presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Мухиттей чалкар турмуштун сүрдүү шоокуму

Даанышманар дүйнө жыйнабайт. Көр оокатка кызыкпайт. Өмүрдүн кадырына жетүү, ар дайым калыс болуу, бардык тараптан эркин болуу- алардын башкы максаты болуп эсептелет.

Эмнеге адамдар
тез карып кетишет?
Адамдар туруп-туруп эле тез карып кетишет экен. Бул эмне мезгилдин өтүшү менен байланыштуубу, же турмуштун түмөн түйшүгү ыйыктан басып, азаптуу санаага батканынан уламбы… Жок, көбүнэсе бул мезгилге анчалык байланыштуу эмес, өмүргө эң коркунучтуу кадыресе эле турмуштук кубулуш экен. Өмүргө мите курттай түшкөн турмуш арбайынан адамдар тез карып кетерин байкадым. Эгер андай болбосо адамдар өмүрдүн ажарын ачып, көркүнө чыгара узак жашашмак.
Түйшүк, азап деген дегеле бүтпөйт, турмуштун табияты өзү ушундай , кайда барсаң мамайдын көрү дегендей. Адам андан алынын жетишинче бийигирээк туруп, өзүн кадырлап, өмүрүн сыйлап азаптуу чемгерден чыгып турганга үйрөнүшү керек. Өмүрдү сактап, кадырлай билүү илимин үйрөнүү парыз. Канчалык түйшүк чырмап, кордук запкысы түшүп турса да, жүрөктүн эңсөөсүн орундап, мүдөөсүн аткарып, көңүл кушун көтөрүп, өмүрдү бешенесинен сүйүп турууну унутпаңыз.
Буга көнүш керек, үйрөнүш керек, бурадар. Кандай гана болбосун өмүрдүн оюндагысын орундоо үчүн убакыт да, күч да табыш керек. Ушуга өзүңүздү тарбиялаңыз, чыдаңыз, сабырдын түбү сары алтын, турмуштун өзү дасыктырат. Турмуштун кылдырап өткөнүнө кайыл болуп жүрө берсе, эртең деп улам создуктура берсе түйшүк чулгап, кунарсыз жашоо думуктуруп жаш адамды да тез эле карытып жиберет. Ал эми кудай берген өмүр дегениң алтын менен өлчөнгөн бардык байлыктардан да, пенденин башын айлантып карама көрдөй эсин эңгиретип келген ар кандай кызыкчылыктардан да бийик турат эмеспи.
…Адамды көбүн эсе айлана-чөйрөсү, достору менен жоро-жолдоштору, туугандары менен бир боорлору эле каратып туруп кылтасын тымызын кыйып өлтүрүп коюп билмексен болуп турушат экен. Жан алгыч алыстан келбейт экен. Мындан өткөн жоо болбостур.
Аталардын өмүрүнө да өзүнүн кара чечекей бир боорлору менен ичтен чыккан ийри жылаан деген балдары кастарын тигип, өлүмүн тездетип турушат экен. Турмуштун жан алгычтай заар чачып чаар башын кылтыйткан кебете-кейпи, кыл көпүрөдөй кылтылдап турган табышмактуу да, азаптуу да бир чындыгы ушундай.
Карамкөрлүккө
айла жок
Мен колунда майлуу-сүттүү кызматы бар айрым бир аткаминерлердин, көпөстөр менен сүткорлордун, дегеле өзүнө жомоктогудай турмуш куруп алган пенделердин көпчүлүк элден окчундап, боюн ала качып турарын көрдүм. "Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт"-,деп Калыгул олуянын айтканын эстедим. Бул алардын бечаралыгы экенин түшүндүм.
Алар төбөсү канчалык көккө жетип, байлыгы ашып-ташпасын карапайым мээнеткеч адамдардан айрымасы аз эле экенин унутуп коюп, өөдөсүнүп, кекирейип турганы көрпендечилик экенин, ал тургай ушул турушу да убактылуу экенин сезе албаган аңкоолугун, карамакөрлүгүн байкадым. Ага болбой эле карандай сынын көпчүлүк элден жогору коюп кербезденип, өздөрүн периште сезип жүргөн пенделерге эмне демекчибиз, айла жок да.
Колдо бар алтындын баркы жокпу?...
Оо, бир боорлорум, жогорку кызматка келип калгандардын баары эле жакшы адам экен, адилеттүү бийлөөчү болот экен деп ойлобогула. Албетте, алардын арасында мекенчил азаматтар да, өз вазийпасын жакшы аткарган аткаминерлер да бар. Алардын баары бириксе тоону томкоро тургандай күчкө ээ болушмак. Кыргыз үчүн биригип иш кылар ошол ырыс алды ынтымак жетишпей турбайбы бизде. Эгер бардыгыбыз кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн бир бүтүнгө айланып, таштын уюлундай болуп бекем туруп иш кылсак эбегейсиз зор жеңиштердин ээси болмокбуз.
Анткеним, биз катмарланган зор байлыктын үстүндө турабыз. Бизде алтындан баштап калайга чейин Дмитрий Менделеевдин мезгилдик системасындагы элементтердин бардыгы бар. Жараткан кыргыз элин мекендесин, өнүп-өссүн деп бейиштин төрүндөй жер ыроолоптур. Коюн-кончуна, бүткөн боюна байлык толгон тоолорубуз, мөлтүр булактарыбыз, күргүштөп аккан көк кашка дарыяларыбыз менен өзөндөрүбүз, дүйнө элин таңыркаткан табиятыбыздын өзү эле не деген байлык. Айткан сайын эсепсиз байлыгыбыз чексиздикке созулуп, көз алдыбызга тартылып, уккан кулагыбыз сүйүнүп турар… Бирок, ошол байлыктын баары кыргыз элинин кызыкчылыгы, келечеги үчүн кызматка коюулуп турса кана, аттаганат! Аны айтканда, айтпаганда не, баарын эл билет, мезгил өзү тараза болор.
Эми кен байлыктары жок бизден да чакан мамлекеттердин кандай өнүгүп жатканын байкап, салыштырып, өз алдынча акыл калчай бериңиз. Анын баарын термелеп, ой толгоп жазганга бизде гезит бети чектелүү. Акча таппай акыл таап дегендей, кыргыз элинин ырыскысын түгөл өзүнө ээ кылып, мамлекетибизди оожалтып, өнүгүү чектерине алып чыгар мезгил да келер. "Эл ичи алтын бешик" дегендей не деген бир эр азаматтарыбыз бар. Эр Манастын урпактары намыстана турган учур ушул. Кайсы убакка чейин карызга батып, чет тараптардын көзүн карап, каңырык түтөтүп турабыз. Колдо бар алтындын баркы жок деген элдик накыл эске түшөт…
Кудайдын кудурети
Оо, мемиреп турган дүйнө, түркүн түскө кубулуп көңүл кубантасың, турмушка майрам түшүрөсүң.
Оо, титиреп турган дүйнө сүрүң жаман, жан-жүрөктү титиретип, үрөй учурасың.
Оо, солкулдап турган дүйнө, оомал-төкмөл кубулуштарың менен жашоо кумарын арттырып да, күр-шар түшкөн опуртал кайрыктарың менен жүрөктүн үшүн да алып турасың.
Оо, жараткан бакпай балээңден, чакпай жалааңдан сактай көр. Ар кандай апаат жамандыктардан бул дүйнөнү кудай өзү эле сактасын.
Дүйнө шоокумданып турат. Аны адамзат туюп да, туйбай да келет. Кудайдын кудуретин адам баласы түгөл сезгенче дагы канча доор алмашып, канчалаган заман закымдап, баарыга тең мезгил дагы кайсы убакка чейин армандуу сыздап турар экен. Адам бүткөндүн баары эле бул дүйнөнүн ыйыктыгы менен кол тийбестигин, анын бири бирин толуктап, өтмө катар өтүшүп турган шайкештигин, таңгаларлык ажайып гармониясын түшүнө берет дейсиңби?...
Бул дүйнөнүн кадырын,
Биле бербейт адамзат.
Чындап билсе кадырын,
Согушпайт эле адамзат…
Меңдибек Асылбеков








??.??