presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Өнүгүү" Таласта ийгиликтүү иш алып барууда

Учурда "Өнүгүү-Прогресс" партиясы тарабынан Талас жергесинде 2014-жылдын апрель айында ачылган МТС (машина-трактордук станциясы) 100дөн ашуун жергиликтүү үй-бүлөлөргө арзан баада кызмат көрсөтүп, дыйкандарга дээрлик 150 миң сом үнөмдөп калганга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Саясий партиянын айыл-чарба стратегиясы ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын учурда даана көрүүгө болот.
Талас облусунун Кара-Суу айылында партия тарабынан МТС апрелде ачылып, элет элинин турмушун жеңилдетүүгө багытталган. Анын курамында бардык керектелүүчү шаймандары менен жабдылган 3 трактор бар, келечекте санын көбөйтүү пландалган. Буга чейин ушундай үлгүдөгү, жаңы айыл чарба техникасы менен жабдылган МТСтер Кыргызстандын ар бир облусунда ачылып, учурда элге кызмат кылууда. Мындай маалыматты, "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев 13-июнда Талас облусунун Бекмолдо айылдык аймагынан тургундары менен болгон жолугушуусу учурунда маалымдады. Саясий ишмердин айтымында партиянын иш аракеттеринин баары элдин жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө багытталган. Бул тууралуу Бакыт мырза: "Менин келгенимдин себеби - Талас элинин тынчын алган маселелер менен таанышып, элдин оюн угуу. Жакында эле Ак-Талаа районунда болуп, ал жердин жергиликтүү өзүн-өзү башкармалыгы менен биргеликте иш-планын карап чыгып, жарым ай ичинде узундугу 60 километр канал казып, 3000 гектар жерди өздөштүрдүк. Ушул иштердин баарына эл менен, айыл өкмөттөрү менен бирге 400 миң сом каражатын сарптадык. Биргелешип иш алып барсак, көп нерсени бүтүрсө болот",- деп билдирди.
Бекмолдолуктар адегенде эле каналдар маселесин айтышкандыктан, эгер жергиликтүү калк техниканын майын өздөрү көтөрүшсө, канал тазалап, кеңейтүү үчүн техника бөлүп берээрин Бакыт Төрөбаев кошумчалады.
Бекмолдо аймагына караштуу Кара-Ой айылында жолугушуу учурунда жергиликтүү эл бала бакча көп жылдан бери иштебей тургандыгын билдиришти. "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын лидери эгерде айыл тургундары оңдоо иштерине керектелүүчү каражаттын 50%ын чогултса, жеке өзү калган 50%ын берээрин жарыя кылып, айыл тургундары менен кол алышты.
"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы мындан 1,5 жыл мурун ири долбоорлорду баштап, айыл жана мал чарбасы, билим берүү, курулуш, өндүрүш, саламаттыкты сактоо жана спорт багыттарында ийгиликтүү иш алып барууда. Жалпысынан Кыргызстан боюнча МТСтерден 25 миңге чукул үй-бүлө кызматын колдонуп, 50 миллион сомдон ашуун каражаттарын үнөмдөп калышты. Партия уюштурган көчмө дарыгерлер топтору "Жүрөгүндү сакта" долбоорунун алкагында 30 миңден ашуун алыскы айыл тургундарын медициналык кароодон өткөрүштү. Бардык тармактар боюнча иштер уланууда.

Айзатбек Асанкул уулу




Тилектешке тилектеш бололу, калайык!
9 жаштагы Тилектешке жардам керек Каарман боордоштор!!! "Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек", тогуз жаштагы Койчубеков Тилектеш Айдарбекович 2005-жылы 7-январда туулган. Төрөлүү убагында баш мээсинен травма алып, натыйжада мээнин абцесси болуп, ымыркай кезинен баштап күчтүү уколдорду алып келет. Бир айынан баштап талма оорусуна чалдыккан. МРТ аныктоосу боюнча Тилектештин мээсинде өтө чоң шишик аныкталды. Шишик убакыт өткөн сайын өсүүдө жана бала кыйналып жатат. Баш мээсине аба жетпей кысылып калган. Бир айлык кезинде дарыгерлер анын кан тамырын таппай, башына асма уколун алган. Ал азыр 9 жашка чыкса дагы сүйлөбөй, психикалык жактан ооруп келет. Тилектешке боордоштук жардам берүүңүздөрдү суранабыз. Анын баш мээсин дарылоого жана операцияга кылууга 45 000 (кырк беш миң) АКШ доллары сарпталат.

Байланыш телефондору:
(0703) 37 53 43, (0700) 88 23 27




Өлкөбүздүн өнүгүшүнө
залакасын тийгизгендер кимдер?

Ушунча жылдан бери ары тарт, бери тарт болуп жылбай жатканыбыздын себеби эмнеде? Дагы жана башкаларга байланыштуу, учурда кимдердин коомубузга кереги жок?! Мына ушуларга токтололук:
- Акчага сатылып, күнү-түнү жол тосуп тажаалданып турушкан куткаруучулардын кумалактай дагы кереги жок! Өз кызыкчылыгыбыз үчүн бардыгына барган шүмшүктөрдүн чыладай дагы кереги жок! Ойноп- күлүп эс алып жүрүп эле акча таап, айлыкка тунган "бүлдөктөрдүн" кереги жок! Сөз эркиндиги менен элдин көзү ачылып жатса, ага каршы мыйзам жазып, байлыгын, бизнесин колдоп, өз көмөчүнө күл тартып коюп отурган, көөдөндөрү сокур, оюн бит басып турган депутат, динозаврлардын элге бир тыйын дагы кереги жок! Өлкөбүзгө зыяны көп, саясий куйткулардын (өзүңүздөр билесиздер) караанынын кереги жок! Заказ аткарган, баштары көңдөй "сукин сын" кан кускурлардын таптакыр кереги жок! Той - аштардын "постоянный" коноктору..., окумуштуумун дегенсип өзүн көрсөтүп, көөдөнүн көтөрүп, сөз берсе тажабай сүйлөгөн талчык агайлардын кереги жок! Үйүнөн келип жумушта чай ичип, тоону томкоруп жаткансыган директорлордун андан бетер кереги жок! Жер сатып дүңгүрөп жүргөн жер соргур аферист айымдардын ошол чуңкурдай дагы кереги жок! Бааны күндө көтөргөн ортомчу, кузгундай болгон акмактардын тарпча дагы кереги жок! Карапайым калктын бүйүрүн кызытып ичпегенди ичип, теппегенди тээп, алкымдары жорудай байларыңдын эгерим элге кереги жок! Оппозицияга жамынып, бийликти алууга умтулуп, революцияны эңсеген челек баш саясий лидерлерибиздин доңуздай да кереги жок! Оозу - мурду майланып, байлык кубалаган олигархтардын өлөөрүндө өйдө жөлөөр байлыктарынын самандай да бизге кереги жок! И баса, жанагы чет өлкөлөрдүн оюн аткарган НПОлордун "даже" карааны Кыргызстанга кереги жок. "Чала молдо дин бузат" болуп кылгылыкты кылып коюп, мечит салып Аллага жалынып, ишин оңдогондордун оо дүйнөдө кереги жок! Гипократтын антын сактабаган медиктер, врачтардын эки дүйнөдө кереги жок. Кошомат менен ийгиликке жетишкен даңктуу, барктуулардын кыпындай дагы кереги жок! Аракка тоюп, күүлөнүп, президент болгусу келгендердин деги эле кереги жок! Элин, жерин ойлоп ооруп, толгонбогон президенттин кереги жок! Болду окшойт, калганын өзүңөр толуктагыла. Дагы кимдердин кереги жок?!
Ошентип...,
Эртеңкини ойлобосоң, бүгүнкүнүн кереги жок! Тарыхка кайрылбасаң, келечегиңдин кереги жок!
Демек: Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек?









??.??