presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Ырыс Жоомартова,
продюсер:
"Апамды эстегенде көзүмдөн жаш тамып кетет"

- Ырыс эже, акыркы учурда кино жаатынан көрүнбөй калдыңыз да, эмне менен алектенип жатасыз?
- Чынын айтсам, кино тармагына кызуу киришип кеттим окшойт. Эми бул жааттан оңой менен чыга албайм го. Жипсиз байланып калдым. Анткени тасмада роль жараткан, кино тарткан да мага аябай жагат. Жан дүйнөм каалаган нерсе. Кинодон кадимкидей рахат алам. Ооба, бир канча убакыттан бери жаңы тасманы элге сунуштай элекмин. Анткени изденип жатам. Жаңы, идеясы жакшы, башка тасмаларга окшобогон, сапаттуу кино тартсам деп жүрдүм. Азыр болсо, жаңы эки киного сценарий жазуу менен алек болуп жатам. Убактым аябай аз. Жакын арада съемканы башташ керек болуп жатат. Ошондуктан көп убактымды сценарий жазганга бөлүп жатам. Кудай буюрса, аз күндө жаңы кинолорумдун алгачкы эпизоддорун баштаганы турабыз.
- Сыр болбосо, кандай тасма тартканы жатасыз?
- "Байлар да ыйлашат" деген кинонун үстүндө иштеп жатам. Кудай буюрса, күз айында экран бетинен көрүп, бааңарды бересиңер. Чынын айтсам, бул тасма турмуш чындыгынан алынган, комедиясы да, мелодрамасы да камтылган тасма болот. Азырынча тасма туурасында эч нерсе айтпай турайын. Эл өзү көрүп баасын берсин.
- Азыр кино тарткандардын баары акча табуу үчүн эле тартып жатышат дешет. Сиз кандай максатта кино тартып жатасыз?
- Эми ар кимдин максаты, ою ар башка. Балким, кээ бирөөлөр акча табуу үчүн тартып жатса керек. Менин кинодон башка да акча табуучу булактарым бар. Башкы максат акчада эмес. Киного тартылуу менин бала чактагы кыялым болчу. Кыялдарымды орундатып жатам десем болот.
- Өзүңүз тарткан бир топ тасмаларда роль аткардыңыз. Элдин эсинде калган кандай роль аткарсам дейсиз?
- Мындай ойлор менде жок эмес. Өзүмдүн бала чагымды чагылдырган жакшы тасма тартайын деп жатам. Ошол тасмада роль аткарсам, балким, ошол ролум элдин эсинде калат деп ойлойм.
- Жаштыгымды эстегенде, көзүмө жаш тегеренет дегениңизди окуп калдым. Азыркы жашооңузга нааразычылыгыңыз барбы?
- Ооба, бул сөздү жөн эле жазып койгон эмесмин. Качан болсо да, жаштыгымды эстегенде көзүмө жаш тегеренет. Себеби ата-энеден эрте ажыраганмын. Атамдын алдына отуруп башкалар сыяктуу эркелей алган жокмун. Апа мээримин көргөнүм менен, ал да көпкө узаган жок. Мен 21 жаш курагымда апамды шум ажал арабыздан алып кеткен. Бой жетип, апамдын кеңешине муктаж болуп турган кезим эле. Турмушка чыкканда да асыл апакем мени узата алган жок. Кандай гана өкүнүчтүү… Бул менин жашоомдогу орду толгус чоң жоготуу болду.
- Баса, эмнеге тасмаларыңызды "Ак илбирске" көрсөтпөй жатасыз?
- Менин кинолорум фестивалга ылайыктуу эмес. Ошол себептен көрсөтпөй келем. Фестиваль үчүн тартылган тасмалар башка форматта болот. Эгер фестивалга катыштыра турган тасма тартсам, такыр башкача кылып тартмакмын. Кудай буюрса, ага деле жетишем. Жашым өтүп калганына карабай, учурда Искусство университетинде режиссура боюнча билим алуудамын.
- Киного тартылып жылдыз оорусу менен оорудуңузбу?
- Ммм… Жок, мындай илдетке мен чалдыккан жокмун. Сулуу, жапжаш кезимде роль жаратып, элге көрүнсөм балким, жылдыз оорусуна чалдыкмакмын. Шоу-дүйнөсүнө 40 жашымда келбедимби… Кеч аралашпадымбы...
- Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?
- Албетте, жаш кезде баарыбыз эле сулуу болобуз. Жаштыктын өзү сулуулук да. Бирок азыр өзүмдү сулуумун дебейм деле. Сырткы сулуулугума караганда, ички дүйнөмдүн сулуулугуна көп көңүл бурам. Жан дүйнөмдүн таза, аруу болушун каалайм.
- Үйдө кандай аялзатысыз?
- Өзүмдү мактоодон алысмын. Менин кандай экенимди жакындарым жакшы билишет. Бир уул, бир кызды тарбиялап, аларга колдон келген мүмкүнчүлүктү түзүп берип, жолдошумдун жөлөк-таягы болуп келем. Киного тартылып, чыгармачылык деп жүргөнүм менен үй-бүлөмдү биринчи орунга коем. Мен үчүн зор бакыт - үй-бүлөмдүн бүтүндүгү жана амандыгы.
- Байсызбы?
- Аябай бай эмесмин. Бирок Кудайга шүгүр, Бишкектин борборунда көп бөлмөлүү квартирабыз, "Манас" кинотеатрынын жанында сулуулук салонум, "Туңгуч" кичирайонунда эки кабат тигүү цехим, алдымда эл катары "Тойота-Прадо" жип машинам жана Дордойдо 4 контейнерим, Нарында 200 дөй коюм багылып жатат. Кудайым ушуну кут кылып, буюрсун. Балдарымдын жакшылыгына жарап берсе болду.
- "Токолдор тополоңу" чыныгы жашоодон алынганбы, сиздин жашоодо да барбы?
- "Токолдор тополоңу" чыныгы жашоодон алынганбы же жокпу мен билбейм. Себеби сценарийин Жаныш Кулманбетов жазган. Эми ойдон чыккан эч нерсе болбосо керек. Жок дегенде өзөк болот да.
- Азыр жолдошуңуз жаш кызды сүйүп калса, түшүнүү менен кабыл ала аласызбы?
- Жолдошум жаш кызды сүйүп калса, ал буйруктан. Сүйүп калыптыр деп бырыңдап ыйлап-боздоп артынан ээрчип барбайт элем. Себеби андай ишти мен кечирилгис деп эсептейм. Менин жаш кезимди пайдаланып, анан мени таштап кетсе, аны Кудай да кечирбесе керек. Мен аябай көк бетмин. Менимче, бардык эле аялзаты жолдошторунун мындай кадамга барышын кечире албаса керек. Анткени, ар бир аял бирөөнүн жалгыз сүйүктүүсү болгусу келет эмеспи.
- А өзүңүз азыр сүйүүгө кабылсаңыз кантет элеңиз?
- Азыр сүйүүгө кабылсам, жаш кездегидей көзүм тумандап, сүйгөнүмдүн артынан ээрчип кетпейт элем. Себеби балдарым жана балдарымдын атасы, үй-бүлөм баарынан бийик жана кол жеткис. Сүйүү деп, дүйнөдөгү эң кымбат адамдарымды жоготуп алгым келбейт.
- Ыйлааксызбы, акыркы жолу качан, эмнеге ыйладыңыз эле?
- Ыйлаактык мага таандык эмес. Себеби жаш кезимде көп ыйлап койгом. Оор турмушту башымдан өткөргөм. Бирок азыр деле апамды эстегенде, көзүмдөн жашым таамп кетет. Акыркы жолу да курбумдун апасын көрүп, апам эмнеге мени эрте таштап кетти деп, апамды эстеп ыйладым. Апамды эстегенде шаардын сыртына чыгып кетем. Көзүм шишип, мурдум баштыктай болгуча ыйлайм. Бул менин жашоодогу арманым. Башка турмуштун кыйынчылыктарын кыйналбай жеңе алам. Ал эми жаш кездеги жүрөк ооруткан арман - апамдын эрте кеткенин эч качан жеңе албайм.
- Үйдө казан-аяк кагышабы, урушту ким баштайт?
Үйдө казан-аяктын кагылышы болуп турган нерсе. Бирок акыркы 10 жылдын тегерегинде көп кагышпай калды, себеби кызым менен уулум чоңоюп, алардын көзүнчө урушпаганга аракет кылабыз.
- Дайыма шайыр, ачык- айрым жүрөсүз, ачууңуз чукулбу же?
- Кечиримдүүмүн. Аябай ак ак көңүл жана жөнөкөймүн. Адамдар менен бат тил табышып, бат аралашам. Бирок көп эле бапылдап да сүйлөй бербейм. Жылдызым келишкен адам менен аябай чечилишип, чын дилден баарлашам. Азыр менин цехимде 15 жылдан бери иштеген кыз-келиндер бар. Мен жаман болсом, алар ушунча жыл иштешет беле деп мактанып койбоюнбу.
- Өзүңүздү бактылуумун дейсизби?
- Кудайга шүгүр, баары жетиштүү. Ден соолук чың, алты саныбыз аман. Балдарым чоңоюп калды. Кызым Наргиза 13-мектепти аяктап, Медакадемияга тапшырганы жатат. Азыр уулум менен кызымдын келечеги үчүн чуркап жүргөн кезим. Чынын айтканда, бул жарык дүйнөдө экөөнүн бактысынан башка мага кымбат нерсе жок. Балдарым турмуштан өз ордуларын таап, очор-бачар болуп бактылуу өмүр сүрүшсө, мен дагы бактылуумун. Кайда барбайын тилегеним эле ушул. Үйдөн алыс чыксам да, алгач кызым менен уулумду сагынам. Мага ушул эки адам гана жөлөк болуп, күйөт деп ишенем.
Жаркынай
Кадыркулова











??.??