Нарынбек Молдобаев,
Жогорку Кеңештин депутаты:
"Гомосексуализм - коомубузду
рухий кыйроого алып барчу дарт"
- Нарынбек Молдобаевич, Жоомарт Кайыпович Оторбаев Өкмөт башына келгени аз гана убакыт болду. Бирок кийинки учурда Өкмөт иштей албай жатат деп сын айткандар көбөйдү. Парламенттеги "Ата-Журт" фракциясы ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрдү. Чындап эле өкмөт башчы чабал иштеп жатабы?
- Чынын айтканда, өкмөт башчы колунан келген ишин кылып жатат. Бирок өкмөттүн да колунан келбеген иш болоруна менин көзүм жетип калды. Алыс барбайлы, мына Ошто газ жок. Мунун себебин, жакшылап иликтей турган болсок, эки ачакей маселе жаралат. Биринчиси, Өзбекстан эмнеге газ бербей жатат? Алар биз газды кимге беребиз, "Кыргызгазгабы" же "Газпромгобу" деп айтып жатышат. Абал чындыгында эле ошондой. "Кыргызгаз" Кыргызстандын менчиги болбой калды. "Газпром" "Кыргызгазды" аягына чейин өткөрүп ала элек. Мына ушул өткөөл абалда, газ жок отурабыз. Ошондуктан Өзбекстан менен түзгөн келишимде так жазганда болмок, "баланча убактан кийин газ маселеси тууралуу укук баланчага өткөрүлүп берилет, ошолор менен сүйлөшөсүңөр деп, же алдын-ала акчасын төлөп, баланча убакка чейин үзгүлтүксүз газ менен камсыз кыласыңар" деп. Ошол "Кыргызгаз" сатылып жатканда, Оторбаев 1-вице-премьер-министр болчу. Андыктан Оторбаев бул маселеге түздөн-түз жооптуу.
Экинчи маселе, Бажы биримдиги боюнча маселени аягына чыгара албай, илең-салаң абалда. Элдер болсо, кымбатчылык каптайт, кыйынчылык болот деп чочулап жатышат. Бир адамга Бажы биримдигине кирсек эмнеден уттурабыз, эмнеден утабыз, тыңгылыктуу түшүндүрүп бере алышпай жатат. Бул боюнча колдон келишинче, мен түшүндүрүп берейин. Маселен, Кытайдан кирип жаткан товарларга көлөмүнө жараша бирдей тарифте бажы төлөм төлөшчү. Он телевизор бир тонна болобу же башка кездеме, кийим-кечек бир тонна болобу, баарысына тең тоннасына жараша бир эле тарифте төлөм алынчу. Эми эгер Бажы биримдигине кирсек, ар бир телевизорго 10 пайыз салыктык төлөм төлөнөт. Башкача айтканда ар бир товарга. Ошондо 500 доллардык товар кирсе, 50 доллар бажы салыгы төлөнөт. Демек, базарга түшкөн товар сөзсүз кымбаттайт. Бирок бюджетке түшкөн каражаттын көлөмү көбөйөт. Россиядан келген товарларга бажы төлөмү алынбайт, бизден айыл чарба товарлары тоскоолдуксуз Бажы биримдигинин базарына кирет. Өлкөбүздө завод, фабрикалар курула баштайт. Анткени Россия, Казакстандын ишкерлери Кыргызстандын рыногуна кирүүгө кызыкдар деп түшүндүргөн киши жок. Болгону Россия бизге бензинди арзан алабыз дегенди айтышат. Кыскасы, элге оңдуу түшүндүрмө бере алышпай, батыштын саясатын жактаган бейөкмөт уюмдардын маалыматынын курмандыгына айланып эле отурушат.
- Сиздин оюңузча, Кыргызстандын Бажы биримдигине киргени туура экен да?
- Киргенибиз туура. Албетте, алгачкы жылдары кыйынчылык болот. Бирок бекер эч нерсе жок. Биз кимдир бирөөлөр менен алака-катыш кылып, жашашыбыз керек да. Саясий, экономикалык жактан көз каранды болуп калабы деген кооптонуу айтылып жатат. Бирок, биз дарбазаны жаап, эшигибизди илип, жуурканга чүмкөнүп жатып алсак, эч ким келип жардам бербейт. Азыр дүйнөдө бир дагы өлкө өзүн, эркин өлкөмүн деп айта албай калды. Экономикалык-саясий жактан, алака-катыш болуп жаткандан кийин баары бири-бирине байланышта.
- Учурда "Кумтөр" маселеси боюнча Өкмөт менен "Центтерра" тил табыша албай жатат. "Центерра" өндүрүштүк планды бекитип бербесеңер ишти токтотобуз деп, Өкмөттү коркутуп жатат. Бул маселеге байланыштуу "Ата Мекен" фракциясы жыйын өткөрүп, Өкмөткө өндүрүштүк планды бекитпөөнү айтып, "Центерра" ишти токтотсо жоопко тартылаарын билдирди. Сиз маселенин кандай чечилишин жактайсыз?
- "Кумтөр" Кыргызстандын экономикасына олуттуу салым кошуп жаткан компания. Эгер бул ишкана токтосо, мамлекетибизге кыйын эле болот. Мен бөлөк партиянын көз карашын талкуулагым келбейт. Алардын өз пикирлери бар. Мениче, "Кумтөрдүн" токтоп калышын, Кыргызстандын эч бир жараны каалабаса керек. Ошол себептен, жалпы өлкөнүн кызыкчылыгын эске алыш керек. Анан шайлоо жакындап калды деп популисттик кылган туура эмес. Күч менен чечкен мезгил өттү. Демократиялык жолду тандап алгандан кийин, сүйлөшүү аркылуу компромиссттик жол менен маселе чечиш керек деп эсептейм. Тиреше бергенден эки тарап тең утпайт. Кыр көрсөткөндөн маселе чечилбейт.
- Сиз парламенттик жыйында өкмөттө гейлер бар экен дегенди айттыңыз. Эмнеден улам, кайсы булактарга таяндыңыз?
- Кудай, адамзаттын тукуму үзүлбөсүн, бала-бакыралуу болсун деп, аялды эркекке буюруп, жуп кылып жаратты да. Анан азыркы гей, лесбиянка сыяктуу көрүнүштөр, гомосексуализм Кудайга жакпаган иш. Эми ушуну пропаганда, реклама, үгүт кылдырбаш үчүн мыйзам кабыл алынып жаткан. Бирок ал мыйзам өкмөттө колдоо таппаптыр. Алар ар бир адамдын өзүнүн Конституциялык укугу эмне кылышат өздөрү билишет дешиптир. Бирок биз кимдир бирөөнүн укугун бузуп жаткан жокпуз да. Ар бир үй-бүлөнүн уул-кызы бар. Эгер кайсы бир үй-бүлөнүн кызы же баласы азгырыкка алдырып, лесбиянка же гейлердин тобуна кошулуп кетсе, ал үй-бүлө үчүн трагедия болот. Бул көрүнүш керек болсо, бүтүндөй улуттук нарк, каада-салтка доо кетирип, элибиздин генфондун талкалап, моралдык, рухий кыйроо алып барат. Азыр жаштардын баары интернетте отурат. Адамдык адеп-ахлакка сыйбаган жоруктарга тыюу салынбаса, эртең кандай күн болот? Ар кимибизде бала бар. Мен мына ушул үгүт, рекламалык көрүнүштөрдү тыялы деген эле ойду айттым. Бирок депутат Дыйканбаев айтты, гомосексуализм сыяктуу тескери жолго түшкөндөрдүн саны офциалдуу 22 миңден ашыптыр. Такталбаган маалыматтарга караганда 35 миңден ашык дешет. Бул деген коомубуздагы чоң оору, дарт да. Муну өз убагында дарылабасак, рухий жактан бекем, акыл-эстүү таза коомду кантип курабыз?
- Айрымдар сиз бул маселени көтөргөндө, башка айта турган маселеси жокпу деп жаман көрүштү го…
- Ооба, Алайда жол жабылып, Ошто газ жок отурса, силер башка маселе жок калгансып, кайдагыны айтып жатасыңар дегендер чыкты. Мен айттым, "согуштун учурунда дагы балдарды өстүрүп, тарбиялоо, алардын рухий жактан бекем болушун камсыздоо сыяктуу маселелер токтогон эмес. Согуш деген согуш, турмуш деген турмуш. Анан Алайда жол жабылыптыр деп эле баарын таштап, ошол жакты карап калсак болбойт да.
Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу