presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Саймачы кыз
... Карасам тиктеп алыстан,
Калпагы окшош тоосуна.
Кандай уз тикти болду экен,
Карегим түштү коозуна.
(Байдылда Сарногоев).


Техногендик прогресс күндөн-күнгө өрүш алган мезгилде, НАНО технология адамзаттын жашоосунун бүткүл маңызын ээлеп алган ааламдашуунун учурунда жашап жатабыз. Азыр электр энергиясыз, автоунаасыз, учактарсыз, телефонсуз, теле - радиосуз, интернетсиз жашообузду элестете да албай калбадыкпы? Медалдын эки бети бар дегендей, мунун бир жагы күнүмдүк жашообузду жеңилдеткени менен ата -бабаларыбыздан бери келаткан нарктуу баалуулуктарыбызды, анын ичинен көркөм кол өнөрчүлүктү, тилекке каршы, жашообуздан акырындап сүрүп баратканы да чындык. Мисалга, колунан көөрү төгүлгөн зергер, усталардын көз жоосун алган сонун буюм -тайымдарын айтпаганда да, кыргыз элибиздин жашоосун көрккө бөлөп, не бир ажайып кооздуктар менен чулгап келген уз-чеберлердин колдорунун жылуусунан, карек отунан жаралган көркөм буюм-тайымдарды (боз үйдүн жабдыктарын, ала кийиз, шырдак, шалча, туш кийиз, курак төшөктөр, чыныкап, текче, улуттук адеми кийимдерди ж.б.) чоң эне, таенелерибиз жараткандай жасай да албай калдык. Мурда, "Эне көргөн тон бычат, ата көргөн ок жонот" -деп айтылып келсе, азыр ачык айтканда, кыз -келиндердин бир даары, көптөрүбүз даярга көнүп, этегибиздин эбин түзүк бүрө албайбыз дагы. Көз кайкытып, жасаган ишине кооздукка кошуп "жан" киргизген оймочу, саймачы,түймөчү, чырмакчы, эшмечи, токуучу, бычмачы (тонду, ичикти), өрмөкчү (тегирич, боо, таар, шалча, куржун) ж.б. элдик кол өнөрчүлүктүн салттарын толук сактап келген бүтүндөй институтту жоготуп алуунун алдында тургандайбыз... Анткени, салттуу нарк -нуска, мурастарды алып жүрүүчү "алтын ийне, жез оймок" уз чоң эне, таенелерибиздин катарлары оюбузга койбой, барган сайын суюлуп баратпайбы?!Иш билген өнөрлүү улуу муундан үйрөнүп, нускасын алып калууну көксөгөн жаштар азыр сейрек. Ошентсе да, "оозубузду куу чөп менен сүртпөйлүк", учурда саймачылыкка кызыккан, апаларынан үйрөнгөн айрым жаш кыз-келиндерибиз жасаган иштерин чет өлкөлөргө чейин алып чыгып, кыргыз элибиздин кылымдарды аралап, бизге жеткен прикладдык -этнографиялык искусствосун даңазалап жүргөндөрүнө ыраазы болсок да болот. Айрыкча, туристтик жайкы эс алуу мезгилинде жергебизге келишкен чет өлкөлүктөр уз-чеберлерибиздин колунан жаралган сонун, ажайып кооз буюм -тайымдарды зор кызыгуу менен сатып алып жатышат. Ошон үчүн "Эл ичи-өнөр кенчи" -деп, бекер айтылбаса керек?
Журналисттик кесиптин бир жакшы жери - турмушуңда көптөгөн кесиптердин мыкты адистери, өз ишинин чеберлери- таланттуулар менен көп жолугасың. Ошондой өнөрлүүлөрдү элдин алдына алып чыккың келет экен. Анткени, андай адамдар менен биз сыймыктанууга акылуубуз!
Айзат Асаналиева деген саймачы кызыбыз биздин "МАНАС Эли" коомуна мүчө болуп келгенине аз гана мезгил болду. Ноорузду утурлай, быйыл да 18 күндүк "МАНАС" дастанын манасчыларга айттыруу иш - чарабыз ордо калаабыздын Тарых музейинде өттү.Ошол жерде Айзат кызыбыздын көкүрөк - көөдөн мээрими сиңирилип, көз майын түгөтүп, чебер колдорунан жаралган бир нече көз тайгылткан сайма иштери илинип турду. Ар бир саймасы тематикалуулугу менен адамды өзүнө тартат. "МАНАС" темасына, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган этюддары кадимки сүрөтчүнүн полотносун элестетип турганы менен өтө кызыктуу.Айзатка улуубаян "МАНАС" ааламы менен Чыңгыз Айтматов атабыздын ааламы бөтөн дүйнө эмес. Абдан мыкты жана терең кабары бар. Иш -чарага алып келген иштерин санай келсек: "АЙКӨЛ МАНАС", "МАНАС тамгасы", "СЕМЕТЕЙ", "Бугу Эне", "Жамийла", "Ажо" ж.б. Айта кетүүчү жагдай, Айзат - элибизге белгилүү, таланттуу сүрөтчү- Майрамкул Асаналиевдин бир тууган карындашы. Кичи мекени -Ысык -Көлдүн Бөкөмбаев айылы, билими -бүтпөгөн жогорку (КАСИ, 3 -курс).
Элдик көркөм өнөр -саймачылыкты аздектеген чебер -уз Айзат Асаналиева сиңдим менен анын чыгармачылыгы жөнүндө учкай маек курдук:
- Айзат, айтсаң, саймачылык өнөр сага кимден оогон? Устатым - деп, кимдерди эсептейсиң? Бул жолду аркалап келатканыңа канча убакыт болду?
- Элибиздин дүйнө таанымында адамдык асыл сапат, касиет, өнөр ар бир наристеге түпкү аталарынан, жети ата, жети чоң эне, тайлардан каны -гени менен берилет -деп айтылат. Атам -Асаналиев Мусабай, апам - Ыдырысова Гүлүйпадан сегиз бир тууганбыз. Ата -энебиз баарыбызды өздөрүнүн ак эмгеги, маңдай теринен табылган адал, ак наны менен чоңойтуп, эрезеге жеткиришти. Атам өмүр бою автобус айдап, пенсияга чыккан.Апабыз почта кызматкери болуп иштеди. Эне -атабыз бизге эмгекчилдикти, тырышчаактыкты, сарамжалдыкты, кең пейилдикти - адамдык улуу сапаттарды мурастап беришкендиктен, Кудайга шүгүр, баарыбыз үй күтүп, шаар болдук. Апабыз бар - биздин бактыбыз тоодой! Ал киши -төрүбүздүн көркү! "Энесин көрүп кыз өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт" -демекчи, саймачылык өнөр мага таенем Апал менен өз апам Гүлүйпадан оошсо керек деп ойлойм. Анткени, мен эс тартканы апам сегизибизди төрөп, эрезеге жеткирип эле тим болбой, чарба жумуштарын да аткаруу менен үйүбүздүн көркүнө -көрк кошкон бир аттык наркы бар туш кийиздерди илме шибеге менен сайып, көргөн адамдын көз жоосун алып, жаркыратып илип койчу. Жердигинабдан бышык кездемелер : баркыттан, нооту, манаттан бычып, кергичке керип алып, түркүн түстүү, кооз жиптер менен баарыбызды уктатып коюп, тээ түн бир оокумга чейин ишин кармап отураар эле. Үйгө эле эмес, туугандардын, аяштарынын өтүнүчү боюнча "кыздын себине" деп, көп эле адеми буюмдарды да бүтүрүп берип жүрчү. Апам менен таенемден сайманын : "мүйүз", "айча", "бадам", "тырмак", "гүл", "көөкөр", "ит таман", "карга тырмак", "калемпир көчөт", "балаты көчөтү", "сыңар мүйүз", "кочкор мүйүз", "тогуз дөбө" ж.б. толгон көчөттөрү болоорун угуп, билгем. Ал эми өзүм сайманын сыйкырлуу дүйнөсүнө чын ыкласым менен киришкениме 7 -8 жылдын жүзү болду. Таенем менен апамдан тышкары, абам Майрамкулду устатым - деп эсептейм. Мага көптөгөн кеп -кеңештерин айтып турат. Анын белгилүү "АЙКӨЛ МАНАС" чыгармасын өзүнүн уруксаты менен саймага түшүрдүм.
- Бир сайманы баштоодо пландап, кездемеге алдын -ала сүрөтүн түшүрөсүңбү, же бул иш процессинде өзүнөн -өзү эле ордуна келеби?
- Адегенде, ошол сайма менен эмнени айткым келет? Көлөмү, жиптеринин түсү кандай болушу керек? Ушунун баарын акыл таразама салып ойлоном, көз өлчөм менен болжолдойм. Мисалы, сайманын сүрөтү өтө кичине болсо, көрүнбөй калат. Ал эми, тескерисинче, өтө чоң болсо, өлчөнгөн кездемеден чыгып кетчүдөй сезим берип, бап келбейт, б.а. буюмдун да, көчөттүн да көлөмүн сезе билүү кажет. Сайманын жиби бош тартылса, бөрсөйүп, жарашыксыз көрүнөт. Катуурак тартылса, кездеменин жердигин тырыштырып коет. Ошондуктан, бардык нерсенин өз ыгы, орду болушу зарыл. Сиз айткандай, айрым учурда сүрөтүн алдын -ала түшүрсөм, кээде иш учурунда сайма таңдайлашып, өзү менен өзү татынакай болуп чыга келет.
- Буйрутма (заказ) менен иштеген учурларың барбы? Даяр саймаларыңа суроо -талап кандай? Сатып жибергенден кийин саймаңа ичиң ачышпайбы?
- Өзүм тикмечилик кесипти да аркалагандыктан, буйрутмалар менен көп эле иштейм. Ал эми саймага келсем, жакында эле 7 метрлик туш кийизди бүтүрүп, заказ кылган адамдын ыраазычылыгын алдым.Ордо калаабыздагы этностилдик, заманбап кафелердин жетекчилеринен буйрутма алып, ички интерьер -жасалгаларын саймалоо иштеринде консультант -оформитель болдум ("Супара"). Айрым учурда кыйбас адамдарга бүткөн сайма иштерим белекке берилип кетет. Аларды фотоаппарат менен тартып, үлгүсүн алып калам. Чыгармачылыктын баркы -баасын билген эжелерим : "Саймаларыңды эч кимге сатпа, чогулт, чет өлкөлөргө көргөзмөгө алып барсаң, ажеп эмес!" -деп, кеңеш берип калышат. Сааты чыкса, илгери үмүткө көргөзмөлөргө да саймаларымды илип калаармын...
- Айзат, азыр элибиз саймаланган улуттук кийим -кечелерге басым жасап, маданий жайларга, тойлорго көбүрөөк кийип калышты. Буга сенин мамилең кандай?
- Кыргыз журтубуздун бабалар баскан жолдун нугуна түшкүсү келгени, албетте, мени да чын жүрөктөн кубандырат. Абдан сапаттуу жана сабаттуу сайылган саймалар менен бирге өз деңгээлинде эмес,чалагайым иштерди көрүп, сайманын "алиппесин" тааныбагандар оюна келгенин жасап, чапырашты кылып жибергендерине баам салып жүрөбүз. Мисалы: эркектерге таандык "эр оюмдар" аялзатынын улуттук чыптама, чапанына, белдемчисине түшүрүлсө, же туш кийиздин көчөттөрү улуттук адеми кийимдерге пайдаланылса, сайманын көчөттөрүнүн энергиясы бузулуп, тескери символ болуп калат. Эч кандай көрк, жарашык жөнүндө айтууга да болбойт. Саймада түптүү кыргыз элибиздин бүткүл жашоосу камтылгандыктан, ар бир оюм -чийимдердин өз -өзүнчө маани -маңызы, жандырмагы бар.
- Сенден сайма өнөрүн үйрөнгүсү келген кыз -келиндерге, буйрутма берем деген кардарларга кандай жооп айтаар элең?
- Үйрөнөм дегендерге каршы эмесмин. Байланыш үчүн телефонум : 0559435743 Далалат кылышса, адамдардын колунан келбеген эч нерсе жок! Бир гана ыңгайсыз жагы, азырынча өздүк өнөрканага (мастерская)ээ эмесмин.
- Айзат, ийнелеген иш оңой менен арбыбайт эмеспи, үй -бүлөлүү, бала -чакалуу экенсиң, кыргыз болгон соң келим -кетим, той -топур дегендер болот, анын үстүнө улуу келиндик милдетиң дагы бар экен. Эми айтсаң, ушунун баарына кантип жетишип жатасың?
- Эже, турмуш ошонусу менен кызык турбайбы. Ар бир жумушту өз орду, убакты -сааты менен бүтүрүп, бүгүнкүнү эртеңкиге калтырбай аракет жасаса, берекет да көп күттүрбөйт дегим келет. Турмуш шартка байланыштуу чыгармачылыкка тиешеси жок жумуштан дагы иштеп көрдүм. Саймам түшүмө чейин кирип, аян кармадым. Түшүмдө кергичим ажырап, саймаларым ыдыраганын апама айтсам, "Кой балам, жаңы жумушуңду жыйыштыр, өз жолуң менен бол" -деди.
Менин эң негизги максатым: - Сайма сайып, аны сатып акча каражат табуу эмес, тескерисинче, элдик көркөм өнөрдү унутта калтырбай, көпчүлүккө жайылтып, кыргыз элимдин наркын, асыл ойлорун, ыйык белгилерин сайма өнөрү аркылуу чагылдырып, элиме ак дилден кызмат кылсам деген ниетим бар .
- Улуу максаттарың ишке ашсын, сага чыгармачылык албан -албан ийгиликтерди каалайм! Маегиңе рахмат, сиңдим!
"МАНАС Эли"
коомунун мүчөсү,
САПАРБАЕВА
АЙКАНЫШ КЕРИМ кызы. 9 -июнь, 2014 -жыл.











??.??