presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жыртыктын тешикке боору ооруйт…
Бир кездери Майрам Акаеванын камчысы болуп чабылып, жер баспай дөөгүрсүп турган сүймөнчүктүү Осмонакун Ибраимов деген кадры болгон. Аскар Акаев өлкөдөн куулгандан кийин куйругун кыпчып күн өткөрүп келди. Чээнге кирип, көлөкөсүнөн корккон мындай аракети Курманбек Бакиев Белоруссиядан жай тапканга чейин уланды. Анан азыркы бийликтин жумшактыгынанбы же айкөлдүгүнөнбү, айтор акыркы жылдары жанданып, тишеп бүткөнүнө карабай, "азуу" көрсөтүмүш болуп акыл айта баштады. Эми башкасы бүткөнсүп, "балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" деген ыраспы, Ахматбек Келдибековго адвокат боло баштады. Бул тууралуу Осмонакун: "Догдурлар кепилдик кылган оорусу болсо, гумандуулукту көрсөтүп, үй камагына чыгарып койгондон эч нерсе деле астын-үстүн болуп кетмек эмес… Келдибековдон өткөн уурулар менен кескилер, чыныгы колу кандуу гангстерлер азыр нака Ак үйдүн үстүңкү кабаттарында, парламенттин ичинде жүрүшөт... Абалды курчутуудан азыр эч ким утпайт. Бийлик да утулат, биз да утулабыз" дептир. Мындан улам, гумандуулук тууралуу кеп кылган Осмонакун ошол өзү айтып жаткан Ак үйдүн үстүңкү кабатынан, парламенттен Келдибеков камалып отурганын, анан аны өзү актап-жактап "ит" болуп жатканын түшүнбөгөнү кызык. Баарыдан дагы "бийлик да, биз да утулабыз" дегеничи. "Биз" деп кимди айтып жатат? Ичип-жегендердиби?

Иса мырза акталабы же камалабы?
Былтыр декабрь айында Башкы прокуратуранын Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы парктан жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп бергендиги боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтан кеткен экс-мэр Иса Өмүркулов менен мэриянын мурунку кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкадыров, Кадырмамбетовдорго Октябрь райондук соту 25-июнда өкүм чыгара турганы маалым болду. Мамлекеттик айыптоочу Иса Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Бирок экс-мэр айыптоолор негизсиз экенин айтууда. Эми сот өкүмү кандай болот, президенттин досу делген Иса мырзага таккан айып далилденип жазасын алабы же акталып суудан кургак чыгабы, коомчулукка өтө кызык болуп турат.

"Ата-Журт" сотко кысым кылгысы келеби?
Кыргыз эли коррупциядан кутула албай, шорун тартып жатса, "Ата-Журт" партиясынын депутаттары коррупциялык күрөшкө каршы, жеп-ичкендердин жактоочуларына айланып алышты. Албетте, баягы эле жердешчилик, тууганчылык, тар аймактын кызыкчылыгын көздөө, бир адамдын керт башын мамлекеттин мүдөөсүнөн жогору коюу сыяктуу илдет менен "оорушуп". Эми түздөн-түз эле соттордун ишмердигине кийлигишип, өз көз караштарын таңуулаганга өтүштү. Алсак, "Ата-Журт" фракциясы өздөрүнчө "Ахматбек Келдибековдун ден соолугу начарлап баратат, аны үй камагына чыгарып, чет өлкөгө дарыланууга жибериш керек" деген чечим чыгарып, анысын парламенттин жалпы жыйынында кароону, Жогорку Кеңеш бул боюнча токтом чыгарып, Башкы прокуратура менен Жогорку Сотко жибериши керектигин билдирген. Сотко басым кылууну максат кылган мындай карөзгөйлүктү, айрым депутаттар сотко ачыктан-ачык кысым кылууга багытталган көрүнүш катары сыпатташты. Мындан улам, спикер Асилбек Жээнбеков фракциянын чечими тиешелүү комитеттерден өтмөйүн жалпы жыйында каралбай турганын айтып, ооздорун араң басты.

Садыков санап берди
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков бүгүн, 18-июнда болгон маалымат жыйында, алдыдагы 5 жылда талап көп болчу адистиктерди атады.
Жүргүзүлгөн иликтөөлөргө караганда жумушка орношкон бүтүрүүчүлөрдүн үлүшү жалпы бүтүрүүчүлөрдүн болгону 32 пайызын араң түзөөрүн белгилеген министр: "Жакынкы аралыкта техникалык адистерге, IT-адистерине, туризм жана тейлөө тармагындагы адистерге, дарыгер, мугалим, котормочу, лингвист жана айыл-чарба жаатындагы адистерге болгон суроо-талап көбөйөт",- деп маалымдады. Ошондой эле, гуманитардык тармакты аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн 28 пайыз гана кесиби боюнча жумушка орношуп жатканын кошумчалады.

Өзбекстандын мышык-чычканы уланууда…
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы алака күн өткөн сайын сууп баратат. Ошто бир топ убакыттан бери газ жок, карапайым калктын түйшүгү арбыды. Өзбекстан Кыргызстандын кайрылууларына жооп бербей келет. Оштогу газ кризиси чечилбей турган маалда Өзбекстан аймактагы энергетикалык бирдиктүү шакекчеден чыгаары тууралуу кабар тарады. Аз күн мурда өзбек тарап газ берүүнү калыбына келтирүү үчүн Баткендеги Сох эксклавына коридор ачуу жана Нарын дарыясында курулуп жаткан ГЭСтер боюнча эл аралык экспертиза жүргүзүүнү талап кылганы тууралуу маалыматтар чыгып кеткен болчу. Бирок кыргыз өкмөтү дароо андай талап кабыл албасын жана эч качан андай кадамга барбасын айтып чыккан. Эми болсо энергетикалык шакекчеден чыгабыз деп коркутууга өтүштү. Бирок Өзбекстан энергетикалык шакекчеден чыккан күндө да, анын Кыргызстанга таасири тийбей турганын кыргыз адистери айтышууда. Анткени түштүк аймак өз алдынча "Датка" подстанциясы аркылуу энергия менен камсыз болот. Түндүгү болсо Казакстан аркылуу өткөндүктөн коркунуч жоктугун белгилешүүдө.

Карганбек кайрадан ЮНЕСКОдо
Самаков кайрадан дагы ЮНЕСКОнун иштери боюнча сапарга аттанды. Бул жолу Чүй облусунун аймагындагы орто кылымдарда гүлдөп турган Суяб (Ак-Бешим), Баласагун (Бурана), Невакет (Красная речка) шаарларын ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизип келүүнү максат кылып кетип жатат. Дагы деле баягыдай, каражат берген эч ким жок. Болгон жол киресин, жеген-ичкенин, жатканын, ал турсун барып жолуга турган адамдарга тартуу кыла турган белектеринен өйдө өзү камдап алып, делегацияга кирген жоон топ кишини жетектеп алып Катарга жөнөп кетти.
Эмнеси болсо да Самаковго рахмат! Ушинтип, ар бир эл депутаты бирден ишти моюнуна алып эл үчүн, журт үчүн деп билек түрүнө киришсе, атаганат өлкөбүз да өнүгүп, ата-бабаларыбыздан калган мурастарыбыз өз энчибизде болуп сонун болбойт беле.
Аталган шаарчалар кудай буйруп ЮНЕСКОнун тизмесине кирип калса, Кыргызстанга келе турган туристтердин санын арттырмак. Анткени Улуу Жибек Жолунун тутумунда турган бул шаарлар алыс-жакындагы көп элдердин тарыхый маалыматтарын өз ичине камтып турганы менен баалуу.
Айрым маалыматтарга таянсак, К.Самаков кыргыздын боз үйүн, кыргыздын көк бөрү оюнун ЮНЕСКОго каттатам деп жан үрөп чуркап жүргөн экен. Баштаган ишин аягына чыгараарына баарыбыз эле ишенип калдык.

Депутаттар ойлонуп сүйлөшсө
Өткөн фракция жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошева: "Алайлыктар улуу эл, мергенчи эл. Алайдын ар бир жашоочусунда курал бар" деп билдиргени күнү бүгүнкүгө чейин коомчулукта кызуу талкууланып бүтпөй жатат. Бул тууралуу саясий эксперт Марс Сариев: "Булар бийликти коркутуп жатат. Муну сепаратизм жолу деп коет. "Бизди укпасаңар бөлүнүп кетебиз" дегенди кыйыткандай болуп жатышат. Бул мамлекеттин бүтүндүгү үчүн өтө коркунучтуу, кооптуу билдирүүлөр. Мындай сөздү элди, мамлекетти ойлогон депутаттар айтпаш керек. Мына ушундай билдирүүлөрдөн улам, тышкы оюнчулар пайдаланып кетиши мүмкүн. Анткени сепаратизм болуп кетсе экен, башаламандык болсо экен деп күтүп турган оюнчулар көп" деп таасын, так айтыптыр. Чындыгында депутаттар ойлонуп сүйлөшсө жакшы болмок. Себеби, бирде болбосо бирде, "ойлонбой сүйлөгөн онтобогон ооруга чалдыгат", "буттан жаңылган турат, ооздон жаңылган турбайт" деген макалдын каарманына айланып калышы ажеп эмес да.

Мээси иштебегендер, мээлүүлөргө орун бошотсо
Кыргызда "ынсапсызга кашык берсең беш ууртайт" деген таамай айтылган макал бар. Куп эле биздин Жогорку Кеңештин депутаттарына айтылгандай таасир калтырат. Дегенибиз, бир катар депутаттарга жардамчы, кеңешчилер жетишпей жатыптыр. Жогорку Кеңештин аппаратынын башчысынын орун басары Тажмамат Шаболотовдун айтуусунда 120 депутаттын 1 миң 367 коомдук кеңешчи, жардамчылары бар. Бир депутат 5 коомдук кеңешчи жана 10го чейин коомдук жардамчы алууга укугу бар. Эми бул дагы аз болуп, дагы көбөйтүп бергиле деп догурунуп жатышыптыр. Бир кишинин күбөлүгү 100 сом турарын, жана анын жоголуп кетишин, жараксыз болуп калышын эске алганда бул сумма бир нече жүзгө чыгат. Бул деген сөз мамлекетти уйдай саап алуу дегендикти билдирет. Буга байланыштуу, айрым депутаттар коомдук кеңешчи алуу депутаттын жеке кызыкчылыгы экенин, андыктан, аларга кетчү чыгымдарды өздөрү төлөш керектигин айтып чыгышты. Эми кандай болгон күндө да, бир башына учурдагы 15 жардамчы, кеңешчи жетпей, дагы өзүнө окшогон кимдир бирөөлөрдүн мээсине зар болуп жатышса, мээси жеткендерге мандатын тапшырып берип, үйүндө мээси жеткен ишти кылып тынчыраак жатпайбы дегиң келет.

Мамановдун сынагында марага ким биринчи келет?..
Кыргыз улуттук бийине болгон кызыгуу кийинки учурда катуу жанданды. Буга кыргыздын байыркы бийи болгон "Кара жоргонун" коомчулукка кеңири жайылышы дем берди окшойт. Учурда "Кара жоргодон" кем эмес кыргыз "тулпарларын" жаратам деген аракеттер күч. Коомдук ишмер Рустам Мамановдун миллион сом сайып, кыргыз бийлери боюнча сынак жарыялашы буга күбө. Мындай жарыяны уккан, чымыны барлар катуу даярдык көрүшүүдө. Айрымдары кытайлык кыргыздарга барып бий кыймылдарын үйрөнүп жатышыптыр. Биз билгенден, сынакка катышуу үчүн кинорежиссер Ырысбек Жабиров менен ырчы Султан Садыралиев "Кыргыз бий" деген ыр жаздырышып, учурда клипин тарттырып жатканы белгилүү болду. Алардын аракетин каражат жактан колдоп, депутат Алтынбек Сулайманов көмөктөшүп жатыптыр. Сыягы, Алтынбек мырза бир кездеги устаты Мамановдун бий сынагына Садыралиевди аттандырып, жеңип алууга куштар окшойт. Мындан улам, Рустам мырза кол ийрисине тартат болуп Сулаймановдун "жорголорун" колдойбу же калыстыкты карманат болду бекен деген суроо коомчулукту кызыктырып турган учур.









??.??