presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кемтикти толтурууга көмөк

Учурда айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдүн орчундуусу техника маселеси экени талашсыз чындык. Дыйкандар жазгы жана күзгү талаа иштеринде, башкача айтканда айдап-себүү, оруп-жыйноо мезгилинде техникадан аябай эле кыйналышат. Айыл чарбасындагы бул кемтикти толтуруп, карапайым дыйкандарды айыл чарба техникасы менен толук кандуу камсыз кылууга мамлекеттин чама-чаркы чектелүү. Союз учурундагы МТСтер толук талкаланып бүткөндүктөн айыл аймактары трактор, комбайн сыяктуу техникага муктаж. Тиешелүү техникалардын аздыгынан айыл чарбасын көтөрүүгө болгон аракет көңүл жубатарлык эмес. Өкмөт айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү үчүн колдон келген аракетин көрүүдө.

Мына ушул фондон алып караганда Кыргызстандагы эң ири өндүрүш ишканасы четте карап турбастан, айыл чарба тармагын көтөрүүгө салым кошуп, жардам көрсөтүп жатышы Барскоон айыл өкмөтүнүн элинин түйшүгүн бир топ эле жеңилдетүүдө десек жарашат. Алсак, "Кумтөр" тарабынан сатылып берилген 6 трактор "Барс-S" муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилди. Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундарга талаа жумуштарын мурункудай кол менен иштеп кыйналбастан, техниканын жардамы менен тез, ылдам, өз учурунда бүтүрүп алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Айыл өкмөтүнө келип кезекке туруп, кезеги келгенде акчасын кассага төгүп, квитанциясын алып, жерин уруш-талашсыз айдатып алышат. Мурункудай кезек жетпей же трактор талашып урушкан көрүнүш токтогон. Баары тартип менен өз учурунда, өз орду менен аткарылат. Кызмат көрсөтүү акысы да, базар наркынан арзан.
Бул туурасында, "Барс-S" мунципиалдык ишканасынын жетекчиси, Саданбеков Ислан Эсенбекович: "Биздин муниципалдык ишкананын ачылганына бир жылдай убакыт болду. Карамагыбызда 7 комбайн, 7 трактор, бир погрузчик бар. Алты тракторду бардык жабдыктары менен жана уч комбайнды "Кумтөр" ишканасы алып берди. Мындан сырктары техникалардын запчастары менен да жардам берип жатышат. Биз Барскоон, Тамга, Тосор, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарынын жерин айдап-себүү, оруп-жыйноосуна базар наркынан арзан баада кызмат көрсөтөбүз. Маселен, бир гектар жер 1000-1200 сомдон айдалса, биз 800 сомдон айдайбыз. Айыл өкмөтү берген тизмеге ылайык колунда жок, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардыкын бекер айдап беребиз. Ишканабызда жыйырмага чукул киши иштейт. Ар бир тракторист жер айдап тапкан каражаттын 30 пайызын алат. Элибиз ыраазы эле болуп жатышат. Баарына кезеги менен нааразы кылбай убагынан кечиктирбей кызмат көрсөтүп жатабыз", - деп билдирди.
Айтмакчы, аталган муниципалдык ишкана бир гана жер айдоо, оруп-жыйноо сыяктуу талаа иштерине кызмат көрсөтпөстөн, таштанды чыгаруу, жол оңдоо иштерин да аткарышат. Мындан сырткары, өзгөчө кырдаалдардага байланыштуу сел жүргөндө, селден тазалоо иштерин жүргүзүшөт экен.
Жангорооз
Эсенгелдиев,
сүрөтү Влад УШАКовдуку









??.??