Бий аянтында…
Элина Абай кызы, "Элбийке" бий тобунун жетекчиси:
"Кыздарды тандай албай
көпкө убара болдум"
Элина жаш, таланттуу, сулуу, адамгерчиликтүү, жөнөкөй кыз. Бир топ жакшы тасмаларда башкы каармандын ролдорун аткарып, эл оозуна алынган актриса. Бий өнөрү менен да алектенип келет. Элдик бийи өнөрүн өркүндөтсөм деген зор тилек менен "Элбийке" деген тобун түзүп, учурда топтогу кыздарга жаңы бийлерди үйрөтүп жүргөн Элина Абай кызы жана топтогу бийчи кыздар менен баарлаштык.

- Элина, буга чейин "Арууке" бий тобун түздүң эле, ал топ чачырап кетип, кайра жаңы бий тобун ачыпсың. Бул бий тобун түзүүңдүн негизги максаты эмнеде?
- Ооба, мурда "Арууке" бий тобун түзгөн элем. Топтогу эки кыз менен тил табыша албай, аларды топтон кетиргенбиз. Андан кийин бир кыз турмушка чыгып кетип, жалгыз калдым. 2009- жылы Америкага гастролго барганда костюмдарымды жоготуп алгам. Ошондон улам ал топ тарап кеткен эле. 2013- жылы ноябрь айында "Арууке" бий тобун кайра жандандырган элем. Бирок Ошто да "Арууке" деген бий тобу бар экен. Алар мага чалышып "Атын өзгөртпөйсүңбү. Биз көп жылдан бери иштеп жүрөбүз" дешкенинен "Элбийке" деп өзгөрткөнбүз. Бул топту түзүүмө бийге болгон кызыгуум себеп болду. Бий менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калыптыр. Бийлебесем тура албайт экенимди сездим. Анан кой кайра жандандырайын деп кыздарды кастинг аркылуу тандап алып, баарын башынан баштадым. А максатым болсо, элдик бийин дүйнөгө таанытуу. Көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышып, гран - прини багындыруу, чет жерде кыргыздын желегин желбиретсем деген жакшы тилек бар.
- Азыр кыргыз бийинин деңгээлин көтөрөм, дүйнөгө таанытам деген бий топтору көбөйүүдө. Сен бийлердин кыймылдарын кайдан аласың?
- Ооба, азыр бий топтору көбөйүүдө. Замандын талабына ылайык, ар ким ар кандай кыймылдарды ойлоп табышууда. Мен кыргыз бийлерин көбүнчө кинолордон көрөм, өзүмдөн улуу, тажрыйбалуу, бул тармакта көп жылдан бери иштеп келе жаткан эжелерден кеңеш алып, билбегенимди сурап турам. Чынын айтсам, бийлеп жаткан учурда эле ар кандай кыймылдар жаралып калат. Ошолорду колдоном.
- Кийимдерге, кыздардын баскан - турганына бир топ эле каражат кетсе керек. Силерди ким каржылайт?
- Биздин демөөрчүбүз жок. Каражатты болсо тойлордон табабыз. Атайын ставкабыз бар. Тойдон түшкөн акчаны бөлүшүп алабыз. Кыздарга да акча керек да. Алар да окууларына контракт төлөшөт дегендей. Ал эми бийлегенде кие турган костюмдардын баарын өз каражатыма тиктирем.
- "Арууке" бий тобундагы кыздар менен тил табыша албай чачырап кеткен экенин айттың. Бул жолу кыздардын мүнөзүнө аябай карасаң керек?
- Ой сурабаңыз, басымды кыздардын кыял - жоругуна жасадым. Кастинг учурунда ар кандай кыздар келди. Аябай мыкты бийлеген, анча бийлей албаган дегендей. Көп жыл окуп, профессионал болгон кыздарды алайын десем, алар "с характером". Бир нерсе айтсаң жаман көрүшөт, угушпайт. Анча бийлей албаган жакшы кыздарды алайын десең, аларга убакыт бөлүп үйрөтүш керек. Кыскасы, кыздарды тандай албай көпкө убара болдум. Акыры бир чечимге келипүч кызды жактырдым. Азырынча кыздарым жакшы, менден кичүү кыздар. Айтканымды угушуп, жакшы тил табышып иштешип жатабыз. Учурда топко дагы бир кыз издеп жатам. Мүнөзү жакшы, мыкты бийлеген кыз болсо абдан жакшы болмок.
- Үч кыз жетиштүү элеби же дагы көбөйтүү ойлоруң барбы?
- Азырынча жетиштүү эле. Кыздарды кабыл алгандан кийин аларга сабак берүү керек. Ал үчүн убакыт керек. Менде убакыт аз. Ушулүч кызга эле жетише албай жатам. Билбейм, балким, кийин эле топту кеңейтпесем, азыр болот.
- Бийинин көркүн кийим ачат эмеспи. Кийимдерди кимге тиктиресиң?
- Бардык эле ишти баштаганда жалгыз кыйын эле. Бул топтун түзүлүшүнө эжем Мадинанын салымы зор болду. "Элбийке" деген атты тандап, анын логотивин да эжем тартып берди. Өзү профессионал визажист. Бийлегени чыкканда кыздарды өзү жасап коет. Бул эжем экөөбүздүн түзгөн бий тобубуз десем туура болот. Дагы чоң жардам көрсөткөн Сайра Момунбаева эже болду. Алтындай убактысын бөлүп, мени менен чогуу кийимдерди тандашып, колунан келген жардамын аяган жок. Мындан сырткары Нурзат Токтосунова эже да чоң жардам көрсөттү. Эжелерим, курбуларым колума кол болуп берди. Баарына рахмат. Бул жалгыз эле менин эмес, мага жардам бергендердин да эмгеги десем жаңылышпайм.
- Эл аралык фестивалдарга качан катышалы деп жатасың?
- Топ түзүлгөндөн эки жумадан кийин эле Америкадан, Турциядан, Тайланддан чакыруулар келди. Костюмдар, кыздар даяр болбогондуктан бара алган жокпуз. Барганга жараша эң жогорку даярдык менен барып, жакшы орунга ээ болуш керек деп ойлойм. Эми кудай буюрса, барабыз. Азыр даяр болуп калдык. Баса, эл аралык фестивалдарда өзүм да кыздар менен бирге бийлейм.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова