Эмдиги шайлоодо кимди шайлап куурадык?!

Аз күндөн кийин парламент эс алууга чыгат. Аябай чарчашты, эс алсын. Анткени, иши аябай кыйын, эс албай иштей берсе кыйын, болбой калышат, анан мамлекеттин көргөн күнү эмне болот, каранар-карманары парламент болуп жатса?! Аны менен бирге парламент тарап өздөрүн аябай эле кыйын сезип алышкан. Чынында эле кээси менен кыйындыгы бар, чектен чыгып кеткен учурлары да жок эмес. Эми алардын баарын тизмектеп чыксак, элибиз ал тараптан качып берер, аздап айталы, алар деле элибиз деп тырмалаңдап жүрүшпөйбү. Өздөрүнүн ишинде ошондой экен деп ойлобогула… "анда өгүздөй кара күчү бар"!
Ошентип, парламентибиз "катуу" иштеди. Бөтөнчө, жеп-ичип койгон деген шеги бар кесиптештерин коргоодо "Чолпонбай" болуп кете жаздашты. Өкмөт курамын түзүп жаткан убактарда "өз көмөчүнө күл тартып" турушту, колдору да күйбөйт экен!
Антипатия менен симпатияны жакын жолотпой "уй мүйүз" олтуруп алып сүйлөшөлү да. Адамзаттын жазылган да, жазылбаган да мыйзамында бир адам экинчи адамдын эмгегин жебеши керек, байлыгын тартып албашы керек, ар-ар ким өзүнүн тапканына ээ. Бул маанини азыркы көзгө тууралап айтканыбыз. Болбосо, кул ээлөөчүлүк доорду эсте, мойнуна каамыт кийгизилген негрди эсте, Репиндин сүрөтүндөгү кеме сүйрөгөн "бурлактарды" эсте, өзүбүздүн байлар ашкан-үшкөндү берип малын бактырган бечара койчуларды эсте, азыр ал көрүнүш кайрылып келди. Бир ирет "ким иштесе ал тиштейт" деп да турдук, бирөөнүн акчасын тартып алуу арам деп мына бүгүнкү күнгө чейин оозубуздан түшүрбөйбүз да, ошол сөз айтылып бүтөөрү менен колубуз туткак болуп турганы. Элдин байлыгынан алганды уяткарабыз, аны менен бирге алар жооп берсин деген мыйзамыбыз бар Кылмыш кодексинде. Анан ага болбой эле мамлекетибизди коррупционер дегендер каптап кетпедиби. Аларга каршы президент, дагы бир аздары күрөшкөн болот, алар тегирмен менен кармашкан Дон Кихоттун сүрөтүн тартат…Аны менен бирге баягы белгилүү сапты эстетет "карма ууруну кармалап ууру жүрөт" деген. Жакшы айтылган да. Ар кандай маанидеги жана масштабдагы жыйындарда коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз дегенди укканда жогорудагы саптарды эстей берем, мен окшоп эстегендер оголе көп экен, угуп жатпаймынбы. Мына ошол "коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз" деген неме трибунага чыгып сүйлөйт дейсиң, аны уккан таза дил адам жерге кирип кете таштайт, тигинин кабат үйлөрүн, квартираларын, сауналарын, мал-жанын, жөн адам минбес машиналарын ж.б. эстеп жиберет, ого бетер уялат, "уялбагандан өзүң уял" дегендин дал өзү болот да! А тиги болсо күчөгөндөн күчөйт, "коррупционер дегенди душман катары жоготуш керек, керек болсо аттырып салыш керек "дегенди айта жаздап барып кайра чочуй токтойт, баскан жолу көз ирмемде көз алдына тартыла калып жатпайбы, балээники! Ооба, карышкырлар койлорду "дурус" кайтарып жатат, эч кимге жедирбей, өздөрү гана…
Ушундай кырдаалда президент чайналат. Менимче, анын деле айласы кетип калды окшойт. Анткени, кара таандай каптаган коррупционерлердин кайсынысын каматып бүтөт. Бул иште Генпрокурор Аида Салянова айымга да жеңил болгон жери жок, "өйдө тартса өгүзү өлө турган, ылдый тартса арабасы сына турган". Антсе да мурунку прокурорлорго караганда алда немедей дурус иштеп жатат. Ошондуктан коррупционерлер ага чабуул жасап, кызматтан кетирүүнүн түрдүү жолдорун ойлоп, акырындан аракетин жасап жатышканы. Бирок, Салянова оңой менен эле алдыра койчу айым эмес экен. Салпетек катындарга чейин "кетсин" деп жатканын тамаша-шылдың катары кабыл алып, ишин дагы да күчтөндүргөнү жөндүү…
Депутаттар уялбай этпей эле коррупцияга шектүү делген кесиптештерин жан бере коргоп турганы-өздөрүнүн көбү ошол коррупциялык жолду басып койгондон жана да басып жаткандыктарынан болуп жатат. Анын жашырын сыры деле жок, "карга карганын көзүн чокубайт" деген мыйзамга түшүрүлбөгөн эреже кынтыксыз иштеп жатканы.
Депутаттар бир ирет жөн адам түшүнө кирбеген байлыгы бар Нариман Түлеевди коргоп турушту, андан соң качып кеткен Нурлан Сулаймановду, Искак Пирматовду, Элмурат Обдуновду коргоп чыгышты. Эми Акматбек Келдибековду коргоп жатышат. Түз эле коргойт да! Түз эле "алар таза, жалаа жаап жатасыңар" дейт да шоруң каткан бийликтин айласын кетирип.
Кайсы бир жылы Жазуучулар Союзунда бир китепти талкуулап жатат экен. Ар ким чыгып сүйлөп жатат дейт. Ошондо бир жазуучу чыдабай кетип "окубасам да оюмду айтып коеюн" деп элдин боорун эзиптир. Биздин депутаттар да ошондой, күнөөлөнгөн депутаттын кимисин болбосун таптаза деп чыгат, анын кандай адам экени менен тереңден иши жок. Депутатты таптакыр эле кол тийгис кылып таштады, таптакыр эле акактай таза кылып таштады… эмне алар жансызбы?!
Конститутциябыздын кайсы бир беренесинде "депутат фракциядан чыгып, аны кагаз жүзүндө жазып берсе, депутаттыгы токтотулат" дегендей жазылган. А биздин парламенттин тамтыракайы чыгып бүттү, фракциядан чыгып, башка бир топ түзүп чалды-куйду болуп жатканы. А турсун, партиядан чыгарса да тырышып кетпей жатпайбы, Абдрахманов менен Жээнбековдорду айтканым. Дагы бир беренеде "депутат бир сессия ичинде 30 жумушчу күнү себепсиз ишке келбесе, депутаттыгы токтотулат" деп айтылган. А биздин кээ бир депутаттар 30 күндөн ашык деле шапар тээп кетет, аны тескеп-текшерген жан жок.
Парламент деген этиканын жогорку деңгээлин көрсөтүп, шайлоочуга үлгү болушу керек эмеспи. А биздин депутаттардын кээ бири, өзгөчө кээ бир айымдар этика деген менен деле иши жок, оозуна келгенди урдуруп туруп калат, керек болсо эркекти тике качырып бетин түздөп жибергенден кайра тартпайт. Кайран гана асылбаа аялзаты, кайран гана эне баасындагы айым!
Карапайым шайлоочу баарына кайыл, алды, эмдиги парламентте "зөөкүр" айымдар болбосо экен деп тилейт экен, көп угуп келебиз. Анан да жалаң гана Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Асылбек Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Нарынбек Молдобаев, Марат Султанов, Бакыт Төрөбаев, Карганбек Самаков, Абдыманап Кутушев, Төрөбай Зулпукаров сындуу депутаттар болсо жаман болбос эле.
Эмдиги шайлоодо азыркы парламенттеги партиялардын кайрадан шайланып келиши көп күмөндү жаратат. Анткени, шайлоочу алардын сынын да, сырын да жакшы билип калды. Алардан башка кимди шайлайбыз деген да суроо оркоюп жан койбойт.
Чын-чынына келгенде партиялык жолдун баштоочусу болуп "Ата Мекен" саналды. Ал адегенде элге дурус алынып, кийинки мезгилде өз иштеринде негативди көбүрөөк аралаштырып салды окшойт. Партиянын кээ бир депутаттары мародерлук ишке катышы бар деген шек партияга катуу сокку болду, андан башкасы дагы бар… Өткөн шайлоодо "Ата Мекен" алдыңкы орундардын бирин алат деп айтпаган эксперти менен саясатчысы калган эмес. "Ата Мекенчилер" шайлоо алдында бак-дарактын баарына "кызыл жаян" кылып кызыл чүпүрөк байлап, "кан күсөп" турганы оң жол эмес эле - парламентке зорго илинип, абийири жабылды. Эми илинеби же жокпу деген суроо кабыргасынан коюлуп турат. Калган партиялар деле аталган партиядан жогору кеткен жок. Атамбаевдин деми менен турган КСДП бийликтен аз-аз жардам албаса, азыркы турган кебетеси менен алыс бара албайт, аябай жүдөп турат. Куловдун "темир доору" бүтүп, анын "Ар-Намысы" шефи менен кошо "жөн турмушка" жылчудай болуп калды… "Ата Журт" болсо, турган турпаты менен парламентке келет. Анткени, жердешчилик деген кан-жанына бүткөн бул партиянын түштүк тарапта колдоочулары аябай эле арбын, экинчиден, акчалуулары да жетип берет. "Республика" партиясы кезинде Тайбуурулдай чыкты эле, кийин азга ташыркай түштү. Бирок, Бабанов мырзанын миллиондору далай жерге алып барышы мүмкүн, ал деле оңой эмес саясатчылардан.
Эмдиги жылдагы шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан", "Замандаш", "Эмгек", "Өнүгүү-Прогресс" сыяктуу партиялар катуу кармаш жүргүзөт. Булардын ичинен парламентке илинип калчулары жок эмес.
Кандай болсо да эмдиги парламенттен билимдүүлөрдү, адамгерчиликтүүлөрдү, тайманбастарды, коррупция жолун баспагандарды… көрсөк экен.

Баратбай Аракеев