө ошол эле "Золотые пески" чыпкалоочу жабдуусунун үстүндө иш-чараларын жүргүзүп жатат. "Береке", "Мүрөк", "Илбирс", "Асыл таш" эс алуу жайларына катуу талаптар коюлган эле. Алардын баары азыр аракет жасап, кемчиликтеринин үстүндө иштеп жатышат. Бизде 40тан ашуун чоң эс алуу жайы, эки санаторий бар. Мурдагы 200-300 киши кабыл алган эс алуу жайлар бөлүнүп сатылып олтуруп, 800 киши кабыл алчу жай болуп калган. Ал эми тазалоочу жабдуулар болсо мурдагы боюнча. Андыктан, аларга катуу талаптарды коюш керек.
- Туристтерди керектүү деңгээлде тосуп алуу үчүн айылдын өзүнүн да тазалыгы, таза суусу, жол маселеси чечилиш керек. Сиздерде бул жагы кандай?
- Айыл өкмөттө болжолдуу 11250 адам жашайт. Бизде маселенин баары чечилип кеткен десем ашыкча болор. Башка айылдардагыдай эле көйгөйлөр көп. Биз аларды четинен чечип келе жатабыз. Албетте, жол маселеси негизги планда турушу керек. Андыктан, биз эң алгач 480 миң сомго узундугу 10 чакырымга жакын айыл ичиндеги жолдорду оңдодук. Жол боюнча алдыда дагы пландар бар. Мындан сырткары, таза суу көйгөйү азыр негизгилерден болуп турат. Ошол себептүү таза суу менен камсыз кылыш үчүн "Бостери суу" ишканасын түздүк. 2014-жылы бул тармакка 5 миллиондон ашык акча караганбыз. Анын ичинде ремонт иштери, түтүктөрүн алмаштыруу иши бар. Айлыбыздын таза суу системасын жаңыртууга чет өлкөлүк компания кызыкдар болууда. Бул биз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер бул тилек ишке ашып кетсе, заманбап насос скважина орнотулат. Айыл ичиндеги трубалардын баары жаңырат.
Ошондой эле, айылдык "Бостери-Тазалык" ишканасы ар бир пансионат менен келишим түзүп иш жүргүзүүдө. Мурда бул эки мекеме бир болуп, иш ырааттуу жүргөн эмес. Учурда таза суу боюнча өзүнчө, тазалык боюнча өзүнчө иштер жүрүп жатат. Мындан сырткары, чоң көйгөйдүн бири болгон балдар бакчасы маселесин чече алдык. Өнүктүрүү саясат институту аркалаган долбоор аркылуу учурда 150 орундук бала бакча ачылып, бөбөктөр тарбия алышууда. Ушул эле долбоор аркылуу миллион сом кичи грант утуп алып, "Бай жигит" жаңы конушун таза суу менен камсыз кылдык. Зор таштар көчөлөрдүн көркүн бузуп жаткан эле. Чоң техникаларды ижарага алып, аларды чыгарттык. Жол белгилерди койдук. Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликти толугу менен жаңыртып, жашылдандырып, көрктөндүрдүк. Роза, ак кайың, арча тигилди. Эмики жылы ал жер таптакыр башкача болот деп турабыз. Ал тилегибиз ишке ашса, анда жаштар эс алып, патриоттук тарбия алгыдай орун болот го деп ойлоп коем.
Быйылтан баштап "Суу программасы" ассоциациясы, жайыт комитетинин иши жанданды. Жаңы конуштарга трансформатор коюлуп, жаңы электр линияларын тарттык. Коомчулук, ар кандай уюмдар менен тыгыз байланышта болуп, элдин көйгөйүн угуп, ошого жараша иш жасап жатабыз. Жакында эле мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата "Энелер кут төгүлгөн ынтымак ээлери" деген темада райондогу аялдар кеңеши менен бирге иш-чара өткөрдүк. Аялдар арасында "Супер айым" конкурсу өттү. Айтор, жаштар, карылар, аялдар менен да тыгыз байланышта айыл көйгөйлөрүн азайтуунун, ынтымакты сактоонун үстүндө аракет жасап жатабыз.
- Азыр "Айыл өкмөттөр каражаттарды өздөрү каалагандай колдоно алат. Бийлик алардын колуна өттү" деп айтылып жатпайбы. Ошентсе да, райондук, облустук жетекчилер сиздердин ишке канчалык деңгээлде кийлигишет?
- Сиз айткан бийлик бутактары мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүдө эле кийлигишпесе, айылдын каражатын өзүбүз бөлүштүрөбүз. Биз эл менен чогулуп, бул боюнча коомдук угууларды уюштуруп, акчалар кайда кетип жатканын жергиликтүү тургундар менен бирге карап жатабыз. Алдыда аткарылуучу иштердин планын да эл менен бирге түзөбүз. Маселен, жакында эле 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору 33 миллион сомдон ашык суммага түзүлүп, элет көйгөйлөрүн эл менен биргелешип аныктап алдык. Коомдук угуулардан кийин таштанды төгүүчү жайларын курчоо, реконструкциялоо, жолдорду оңдоо, таза суу, ФАПтын имаратын толугу менен бүтүрүү маселеси негизги иш болуп пландашылды.
- Учурда "айыл өмөт башчылыгына көбүн эсе көчөдө жүргөндөр келип алышты. Билими, тажрыйбасы жагынан деңгээли начар" деп айтылган пикирлерди дагы угуп калабыз…
- Азыр өзүңүздөр билгендей, айыл өкмөттөр иш ордуна шайлоо жолу менен келет. Мурдагыдай жогортон дайындамай жок. Андыктан, ар бир айыл тургуну айыл өкмөттү шайлап жатканда, анын туугандыгына же дагы башка жагдайларга карабай, айылга иштеп бере турган, ошого билими, тажрыйбасы жеткидей кесипкөй адамды тандап алышы керек. Учурда элеттик элдин аң-сезими жогору. Алар айылга пайда алып келе турган адамды шайлап алат деп ойлойм. Албетте, мен бардык айыл өкмөттөр үчүн жооп бере албайм. Андагы адамдар кимди кааласа, айыл өкмөт да ошого жараша тандалат. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, эки жогорку билимим бар. Кызматка келерден мурда "Бостери-Тазалык" ишканасынын жетекчиси болуп келгем. Андан сырткары, кыска мөөнөттө 4 ай айылдык кеңештин депутаты болуп дагы шайландым. Мурда борборубузда чет өлкөлүк компанияларда, "Манас" аэропортунда иштегем. Эл мени иш жөндөмдүүлүгүмө карап тандап алды деп ишенем.
- Сиздердин айыл чоң, айылдыктарды канчалык деңгээлде билесиз, эл менен канчалык жакынмын деп ойлойсуз?
- "Элиң менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Деги эле учурда жетекчилер эл менен жакын болбосо иштей албайт. Мен соцкызматкерлерден маалымат алып, жетим, томолой жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен кезигип турам. Мындан тышкары, депутаттар менен кеңешип чечкен каражаттар аркылуу муктаждарга жардам беребиз. Анан албетте, кайсы жерде эл топтошсо, аларга убактымды бөлүүгө аракет жасайм. Коомдук угууларды уюштурганда да эл менен жакындан сүйлөшө аласың.
- Китеп окууга убактыңыз жетеби?
- Болушунча аракет жасайм. Чынын айтсам, ал үчүн убактым өтө аз. Бул кызматка келгенден бери өзүмдүн китеп текчем да байый баштады. Таланттуу чыгармачыл адамдар өз китептерин тааныштырып, кечелерди уюштуруп, чакырып калышат. Анда белекке берилген китепти кантип алып барып ачпай таштап коесуң. Ал адамдын убактысы эмнеге кеткенин, чыгармачылык дараметин, деги эле эмне ой айтайын дегенин билүү максатында барактап чыгууга туура келет. Албетте, дүйнөлүк классиктердин чыгармасын, биздин ата мекендик акын, жазуучулардын чыгармаларын кайталап окуп койгудай убактым болсо кана!
- Сиздин оюңузча, айыл өкмөт кандай болуш керек?
- Айыл өкмөт мекенчил болуш керек. Ал элге, жерге жакын болгондо гана өз ишинин маңызын чыгарып иштей алат. Албетте, чечкиндүүлүк, уюштуруучулук сапат дагы негизгилерден болот. Ар тараптуу жана адамгерчиликтүү болбосоң айыл эли менен "жашап" кете албайсың.

Маектешкен:
Жумагүл БАРКТАБАСОВА