Акунга дагы алданбайлы
Чатактуу жерден башы чыкпаган Турсунбек Акун Алайга барды. Жол жапкандарга барып ал-жайын сурады. Койлор союлуп, курсактары тоюнуп турганын көрүп, көңүлү жайдары келген Турсунбек мырза "Келдибековго өтө оор диагноз коюлуптур, оорусу өтө катуу экен, эртерээк эркиндикке чыгарбаса болбойт" - деп айтты. Азиз Батукаев мекенине аттанаарда да ушул эле Турсунбек Акун чыккан: "Эки-үч күндүк өмүрү калды, эркиндикке чыгарбасак болбойт" - деп. Анысы өлбөй-этпей эле, бийликти баш кылып, кыргызыңды төш кылып мазактап туруп баса берди. Акундун айтканына анчейин ишенбей эле койгонубуз оң.

Татыктуу уулду кримдүйнөдөн тандайбызбы?
Камчы Көлбаев эркиндикке чыкканда, алыста жүргөн Алманбет Анапияевдин айласы кетип турган чагы экен. Кан досу Камчыга окшоп, Кыргызстанда камырабай баскысы келип жатса керек. Айтор жакын арада кайтканы калды окшойт. Депутаттар аркылуу Дубайдан дубай салам айттырып, спортчуларды орто салып жатканына караганда жакын арада кайтчудай түрү бар. Депутат Тынчтык Шайназаров "Сот ишин адилет, ак жүргүзсөңөр кайтып келем деди" - деп 30дан ашык спортчунун кайрылуусу тууралуу кабар айтса, "Ата-Журттан" Абдимуталип Кочкорбаев дегени "Алманбет Анапияев - кыргыздын татыктуу уулу, кыргыздын сыймыгы" - деп сыпаттады. Алманбет Анапияев кыргыздын сыймыгы болсо, "ал далайдын канын соргон криминал" деп артынан сая түшүп, кубалап жүргөн генералдар ким болуп калат анда? Мыкты генерал деп көпчүлүк сыймыктанып жүргөн Мелис Турганбаев анда "кыргыздын сыймыгы болгон Алманбетти камайм" деп кыргызга кыянаттык кылып жатабы?

ошол жетишпей жатты эле...
Кыргызстанда кызык окуялар көбөйдү. Канчалаган элди какшатып, Алайда кан жолду бууп алып, акыл айтып төрдө отурчу кемпир, чалдар "Кара-Жорго" бийлеп жатышса, Бишкекте парламент депутаты Өкмөттөгү "гейлерге" кейип жатат. Нарын облусунда болсо белгисиз жырткыч элдин малынын канын соруп кетүүдө.
Бул кан соргуч белгисиз жандык илимде алигиче тактала элек. Уламыштарда гана айтыла жүрүүчү бул жандыкты чупакабра деп аташат. Испан тилинен которгондо chupar - соруу, cabra - эчки же "эчкинин канын соргуч, эчкилердин вампири" дегенди түшүндүрөт. Денеси кадимки эле кенгуруга, тумшугу иттикине окшогон ушундай шумдуктуу жандык биздин эле Кочкордо пайда болуп, далайлардын жүрөк үшүн алып жатат. 100дөн ашык козу, 300дөн ашуун тооктун кактабай канын ичип кеткен. Башында анчейин эрөөн албай жатышкан кочкорлуктар акыры коңгуроо кагып, бийликтен жардам сураганга аргасыз болушту. Чуу чыгарган чупакабраларды жок кылуу боюнча Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов башчылык кылган атайын штаб да түзүлүп, атылган ар бир чупакабранын башына 5 миң сом байге сайылды. Чупакабранын шылтоосу менен элдин канын соруп жаткандарды да жок кылып алсак болбойт беле...

Конпалата эрөөл майданын түзүп жатабы?
Конституциялык палата фракциянын сунушу менен фракция жетекчилиги тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарын артка чакыртып алуу мыйзамга каршы келет деген чечим кабыл алып, талаш-тартышка жем таштап койду. Буга чейин мамлекеттик кызматкерлерге Башкы прокуратура гана кылмыш иши козгой алат деген чечими менен да бир чуу жараткан. Мунусунан да кийинкиси кызык болду. Эми Конпалатанын чечимине ылайык, мандатынан ажыраган жергиликтүү кеңештин депутаттары, мандаттарын кайтарып алуу укугуна ээ болушат. Демек, жер-жерлерде соттошуп, эрөөлгө чакырып ызы-чуу түшкөндөр арбыйт. Анткени республика боюнча жергиликтүү кеңештердеги түшүнбөстүктөн, партиянын же фракциянын чечимине баш ийбегендиктен, партиядан чыгарылып, мандатынан ажырагандар толтура. Эми алардын баары мандатыбызды кайтарып алабыз деп чыгышса, мыйзамдуу-мыйзамсыз деген маселе көкбөрү тартышка айланат. Буга мисал кылчу көйгөйлөр көп. Маселен, Ош шаардык кеңешинин мандатынан ажыраган мурунку депутаты Нурадил Жолдошевдун ордуна депутат болуп келип, анан мэр болуп шайланган Айтмамат Кадырбаевдин легитимдүүлүгү кандай болот? Нурадил мырза мандатын кайтарып алса, ал мандатынан ажырагандан кийин түзүлгөн көпчүлүк коалиция, анын төрагасы, мэрди шайлоо маселеси мыйзамдуу деп таанылабы? Эгер мыйзамсыз болуп калса, кайрадан мэр шайлайбыз деп күйгүлтүк түшөбүзбү? Буга окшогон маселе көп. Андыктан Конпалата мындай чечимди кандай максатты көздөп чыгарды деген суроо коомчулукту түйшөлтүүдө.




Катардын акчасы кайда агат?
Катар мамлекети менен Кыргызстандын ортосунда 2014-жылы 400 000 койду экспорттоо боюнча келишимге кол коюлуптур. Буга чейин Айыл чарба министрлиги аталган өлкө менен мал жандыктарын сатып алуу боюнча 100 миллион долларга келишим түзүлгөнү айтылган. Демек, ар бир койду арабдар 250 доллардан сатып алмакчы болууда. Базардагы эң эле семиз койдун баасы 10 миң сомго жетпээрин эске алсак, калган акча кайсы капчыкка агылаар экен деген суроо УКМКнын АКСин кызыктыраар бекен?

Мас айдоочулар 20 миң сом айыпка жыгылат
"Жол эрежеси" тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар экинчи окууда кабыл алды. Үчүнчү окууда да ийгиликтүү өтүп, президент колун койсо, аракты жакшы көргөн айдоочулар 20 миң сомго чыгымга учурайт. Мындан жол кырсыктары азаябы же МАИчилердин "шабашкеси" көбөйөбү аны убакыт көрсөтөөр...

"Русский мирдин" президенти ким?
Украинадагы жаңжал боюнча Кыргызстандагы украин элчилигинин алдында 100гө жакын жарандар митинг уюштурушту. Ушул эле жылдын март айында түзүлө калган "Русский мир" деген коомдук уюмдун өкүлдөрү ошол митингде "Путин - дүйнөнүн президенти" дегенди дагы кайра-кайра кайталап турушту. Украинадагы кан төгүүнү токтотууга чакырган бул митингдин уюштуруучулары кыргыз өкмөтүн дагы украин бийлигин сынга алууга чакырышты. Албетте канды эч ким каалабайт, бирок Украинадагы жаңжалга Орусиянын эле көзү менен бир тараптуу караган туура эмес. Украина өзүнүн мамлекеттүүлүгүн, өлкөсүнүн бүтүндүгүн сактоого укуктуу.