presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Балээнин баары Бабановдо го?
Партиясына киши, фракциясына лидер токтободу
Өмүрбек Бабанов башкарган "Республика" партиясы аты бар, заты жок абалында калды. Парламенттеги фракциясынын дагы чакчелекейи чыгып, төрт-бешке чачырап кетти. 4 жыл илгери парламентте 23 мандаттуу болуп, "үчүнчү орунду ээледик" деп ээлигип жаткандар бүгүн үч-төрт депутаты менен эле калды. Бир кездеги кубаттуу "Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев "Ынтымак" депутаттык тобу менен ички ынтымакты ыдыратып кеткенден бери Өмүрбек Бабанов ишенимдүү киши таба албай, иши чындап чатакка айланды. Канатбек Исаевден кийин фракция лидери болгон Назарали Арипов дагы кечээ жакында фракция лидерлигин өткөрүп берди. Ордуна Максат Сабиров отурду. Учурда Өмүрбек Бабановдун командасында Максат Сабиров, Чолпон Султанбекова, Кенжебек Бокоев, Роза Акназарова эле калды. Калгандары "башыбыз Бабановдукунан кыйын иштейт" деп баса беришти. Партиясына киши, фракциясына лидер токтобогон Өмүрбек Бабанов дале өктөм үнүн чыгарып, жаңы шайлоонун камын көрүүдө. "Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарган" Өмүрбек Бабанов жаңы кадамдарга жаңы адамдарды издөө менен алек.


Мыйзамды бузган мыйзамчылар
Кыргыз парламентинин "өзүм дегенде өгүздөй күчү бар" экенин жакшы билип калбадыкпы. Жеке кызыкчылыгына келгенде биздин депутаттар уят-сыйыт дегенди унчукпай эле жыйыштырып коюшат. Ушул жумада парламентте депутаттардын жардамчылары министрликтерге жана мамлекеттик мекемелерге сынаксыз ишке орноштурууга бөгөт болгон мыйзам долбоорун четке кагып салышты. Демек, мыйзамчыларыбыз мындан ары дагы мыйзамды тебелеп-тепсеп туруп, өз кишилерин кызматка орноштурууну ийгиликтүү түрдө уланта беришмекчи. Мамлекеттик салык кызматына депутаттардын аркасы менен ишке орношкон мамлекетибизди бир канча миллионго чыгашага учуратканы айтылып, президент дагы ачуу сөзүн агытты эле. Депутаттарыбызга президенттин айтканы дагы, элдин арманы дагы баары бир окшойт...


Мекен Баткенден башталат
Кыргыз жери жыл өткөн сайын четинен кертилүүдө. Өлөсөлүү экономикасы бар коңшубуз Тажикстан "өлө алай жатып өлөң айтып" кыргыз жерин тартынбай тартып алууга кам урганын баткендик депутат Улугбек Кочкоров айтып чыкты. Депутаттын айтымында тажик өкмөтү Кыргызстандын аймагынан үй сатып алууну каалаган өз жарандарына 20 жылга пайызсыз ссуда берип, тажиктер кыргыз жерине тымызын отурукташып жатыптыр. Көчүп кетүүнү каалаган баткендиктердин үй-жайын сатып алуу милдети Өкмөткө жүктөлсүн, чек арадагы турак-жайлар чет жактыктарга сатылбасын дегенди мыйзам аркылуу бекитпесек, эртең өрүкзарлуу Баткенибизден айрылып калабыз.


Эл чыдайт, бирок...
Депутат Акылбек Султанов газсыз отурган оштуктардын кыжырын кайнаткан кепти айтты. Байкап айттыбы же байкабай айттыбы айтор "Оштун эли газы жок экенине эч кандай претензия кылган жок. Эл чыдайт" - деп балп эттирди. Ансыз деле айласы кетип тургандардын атынан минтип сүйлөгөнгө Акылбек мырзанын акысы жок эле.


Футболдуу НТС
Ошентип төгөрөктүн төрт бурчу төрт жылдан бери чыдамсыздык менен күтүп жаткан футбол майрамы да башталды. Бразилиядагы мелдештерди Өмүрбек Бабановдун НТС каналы түз алып көрсөтмөй болду. Мындай укукту менчик телеканал илип кеткен учур тарыхыбызда биринчи жолу катталып жатат. Номур биринчибиз деп жүргөн КТРК билинбегени менен уят эле болду. Буга чейин Алмазбек Атамбаев адатка айланган маегин коомдук каналыбыздан эмес, ЭлТРге берди эле. Айтор Оторбаевдин иши оңунан чыкпай жатат окшойт...










??.??