Ашлямфунун
автору дунган калкы

Дунган туугандардын жашоосу менен таанышууну көздөп Ырдык (Мурдагы Дыйшын) айылына бара жатып бала чакта Нарын шаарында жашаган атамдын дунган досун эстеп койдум. Аты эсимде жок, бирок бир нече жолу анын үйүнүн ичиндеги секичеде тактай алдынан келген жылуулукка магдырап олтурганым эсимде.

Ошентип, Ырдык айыл башы Хамид Исмаевди ушул айылдын активисттери менен маданият үйүнөн жолуктурдум. Айыл башы Хамид аганы айылдаштары "Жакшы иштейт, идеялары көп" деп баалашат экен. Бул маданият үйү ашар жолу менен 1987-жылы курулган. "Сөөгү" жакшы, бирок, ремонт керек болгон бул жайда айылдык тургундар теннис ойноп жатыптыр. Алар жакында мында медресе салынганын кубануу менен айтышты. Айылда 600 окуучу эски, бирок бир сыйра ремонттолгон мектепте орус тилинде билим алышат. Эне тили сабагы жумасына бир жолу өтөт экен.
Ырдыкта 2700 адам же 700 түтүн бар. Көпчүлүгү дунгандар болгон менен кыргыз, калмак, казак, уйгур өңдөнгөн башка улуттар да жайгашкан. Алар 137 жылдан бери ынтымакта жашап келишет. Алгач бул жерге 1877-жылы августта1116 дунган улутундагы адам Юсупов Хазирет деген нарктуу жетекчинин баштоосу менен кытайдан келип, тарыхый аты Маринск деп аталган ушул айылды түзүшкөн. Алар биринчи жолу кытайдан келип, Омск губернаторуна жер сурап барганда, ошол күнү губернатор кыздуу болгон экен. Ал: "Менин кызымдын аты Марина, кайсы жерге айыл түзсөңөр ошол жерди анын атынан койгула",- деп суранган дейт. Ошондон кийин бул жер алгач Маринск айылы деп аталган экен. Губернатор "Силер эмне деген элсиңер, эмне менен алектенесиңер?" деп сураганда алар өздөрүн кытайлык мусулмандар деп тааныштырып, "биз жер иштетебиз, жашылча айдап, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрөбүз. Бизге жер керек" дептир. Алар жер алууга уруксат алгандан кийин жерди суунун салмагы аркылуу издешкен дейт. Ак сакалдардын айтуусунда, алар Каракол, Ак-Суу, Дыйшин суусун таразага салып, жер тандаган. Бирок, анда кандай сыр бар, бул табышмак.
"Биздин жер кумдак. Суу Кызыл жардан кумду алып келет. Андыктан, пияз жакшы өсүп, сабиз жылмакай болот. Жерге суу да, жер семирткич да жакшы сиңет. Жер кыртышы бат кургайт тез-тез сугарасың", - дешет дыйшындыктар. Азыр бул айылда бардык дан өсүмдүктөрү, жашылчанын түрлөрү, жүсай, жүгөрү жана башка өсүмдүктөр айдалат. Караколдуктарды жашылча менен Дыйшин, Конкино айылдары тейлейт деп бекер айтылбаса керек.
137 жыл мурда кытайлык Маньчжуро-Цин династиясына каршы куралдуу көтөрүлүштүн башчыларынын бири болгон Юсуп Хазирети кытайлар кубаттуу техникаларды алып келе баштаганда, элди ээрчитип көлгө келген дейт. Дыйшындыктар аны чөлдө дуба окуп суу чыгарган касиеттүү адам деп билишет. Азыр мектеп директору Юсупова Зебера мына ошол кишинин неберелери болот экен.
Айылда кыргыз тили сабагын берип жүргөн айыл тургуну Дагазиев Люшур ага жөнүндө көп жазгым келген. Көзүнөн мээрим төгүлгөн адам экен. Аны айылдаштары "Дүйшөн агай" деп койгону өзүнчө кызык. Ал өзү жөнүндө жазбай эле кой десе да, анын "Кыргызстан элдеринин достугу" урааны алдында "Ырдык-бир тууган" деген долбоору жөнүндө айта кетпесем болбос. Долбоордун алкагында ал Ырдык маданият үйүнүн алдында 5 айылдын бардык этносун бириктирген ыр, бий фольклордук ансамбль түзүп, айыл жаштарынын маданий эс алуусун уюштурсакпы дейт. Ал үчүн 150-200 орундук маданият үйү, бир катар музыкалык аспаптар, көркөм жетекчи болчу киши бар болгону менен штат жок. Буга 180миң сом керек. Ал эми маданият үйүнүн директору Калимов Харсан таланттуу музыкант. Ырдык айыл өкмөтүндө Ырдык (Дыйшын), Жон-Булак, Балтабай, Конкино, Кытай айылдары бар. Алардын эли Совет учурунда өтө ынтымактуу жашашкан. Убакыт өтүп, улам барган сайын ар ким өзү менен болуп, эл бир биринен алыстап баратат деген жүйөөлүү сөздөрдүн айтылып жүргөнүн эске алсак, бул долбоорду колдоо чоң мааниге ээ.
Ар бир жанга 46 сотых жер бөлүнгөн бул айылда жалпысынан 4000 гектар жери бар. Дунган туугандар Республикадагы башка дунган улутундагылар менен тыгыз байланышта экенин уктук. "Хуэймин бо" дунган гезити 3400 нускада дунган, орус тилдеринде чыгат.
Айылда 100 жылдан ашык турган курулуштар бар экенин угуп, анын көчөлөрүн кыдырып чыктык. Бийиктиги 7 метрге жакын зор дарбазанын алдында өзүмдү өтө эле кичине сездим. Мурда ушундай дарбазалар көп болчу экен. Муну кытайлар салганын ушул дарбаза турган үйдө жашаган Идрис Янхаев деген ага айтат. Ал "бул дарбазаны кызыл китепке киргизиш керек" деген пикирлер да болгонун белгиледи. Бул үйдө атам-энем чоң ата, чоң энем жашаган. Дарбазаны ким салганын так билбейбиз деди ал. Биринен бири кичине болгон кытай архитектурасын чагылдырган чатырчасы бар айылдагы фельдшердик пункттун, дунган ресурстук борбордун өмүрү 100 жылдан узак экен. Бир да мык колдонулбай, ашталып жасалган бул жай мурда бирөөнүн турак үйү болсо керек. Себеби, мурда бардык үйлөр ушундай болчу дейт айылдагылар. Мурдагы боюнча сакталып калган дагы бир үйгө барганыбызда, чоң устундар менен үй астына калемпир жайып кургатып, көлөкөлөп олтурганга ылайыкталган айбанча турат. Кызыл, жашыл, сары боектору өчүп калган жыгачка оюлуп жасалган ар кандай оймо-чиймелерди карап турсаң, сыртынан бары гүл болуп көрүнгөн менен, куш, анар, балык, бугу, ажыдаар сөлөкөтү бар экенин байкадым. Ал үйдөн чыккан 10-класстын окуучусу Фатима бул оймолор ага абдан жагарын, чоң-чоң аталары жашаган бул үйдө ал да өмүр кечирип жатканын сыймыктануу менен айтты.
Албетте, дунган айлында жүрүп, дунган уксусун, башка тамагын кой, биз күндө жеген ашлянфу жөнүндө сурабай кантип кетем? Ошол ашлянфу бизге дал ушул Дыйшындан тараган деп айтылат. "Лең" - салкын. "Фын" крахмал. Ошондо, бул тамактын аты "леңфын". Ал эми "аш" деген муунду кыргыздар кошуп алса керек дейт мындагылар. Булардын белгилүү уксусу улпактан жасалат экен. Бул боюнча ар бир кожойкенин өз сыры бар. Ал сыр оңой менен айтылбайт, өлсө, канында кетет дейт кай бири. "Акылдуу келиндер болсо кайнененин өнөрүн өздөрү үйрөнүп алат. Биздин энебиздин 7 келини бар, энебиз уксусту өзгөчө жакшы жасаганы менен, келиндеринин эч кимиси ал өнөрдү алып кала алган жок"-, дейт дагы бири. Учурда Дыйшында 4 гана байбиче уксус жасашат экен.
Алардын салт-санаасы бизден айырмаланат. Башка майрамдардын барынан айт майрамдарын улук деп эсептешет. Ал эми үйлөнүү үлпөтү кызыл түйүнчөк менен башталат экен. Дунгандарда ак түс аза күтүүнү билдирсе, кызыл кубанычты сыпаттайт. Андыктан маданият үйүнүн директору Калимов Харсан ага кызыл түйүнчөктү жуучулар кызга көтөрүп барышканы, эгер кыз жигитти жактырса, аны бошотуп берери, жактырбаса кайра эле кайтарып коерун айтып берди. Бир кызыгы, жаңгак, кант, чай сыяктуу нерселер салынган ушул түйүнчөк бир эле жолу келбей, 3- жолу келгенде гана, кыз жана күйөө тарап чогулуп сүйлөшөт экен. Дыйшында беш кызыл түйүнчөк менен үйлөнүү үлпөтү сүйлөшүлүп бүтөт. Аларда кызга калың көп сурабаган менен, жигит тараптан кызга, анын туугандарына алтын зергер буюмдар көп берилет экен. Үч күн мурун кыз жакындары менен сый дасторкон үстүндө чай куюп берип, ошол жерде кайын журтка кандай мамиле кылуу керектигин тереңирээк билет. Тойдо дасторконду бир аял тейлеген менен, эркектер тамак ташып, аларды тейлеп турары да кызык экен.
Айтор, бул эл мусулманчылыкты тутунуп, өз салтын сактап калган. Кытайдын байыркы тили менен сүйлөшөт. Айылда башка жердегидей эле жол, балдар бакчасы, таза суу көйгөйү чечилген эмес. Ушу айылдын 200 уулу Улуу Ата Мекендик согушта согуш талаасында каза болушкан. Алар сыймыктанган маданияттын жана илимдин белгилүү уул-кыздары арбын. Алардын бир нечесин гана атай кетейин, дунгановед-лингвист Юсуп Янхеев, илим кандидаттары Хусейин Бугазов, Абдрахман Дагазиев, Сафар Малянчиков, Зухра Алиева, профессор Фатима Макеева жана башка узун тизмени айта берсек уланып кете берет.
Жумагүл
БАРКТАБАСОВА