presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Тирүү энциклопедиябыз түбөлүк сапарга кетти...

11- июнь күнү Кыргыз Эл акыны, жазуучу, драматург Эрнис Турсунов 79 жашында дүйнө салды. Залкар акын менен коштошуу кечээ күнү Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драмтеатрында болуп өттү. Акынды акыркы сапарга узатуу зыйнатына адабият жана маданият өкүлдөрү катышты. Ал эми Маданият министри Камила Талиеванын башка "зарыл иши" чыгып калганбы, айтор 10-15 минутка келип, министр катары сүйлөп койгонго жарабады. Мына министрдин маданиятка кылган мамилеси. Ага караганда Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын лидери, жердеш иниси Максат Сабиров келип сөз сүйлөдү. Коштошуу зыйнаты театрдын ичинде өтүп, ал жерден акындын Б. Жакиев, К.Акматов, Акбар Рыскулов, Сейит Жетимишбаев, Г. Момунова баштаган бир топ акын-жазуучулар калемдештери сөз алып, айрыкча Эрнис аганын терең жана кенен чыгармачылыгы, адамгерчилиги тууралуу баса белгилеп айтышты.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына алып баруучу болуп жаткан галстукчан чиновник сөз алып сүйлөй турган адамдардын аты-жөнүн тыңыраак айта албай, көпчүлүктүн кыжырын келтирип, нааразы кылып койду. Жадагалса Талиева тыңыраак сүйлөгөн бирөөнү тапканга да жарабаптыр. Акындын сөөгү өзүнүн керээзи менен Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылына бүгүн саат 11де жерге берилмек болду. Акын паспортто 1935-жылы 24-мартта төрөлгөн деп жазылган менен, чынында 1934-жылы жарык дүйнөгө келгендигин анын жакындары айтышты. Ошондо, Эрнис агабыз Чыңгыз Айтматов сыяктуу өзүнүн 80 жылдык мааракесин көрбөй кетти.
Жалпысынан алып караганда, чоң акын, чоң жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты жупуну эле өттү. Буга ким күнөөлүү? Албетте, Маданият министрлиги экенин айтпасак да түшүнүктүү.
Басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы
Эрнис агабыз Жогорку билимди Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен алган. Жогорку билимди алгандан кийин, Искусство иштери боюнча Башкы башкарманын начальнигинин орунбасары, кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча Башкы редактор, "Кыргызфильм" киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн начальнигинин орун басары,Тажикстандын жана Кыргызстандын мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, "Мектеп" басмасында улук редактор, "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, Кыргыз телерадио комитетинде башкы редактордун орун басары, Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.
Чынында Эрнис Турсунов жөнөкөй эле акын эмес, кыйын акындардын бири экенин эч ким жокко чыгара албайбыз. Анын "Айчырайлуу кыздар" ("Сулуулар"), "Чындык ийилет, бирок сынбайт", "Эрки күчтүүлөр", "Замандаш", "Баш мээси менен", "Байтик баатыр" сыяктуу драмалары кыргыз театрларында ийгилик менен коюлуп, "Олжобай менен Кишимжан", "Балбай менен Ормон", "Жусуп Баласагын" деген опералык либреттолоруна композиторлор обон чыгарган. Ошондой эле эки томдон турган 1916-жылкы улуу үркүн окуясын чагылдырып жазган эки томдук "Ата-Журт, "Боромбай", "Балбай замана", "Биздин замандын баатыры" "Эл душманы", "Ажал айтып келбейт" сыяктуу роман-повесттери жана "Автопортрет" аттуу ырлары жыйнагы окурмандардын зор кызыгуусун туудурган.
Э.Турсунов котормо жаатында да тер төгүп иштеп, өзүн мыкты котормочу экенин иш жүзүндө көрсөтө алды. Айтсак: А.С.Пушкиндин "Евгений Онегин" романын, Н.А.Некрасовдун "Русь жеринде ким жыргайт" дастанын, Шекспирдин, Сервантестин, Гогольдун, Гоццинин, Брехтин, Хикметтин, Уайлдын, Теннесинин, Филиппонун, Ростандын, Альберт Камюнун, Вишневскийдин, Радзинскийдин, Афониндин, Дозорцевдин, Разумовскаянын драмаларын, поэзия классиктери: Данте, Петрарка, Катулл, Сафо, Марциал, Киплинг, Блейк, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне, Андерсен, Мицкевич, Петефи, Гартман, Верхарн, Топелиус, Мейер, Тувим, Лонгфелло, Эдгар По, Рудаки, Руми, Гафиз, Лермонтов, Тютчев, Есенин, Маяковский ж.б. чыгармаларын которгон. Ошондой эле мусулмандардын ыйык китеби "Куранды" жана христиандардын ыйык китеби "Библияны" биринчилерден болуп кыргызчага оодарганы менен да белгилүү. Э.Турсунов телерадио комитетинде иштеп турганда "Биздин радиотеатр" деген радио уктурууларга мыкты драмаларды сунуш кылып, классикалык көркөм чыгармаларды фондуга жаздырган. Кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген зор эмгеги үчүн ага "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" жана "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" деген наамдарга татыган. Ысык-Көл облусунун ардактуу жараны. Адабият жана маданият тармагында ыйгарылчу эл аралык Түгөлбай ата коомунун, Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты.
Эрнис агабыз Кыргызстандагы тирүү энциклопедия эле. Анткени, ал киши билбеген (дүйнөлүк деңгээлде ) эч нерсе жок эле. Ал кайсы бир окуя же атактуу адамдар тууралуу айтканда сөздүн маңызын чыгарып өтө кооздоп айтып, көпчүлүктү суктандырып келди. Кыргыз коомчулугу Турсуновдун өтө сөзмөрлүгүнө, билимине, эс тутумунун күчтүүлүгүнө таң калып жашап келди. Эми мындан ары деле ал ушул өзүнө тиешелүү сапаттары жана өлбөс-өчпөс эмгектери менен элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып кала бермекчи.
"Фабула" гезити Эрнис аганынын байбичеси Жамила апага, уул-кыздарына жана жалпы эле туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, жаны жаннаттан орун алсын!




Мар Байжиев,
Кыргыз Эл жазуучусу:
"Мен үчүн абдан баалуу адам болчу..."

- Эрнис экөөбүз Жогорку окуу жайда чогуу окудук, ал кыргызча, мен орусча. Бирок менден бир жаш улуу эле. Андан кийин чыгармачылыкта тыгыз байланышта болуп, театр, кино жаатында да бирге иштедик. Тамашалашып, бири-бирибизди абдан азилдешип сүйлөшөөр элек. Ошондуктан ал мен үчүн абдан баалуу адам болчу. Анын атасы Нурдин Серкебаев атамдар менен чогуу жүргөн адам эле. Тыныстановдун досу, Жусуп Абдырахмановдун жердеши. 1930-жылдардан кийин болсо керек, Серкебаев "Кыргызстан" басма үйүндө биринчи редактор болуп иштеп турган. Атам Ташым Байжиев, айрыкча Зияш Бектенов абам: "Бизге орустун чыгармалары, классикалык чыгармаларын которгула деп баарыбызга бөлүштүрүп берчи. Анан жума сайын кандай болуп жатат деп лыкылдап текшерип турчу" - деп айтып калчу. Айтор, Эрнистин эмгектерин да ушул кезге чейин көпчүлүк окурмандар кадимкидей пайдаланып жүрүшөт. Эрнис өзү өтө эмгекчил болчу. 5-курста окуп жатканда эле биринчи ыр жыйнагы чыкты да. Айрыкча акыркы жылдары өтө үзүрлүү эмгектенип, "Куранды", "Бибилияны" кыргызчага оодарды. Андан тышкары, Пушкиндин "Евгений Онегинин" кыргыз акындарынын ичинен үчүнчү болуп, абдан мыкты деңгээлде которду. Акыркы жылдары Эрнис экөөбүз Тоголок Молдо менен Осмонкулдун эстелиги турган парктын жанында кабат үйдө бир короодо жашап келатканбыз. Үйдүн жанындагы паркка чыгып, эки-үч саат кобурашып турчубуз. Өзгөчө ал менден "Онегинди" котруп жатканда ар кандай кеңеш сурап турду, мен да колдон келишимче кеңешимди айтып берчүмүн. Эски адамдарды да абдан көп эскерип жазды. Өзүнүн: "Сөөгүмдү көлгө койгула" деп айтып кеткен керээзинин да чоң мааниси бар деп ойлойм. Анткени, атасы Нурдин Тыныстановдор менен бирге 37-жылдары атылып кеткен. Сөөгү 1990-жылдары Ата-Бейиттен табылды. Анан: "Атама киндик кан тамган жерден топурак буюрган жок. Мага буюрсун" - деп ой жүгүртсө керек. Менимче, бул ой да туура. Кыскасы, сөөгү өзү каалаган, абдан ыңгайлуу жерден орун алды. Эрнис өлгөн жок. Анын экинчи өмүрү эми башталат. Себеби, жерде калбай турган асыл эмгектерди жазып кетти.

Даярдаган
Айбек Шамшыкеев











??.??