Унутулгус окуучулук күндөр
КУРБУЛАРЫМ
Адамдын өмүрү тарых үчүн бир ширеңкенин данындай бат эле күйүп түгөнчү мерчемдей сезилет. Бирок ошол көз ирмемге да далай унутулгус окуялар сыйганын кантесиң. 1975-жылдын майында биз 46 улан-кыз мурдагы Ош областына караштуу алыскы Фрунзе районунун борборундагы М.Ломоносов атындагы орто мектептин уясынан учуп чыктык. Анда апакай көйнөктөрдү кийинишкен татынакай ай чырайлуу кыздар, солкулдаган жигиттер акыркы коңгуроонун, он жыл бою татыктуу билим, терең тарбия алган мектеп менен коштошуунун маанисин жетиштүү баалаган эмес экенбиз. Биз советтик доордо алгачкы билим очогунан тартып октябрят, пионер, комсомол дегендей лениндик духта, советтик идеологиянын таасиринде тарбияланып эрезеге жеттик. Муну эч качан танбайбыз. Ал мезгилди эскерип отуруп замандын ушунчалык бат өзгөргөнүнө тан беремин. Кээде ишенбей да кетемин. Анткени биз 80-жылдары коммунизмди курабыз, баары бекер жана телегейи тегиз болот, Американы сөзсүз кууп жетебиз дегенге терең ынанып алган элек. Тарых ар нерсени өз ордуна коет тура. Азыркы мотурайган, жүздөрү күлмүңдөгөн окуучу неберелеримди көргөндө баягы жаштык жалын кез, окуучулук күндөр, агай-эжекелерим жадыма түшөт. 39 жылдын аралыгында ар кандай себептерден улам ажалы жетип А.Нарбаева, А.Эркебаев, А.Таникулов, Б.Өмүрзакова, Т.Пазылов деген курбуларыбыздан айрылып калдык. Ылайым алардын жайы жаннаттан болуп, калган өмүрлөрүн уул-кыздарына, неберелерине беришсин. Өлгөндөрдү аспиеттеп эскере жүрүү тирүүлөрдүн парзы экенин унутпайлы. Бардыгы адамгерчиликтүү, эл арасында кадыр-баркы зор инсандардан эле.
Эсимде бизден улуулар мурдагы мечиттин имаратында бир эле чоң бөлмөдө билим алышса, биз 1-класска барган 1964-жылы кийинчерээк кийим тигүү фабрикасына айланган бир кабат апакай мектепке киргенбиз. Контрамарка мештерде көмүр жагылып, класс ичи дурус жылытылар эле. Анан интернаттын жатаканасынын жанындагы барак тамдарда билим алдык. Учурда бул имараттардын баары менчиктештирилип, неберелериме айтсам ишенишпей да кетишет. Ар кимдин эле биринчи мугалими жадынан чыкпаса керек. Менин да биринчи агайым Сары өзөн Чүй өрөөнүнөн барган Аалы агай болчу. Ал кезде жергиликтүү мугалимдер жетишпегенби, түндүктөн барышкан агай-эжекейлер арбын болчу. Аалы агай бизге калемсапты кантип кармаганды, сыя челекке кантип малып, дептерге ариптерди кандайча жазууну талыкпастан үйрөткөн болчу. Мен апамдын таасиринен улам улуу агам менен кошулуп ырларын жаттап алгандыктан, 1-класстан эле "Кандай аял тууду экен Лениндей уулду" деген Токтогулдун ырын декламация катары шарылдата айта турганмын. Партага кыз-бала болуп аябай тартиптүү отуруп, тазалыкты, иреттүүлүктү сактай турганбыз. Сабагын начар окугандар, кечигип келгендер жалпы линейкада сындалып же класстын бурчуна туруп калчу. Турдубай Маматов деген директорубуз келатат дегенде баары класстарга кирип кетишип, залда чымын учса угула турган.
Бизди окуткан мугалимдердин баарына эле ыраазычылыгымды билдиремин. Бирок, ошентсе да алардын арасынан предметти мээбизге уютуп койгон агай-эжекелерден Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынан үй-бүлөсү менен көчүп барган химик-биолог Ашым Мамбеталиев, Каракол тараптан математик Токон Чакарбаев, Кара-Кулжадан сүйүктүү эжекем, кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген, республикага эмгек сиңирген мугалим Бүүрайма Бакирова, орус тилчи, Россия Федерациясынан келген Вера Шукина, өзүбүздүн айылдан географ жана класс жетекчибиз Ахмат Мурзакимов, тарыхчы Касым Колдошев, чет тилчи токтогулдук Упахан Бугубаева жана биолог Айша Ирисова эжекелердин "Куштардын майрамы" сыяктуу өткөрүшкөн ар бир сабагы биз үчүн абдан шаңдуу учурлар болчу. Сабактарга балдар-кыздар чогуу даярданып, артта калгандарга жардам берчү элек. Мектептин лидерлеринин катарында далай олимпиадаларга, слетторго, конкурстарга катышып, байгелүү орундарды жеңип алганбыз. Бөтөнчө мектепте дубал газета чыгарып, таланттуу балдардын ырларын жарыялап, начар окугандарды сындаганыбыз өзүнүн оң таасирин бергенин кантип унуталы. Балалык баео сезим менен райондун борбору болгондуктан, ар кандай слетторго катышып мен барабанчы, классташым Абдухалил Султанов сурнайчы эле.
Ал кезекте партия менен совет өкмөтү жаш муундарды эмгекке тарбиялоого өзгөчө көңүл бөлүп, акыркы коңгуроодон соң жогорку класстын окуучулары талаалардын таштарын тергени, жазгысын Пышкаут деген жайлоого арча-кайыңдардын көчөттөрүн тигип, "Кадамжай" совхозунун Сары-Талаа жана Шибели участкаларында чөп чабыкка, Алга, Халмион, Кыргыз-Кыштак, Айрыбаз айылдарына пахта көчөттөрүн жегенелөөгө, күзүндө пахта теримине бара турганбыз. Балдар-кыздардын ынтымактуулугун караңыз, ашыкча мушташ, ырк-кетүү деген жок, бири-бирибизге сый мамиле менен жумуштан соң сонун кинофильмдерди көрүп же жоолук таштамай, качмай топ ойноп, көргөн кинолорубуздун баш тамгаларын айтып табышмак уюштурар элек. Чарбаларга көмөктөшүүгө барган күндөр таптакыр унутулбас-ов! Мыкты бригадирлер коон-дарбыздан бери алып келишип, тамак-ашыбыз менен жатаканабызды дурустап ырастап коюшчу. Маселен, Калининдеги Социалисттик Эмгектин Баатыры Мейман Миталиповдун бригадасындагы шарттар идеалдуу эле. Ар бир терилген кило пахтага 5 тыйындан төлөчү. Күнүгө 60-80 килодон "ак алтын" терген окуучулар бир аптада дурус пул табышчу. Атүгүл, чемпиондорго кол саат белекке бериле турган. Менин жадымдан Сары-Талаадагы чөп чабык учуру таптакыр кетпейт. Салкын абада жатып, тандырга жабылган буудай нан, ысык оокат менен азыктанып, улуу абалардын нуска сөздөрүн, таалим-тарбиясын угуп чоңойбодукпу.
Окуучулук күндөрдө ар бир айылдын аксакалдарын ээрчип чубуруп, салттуу түрдө сүннөт тойлоруна барып аш жегенибиз унутулбайт. Бул элибиздин салты азыр да сакталганы менен мурдагы мазмунуна жетпей жатат. Жаш балдар аркан тартышмай, чикелек, пара тепмей, "эшек минди", кулак созмой деген оюндарды ойноп ынтымакта чоңойдук. Анда уруу сүрүштүрмөй, улутка бөлмөй жок, бир атанын балдарындай эмес белек. Согуштун ардагерлери жана кароосуз апалар, оорулуулар көп болгондуктан "тимурчулар" отряддарын уюштуруп отунун жарып, суусун ташып, короосун тазалаган күндөрүбүздү классташтар жолугушканда айта жүрөбүз. Ушундай иштердин, коомдук тапшырмалардын, таалим-тарбиянын баары кишини оң жолго салат экен. Эмки балдардын ахыбалы кандай? Кудайга шүгүр, коом өзгөрүп, илим менен техника кескин өстү. Дээрлик ар бир үйдө компьютер, телевизор, муздаткыч, жеңил автомашина, чаң соргуч дегендей, бирок уул-кыздарыбыз китеп, гезит-журнал окубай калышты. Илим алуу ырахатын сезбей жатышат. Бишкектеги бир тааныш педагог айткандай, өз алдынча дил баян жаза билгендер саналуу гана. Биз англис тилинде сайраганыбыз менен өз элибиздин каада-салтын, тарыхын, маданиятын, менталитетин унутуп, куду бир роботко айланып бараткандай сезилет мага. Экинчи жагынан жаштардын басымдуу бөлүгү дүнүйөпараздыктын кулуна айланып калышты. Бардык нерсе акча менен бааланууда. Бул негизи туура эмес.
Эми биз советтик доордо окуп жүргөндөгү асыл ой-максаттарыбыз турмушка аштыбы? Ким эмнеге жетишти? Бактылуу боло алдыкпы деген суроолоорго келсек, көпчүлүгүбүз оң жооп беребиз. Анткени 1975-жылы азыркы Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы жаңыча Бабажан Айтматов атындагы мектепти аяктаган 46 окуучунун 16сы жогорку билимдүү адистерден болдук. Биз СССР мезгилинде атагы дүйнөгө дүңгүрөгөн Кадамжай сурьма комбинаты заңгырата стандарттуу үч кабат кылып куруп берген бүгүнкү мектептеги туңгуч бүтүрүүчүлөрбүз. Дээрлик бардыгыбыз эле Ата Мекенибизге ак дилден кызмат өтөдүк. Ар кандай наамдарга, илимий даражаларга жетиштик. Кыздарыбыздын асты алты баланы тарбиялап чоңойтушту. Неберелерибизди кошкондо жалпы саныбыз 3-4 эсеге көбөйдү го деп ойлойм. Биздин ушунчалык даражага жетишибизге элеттеги ата-энелерибиз менен кошо ардактуу мугалимдерибиздин салымы эбегейсиз чоң. Ошондуктан биз эч качан өзүбүз билим, тарбия алган мектебибизди унутпайбыз! Арабыздан узап кетишкен агай-эжейлерибизди сый-урмат менен эскеребиз. Тирүүлөрүн көргөн жерден сыйлап, учурашып, амандыгын сурап, колдон келишинче жардамдашып турабыз. Азыркы жаш педагогдор да улуу муундагы залкар устаттарынын эмгек эстафетасын татыктуу улантышып, сүйүктүү Кыргызстанымда тынччылык, бакубатчылык жана батыраак өнүгүп-өсүү болушун каалар элек! Бардык мугалимдерди акыркы коңгуроо аземи менен куттуктайбыз!


Адылжан Жажанов,
Баткен облусу,
Кадамжай району