Эсиңе түйө жүр…
Токтогулду билген барбы?

(Башы өткөн санда)

Булуттары бирдей бүркөлүп, ырай-түрү окшош, жааса жамгыры, соксо муздак шамалы окшош. Токоң дүйнөдөн кайтып жатканда муздак шамал согуп, куураган жалбырактар учкан экен. Анча-мынча жыл өткөн соң, ошондогу муздак шамалдын таасири кимдир бирөөнүн эсинде эрте жаздын элесин калтырган болуу керек. Ал эми куураган жалбырактардын учканы - жазга эч тиешеси жок, ал күздүн гана белгиси.
Айтор, ушу бүгүн колубузда Токтогулдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жөнүндө мындан жарым кылым мурда Жоомарт түзгөн алгачкы схема гана бар. Ал схеманын тегерегинде кийин Жаки Таштемиров алынын келишинче иш тырмалап жүрүп, көзү өттү. Ошолорго ыракмат. Болбогондо, азыр "Токтогул ким?" десе, эчтеме билбей отурмак окшобойбузбу.
Токтогулдун мурастарын издеп таап, ырларынын тарыхын тактап, ширесин чыгара элге жеткириш, пропагандалоо, өмүр баянына тиешелүү толгон-токой бөксөлөрдү толтуруу аракети ир алды окумуштуулардын милдети экени белгилүү. Бирок, тилекке каршы, Токтогул жөнүндөгү болгон-турган чарбабыз, түшүнүгүбүз окуу программасы менен гана чектелип калгандыктан, ага кызыгуу жүз жылдык юбилейинен кийин таптакыр унутулган. Натыйжада азыр Токтогулду изилдеген окумуштуу жок, аспирант бар деп да укпайбыз. Жеке Токтогул эмес, төкмө поэзия жана анын өкүлдөрү эч кандай изилдөөгө алынбай "дың" бойдон келатат. Бул жерде мен төкмө поэзияны көкөлөткүм келбейт, өзгөчө изилдөөгө татыктуу экенине гана көңүл бурмакчымын, анткени, ал биздин элдин маданий өсүп-өнүү жолундагы тамыры кеңири жайылган, тарбиялык да, дүйнө таанытуучулук да мааниге ээ болуп, гезит-журналыбыз жок кезде гезит менен журналдын, театр жок кезде театрдын ордун баскан орчундуу өнөрүбүз. Бул өнөрдүн гүлдөгөн учуру, комуз күүсү менен кошо коштолуп, кол ойнотуп чертүү ыкмасы, артистизмге такшалуу, угуучуларга ылайык репертуар сунуш кылуу маданияты, устат атанып, шакирттер тарбиялоо Токтогулдун доорунда массалык мүнөзгө жеткенин - аны да эскерүүлөрдөн ачык баамдайбыз. Токтогулдун өмүрү, жашоосунда болуп өткөн бай окуялардан кабарыбыз өтө аз болгондугунан улам анын таптык позициясы жөнүндөгү түшүнүгүбүз да ушу күнгө чейин өтө эле тайкы, а түгүл, күлкү келтирерлик мажес абалда. Бай, кедей десе эле өйүз-бүйүз жаатташып, жолугушкан жерде кырчылдашып калчулардан бетер, баягы жылы бир жазуучубуз: "Бай-манаптар отурган үйдү көрсө Токтогул акырын бастырып барып, аттан түшпөй ашата ырдап жиберип, качып кетчү экен", - деп жазганындай эле вульгаризаторлук деңгээлден чыга албай келатабыз. Эскерүүлөрдү окуп отурсак, Токтогулдун мүнөзү, жүрүм-турумунда андай зөөкүрчүлүктүн кенедей да белгиси жок. Сөзмөр да, сылык да, куудул да, сыпаа да, тамашакөй да, адептүү да болуптур. Токтогулдун үлгү аларлык, биз кеп-сөз кылбай жүргөн, көп жакшы сапаттары бар. Айталык, Токоң уруучулук, жердешчилик деген балээлердин күчөп турган учурунда жашаса да, антип бөлүнүп-жарылганды жек көрчү экен. Оң менен солго бирдей карап, калыс болгон. Ушуга бир мисал. 1928-жылы өнөрпоздордун Фрунзедеги кароосунда шаардык "аткаминерлердин" бири эси жогунанбы же атайылап кайраштыргысы келгенби, Токтогулдан: "Комузду силер кыйын чертет бекенсиңер же аркалыктардын черткени өтөбү?" - дегенде, Токтогул: "Алакандай кыргызды бөлбөгүлө, балдар. Бизди кармаштырып коюп, кызыгыбызга баткыңар бар. Кыргыздын кендирин кескен дал ошол жаатташуу - деп анан комуз күүлөрүнүн түрлөрүн бөлүштүргөн экен. - Күү кандай чыкса, ошо бойдон бузбай черткенди кара күү дейт. Анын мыкчегери Муратаалы экен. Кошумча кошулуп, оңдоп чертилген күү - залкар күү. Аны черткен жагынан Кара Молдого жеткенибиз жок экен. Ал эми биз жакты - кол ойнотмо күү дейт, аны бизчелик эч ким черте албайт. Күүнү барктаган адам үчөөнө бирдей муктаж".
Таланттуу ырчы, мыкты комузчу элдик киши экенин өз кезегиндегилердин арасында Токтогулчалык кан-жаны менен түшүнгөн болбос. Баладыр-чоңдур Токоңдун өнөрүн уккусу келгендер күн кааласа күнү талбай ырдап, түн кааласа түнү аянбай ырдап, эзели бирөөнүн көңүлүн оорутуп, жок деген учуру болбоптур. Анын ошондой асыл сапаты, өнөрүн кызганбай март жашаган шардыгы Калык менен Алымкулга да жуккан болуу керек, кийин алар аны филармонияга дейре ала келип, залкарлардын жакшы жышаанын салт кылып кийиришкен. Өткөндөрүбүзгө изилдөө жүргүзбөй, кайдыгер, кош көңүл жүргөндүгүбүздүн кесепетиби, Токтогулдан Калык, Алымкулдарга өтүп, филармонияга келген ошо керемет салттын тазалыгы, маданий этикасы карыя таланттарыбыздын башы менен кошо кетти өңдөнүп калды.
Айт-айтпа, ушу бойдон жүрө берсек, Токтогулдан ыраактаганыбыз ыраактаган, мурастарынан кол жууганыбыз кол жууган. Айталык, атасы Сатылган жөнүндөгү маалыматтарга эл эмне кызыкпайт бекен? Сөзсүз кызыгат. Бирок биз аны билбейбиз. Билүүгө аракет да болбосо керек? Энеси Бурма сөзмөр, кошокчу киши болгон имиш. Демек, уулуна анын таасири урунттуу болууга тийиш. Бирок дүңүнөн ошентип "кошокчу экен" деп койгонубуз гана болбосо, даана кай жоругун, кандай таасирин, энелик ысык мээримин айтып бере алабыз? Антишке бизде чама жок. Энесин да билбейбиз. Билмек түгүл, Токтогул Сибирден качып келгенде, энеси сокур болуп калыптыр деп, бир айтсак, бир туруп - көзү бардай имиштерди угабыз. Кайсынысы туура? - бүдөмүк калууга тийиш эмес бул маселе. Ал эми уулу Топчубай менен аялы Тотуя жөнүндөгү түшүнүгүбүз деле "өлүп калыптыр", "күйөөгө тийип кетиптир" деген менен гана чектелип жүрбөйбү! Айтор, Токтогулдун айланасында али ачылбаган толгон-токой суроолор көп, табышмак болуп эле кайнап жатат. Алардын көбү эми эч качан жандырылбас? Учуктары жоголуп, табылгыс жайга житкендир? А балким, айрымдары эл арасында айтылып да жүргөндүр? Маселен, өзүнө замандаш атактуу ырчылар, комузчулардын баары менен Токтогул тыгыз мамиледе болуп, көп жолу айтышкан экен. Ал учурлардын канчасын билип, канчасын билбейбиз? Өңгөнү коө туруп, айтылуу Жеңижокту эле алалычы. Токтогул аны жогору баалагандыгы эки сап ырында жолугат. Менимче, ошол эле болбосо керек. Жеңижоктун таланты Токтогулду кайдыгер каратмак эмес. Экөөнүн бири-бирине жылдызы кандай болду экен? Бири-бирин баркташканбы же жокпу?...
Деген менен, Токтогулду биз билбейбиз. Кенебестигибиз, кайдыгерчилигибиздин кесепетинен ушундай чийки жерлерибиз көп азыр. Ал кесепет өз тегибизге, кечээги турмуш, эстетикабыздын салтына, тарыхыбызга "кызыкпай" калган кийинки жылдардагы надаанчылыгыбыздын натыйжасы.
Токтогул жашаган доор таптык карама-каршылыктардын, карама-каршы көз караштар менен саяий татаал түшүнүктөрдүн жана түшүнбөстүктөрдүн, социалдык акыйкатсыздыктар менен караңгычылыктын доору болгон. Ошондой доордун кыйынчылыктарында Токтогул өнөрпоз катары да, ата-уул катары да калыптанып, сүргүндөн кийин биротоло бышып жетилген инсан. Ал жашаган доорду кошо жашап, ал жүргөн жерлерде жүрүп, ал аралаган элди бирге аралап, ал көргөн жашоо-тирилик, турмуш-жайды бирдей көргөн зор таланттар Кетмен-Төбө, Талас, Аксы, Жалал-Абад тараптардан ошо кезде көп чыккан. Алардын арасында ырчылыгы, акындыгы жагынан Токтогулдан өткөнү да, өтө албаганы да болгон дешет. Бирок Токтогул чыккан чокуга, ал жеткен коомдук-саясы жана улуттук бийик кадыр-баркка эч бири жете алган эмес. Анын себеби, албетте, жашоо-шарт, коом түзүлүшү, теңчилик жана теңсиздик жөнүндөгү, күйүмдүүлүк жана тагдырга моюн-сунуу жөнүндөгү ошол замандагы жалпы көз карашка, түшүнүктөргө байланышкан. Анын себеби, ошол доордогу адилеттик жана адилетсиздиктин абалына байланышкан. Андай экен беркилер эмне, коомдун абалын, элдин ал-жайын, турмуш-шартты Токтогул көргөнчөлүк көрбөппү да Токтогул туйганчалык туйбаппы? Андай болушу да мүмкүн. Ата-бабадан бери каныгып, көп жылдар бою көндүм болуп калган күнүмдүк турмуштун акыйкаты кайсы, акыйкат эмеси кайсы? - баамдай коюш оңой-олтоң жумуш эмес. Аны байкаш үчүн, ботко сымал жуурулушуп жаткан боөктордун агын ак, карасын кара - ар бирин иреңине ылайык иргей билиш үчүн өзгөчө зээн, өзгөчө кыраакылык керектир. Өңгөлөрдөн озуп өткөн себеби, алигидей өзгөчөлүктөн табигат Токоңо өлчөөсүз эле берген сыяктанат. Ага кошуп кудай таала талантты да аябаптыр.

Кыргыз эл жазуучусу
Бексултан Жакиев

(Уландысы бар)