Сырткы абалыбыз дурус

Дүйнө жүзү тынч эмес, күтүүсүз окуялар болуп жатат. Башкасын айтпаганда да Бразилияда болуп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы күтүүсүз окуялар- Испаниянын эки ирет утулушу, Бразилия менен Мексиканын тең чыгышы күтүүсүз окуялардан болду. Футболдо андай күтүүсүздүктөр болсо, жалпы дүйнө элине анча деле зыяны жок, бүгүн утулганы эртең утат, албай калган акчасын ошондо алат. Ал эми Украинадагы, Ирактагы, Сириядагы согуштук окуялар жалпы адамзат үчүн коркунучтуу жагдай.
Украинадагы окуяларды биз жалаң гана Россиянын маалымат каражаттары аркылуу билип жатабыз. Россия болсо, каадасынча бир жактуу маалымат таратканы тараткан. Эркиндик алабыз деп чыккан украин эллин биротоло эле фашист кылып ташташты. Ырас, кээ бир украиндиктер орустарды таптакыр эле жек көрүп, бир кезде фашисттерге кызмат кылган Бандераны туу тутуп жатканы жакшы эмес. Бирок, антип жаткандар украин эл массасы эмес да, өтө эле азчылык. Ойрон орусуң каратып туруп эле Крымды басып алды, Донецк менен Луганск облустарындагы сепаратисттик кыймылын колдоп турат. Гумжардам демиш болуп курал-жарактарды кошо берип жатат деп Батыштын маалымат каражаты маалымдап жатат. Ушундай кырдаалда дайыма аралаша жүрчү америкалыктардын "кыймыл-аракети" да баралында. Америкалыктар түздөн-түз эле украиндерди колдоп, орустардын жинине тийип жатканы. Россия менен Американын "кансыз согуш" кармашы күчөп барат.
Аз күн мурун Американын президенти Барак Обаманын атайын жардамчысы жана Россия, Евразия боюнча коопсуздугу боюнча Улуттук кеңештин гендеректири Селеста Валандер аттуу айым президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Валандер айымдын келген жөнү Кыргызстанды жана Борбордук Азия өлкөлөрүн биротоло "чоочун" кылып албоо. Анткени, Россия евразиялык проект түзүп жатат, Кытай болсо Борбордук Азия өлкөлөрүнө экономикалык таасирин күчөткөндөн күчөтөт. Мындай кырдаалда америкалыктардын "Жаңы жибек жолу" проектиси таасирин жоготуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул айым бул жактагы мамлекеттер менен сый маанайда сүйлөшкөнү келген. Баса, "авиабазабызды чыгарганыңарга таарыныч жок" дегенди да кылтыйтты болуш керек, кийинки жүрүштөр үчүн…
Афганистандан Американын аскерлери чыгарылгандан кийин ал жакта ич ара катуу кармаш болчудай болуп турат. Иракта болсо, сунниттер шииттердин ташын талкан кылабыз деп өлкөнүн далай жерин басып алып, эми Багдадды көздөй умтулуп жатат. Сирияда баягы согуш. Мындайда Америка да күчөп кетет, азыр Персия булуңуна америкалыктардын авианосеци келатат экен, Ирактагы абалды жайгарышканга.
Мына ушундай кырдаалда Кыргызстан өзү туткан саясатынан жаңылбай турушу абзел. Атамбаевдин азыркы тышкы саясаты анча жаман эмес. Антсе да Кытайга көбүрөөк ыктабай, баягы эле көнгөн "улуу агабыздын" бучкагын бек кармашыбыз эптир. Бир ой келе берет да, "экинчи дүйнөлүк согуштагы, андан кийинки, ушул бүгүнкү күнгө чейинки Швейцариянын нейтралдуу турпаты бизге келер беле" деген. Байлыгына деле ыраазы элек…
Баратбай Аракеев




Көлбаев момурайбы?
Кайран соттордун "таптаза" чечими менен "мыйзамдагы ууру" аты бар Камчы Көлбаев үч жылга кесилип, анысы УКМКнын СИЗОсунда жаткан убагы менен жоюлушуп, бошонуп чыкты. Кайран соттор ага коюлган беренелердин көбүн жокко чыгарып жатпайбы. Кээ бир маалыматтарга караганда, 16-июнда Көлбаевди ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгына алып келип, анын начальниги Рафик Мамбеталиев өзү жана бир катар оперлер сүйлөшүштү. Оперативниктер Камчы Көлбаевге мындан ары криминалдык ишке аралашпай жүрүүсүн айтышыптыр. Ал эми Көлбаев кандай жооп бергени жөнүндө кабар жок. Кызык, криминал жаатында жогорку наамды алып жүргөн адам "мен экинчи крим ишке барбайм" деп айтмак беле…


Гей маселесине кооптонуп…
Дүйнө элинин сыймыгына айланган, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун Жогорку Кеңеште ата даңкы менен депутат болгон Ширин Айтматова деген кызы бар. Европада чоңоюп, кыргыз кыртышынан алыс өсүп калганбы же болгон түшүнүк, көз караш деңгээли ошолбу, кыскасы Ширин айымды аял менен аял, эркек менен эркек жашап алган бир жыныстуулардын укугу аябай тынчсыздандырып, түн уйкусун бузуп жатыптыр. Анын көз карашы боюнча, депутаттардын гейлер менен лесбиянкалар кыргыз менталитетине жат көрүнүш экендиктерин, андыктан буга тыюу салуу керектигин айтып чыгышканы кооптуу демилге экен. Анткени алардын "жабык эшик артындагы иштерине кийлигишүү туура эмес болуп, укуктарын тебелейт имиш. Мындан улам, Айтматов "маңкурт" тууралуу кимдин тагдырын айткысы келди эле деген суроо пайда болот экен…


"Төшөк" мыйзамына "суусап"
КСДПдан депутат болуп келген Дамира Ниязалиева деген айым бар. Көп убакыттан бери мектеп окуучуларына "төшөк кумарын" окутуш керек деген батыштын кыргыз улутунун менталитетине жат мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште мыйзамдаштыра албай убара тартып жүрөт. Улуттун уңгусуна доо кетирчү аталган мыйзам долбоорун мыйзамдаштырып берүү үчүн канча "миллион" алганын ким билсин, айтор анын көз карашы боюнча окуучулар "төшөк кумарын" билбей, окуу куралдарына, атайын адистердин кеңешине муктаж болуп жатыптыр. Мындай мээни айландырган идеяга шыктанган Дамира айымга 18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө "төшөк" тажрыйбасын бөлүшкүсү келип жанталашып жатканы кайсы акылга сыят. Аз да болсо ойлонуш керек го. Депутат болсо эле дейди кылчу демилгени көтөрө чаап, делдектебей…