presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Күйөөмдү өлтүргөндөр
жазасыз калышабы?"

Бизге Каракол шаарынын тургуну Өсөрбаева Жаркын деген эже атайылап келиптир. Ал өзү туш болгон оор жагдайдан улам прокуратура, сот органдарына төмөндөгүдөй нааразылык менен кайрылаарын айтты:
- Менин жолдошум Шарайбек 1998-жылы 7-декабрда киши колдуу каза болгон. Кылмыш ордунан бир аял, бир эркек кармалганын кийин билдим. Алгач ошол Гүлнара Табылдыходжаева деген аял күнөөнү өз мойнуна алган соң, жанындагы Кубанычбек Назаров деген "сожителин" милициялар эртең менен кое бериптир. Сот болгондо Табылдыходжаева тескерисинче күнөөсүн мойнуна албай, Назаровго оодарган. Ал эми тигил Назаров ошол кезде табылбай калган. Бул окуянын тегерегинде соттор өтүп, Жогорку сотко чейин жеткен менен жыйынтык алигиче чыккан жок.
Жогорку сот "Назаровго издөө жарыялансын, далилденип соттолсун" деген чечим чыгарган. Мен шаардык ИИБга барганда, алар кылмышка күнөөлүү адамга издөө жарыяланганын айтышкан. Кийин да ал жакка барсам, тергөөчүлөрдөн "күйөөңөр ичип алып аялдар менен жүрүп өлсө, силер аны ким өлтүргөнүн териштирип эмне кыласыңар?" деген сөздү да уктум. Ошол боюнча издеген адамыбыз табылган жок. Балдар кичине эле, жумуштан бошобой жүрдүм. Күйөөмдүн киши колдуу болгонун эстеген сайын ичим күйүп, "Кудай өзү жазасын берсин" деп ойлоп койчумун. Былтыр "Кубанычбек Назаров Россиядан кармалыптыр" деген маалымат келди. Ал өзү баткендик жигит экен. Энеси бөрүбаштык болгон үчүн ушул жакта жүргөн окшойт. Анан иликтөө иши жүрүп, 18-ноябрда сот болду. Бирок, бүтпөгөн сот кайра уланууда.
- Эмнеге, Табылдыходжаева айтканынан кайттыбы?
- Назаров табылгандан кийин биринчи ал мурдагыдай эле көрсөтмө берген. Анан кайра беттештирүү болгондо экөөнүн сөзү бир болуп калды. Экөө өлтүргөн эмес, алар отурган эркекти көргөн, башка эч нерсе болгон эмес деп жатат. Табылдыходжаева инсульттан кийин майып болуп калган экен. Бирок, балдак менен басат. Анан ошол кишини эптеп шаардык ички иштер бөлүмүнө алып барып деле беттештирсе болот да. Жок, киши өлтүрдү деп шектелип жаткан кишини СИЗОдон Табылдыходжаеванын үйүнө алып барышкан. Ал жерде кандай сүйлөштү ким билет. Ага чейин мага Назаровдун карындашы ыйлап-сыктап "энем оорулуу, доом жок деген кагаз бергиле" деп суранып келген. Мен макул болгон жокмун. Алар Табылдыходжаева менен сүйлөшүп алат деген ой мага келбептир. Былтыртан бери 3-4 кеңешме болду. Эми аны актайбыз дегенге оодуруп жатат окшойт.
- Сиз Назаров күнөөлү экенин кайдан билип жатасыз?
- Эгер ал өлтүрбөсө биринчи көрсөтмө эмнеге ага каршы берилет эле? Ошондо Жукешова деген күбө бар болчу. Бул ишти облустук прокуратура караган. Тергөөчүсүн сураса да болот эле. Кармап келген милиция бар, тирүү. Мени бул иштин делосу менен тааныштырган эмес. 25-майда кайрадан сот болду. Кайра эле баягы состав чогулдук. Нааразылыгымды билдирдим. Ушуга чейин канча нерв, канча убакыт уттурдук. Эми чечүүчү маселе сотто.
- Ал адам качып кайда жүр­гөн экен?
- Ал 2004-жылга чейин Баткенде жашаптыр. 2004-жылы былтырка чейин Россияда жүргөн. Аны адвокаты "Баткен окуясына катышкан. Издөөдө экенин билген эмес. Кийин Россияда иштеген" деп жазыптыр. Менин 4 уулум бар. Күйөөм өлгөндө алар кичине эле. Азыр алар "атабызды өлтүргөн адам жазасын албайбы" деп жатышат.
- Негизи окуя кандай болгон?
- Күйөөм жолдош баласынын үйүнө барган. Анын кошуналары (Назаров менен Табылдыходжаева) ичкилик ичип олтурган имиш. Алар уруша кетип, эркек аялды санга саят. Ал экинчи жолу саярда ортого түшкөнбү, экинчи жолу жолдошума тийген. Эми ал өлгөндөн кийин жооп бере турган адам жок. Мен тергөө органдарына нааразымын. Себеби, кылмышка шектүү адамды милиция кармап берип жатса, мыйзам боюнча 3 сутка кармаш керек эле да. Алар аны эртеси эле бычактын экспертизасын дагы албай кое берип жиберген.Табылдыходжаеванын сөзү менен Назаров 15 жыл изделди. Эми азыр кайра эле анын сөзү менен экөө акталып жатат. Ушундай да болобу? Табалдыходжаева үйүндө олтуруп алып эле нотариус аркылуу көрсөтмө берип жатат. Бул тергөөчүлөрдүн жүр-нары мамилеси деп эсептейм. Барыдан да 1999-жылда ачылган дело жок, көчүрмөсү эле бар экен. Ага ким жооп бериш керек? Кай бирлер жаны күйгөндөн "самосудга" барып жатканы да ушундай иштерден кийин болсо керек. Андыктан облустук прокуратурага жана генпрокуратурага бул иште акыйкат чечим чыгарып берүүсүн өтүнөм.
Маектешкен:
Жумагүл БАРКТАБАСОВА













??.??