Темир Сариев,
Экономика министри:
"Президент өкмөттү же парламентти
таратуу боюнча чечим кабыл алышы керек!"

- Темир Аргенбаевич, Бажы уюмуна кирүү маселеси, анын күңгөй-тескейи, пайда-зыяны тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
- Белгилүү болгондой, Россия, Белоруссия жана Казакстан мамлекеттери Бажы биримдигин түзүп чыгышып, ал уюм 2010-жылдын 1-январында иштеп баштаган. Бирок Казакстанда бул уюмдун эрежелери 2011-жылдын июнь айынан тарта ишке киришти. Бул үч өлкө жалпысынан жаңы уюмдун эрежелерин аныктай турган 110 нормативдик документтерди кабыл алышкан. Биз Бажы биримдигине кирсек, ошол эрежелерди кабыл алышыбыз керек. Ал эрежелер биздин соода-сатык тармагындагы ар кандай товарларды Бажы биримдигине мүчө болгон мамлекеттерге чыгарууга жеңилдетилген шарттарды түзө турган эрежелер болот. Эгер биз аталган уюмга кирбей турган болсок, алар башка мамлекеттердин товарларына койгон талаптарды бизге да коёт, натыйжада биздин товарлардын экспортко чыгышына бир топ бөгөт болуп калат.
- Мисалы, кандай жеңилдик болушу мүмкүн?
- Биринчиден Бажы биримдигине мүчө болгондон тартып биздин товарлар Россия, Казакстан жана Белоруссияга эч кандай бажы төлөмдөрү жок, жеңил өтө баштайт. Текшерүү иштери да бир топ жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул өлкөлөр аралыгында бажы чек арасы болбойт. Ал үчүн биз коопсуздук, техника, регламент жагынан бир топ иштерди жасашыбыз керек. Биздин аракеттерибиз алардыкына шайкеш келгенде, ал жагынан да бир топ жеңилдиктер болот. Айрымдар түшүнбөй эле бажы биримдигине кирсек, соода тармагы токтоп калат деп айтып жүрүшөт. Бүгүн биз ал биримдикке кирген жокпуз, бирок ошондой болсо да "Дордой" базарында соода мурункудай болбой азайып, начарлап калганын ишкерлер айтып жатышат. Анткени, соодагерлер "Дордойго" товарларды негизинен Кытайдан, анан Түркия, Индия, Иран, Корея ж.б. мамлекеттерден алып келишип, бул жерге топтоп, анан Казакстанга, Россияга чыгарышчу. Эми аталган мамлекеттер өз чек араларын жаап: "Мындан ары, Бажы биримдигинин эрежелери менен киресиңер" деген талабын коюп койгондуктан улам, анын натыйжасы ушундай болуп турат. Ошондуктан, биз Бажы уюмуна кирбей турган болсок, "Дордой" сыяктуу чоң дүң базарлар өз иштерин таптакыр токтотот. Себеби, биздин ички рыногубуздун керектөөсү абдан эле чакан. Сан менен так айтканда бизге чет мамлекеттерден кирип жаткан жалпы товарлардын 20 пайызы эле калат, калган 80 пайызы сыртка кетет. Соодагерлер Бажы биримдигинин артыкчылыктарын мурун түшүнбөй жүрүштү эле, эми түшүнүштү.
- Бажы тарифтери кандай болот?
- Биз жалпы коомчулукка чындыкты айтышыбыз керек. Азыр бизде бажы тарифи бир килограмм товарга 35 цент, жол киресин кошкондо жалпысынан 80 цент болот. Казакстандын ишкерлери болсо, акыркы учурда жөнөкөйлөштүрүлгөн формада жол киреси менен жалпысынан 2,4 доллар төлөшөт. Ушул маселе эң негизги маселелердин бири. Эгер биз Бажы биримдигине кирбесек, анда бул уюмдун эрежеси менен, мисалга Кытайдан алып келген товарларды Казакстанга чыгаруу үчүн бажы тарифинин баасы 3 доллардан ашык акча болуп кымбаттап кетет. Ошондо, азыркы өзүбүздүн 80 цент баабызды ага кошсок, бир килограмм товар 4 долларга чейин кымбаттайт. Албетте, бул жерде эч кандай атаандаштык болбой калат. Мүчө болгондо, бажы тарифтерибиз Казакстандыкы менен тең келип, биринчи кезекте ишкерлерге шарт түзгөн болобуз. Экинчиси, Бажы биримдигине киргенден баштап, бизде өндүрүлүп жаткан товарларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Анткени, биз айыл-чарба азыктары, жер-жемиш, кийим-кече, эт, тирүүлөй мал ж.б. товарларыбызды негизинен Россия менен Казакстанга сатабыз. Андан тышкары, өзүбүздө кайра өндүрүлүп чыккан товарлар да ушул өлкөлөргө кетет. Бул эки өлкө биздин негизги чоң базарыбыз деп койсок болот. Эгер Бажы уюмуна кирбей калсак, анда ал базар биз үчүн жабык болот да, соода тармагына чоң бөгөт тосулат.
- Ошол биздин чоң базарыбыз болгон эки өлкөгө сатылып жаткан жалпы товарларды сан менен так айтып койсоңуз?
- Россияга жашылча-жемиштерибиздин 36 пайызы, пахтанын 65 пайызы, Токмоктогу айнек заводубуз өндүргөн товардын 42 пайызы, радиаторлорду чыгарган заводдун 35 пайыз товары, ошондой эле бизде тигилип жаткан кийимдерибиздин 96 пайызы Казакстан аркылуу аталган мамлекетке кетип жатат. Майлуу-Суудагы лампа заводунун өндүргөн товарынын 26 пайызын да сатабыз.
Казакстанга жер-жемиштерибиздин 45 пайызы, айнек заводунун 52 пайыз товары, пахтанын, сүт-азыктарыбыздын 85 пайызы, базарга чыккан малдардын 73 пайызы сатылат. Жогоруда айткан лампа заводубуздун 30 пайызы кетет. Белоруссияга болсо, жогоруда айткан радиатор заводунун 59 пайыз товары экспорттолууда. Кыскасы, бул үч мамлекет биздин негизги соода-сатык жүргүзгөн өнөктөш мамлекеттерибиз болуп эсептелет.
Ушундай жакшы жолго коюлуп калган соода тармагыбызга бөгөт коюп, чек араларыбызды жабышыбыз керекпи? Бажы уюму тууралуу ар ким ар кандай сөздөрдү айтып, саясатташтырып жиберишти. Мына Казакстан дүйнөнүн 50 бай мамлекеттеринин катарына киребиз деп максат кылышты эле, киришти. Демек, алар өздөрүнүн мындай жетишкендиги үчүн биздин соода тармагыбыз үчүн чек арасын ачып коймок беле? Албетте, ачпайт. Ошентип, ортодо баягы эле соода менен жан баккан эл кыйналып жатпайбы. Айрымдар коомчулукка: "Бажы уюмуна мүчө болуп кирсек, эгемендүүлүгүбүздү жоготобуз" деген сыяктуу ар кандай сөздөрдү айтышып, бул маселени саясатташтырып жиберишти. Мен баса белгилеп айтып кетейин, биз Бажы уюмуна кирсек, эч кандай эгемендүүлүгүбүздү жоготпойбуз. Тышкы, ички, бажы, салык жана жалпы эле экономикалык саясатыбыз азыркыдай эле өз калыбында калат. Тескерисинче, көбүрөөк пайда табабыз. Бирок бул жерде Бажы уюмуна кирген мамлекеттер менен өзүбүзгө пайдалуу келишимдерди түзүүгө жетишип, ошону менен катар жалпы келишимдерди аткарышыбыз зарыл.
Россия бизге үстөмдүк кылып калат деп айтып жатышат. Бул таптакыр туура эмес. Ал жерде атайы Евразиялык, экономикалык комиссия бар, алардын баары жумушчу орган. Жумушчу органда кичине жана чоң мамлекет деп бөлүнбөйт. Демек, Россия, Казакстан, Белоруссия Бажы биримдигинде бирден добушка ээ болсо, буюрса Кыргызстан да мүчө болгондон тартып толук кандуу бир добушка ээ болот. Эксперттер ушул боюнча да билбей, ар кандай айтып жатышат. Ошондой эле бажы төлөмдөрүн чогултуп туруп, аны мамлекеттердин экономикалык үлүшүнө жараша бөлүштүрүлөт.
- Кандай тартип менен бөлүштүрүлөт? Биздин ала турган үлүшүбүз канча пайыз болот? Негизги үлүш Россияга тиет да...
- Биздин соода-сатыкты Россияныкына салыштырып болбойт да. Учурда бул мамлекеттин үлүшү 87,97 пайыз, Казакстандыкы 7,33 пайыз, Белоруссияныкы 4,70 пайыз болуп жатат. Ал эми биздин үлүш канча пайыз болорун азыр дыкаттык менен эсептеп, санап жатабыз. Так саны чыга элек. Аны негизги келишимге кол коёрдо так санын айтабыз. Бирок Россиянын, Казакстандын экономикасы өскөн сайын, бизге кирешелер түшө берет. Өкмөттүн Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасы ачыкка чыккандан баштап, айрымдар Кыргызстан бул уюмга мүчө болду деп түшүнүп алышты. Жок. Азыр биз мүчө боло элекпиз. Бажы биримдигине кирүү боюнча негизги келишимде уюмга кирүү мөөнөттөрү, биздин сурап жаткан жеңилдиктер, өзгөчөлүктөр, биздин үлүшүбүз, айтор баары жазылат. Бирок бул оңой-олтоң иш эмес, бир топ кыйыныраак иш болот. Андан соң, ал келишим эл аралык документ катары парламенттен ратификациядан өтүп, аны президент бекиткенден кийин гана толук мүчө болдук деп айта алабыз.
- Ал иштер аткарылып бүткөнчө канча убакыт бар?
- Өкмөттүн Бажы биримдиги боюнча жол картасынын алкагында көрсөтүлгөн иш-аракеттерди аягына чейин чыгаруу мөөнөтү 2015 - жылдын ичинде болуш керек.
(Уландысы 10-бетте)
(Башталышы 8-бетте)
- Бажы биримдигине кирсек, биздеги айрым буюмдар 15 пайызга чейин, айрымдар 30 пайыз кымбаттаарын эксперттер тынымсыз эле айтып жатышат. Бул да бекер жерден айтылган жок да...
- Россия дагы, биз дагы Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсүбүз. Казакстан ага кирүү аракеттерин көрүүдө. Ал уюмда да жалпы кабыл алынган тартиптер жана тарифтер бар. Ошондой эле, өзүбүзгө алган милдеттемелер бар. Убагында БДСУга мүчө болуп кирип жатканда жалпы бажы тарифтери 7, 4 пайыз болсун дегенбиз. Бизде бүгүнкү күндөгү тариф 5, 04 пайыз. 50 пайыздан жогорку товарларга биз 0 деген ставканы койгонбуз. Бул жерден айтып койчу маселе биз Бажы биримдигине киргенде импорттук гана тарифтерди жөндөйбүз. Экспорттук товарларга тарифтерди коюп, кандайдыр бир товарларды чыгарсак, ал өзүбүздүн ишибиз. Россия да өзүнө милдеттемелерди алган. Аларда бүгүнкү күндө бажы тарифи 9 пайыздын тегереги. Бирок бул тарифти 2017-жылга чейин 7, 4 пайызга түшүрүшү керек. Туура, биздин өлкө бул уюмга мүчө болгондон баштап, кандайдыр бир товарларга тарифтер өзгөрүшү мүмкүн, бирок көбүнчөсүнө өзгөрбөйт. Айтсак, биз биринчи санаганда 2500 ар кандай товардык позиция болуп айырмаланып жаткан эле, бирок кайра терең изилдеп санап чыкканда 400дөн ашык товар позиция болду. Азыр дагы эсептеп, тактап жатабыз. Себеби, кээ бир товарлар бизге сейрек, аз санда кирет. Ал эми айрым бир товарлар үчүн өткөөл мезгилде кандайдыр бир жеңилдиктерди алабыз деген максатыбыз бар. Мындай тажрыйба бар. Маселен, Казакстан Бажы уюмуна киргенде 400дөн ашык товардык позицияга жеңилдиктерди алган. Азыр ал сан азыр 40тан 30га чейин кыскарды. Кымбаттоо маселесине көбүнчө автоунааларды айтып жүрүшөт. Муну да тактап айта кетейин. Биз Евразиялык, экономикалык комиссия менен бул боюнча да сүйлөштүк. Автоунаа чет мамлекеттерден бизге ташылып келип каттала турган товар. Аларды өзүбүздүн тарифтер менен киргизе берсек болот. Бирок ишкерлер Япониядан, Германиядан алып келген автоунааларды Казакстанга сата албайт. Эгер сата турган болсо, алган казак жараны өздөрүнүн мыйзамына жараша бажы төлөмдөрүн төлөшү керек. Бул маселенин эки жагы да бар. Бизге азыр жашы улгайган, бери болгондо 10-15 жыл болгон машинелерди алып келип жатышат. Ал өздөрүнүн ресурстарын акырындап жоготкон. Кычкылтекти көбүрөөк иштеп чыгып, натыйжада экологияны булгап жатат. Ошон үчүн Бажы биримдигине кирбей турган болсок да, биз эски машинелерди алып кирүүнү токтотуп, кандайдыр бир чек коюшубуз керек. Акыркы убакта муну көптөр, айрыкча жаштар талап кылышууда.
- Кандай чек коюлушу мүмкүн?
- Азыр бизге 13 жыл болгон машинелер кирип жатат. Ошону биз бара-бара 5 жылга чейин кыскартып койсок абдан жакшы болот эле. Ошондо биз экологияны сактайбыз. Болбосо биздин шаардагы экология маселеси эмне болуп жатканын баары көрүп, билип жатат. Бирок муну кыска убакытта кыскарта албайбыз, себеби бажы тарифтери абдан кымбат болууда.
- Биз БДСУга 1998-жылы эле мүчө болуп киргенбиз да. Эгер биз Бажы биримдигине кирсек, ошол БДСУга мүчө болгон 160тан ашык мамлекеттин ар биринен уруксат алышыбыз керек, ал бир топ убакыт жана каражат деп айтылууда...
- Бул туура эмес түшүнүк. Эч бир мамлекеттен уруксат албайбыз. Эч кандай чоң айыптарды да төлөбөйбүз. Эмне болушу мүмкүн? Эгер кайсы бир мамлекет бизге эт алып кирип жатса, анан биздин бажы тарифтерибиз Бажы уюмунун мыйзамдарына ылайык 5 пайыздан 10 пайызга чейин көтөрүлүп кетсе, ошондо ал мамлекет бизге мурункудай жеңилдик бергиле деп кайрылышы мүмкүн. Биз анда жеңилдикти өздөрү алып кирип жаткан эт менен эмес, башка товарына жеңилдик берип койсок болот. Мисалы, биз аларга силер суу майын да киргизип жатасыңар, мурун ага бажы тарифи 5 пайыз экен, эми 0 кылып коёлу деп жеңилдик берсек болот.
Биз БСДУга мүчө болуп жатканда башка интеграциялык уюмдар түзүлсө, биз аларга кирүүгө укуктуубуз деп айтканбыз. БСДУга мүчө болгон мамлекеттердин баары ушундай укукка ээ. Мисалы, Евробиримдик. Бул дагы Бажы биримдигине окшогон, керек болсо андан да чоң биримдик. Алар өздөрүнүн парламентин, өкмөтүн түзүштү. Ар бир багыттар боюнча комиссарлары бар. Ошондой эле бирдиктүү валютасы болгон еврону кабыл алышты. Айтор, Бажы биримдиги боюнча ар кандай ушак-айыңдарга ишенбеш керек. Экономика министрлигинин өзүнүн сайты бар. Ошол сайтта баарын ачык-айкын жазып койгонбуз.
- Эгер парламент Бажы биримдигине кирүү маселесин колдоого албай койсо кандай болот?
- Аны убакыт көрсөтөт. Эгер колдобой койсо, Кыргызстан Бажы биримдигинин мүчөсү болбой калат. Бирок жоопкерчиликти ким алат?! Өкмөт киргизип жатса, парламент колдобой четке кагып жатса, анда өкмөт ишеним тууралуу маселени коюшу керек. Анчалыкка жете турган болсок, укук президентке өтөт. Президент өкмөттү же парламентти таратуу боюнча чечим кабыл алышы абзел.
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев