Кайрылуу
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Ш.Жээнбековго
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К.Оторбаевге

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Урматтуу Асылбек Шарипович!
Урматтуу Жоомарт Кайыпович!

Биз, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын иштөөчүлөрү, "Кумтөр" алтын кенине карата түзүлгөн кырдаалга байланыштуу сиздерге кайрылуудабыз.
Давыдов мөңгүсүн иштетүүгө тыюу салуу менен шартталган, 2014-ж. карата тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн бекитилген планы жоктугуна байланыштуу Кумтөр кени азыркы убакта токтотулуу жана андан кийинки консервация тобокелчилиги алдында турат.
Учурда Кумтөр өлкөдөгү жалгыз олуттуу инвестициялык долбоор болуп саналат. 90-жылдардын ортосунан баштап иштөө менен компания өлкөнүн ИДПсынын 10пайызга, өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 50пайызга жакынын, экспорттун 50пайыздан ашыгын жана мамлекеттин бардык салыктык төлөмдөрүнүн 20пайызга жакынын камсыз кылуу менен өзүнүн республиканын экономикасына олуттуу салымын дайыма көбөйтүүдө.
Компаниянын өлкөнүн республикалык бюджетине ар жылдык салык, бажы жана башка милдеттүү төлөмдөрү 6 миллиардга жакын сомду түзөт.
КРнын Социалдык фондуна Компания (17,25пайыз) жана иштөөчүлөрү (10пайыз) которуучу камсыздандыруу взносторунун өлчөмү жылына 1 миллиард сомдон ашат.
Бул каражаттар бюджеттик уюмдардын иштөөчүлөрүнө эмгек акы төлөөгө, калктын аялуу жана социалдык корголбогон катмарларына ар кандай мамлекеттик социалдык жөлөкпулдарды жана пенсияларды төлөп берүүгө жумшалууда.
Андан тышкары, ишкана областты өнүктүрүү фондун түзүү, мектептердин, медициналык мекемелердин курулушуна жана ремонтуна каражаттарды которуу, чакан жана орто бизнести колдоо менен Ысык-Көл регионуна олуттуу финансылык жардам көрсөтүүдө.
Азыркы учурда "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКында Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналышкан 2500дөн ашуун кызматкер эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүшүүдө. Ошондой эле Кумтөр долбооруна подряддык уюмдар да тартылган, аларда 1000ден ашуун адам иштейт. Бул иштөөчүлөр ар күнү өз ишмердигин бийик тоолуу, алыскы жана кыйын жеткиликтүү оор шарттарда жүзөгө ашыруу менен татыктуу эмгек акы алышууда, аны менен үй-бүлөлөрүн багышууда жана жакын туугандарына жардам беришүүдө.
Кумтөрдө өндүрүштү токтотуу өлкөнүн бюджетинин тартыштыгына, тиешелүү төлөмдөрдү камсыз кылуунун мүмкүн эместигине алып келет, ал өз кезегинде экономикалык туруксуздукка жана социалдык жарылууга түрткү бермекчи. Иш орундарын, киреше булактарын жоготкон учурда ишкананын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өздөрүнүн эмгекке конституциялык укуктарын коргоо үчүн массалык демонстрацияларга жана митингдерге чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. А бул оңдоого болгус кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн.
"Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын эмгек жамааты Компания өз ишмердүүлүгүн Кыргызстандын аракеттеги мыйзамдарына гана ылайык жүргүзүүгө жана өндүрүштүн адам өмүрү үчүн коопсуздугуна кепилдик берүү, экологиялык нормаларды жана талаптарды сактоо менен тоо-кен иштерин жүргүзүүгө бардык уруксаттарга ээ болууга тийиш деп эсептейт. Ошол эле учурда биз анын ичинде жер астындагы ыкма менен да Давыдов мөңгүсүн иштетмейинче Кумтөрдө өндүрүш мүмкүн эместигин түшүнөбүз. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу болуп аны иштетүү жана кошуна Кичи Сары-Төр капчыгайына орун которуштуруу болуп саналат. Кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Урматтоо менен, эмгек жамаатынын атынан "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын кесиптик бирлик комитетинин төрагасы
А. Жакыпов