Абдыбек Дүйшалиев,
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт
каражаттары жана айдоочулук каттоо департаментинин жетекчиси:
"Данияр Үсөновдун коррупциялык схемасын жокко чыгардык... "
- Абдыбек байке, Жогорку Кеңеш жакында эле сиздер демилгелеген мыйзамдын долбоорун үч окуудан кабыл алды. Алгач ушул тууралуу кенен айтып берсеңиз?
- Административдик кодекстин өз убагында каттоого турбаган машинелер боюнча өзгөртүү киргизилди. Мурун өз убагында каттоого алынбаган машинелерге айып сала алчу эмеспиз. Эми жаңы кодекстин негизинде жеке адамдарга 1000 сом, кандайдыр бир уюм же фирмаларга 2000 сом айып сала алабыз. Парламентте чоң талкуудан өттү. Кээ бир депутаттар айыптын суммасын 10 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Дастан Бекешов такыр эле каршы чыкты. Акырында карапайым элди да эске алып, 1000 сом туура деген чечимге келдик.
Учурда президенттин кароосунда. Чынында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн сатык үчүн келген машинелер кимдир-бирөөлөр келип сатып алмайынча айлап-жылдап көчөлөрдө, базарларда каттоого алынбай тура берчү. Мисалы, Бажы кодексинде "10 күндөн ашык кечиксе, айыпка тартылсын" деген жобо бар. Биз мына ошону мыйзамдаштырдык. Бул абдан жакшы чечим болду. Анткени мындан ары биздин сырттан ташылып келген машинелердин баары биздин базага кирет. Биз болсо, азыркыдай болбой, буюрса жалпы машиненин санын так айтып калабыз.
- Ичип алып машине айдагандарга 50 миң сом айып салуу керек деген мыйзамдын долбоору тууралуу эмне айтасыз?
- Ал мыйзамга МАИ демилгечи болуп жатат. Менимче, ичкендерди чоң айып менен тыябыз деп, өзүнчө бир коррупциялык схеманы ойлоп чыгарып жатышат го дейм. Себеби, жолдон биринчи эле ичип айдаган айдоочу менен МАИнин ортосунда соодалашуу болот. Эгер андан өтүп кетсе, сотко барат. Ал эми биздин соттор ар дайым эле адилеттүү чечим чыгара беришпейт. Кандай болгон күндө да коррупциялык схема сакталып калып жатпайбы. Акчасы барлар ичип айдап жүрө беришет, кармалып калса МАИ менен соодалашып, кутулуп кете беришет да.
Ошондуктан, акчалай айып салбай, айдоочулук күбөлүгүнөн 1 жылдан 3 жылга чейин, эгер мас болуп киши сүзүп өлтүрсө, он жылдап же өмүр бою ажыратып койсок өз натыйжасын бермек. Эч кандай коррупциялык схема да болмок эмес, ичип айдагандар 1 же 3 жыл машине айдабай, көчөлөрдө быкылдаган машинелердин саны аз да болсо азая түшмөк да.
- Сиздерде каттоодо турган машинелердин жалпы санын айтсаңыз?
- Эч кимге жашыруун эмес, бүгүнкү күндө миллиондон ашык машине бар. Эми кырсыкка көбүрөөк кириптер болгон оң рулдуу машинелер тууралуу айтайын. 2006-жылы Кыргызстанда биринчи жолу катталып 3100 оң рулдуу машине келсе, быйылкы жылдын 4-5 айдын жыйынтыгында 39 миңге жакын машине катталды. Жалпы саны 140 миңден ашып кетти. Алардын көбүн жаштар айдашат. Алар биринчи авто мектептерден сол жактагы машинелерди айдап үйрөнүшөт да, оң рулдуу машине алышат. Экөөндө айырма болгондуктан, көбүрөөк жол кырсыгына учурап жатышат. Мисалы, МАИнин быйылкы жыл боюнча маалыматында 377 жол кырсыгы болгондугу айтылууда. Бул көрсөткүч 227 болчу, ошондо 70 пайызга өскөндүгүнөн кабар берип турат. Былтыр каза тапкандар 31 болсо, быйыл 54кө чыкты. Ар кандай деңгээлде жаракат алгандар былтыр 372 болсо, быйыл 572ге жетти. Ошон үчүн өкмөт оң рулдуу машинелерди алып келүүгө тыюу салуу демилгесин парламентке сунуштап жатканы туура маселе деп эсептейм.
- Саны көп, сапаты жок авто мектептер тууралуу кандай пикирдесиз? Сиздер бул маселе боюнча кандай иштерди колго алып жатасыздар?
- Кыргызстанда жалпысынан 229 авто мектеп каттоодо турат. Ал мектептерди жыл сайын 4 чоң ведомство - министрликтер менен бирге, комплекстүү түрдө текшеребиз. Бул жерде Билим жана илим министрлиги авто мектептерге лицензия бергендиктен, ал министрлик текшергенге өзгөчө катышат. Эгер кайсы бир мектеп талапка жооп бербесе, анда ал комиссиянын чечими менен убактылуу жабылат. Такыр жаап салууга болбойт. Себеби, анын процедурасы узак экен. Ошондуктан убактылуу жабылат, кийин кайра талаптарга жооп бергенден кийин ачылып жатышат. Мен жалпы авто мектептердин абалы жана сапаты мыкты деп айтуудан алысмын. Мисалы, көбүнчө авто мектептердин өзүнчө машине айдата турган атайы жери жок. Ушул сыяктуу бир катар кемчиликтер бар. Бирок текшерүү канчалык катуу болсо, кемчиликтер ошончо жоюлуп жатканын жылдан-жылга байкап жатабыз. Былтыр биз 229 мектептин ичинен 51 авто мектепти убактылуу жаптык.
Ал эми быйыл жыл башынан авто мектептерди бүтүп, 21 844 миң адам айдоочулук күбөлүк алса, былтыр 4-5 айдын ичинде 24 миңге жакын адам алган.
- Сиздер иштеп жаткан тармакты жакшыртуу үчүн биринчи кезекте жакшы мыйзамдар керек да. Бүгүнкү күндө андай мыйзамдар жетиштүүбү?
- Бизде бир топ жакшы мыйзамдар бар. Бирок өсүп-өнүгүү үчүн дагы да жакшы мыйзамдар болсо ашыкча болбойт. Ушул суроого толук жооп кылып, бир жакшы мыйзам тууралуу кененирээк айтып кетейин. Өкмөттүн транспорттук каражаттарды каттоо боюнча №65 Токтому бар. Жакында ошол Токтомго УКМК менен бирдикте, бюджетти толтуруу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү аракетин көрдүк. Мисалы, айдоочу жаңы машинеге мурунку эски машинесинин номурун калтыргысы келсе, ага уруксат берип жатабыз. Андан тышкары, бир топ жылдан бери машине менен алектенген ар кандай дүйнөлүк компаниялардын (Мисалы: "Тойота", "Ниссан", "Мерседес-Бенц", BMW ж.б.) Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү өз машинелерин бизге алып келип каттоого койгондо, 5 пайыз салык төлөшчү. Бирок эски бийликтин тушунда экс-
премьер министр Данияр Үсөнов атайы токтом менен аны жоюп, ал компанияларды 5 пайыз салыктан такыр эле бошотуп салган болчу. УКМК бул маселени терең изилдеп чыгып, коррупциялык элементтер бар экен деп тапкандыктан, өкмөт Үсөновдун Токтомун жоюп, мурунку Токтомду калыбына келтирди. Эми бардык фирма-компаниялар мурункудай 5 пайыз салыкты сөзсүз түрдө төлөп калышты.
- Демек, коррупциялык схема түзүлүп, бюджетке түшө турган миллиондорду Данияр Үсөнов өз чөнтөгүнө салып келген экен да...
- Ал кишинин өз кызыкчылыгы болгон да. Натыйжада бир нече миллион бюджетке түшпөй келген. Биз муну таптакыр калтырып койбой, бир аз кечигип болсо да жоё алдык. Негизи бул компаниялардын салыктан качкан көп жолдорунун бир жолу болчу. Алар ал максатына мурунку премьер аркылуу жетип алышкан. Мисалы, "Тойота" борбору бир жаңы машине сатса, андан 70 миң сом бюджетке түшчү да. Жылына ал борбор жок эле дегенде 200-300 машинеге чейин сатат да. Ошондо өзүңөр эсептей бергиле.
- Сиз жетектеген департамент өткөн жылы кызмат көрсөтүүдөн бюджетке канча акча түшүрдү?
- Биздин департамент жалпы тейлөө көрсөтүүдөн өткөн жылы 800 млн. сомдон ашык акчаны бюджетке түшүрдүк. Эми жогоруда айткан 5 пайыз салык жана каттоого турбаган машинелерге айып салуу аракеттери толук ишке ашып кетсе, анда андан да бир топ пайда болот.
- Мурунку өкмөт башчы Бабанов айдоочунун ишеним катын жокко чыгарып койбодубу. Ошондон айдоочулук күбөлүгү бар адамдар каалаган машинаны, ал машинанын техпаспорту менен каалаган жакка айдоо мүмкүнчүлүгүн алышты. Бирок анын кесептинен ар кандай кылмыштар өз убагында ачылбай жатат деген нааразычылыктар айтылууда? Бул боюнча эмне айтасыз?
- Бул маселе мурунку өкмөттүн чечими болду. Биздин департаментке эч кандай зыяндуу болгон жок. Бирок менин байкашыма караганда МАИге кыйыныраак болуп калды окшойт. Ошон үчүн бул токтом чыгып жаткан кезде болбойт, бизге керек деп айтып чыгып, коргоп калса жакшы болмок. Себеби, мурун кандай машина болсо да, биз ал жөнүндө ыкчамдык менен толук маалымат берчүбүз. Азыркы учурда машинанын ишеним каты жокко чыгарылгандан кийин, биз каттоого албай калдык. Ушунун кесепетинен менин байкашымча кылмыштуулуктун бетинин ачылышы да азайып кетти десем жаңылышпайм.
- Коомчулукта Мамлекеттик каттоо кызматын, ага караштуу сиз жетектеген департаментти коррупцияга малынган, акчанын үстүндө олтурушат деп бекер жерден айтпаса керек...
- Мурун ИИМдин системасында иштеп турганда, ачык айтканда бизди эч ким келип текшерчү эмес да. Кийин биз Мамлекеттик каттоо кызматына карап калгандан кийин ИИМ, Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, Эсептөө палатасы айтор, баары эле келип текшерип жатышат. Кыскасы, мурункудай жабык болбой, баарына ачык болуп калдык. Кудайга шүгүр, 2013 - жылы биздин кызматкерлер коррупциялык кылмыштар менен кармалган жок.
- Бирок ИИМ акыркы жылдары аталган сиз жетектеген департаментти Мамлекеттик каттоо кызматына, өзүнө кошуп алуу аракетин көрүп келет. Бул боюнча эмне дейсиз?
- Ал аракет азыркы бир топ жетишип калган кадамдан кайра артка кетүү болуп калат деп эсептейм. Ансыз деле ИИМдин иши чачтан көп. Коомчулук жана ар кандай уюмдар ИИМ биринчи кезекте коомдун коопсуздугу жана тартип маселеси менен жогорку деңгээлде иштесе деген пикирди да бекер жерден айтып жатышпаса керек. Биздин байкообузга караганда, мурунку бийлик бул тармактагы коррупциялык системаны жоюу максатында ИИМден бөлүп, Мамлекеттик каттоо кызматына кошуп койгон. Менимче бул туура болгон. Ар кандай жылыштар, бир топ өзгөрүүлөр бар. Мурун мен ээлеген бул кызматта бир майор же полковник олтурган. Ал кишиге кирүү өзүнчө эле кыйынчылыкты жаратып келишкенин көптөр айтып жүрүшөт. Азыр андай жок. Мына өзүңүз көрдүңүз, мага каалаган адам кирет да, маселесин дароо чечип кетип жатат.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев