Абдылдажан Акматалиев:
Токтогул - XIX кылымдын
Чолпон жылдызы
- Кыргыз элинин, дүйнө элинин ар бир мезгилде чыга турган чыгаан уулдары болот эмеспи! Өзүңө ушул жагдайдан кайрылгым келет?..
- Дүйнө элинин адабий жана маданий тарыхына көз чаптырсак, кылымдан-кылымга ысымдары Чолпон жылдыздай жанып турган улуу таланттары бар. Ал таланттар тилине, дилине жана дүйнөнүн төрт бурчунда, замандын ар кайсы мезгилинде жашагандыктарына карабастан, бир элдин же бир улуттун көркөм мурасы гана эмес, адамзаттын бардыгына таандык болуп эсептелет. Дүйнөнүн кайсы тарабынан аларды карабагын, алар руханий бийик чоку катары көрүнүп, канчалаган замандар, коом алмашылбасын, канчалаган адамдар жарык дүйнөгө келип-кетишпесин - баары бир алтын сымал дат баспай турат. Алар бийик руханий чокулар. Алар адам баласынын жашоосуна - акыл-тирек.
Таланттар жердин кеңдигине, элдин көптүгүнө байланыштуу болбойт. Географиясы алакандай болгон элден дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармачыл инсандар көп чыгышы мүмкүн. Эсимде, 1986-жылы кыргыз адабиятынын Казакстандагы күндөрүндө Олжас Сулеймановдун мындай дегени өмүрүмдө унутулгус болуп калды: "Кыргызстандын географиялык картасын жана элинин санын карасак, башка элдерге салыштырмалуу кичине, аз, бирок кыргыз элинин руханий картасына көз салсак, анда бажырайып, жанып турган жылдыздар өтө көп. Дүйнөлүк маданиятка өлбөс-өчпөс, теңдешсиз, түбөлүктүү, кайталангыс "Манас" эпосун жана Чыңгыз Айтматовду берди. Бул - адамзат сыймыктана турган көрүнүш". Ошондо Сулеймановдун жанында Ала-Тоодой заңкайып, жылмайып турган Чыңгыз агайды көрүп өтө толкунданып кеткенимди жашыра албайм...
- Ошол руханий картаны түз десе кимдерге орун берер элең?
- Махмуд Кашкари, Жусуп Баласагын, Калыгул, Арстанбек ж.б. Ошо руханий жылдыздардын ичинде, албетте, Токтогул Сатылганов да алыстан "жарк" этип жанып турат. Токтогулдун басып өткөн жолу - кыргыз элинин тарыхы. Токтогулду кыргыз элинен, жеринен, замандын бир мезгилинен бөлүп кароого болбойт. Анын чыгармачылыгы тарыхтын бир үзүмү.
Токтогул ал залкар төкмө акын, комузчу, залкар даанышман, ойчул, сырдуу, касиеттүү, уникалдуу инсан болгон. Өмүрдүн бир жашоосунда башынан бир чети нечен кыйынчылыктарды, татаалдыктарды, азап-тозокторду, муң-армандарды өткөрсө, экинчисинен арзууга кабылып, сезими ойгонуп, кыялга батып, эл арасында кадыр-баркка, урмат-сыйга ээ болуп, шакирттерин тарбиялап, кыргыз эли үчүн түбөлүк кызмат өткөрдү.
Акындын тагдыры - элдин тагдыры болду. Токтогул Сатылгановдун чыгармалары жана өзүнүн жеке турмушу кыргыз элинин тарыхы менен өзөктөш. Улуу инсандардын тагдырларында элдин, улуттун эркиндиги, тилеги жөн эле чагылып турбастан, анын дүйнө таанымында толук сиңип, батып кетет. Ар бир элдин туу туткан даанышман инсандары - жалпы адамзаттын маданий, руханий кенчиси. Токтогулду да дүйнөнүн башка элдери, улуттары өз уулундай көрүп, кадыр-барктап, урматтап кабыл алышы - кыргыз эли үчүн өтө кубаныч, сыймык.
- Токтогул Сатылганов дүйнөлүк мааниде десек да болот, 150 жылдыгы белгиленип жатат. Академиянын кызматкерлеринин алдында кандай милдеттер турат, ушул багытта сөз кылып берсең?
- Ооба, быйыл биздин маданиятыбыз менен адабиятыбыздын тарыхында биринчи жолу залкар инсандарыбыздын маарекеси түрк тилдүү элдердин масштабында кеңири белгиленип жатат. "Түрксой" деген эл аралык уюм атайы чечим кабыл алып, апрель айынан тартып улуу акындын чыгармачылыгын жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Анкарада, Эскишехирде жана Астанада маданий, илимий конференциялар уюштурулду. Жакында Бакуда, Иркутскиде пландаштырылууда.
Биз, илимий кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилип берген тапшырмаларды аткарууга аракет кылуудабыз. Тагыраак айтканда, Токтогулдун түрк, казак тилдерине которуу үчүн бир томдук чыгармалар жыйнагын Омор Сооронов экөөбүз түздүк. Чыгышына "Түрксой", Түрк академиясы камкордук кылып жардам беребиз деп жатат. Ошондой эле кыргыз окурмандарына чыгармаларынын эки томдугу даярдалды. Токтогул Сатылганов бир топ кенже эпосторду да айтканы белгилүү, ошолордун ичинен "Кедейкан" эпосу өзүнүн варианты да калыбына келдирилди. Акын тууралуу эскерүүлөр, макалалар да жарык көрмөкчү. Бирок бул эмгектерди ким чыгарат, нускасы канча болот, али күнгө чейин чечиле элек. Азыр "Токтогул фондусу" менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат.
Токтогулдун чыгармалары 1989-жылдан бери басыла элек болчу, 25 жылдан кийин 150 жылдыгында гана чыгармаларына кайрылып отурабыз.
- Токтогул жөнүндө дагы бир жакшы саамалыкты демилге кылып баштап жаткан экенсиң, "Токтогул энциклопедиясы" жөнүндө айтып жатам.
- Улуу акын-жазуучулар тууралуу энциклопедия түзүүнү көптөн бери ойлонуп жүргөм. "Айтматов энциклопедиясын" баштап жатабыз, ошону менен катар өзүң айткан "Токтогул энциклопедиясына" намыстанып киришип кеттик. Себеби, казак агайындар "Абай энциклопедиясын" чыгарып, бул эмгек Орто Азияда жана Казакстанда эң алгачкысы деп мактанып турган чагы. Чынында материалдарды жакшы илимий системага салышкан. Өзбек агайындар Новаинин, түркмөн агайындар Махтумкулини, азербайжан агайындар Низаминин энциклопедиясын даярдашууда. Мына, Токтогул атабыз да алардан кем калбаган улуу инсан, улуу акын. Алардын катарында турса биз үчүн да сыймык эмеспи! 1989-жылы өткөн Токтогулдун 125 жылдыгында Чыңгыз Айтматов баш болгон агаларыбыз Токтогулду Пушкин, Мицкевич, Руставели менен барабар коюшуп, баа беришкен. Демек, биз Токтогулдун арбагынын алдында, жалпы элибиздин алдында колдон келген эмгектерибизди арнашыбыз керек. Анан окумуштуулардын парзы - "Токтогул энциклопедиясын" жаратуу деген жыйынтыкка келдим да адабиятчыларды, тилчилерди, философторду, тарыхчыларды чогултуп, оюмду ортого салдым, баары бир ооздон кубатташты.
- Иш процесси кандай жүрүп жатат, качан даяр болуп, окурмандардын колдоруна тиет?
- Чынын айтайын убакыт кыска болуп жатат. Токтогулдун 150 жылдыгынын салтанаттуу жабылышы август-сентябрь айларына туш келип отурат. Энциклопедияга киришкенибизге эки айдын жүзү болду. Материалдар чогултулуп, системага салынып, түзүү-жазуу иштери башталды. Токтогулдун өмүрү жана чыгармаларына жазылган эмгектеринин саны эле 500дөн ашат. Айрым материалдарды табуу кыйынчылык туудурду, себеби, колу туткактар аларды айрып кетишиптир.
- Колдору шал болуп калсын, андай окурмандардын...
- Эмгектин башына мамлекеттик жана коомдук ишкерлердин, атактуу калемгерлердин улуу акын жөнүндө айткан пикирлери кыскача берилди. Мисалы, Калинин, Фадеев, Айтматов ж.б. Токтогулдун өмүрүнүң урунттуу учурлары, чыгармаларынын кыргыз жана башка тилдерде жарык көрүшү, Токтогул сыйлыгынын лауреаттарынын тизмеси орун алды. Акындын чыгармалары, анын философиясы, таалим-тарбиясы, эстетикасы, этикасы, тили, айтуучулук, комузчулук өнөрү, шакирттери, кино, театр, сүрөт, музыка ж.б. менен байланышы, ал жөнүндө эмгектер альфавиттик тартипте берилди. Окурмандарга эртерээк жетсе деген тилек бар. Албетте, мындай ишти биз коомдук башталгычта иштедик. Айрым кемчиликтер кетиши мүмкүн. Бирок, жалпы жонунан энциклопедиябыз элге кызмат кыларына шек жок.
- Акын жөнүндө эгемендүүлүктөн кийин көптөгөн факты материалдар чыгып, окусаң баш адашат, кимисине ишенебиз?
- Туура айтасың! Такталганы жакшы дечи, бирок көбү тарыхый фактылар менен далилденбей жатпайбы. Энциклопедия түзүлүп жатканда да мындай суроолор жаралып жатты. Алсак, Токтогулдун туулган жылы үч башка жылды, өлгөн айы үч башка учурду көрсөтөт. Туулган жеринде беш айырма чыгып жатат. Анжиян көтөрүлүшүнө катыштыбы, жокпу, түрмөдөн чыгып келгенби же кутулганбы, ал жактан кандай жол менен келген, качан келген, эмне үчүн жашырынып жүргөн, Жамбылга жолукканбы, жокпу, Токтогул сабаттуубу, сабатсызбы, Ленинди ырдаганбы, жокпу, ачкачылыктан өлгөнбү, Алымкан, Арзымат ким болгон ж.б.у.с. суроолор чыга берет, чыга берет. Жыйналган материалдар бири-бирин жокко чыгарат. Эр болсоң системага салып көр. Ошондуктан биз, энциклопедияга кылымдар бою элге сиңип калган материалдарды жаңыча кароо менен таяныч кылдык. Анын өмүр жолу, чыгармачылыгы уламыш-легендага айланып кеткендиктен, ар кандай көп варианттуулукка ээ. Бирок мына ушулардын бардыгы элдин жүрөгүнөн түнөк таап, элдин сүймөктүлүгүнө ээ болуп, муундан-муунга биз үчүн өтө баалуу.
"Токтогул энциклопедиясында" акындын колдон келишинче бардык тарабын - төкмөлүгүн, айтуучулугун, жөнөкөй асылдык адамдыгын, даанышмандыгын, ар түрдүү талантка жөндөмдүлүгүн, устаттыгын, касиеттүүлүгүн көрсөтүүгө аракет кылдык.
Токтогул - XIX кылымдагы кыргыз маданиятынын Чолпон жылдызы. Чолпон жылдыз кыргыз элинин маңдайына бүткөн жана ал кыргыз эли үчүн түбөлүктүү!


Маектешкен
Баратбай Аракеев