"Бакиев мага ыйлаган" -дейт...
Белоруссия мамлекетинин алмашкыс президенти Александр Лукашенко Орусиянын "Дождь" аттуу телеканалына качкын жана канкор Курманбек Бакиев тууралуу буларды айтып берди:
"Бакиевди таштап коюшкан. Ал жаш балдары менен Казакстандын түштүгүндө качып жүргөн. Ал мага түндө чалды, бирок байланыша албай калып, эртең менен чалсам, ал шолоктоп ыйлап: "Саша, сен мага эч качан дос эмес элең, башкалар менен дос элем. Бирок мен бүгүн токойдомун. Жок дегенде балдарымды сактап калчы" - деди. Мен Бакиевди алып келгенге учак жөнөттүм. Анан чай ичишип жүргөн адамдар аны эмнеге таштап кетишти"- дейт. Бакиев элин атып, анан элинен качып калчылдап барганын айтпаптыр. Себеби, Бакиев менен тилектеш да. Эртеби-кечпи, Курманбектин тагдыры аны да күтүп турса керек...

Жооптуулар жазалансын!
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Ош 40 күндөн бери газсыз калгандыгы үчүн тиешелүү жооптуу адамдарды кызматтан алып, жоопко тартып жазалоону өкмөт башчысына айтышты. Эгер өкмөт ээсине келип бул маселени ишке ашыра турган болсо, анда биринчи кезекте "Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев жоопко тартылып, абактын артына айдалышы керек. Тилекке каршы, депутаттар менен коомчулук андайды түшүнөн гана көрбөсө, иш жүзүндө Тургунбаев мырза турган жеринде кылым карыткан дүпүйгөн бактай дүпүйүп тура бериши турган иш. Ошон үчүн биздин депутаттар ишке ашпаган маселени кабаанак иттей ажылдап айтып кала беришет. Бирок эч бир натыйжа жок, баягы эле Акаевдин башына окшогон таз кейпибиз менен кебелбей олтура беребиз.


Телефон чукуганга да акыл керек...
Депутаттар акыркы убактарда өздөрүн өзгөчө сезип алышты. Эч кимди теңине албай келгендин баарын кемсинтип жатышат. Мынчалык көпкөндөр акыры барып бирди көрүшчү эле. Илгери Адахам Мадумаров спикер болуп турганда кайсы бир чиновникти "галстугуң жок экен" деп залдан кубалап чыкканы эсибизде. Арадан көп өтпөй "Ак-Жолдун" ошол кездеги атаманы "аласалып", ишсиз көчөдө калган. Азыркы депутаттар да кудум Адаханчасынан эле адыраңдап жатышат. Бирди көрүп, биротоло таркаарына аз калган көрүнөт. Оңой менен каяша айтпаган Оторбаев келгени ого бетер күчөштү. Жолуң болгур Жолдошевасы "Телефон чалсак, өзүңөр албай эмне катчыңар алат?" - деп качырса, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров: "Чиновниктер жыйын учурунда телефондорун чукулап ойноп отурушат, кирип келатканда телефондорун алып коелу" - деп чыкты. Вице-спикер менен фракция лидеринин айтаар сөзү ушубу? Чиновниктер телефонун чукулап жатса, айрым депутаттар оозу-мурдун чукуп отурушат. Аны эмнеге айтышпайт?

"Эрке банкты" эсине келтирчүлөр барбы?
РСК банкынын тейлөөсүнө ичи чыкпагандар менен жини кашайгандардын саны күн сайын арбып барат. Кайсы бөлүмүнө, кайсы убакта барба, каз-катар тизилген узун тизмекти көрөсүң. Бул банктагыларың ишти саат тогузда баштап, бирден экиге чейин түшкү тамагын ичишет экен дагы, саат үчтө ишти жыйынтыктап, тамтаңдап алып үйлөрүн көздөй жөнөшөт экен. "Очереди" жетпей калгандар оозун ачкан бойдон кала беришет экен. Далайды иштен калтырып, далайдын колун байлап жаткан бул банк башкалардан укмуш дейсиңерби? Баягы эле университет, мектеп, бала бакчаларга төгүлчү акыларды Ак үйдөгү "акылмандар" дал ушул банкка "байлап" берип коюшкан. РСКнын башчысы Мурзабеков Эркебай дегени атына заты жарашып, өтө эле эрке көрүнөт. "Эрке болбой эркек бол" - деп ордуна койчулар табылаар бекен?

Цой да соо эмес экен
Абакка түшкөн атактуулар ал жактан ооруга чалдыгып калаары адатка айланды. Карапайым адам камалса ооруп калдыбы, оңкосунан түшүп калдыбы, ага кызыккан киши жок. Паспорт жасаган "Интер Линкс" компаниясындагы чатагы менен атак алган ошондойлордун бири Дмитрий Цой дагы камалаар замат "Гепатит С" дегени кармап ооруп калыптыр. Жаман айтпай жакшы жок дейт, жакын арада камалып кетчүдөй болуп жүрөгү опкоолжуп, бирдемени сезип жаткан атактуулар не бар, не жок ден соолугуңарды чыңдап, бир сыйра дарыланып алгылачы.


Мааракесин Мадылбеков өткөрсүн
Депутат Туратбек Мадылбеков "Эмне үчүн белгилүү саясий ишмер Апас Жумагуловдун 80 жылдык мааракеси быйылкы жылдын мамлекеттик расмий иш-чараларынын тизмесине киргизилген жок" - деп өкмөттөгүлөргө өкүрүп алды. Эмне үчүн киргизилиши керек? Апас Жумагулов алчусун эчак алган, көрчү сыйын эчак көргөн. Өлкөбүздүн өнүкпөй өксүп жатышына бул кишинин деле эмгеги зор. Далай байлыгыбыздын дайыны табылбай калган, кылымдын аферасы аталган "Кумтөр" чатагы ушу кишилер бийликте турганда башталган. Мааракесин мамлекетке артпай, өз акчасына өткөрсүн. Акчасы деле Кудайга шүгүр болсо керек. Апас Жумагулов эмес, атактуу Эл артисттери менен Эл жазуучуларынын мааракелери майрамдалбай эле калып жатпайбы?

Текебаев "тепкилеген " жок...
Парламент өкмөттүн 2013-жылдын эки күнгө созулган отчетун канааттандырышты. Башында, анан ортосунда премьер Оторбаевдин ээсин оодарып, окуучу баладай катуулап урушуп алышты. Айрыкча, Жолдошевага окшогон айрым депутаттар "аңгидей" эле атырылышып жатышып, акырында өкмөттүн отчетун 69 депутат канааттандырарлык деп колдоп беришти. Болгону 4 гана депутат каршы болду. Эң кызыгы тепкилемей жагынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-чакырылышында тең абсолюттук чемпиону деген ардактуу да, азаптуу да наамдын ээси "Ата Мекендин" "атасы" Өмүрбек Текебаев бул жолу өз өкмөт башчысын урушкан жок. Эгер өкмөт башчы өз партиясынан эмес өгөй болгондо, анда "оозу-мурдунан" кан кеткенче тепкилемек. "Өз баласын эл көзүнчө урушпайт, үйдөн урушат" деген ушу да...

Ээрден шыпырылганы турат
Дилинен да, тилинен да чаң чыгып жаткандай элес калтырган өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Тайырбек Сарпашев парламенттен бир чоң маселени чечип алгандай болду. Анысы Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитариялык коопсуздук инспекциясынын башчысы Азизбек Шакировду кызматтан алуу маселеси. "Биз тийиштүү бөлүмдөр менен кызматтык иликтөө жүргүздүк, кечээ мен Азизбек Шакировду кызматтан бошотуу жөнүндө премьер-министрге көрсөтмө киргиздим"- деп тарсылдады. Чынында Шакиров өз кесиби ветеринар болгону менен ишти кыйратып деле билбейт дешет. Маселен ал 90-жылдардан кийин бизнеске кетип калган. Кийин көп нерсени "унутуп" калгандан кийин, бул кызматка келип, жаңы агымга кире албай койдубу, айтор кыйратып иштеп өзүн көрсөтө албады. Эми минтип ээрден шыпырылганы турат.