presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Сандан-санга
Мамбет Мамакеев
МЕЗГИЛ ЖАНА ИНСАН

Автобиографиялык
мемуарлар

Редакциядан: Мамбет Мамакеев атабызды билбеген кыргыз жок, башка улуттар кошо билет. Ал улуу адам, чыгаан хирург. Биз аны Улукман Мамбет Аталык деп Улуу ат менен атап алганбыз. Улукман Мамбет Аталык Кыргыз Республикасынын Баатыры, медицина илимдеринин доктору, академик, оңой менен эсептеп бүткүс ордендердин, медалдардын, наамдардын, грамоталардын ж.б. сыйлыктардын ээси.
Улукман Мамбет Аталык үч жыл мурун 85 жашка чыкты. Ошол тушта баскан жолу кенен камтыган "Мезгил жана инсан" деген көлөмдүү китеби да чыккан. Китеп биздин колго тийип, бирибиз барактап баратып эле окуп чыгып, анан башкабыз окуп, окуганда да баарын унутта калтырып окуп чыкканбыз. Укмуштуудай жөнөкөй да, анан жеткиликтүү, кызыктуу да жазылган экен. Чыгаан адам китеп жазганда деле чыгаандыгын көрсөтүп таштайт тура. Китеп жөнүндө көп сөз бар, бирок, аны айтпадык, китептин өзүн сунуш кылдык, окуп жүрүңүздөр. Алды зыяны жок, пайдасы түгөнбөс…

ТАГДЫРЫ ТАШ
ЖОЛДУУ БАЛА ЧАГЫМ
Мен Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында жарык дүйнөгө келгем. Биздин айылды кадимки касиеттүү Кыдыр акенин айылы деп коюшат. Кереге-Таш деп аталганы, курчаган ак карлуу тообуз ийилип, боз үйдүн керегесине окшоп кетет, ошого окшоштуруп "Кереге-Таш" деп кой гондугун илгерки карыялар таржымалдап айтышар эле.
Бала чагым өтө оор турмушта өттү, уруш убагы, өтө кедейчилик, ачарчылык, кийим-кече деген жок. Биздин үй-бүлө өтө чоң үй-бүлөдөн элек: чоң атам, чоң энем, өзүмдүн эне-атам, бир туугандарым болуп он бир киши турчубуз.
Энем он жети бала төрөгөн экен, ошондон үчөөбүз аманбыз. Ошол убактагы турмушту азыр ойлосом, өтө жаны бектерибиз калсак керек. Биздин үй-бүлө, эмгиче таң калам, өрөөн боюнча кедейдин кедейи элек, мал-сал деген болгон эмес, көргөн жокмун.
Атам Мамаке өтө момун, жоош адам эле, ачка жатсак дагы "Кудай берет" дегенден башканы айтчу эмес. Кийин ОЙЛОЙМ, атамдын алигидей "Кудай берет" дегени чын болуп, Кудай берди. Энем байкуш укмуш адам эле, бою кичинекей, көп сүйлөбөгөн, жоош адам болчу, бизди багам деп эмне деген азаптарды көрбөдү. Чоң атам Акун өтө мээнеткеч, ачуусу чукул киши эле. Бизди эптеп баккандардын бири - энем, бири - ушул атам.
Үйүбүз болсо топурактан согулган дубал, үстү чоң устун - карагай, анын үстүнөн жыгач-талдардан бастырып, үстүнөн топурак менен жаап, ичинен шыбап койгонду да билчү эмес элек. Жаан жааганда кадимкидей шарылдап үйгө суу агып турчу эле, анын үстүнө күл дагы, топурак дагы ыргытып койчубуз, ага карабай жаан жааган сайын тамчылай берчү, ошонун үстүнөн шыбап коюуга дагы акылыбыз жетпептир.
Эки атам тең 1916-жылкы үркүндөн келгенден кийин Ак-Сууда туруучу - коңшу орустарга малай болуп иштешиптир, атам сүйлөсө эле: "Ибанке", - деп, ошол орусун мактап жатып калчу. Чоңоюп, эс тартып калган мен: "Ай, ата, малай болуп жүрүп, анын эмнесин мактайсың?" - десем: "Бөлкөгө (нанга) тойгузчу эле, орус балдарга сабатчу эмес", - деп ыраазы болуу менен жооп берчү. "Эмне иш кылчу элеңер?" - десем: "Чочкосун бакчубуз, малын ка- рашчубуз, жер айдамай, чөп, эгин чапмай деген сыяктуу кара жумуштарын аткарчубуз", - деп айта турган. Кийин айылдан тыңыраак ат чыкса эле: "Ибанкенин айгырынын тукуму", - деп өз малынын тукумундай кубана мактап кирчү. Эми ойлойм, ошондо малай болуп жүргөндө, оокат кылышты деле үйрөнүп алышса болмок экен. Мисалы, мен 1946-жылы окууну бүтүп Фрунзеге кеткенче, айыл боюнча бир түп алма, өрүк дегенди көргөн эмесмин, кийин аталарыма: "Ошол орустун өрүгүнүн он чакты данегин алып келип огородуңарга сайып койгонду да билген жоксуңарбы?" - деп айтып калчу элем. "Анын данегинен өрүк чыгарын кайдан билдик", - деп андан бетер таң калтырып сүйлөп коюшчу. Чынын айтканда, 1950-жылга чейин биз, кыргыздар, оокат кылуу, билим алуу жагынан өтө эле артта калган экенбиз.
Чоң энем Алтике өтө сонун, жоош, аз сүйлөгөн, укмуш киши эле. Анда бүт баарыбыз бир үйдө алдыга самандан чоң салып, үстүнө кендирдин жибинен жасалган жасалма ылантик, анын үстүнө эски кийизди жайып, башка жазданар жаздык дегенден эч түшүнүк да жок, эптеп жаман тигилген төшөктү жонго жамынып катар-катар түшүп жатып алчубуз. Чоң энем байкуш менден ажырабайт, эшикке чыксам кошо чыгат, жатканда экөөбүз чогуу жатчубуз. Эсимден кетпейт, бир түнү чоң атам Акун кеч келди, жатып алдык эле, келип жатып атып мени ыргытты: "Атаңдын көрүн урайын, тур мындай, ары барып жат", - деп өкүрүп ыйлап, ары барып жатып алдым, энем байкуш дагы унчуккан жок, кийин чоңойгондо түшүндүм эмне үчүн "ыргытканын".
Чоң атам Акун ден соолугу мыкты, күчтүү, кайраттуу киши болчу. Эсимде калганы, бизди өлтүрбөй баккан акыбеттин көбү - ушул кишинин эмгеги. Жазга жуук ачарчылык. Эски кырманга барып үймөктөлүп жаткан арпанын саманын эртеден-кечке чейин сапырып, бир чакага жетпеген арпаны таап келгени көз алдымда турат. Экинчи эсимде калганы, күзгө жуук картошка гүлдөп, эгин сарала болуп калганда, атам байкуш бир чоң тору атыбыз бар эле, ошону минип алып, таңга жуук колхоздун сарала болуп калган арпасынын башын оруп чоң капка салып, атына жүктөп алып келип бизди бакчу. Алып келгенде, ошол кабын көтөрмөк тургай, ордунан козголто албай койдум, ушунчалык оор, чала бышкан арпа да, анан атамдан: "Ата, мынча оор капты кантип атыңа артып салып аласың?" - деп сурасам: "Атымды тушап жыгып алып, анан капты арта салып минип келем", - деди. Үч-төрт күндөн кийин атам: "Атым ушунчалык эстүү ат болду, каптын жанына алып келип жыгайын дегиче, өзү жатып берчү болду", - деп аны мактап сүйлөдү. Мен ойлодум: "Ай, ата, калп айтып койдуң го?" - деп. Кийин медицинаны окуп жүргөндө түшүндүм, шарттуу рефлекс деп коёт, мал болсо дагы, ал бир нече көргөнүн тез эле үйрөнүп кете турганын.
Атам кайраттуу киши эле дебедимби, баласы Мамаке армияга кетип жатканда, Пржевальскинин аягында пристандан пароход менен алып кетчү, ошондо жөнөөргө аз эле калган, учурашып калайын деп байкуш атам колхоздун жаман аты менен жетип келди. Эсимде, аттан түшпөй туруп: "Аман-эсен барып кел", - деп колумду кармап, жөнөп кетти. Өлгүчө айылдын уюн кайтарып, бадачы болуп бизди бакты. Мамаке баласы армиядан келгиче, оор турмуштун айынан, карды толо аш ичпей жүрүп, 1943-жылы 78 жашында кайтыш болду.
Чоң энем Алтике байкуш көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн киши экен, өлөр-өлгүчө ыйлап жүрүп кетти. Үйдө киши жокто эле ыйлай берчү. Бир күнү менин киргенимди байкабай калды, ошондо түшүнгөнүм: "Калича" деп эле ыйлап жаткан экен. Бизди көрсө, басыла калат. Бир күнү атам Мамакеден: "Энем киши жокто "Каличам" деп эле ыйлап отурат. Калича деген ким эле?" - деп сурасам, анын жөн-жайын толук түшүндүрүп берди. 1916-жылы үркүндө Кытайга үркүп барганда, 14 жаштагы кызын ошол жердегилер бир чака талкан берип алып калышкан деди. Ошондо кайра келатканда энем байкуш жолдон нечен качып, боюнан түшүп, азап көрүп келген экен. Ошол кызын эсинен чыгарбай, өлгүчө ыйлап жүрүп кетти.
Анан 1947-жылы мен мединституттун даярдоо курсун бүтүрүп айылга барсам, кат келип калды Кытайдан, Үрүмчүдөн, ичинде сүрөтү бар, кемпир-абышка, үч-төрт кишилери менен кыргызча жазылыптыр. Атама: "Бул ким?" - деп көрсөтө койсом, ал тез эле: "Мобу кемпир - менин карындашым Калича", - деп тааныды. Жанында отурган абышкасы, тургандары балдары экен, кат жазган да ошолор, ал жылдары Кытай менен биздин өлкөнүн мамилеси оңолуп, Кыргызстандан мугалимдерди да жибере башташкан убакыт эле. Эже байкуш кыз эмеспи, кичинесинде калса дагы унутпай жүрсө керек, мугалим келди дегенди угуп, ошол мугалимге барып таанышып, атайын келип: "Мен Кереге-Таштан Акундун кызымын, бир тууганым Мамаке" - деп түшүндүрөт. Кудай жалгап, тилчи мугалим буларды тааныбай, Мамбетти тааныймын деп, ошол жигит кат жазып берет.
Эже бизге салам айтып, аманчылыгын билгизип: "Турган - абышкам, булар - балдарым, буюрса, уруксат сурап жатабыз, берсе, барып учурашып келели деген үмүтүбүз бар" - деп, деле жүрөк-көңүлдү эриткен бир туугандык жылуу-жылуу сөздөрүн айтып жаздырган экен. Энем байкуш кызынын аманын билбей кетти, анан канча жылдан бери Каличасынан биринчи жолу кат келгенин да билген жок. Чынында эле ага чейин эч кимибиз анын аман-соосун билген эмеспиз. Андан кийин Кытай менен биздин байланыш жакшы болбой калды, ошол бойдон эжеден эч кандай кабар болгон жок.
(Уландысы кийинки санда)





Маршруткада
Достор, бүгүн үйдү көздөй келе жатып, күбө болгон элесимди сиздер менен бөлүшөйүн дедим. Маршруткада келе жаткам, бири чыкса, бири түшүп, токтоп, кайра жүрүп келе жатканбыз. Музыканын коштоосу менен себелеп жаткан жамгырга суктанып,терезени карап ойго тунуп кетипмин. Бир убакта бала жетелеп чыгып калган аял жанымдагы бош орундукка отурду. Бир аз жүргөндөн кийин эле, баягы аял ордунан туруп, ордуна баласын отургузуп өзү туруп алды. Ошол мезгилде жерде жаткан 100 сом акчага көзүм түштү. Аял турду да, барып ошол акчаны буту менен басып туруп калды. Адамбыз да, эми эмне кылат экен деп утур карап коем, ал жылбай эле турат... Маршруткада адам аз эле, акчаны алганы батына албай жатты. Жанымда отурган 5-6 жашар баласы апасынын этегинен тарткылап, курсагым ачты деди. Эже болсо, азыр түшөбүз балам деп, кабагын чытып койду.Ошондо маани берип карасам, баланын көйнөгү эскилиги жеткен, өзүнө чоң келген көйнөк экен. А эженин жүзүнөн жашоонун кыйынчылыктарын көрүп турдум... Аябай ичим ачышып, өзүмдү жаман сездим, эмне кылсам, көп эмес болсо да жанымдагы акчамды берсемби, кандай ойлойт, эмне дейт, элдин көзүнчө уят го, эч болбосо жол киресин төлөп койсомбу деген түрдүү ойлор менен алышып жатканымда, баягы аял айдоочуга кайрылып, токтотуп коюңузчу деди да, баласын жетелеп түшкөнгө камданды. Баягы 100 сомду ала алган жок, уялды окшойт. Түшүп баратканда чыдабай ордуман турдум да, эже акчаңыз түшүп калды деп 100 сомду колуна кармата койдум. Биз андан ары кеттик... Достор, үйгө келгенден бери кыйналып жатам, баланын жалооруган көз карашы, аялдын жүдөгөн элеси...
Динара Баястанова Ош шаары










??.??