presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Орозо качан башталат?
Муфтияттагы дин аалымдары Орозо айынын башталышын, Орозо жана Курман айт күндөрүн тактады. Ага ылайык, 2014-жылдын 28-июну Орозо айынын биринчи күнү болуп бекитилди. Ошондой эле Орозо айт 28-июлга, Курман айт 4-октябрга белгиленди. Бирок муфтият чыгарган фатвада жогоруда көрсөтүлгөн күндөр айдын чыгуусуна байланыштуу бир күнгө айырмалануусу мүмкүндүгү эскертилди.

Акыйкатчыны акыйкат шайлайлы
Акыйкатчыны шайлоодо акча таратылганын ачык эле айткан Өмүрбек Текебаев Акыйкатчыны шайлоонун жаңы тартибин иштеп чыкты. Жаңы жол-жобого ылайык: Бир дагы талапкер жетиштүү добуш ала албай калган учурда, кайталап добуш берүү мөөнөтүн 14 күндөн 30 күнгө чейин узартылат. Ар фракция үчтөн көп эмес талапкер көрсөтө алат. Ошону менен бирге Акыйкатчыны шайлоо учурунда ар талапкерге өзүнчө добуш берилет. Акыйкатчылыкка шайлануу үчүн талапкер жыйынга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун, бирок, 50дөн кем эмес добуш алууга тийиш. Мындай түзөтүүлөр тактыкка алып келип, талапкерлерди тандоонун жүрүшүндөгү мыйзамдар менен укук колдонуу тажрыйбасынын ортосундагы карама-каршылыктарды жокко чыгарат. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

ЖоКеге чоң рахмат!
Кыргызстандын аймагында турак-жайлуу болууну каалаган чет элдиктердин аракетине бөгөт койгон мыйзам долбоорун кыргыз парламенти кабыл алды. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өткөн жылы вице-премьер кезинде ушундай чечим кабыл алып, калктын нааразычылыгын жараткан. Эми минтип парламент "ойт берген" жерден оң жолго салып койду.

Өмүркуловго 8 жыл сурашты
Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркуловго мамлекеттик айыптоочулар үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жыл абак мөөнөтүн сурады. Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси менен айыпталып жаткан экс-мэр Иса Өмүркулов тагылган айыптар таптакыр туура эмес экендигин айтууда. Акыркы сөздү соттон угалык...





Каныбек Осмоналиев,
олимпиада чемпиону:
"Мен Анапияевди
колдоо максатында катка
кол койгон эмесмин…"
- Каныбек мырза, кыргыз тилдүү маалымат сайттарынын бирине сиз, Жанбулат Амантаев, Орзубек Назаров, Александр Воинов өңдүү кыргыздын белгилүү спортчулары Алманбет Анапияевди колдоо максатында КР президенти Алмазбек Атамбаевдин атына кат жолдошту деп жазып чыкты. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Бул катка мен Анапияевди колдоо максатында эмес, ага карата коюлуп жаткан күнөөлөрдүн туура жана так иликтенишин өтүнүп жатабыз дегендеринен кол коюп бергем. Мага ушундай өтүнүч менен бир балдар келишти. Анан алар жогоруда айтканымдай мага түшүндүрүшкөнүнөн макул болуп колумду коюп бергем.
- Бул кайрылууну мисал кылып, ошол эле маалымат сайты "Эгерде президент бул кайрылууга макул болсо, анда Алманбет Анапияев акталары анык" деп жазып жатышат?
- Мен дагы бир жолу кайталап айтып коеюн. Эгерде Анапияевдин күнөөсү бар болсо, ошого жараша соттошсун. Эгерде күнөөсү жок болсо - акташсын. Болгону бардыгын мыйзам чегинде акыйкат жүргүзүшсүн деген гана ойдомун. Муну саясатка аралаштырып жиберишет деп ойлобоптурмун. Мен саясатка таптакыр кийлигишпейм. Жөн эле мени саясатка аралаштырышпасын.
- Бул катка кол коюп берүүңүздү кимдер өтүндү эле? Кайсы мекемеден же уюмдан?
- Азыр атын унутуп жатам. Жазып алган болчумун. Бирок, азыр жайкы эс алууга чыкканымдан улам, кимдер келгенин так айта албайм.





Кайрат Осмоналиев, юрист:
"Жол тоскондордун айынан Европа бизди жок болуп бараткан мамлекет катары карап жатат"
- Кайрат мырза, 2010-жылы болуп өткөн июнь коогалаңынын кайгы-муңу, талаш-тартышы али тыйыла электе Ош-Эркечтам жолун тосуп турган мекендештерибизге кандай карайсыз?
- Бул абдан туура эмес көрүнүш болуп жатат. Мен азыр өзүм Европада жүрөм. Анан биздин өлкөдө болуп жаткан окуяларды ММК аркылуу, интернет булактары аркылуу көрүп отурган бул жактагылар Кыргызстанды кулап, жок болуп бараткан мамлекет катары кабыл алып жатышат. Бул абдан коркунучтуу жана өкүнүчтүү нерсе. Андыктан тез арада мындай кадамдарды токтотуп, мыйзамды сыйлаган, мыйзам гана үстөмдүк кылган өлкө болушубуз керек.
- Жол тоскондор дагы бир чырдын башын баштап жиберишет деген коркунуч жокпу?
- Ачыгын айтканда, Европада жүргөндүктөн кырдаалды жакшы биле албай турам. Бирок, жол тоскондор менен жолдон өтө албай жапа чеккендердин ортосунда чыр чыгып кетсе жаман болот. Андыктан элибизди сабырдуулукка, акыл-эстүүлүккө, мыйзамды сыйлоого чакырам.
Focus.kg














??.??