Убара болгон убадалар...

Ошентип депутаттар жайкы каникулга тараарына аз калды. Бир жыл бою кыйраткансып, элибизди жыргаткансып олчойгон "отпускнойду" чөнтөккө салып, эки жумадан кийин эдиреңдеген бойдон эс алууга жөнөшөт. Бул азыркы чакырылыштагылардын акыркы каникулу экен. Төрт жыл ичинде парламенттеги беш фракция эмне иш кылды, эл төлөгөн салыктын эсебинен эбегейсиз айлык алгандар ал акчаны актадыбы? ЖКдагы беш фракция берген убадаларын аткардыбы? "Айтылган сөз, атылган ок" экен. Анда эмесе мындан 4 жыл илгери алтын шилекейлер чачырап айтылган убадаларга токтоло кетсек:


"Ата Мекен" партиясы:
Алты айда криминалды айдап чыгабыз!
2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Өмүрбек Текебаев башчылык кылган "Ата-Мекен" партиясы күнү-түнү үнүн баспай, момундай убадасын беришкен:
- Парламенттик шайлоодо утуп чыксак, бизге өлкөнү криминалдан толук тазалоого алты ай гана убакыт жетет. Биздин өлкөдө криминалдык авторитет дагы, "смотрящий" дагы, "вор в законе" дагы болбойт. Биз алардын ар биринин ысымын, каерде жашап, каерде тураарын, кандай иштер менен алектенээрин дагы билебиз. Кыргызстан бандиттердин эмес, мыйзамдын өлкөсү болот, Кыргызстанда бир гана авторитет өкүм сүрөт. Ал мыйзам. Биз муну чечкиндүү түрдө убада кылабыз.
Арадан алты ай эмес, аябай эле көп убакыт өттү. Авторитеттериң абалкысындай эле жүрөт. "Вор в законе" дегендер деле жоголо элек. Жоголмок түгүл Батукаев дегени бул бийликтен жолдуу болуп, аман-эсен алыскы мекенине кетип калды. Көлбаев дегени бир жумадан кийин, 8-июнда эркиндикке чыкканы турат. "Ата-Мекен" айткан мыйзамдын авторитети өкүм сүргөнүн азырынча сезе элекпиз.


"Республика" партиясы:
7 пайыздык насыя, өз баасындагы энергия
Шайлоого 3-4 ай калганда шашылыш түрдө куралган "Республика" партиясы 2010-жылы укмуштуудай шоу уюштурган. Бабанов барган жерин кызыл-тазыл шариктер менен кооздоп, үйлөтүлгөн шар менен асманга учуп, далайдын үрөйүн учурган. Бабановдун "балч" этип кулап түшөөрүнөн эмес, ал шарга корогон кайран акчага үрөйү учкан. Андагы айтылган убадалар да дагы "республикачылардын" үйлөтүлгөн шары сыяктуу эми жел экени эми ачыкка чыгып отурат. "Республика" партиясы көп убадаларынын биринде:
- Айыл-чарбаны өнүктүрүү үчүн дыйкандарга 7 пайыздан насыя беребиз. Бул - ар бир фермер үчүн кыял! "Республика" партиясы бул кыялды ишке ашыра аларына ишенет. Электр энергиясын өз баасында сатып, бул тармактагы 40 пайызга чейин жеткен техникалык жоготууну жоёбуз - деп айткан.
Фермерлер менен дыйкандар үчүн чынында 7 пайыздык кредит кыял боюнча калды. Жогорудагы жалындуу сөзүн айтып жатканда алдындагы көзүн жалтыраткан элге бабановчулар ичтеринен "кыялдангандын зыяны жок, пайдасы андан бетер жок" деп мыйыгынан күлүп алышса керек. "Электр энергиясын өз баасында сатабыз" дегендер электр энергиясына болгон бааларды көтөрөбүз дегендерге татыктуу жооп айтканга жараша элек. "Энергетика тармагындагы техникалык жоготууну 40 пайызга азайтабыз" - дешти эле, "республикачы" министр Аскар Шадиев азайтпай эле ашырып берди. Ушундай ооз көптүргөн кооз сөздөр менен парламентке үчүнчү орунду алып, үймөлөктөшүп келген "республикачылар" бүгүн элге берген убадасын унутуп, ички интригалык иштери менен убара болуп жатышат.
(Уландысы бар)
Тиленбек Азык