Кадам ушул...
Заманды "бөрү" кылган өзүбүз
Кээси менен өзүм да эмне жазганымды жакшы дааналай албай, окурмандын кыжырына тийип алганымды сезип калам. Ушул азыр да ошол жолго түшкөнү турат окшодум. Аны билип туруп эле баштаганды таштабаган жаным болору болду деп теминип жатпаймынбы... анан да кыжыры кайнаган адам көп нерсеге акыл калчайт, ошентсин деп жатпаймынбы жаман-жакшы оюмда...
Адамзат жашоосу жалаң гана табышмактардан, түшүнүп болбой турган нерселерден турат го, кебетеси. Мисалы, өзүбүз жазып алган мыйзамдарыбыз бар, ошол мыйзамды бузбаш керек деген дагы бир мыйзамыбыз бар. Анан каратып туруп эле экөөнү бирдей бузабыз. Бул эмне болучу? Шарт айтчу жооп жок. Баса, "эй, мыйзамды эмнеге бузуп жатасың?" деп бирөө айтса, тигинин жообунун даярын карасаң: "Мыйзам деген бузуу үчүн жазылат!" Ошо менен иш өлүп берди да! Эмне үчүн мыйзам бузулбаш керек десе, аны бузуп жатат, бузуш керек деп жатат? Буга карапайым элдин жообу жок, анткени, билбейт, түшүнбөйт. Аны Кожо Насрединдин сүткор Жафар менен Бальзактын Гобсек деген тааныштары түшүнөт, Касымбековдун Карасакалы, Гоголдун Плюшкини түшүнөт, Манастын атасы Жакып түшүнөт, сан жылкылуу Сарыбай түшүнөт... андайлар көп, бүгүнкү күндө андайлар аябай көбөйгөн. Биздин уучубуз да куру эмес. Апас Жумагулов, Жумагул Сааданбеков, Үсөн Сыдыков, Чолпон Баекова, Тургунбек Кулмырзаев, Дастан Сарыгулов, Турсунбек Чынгышев, Нариман Түлеев, Равшан Сабиров, Акматбек Келдибеков, Феликс Кулов, Акылбек Жапаров, Дербишева, Чыныбай Турсунбеков, Равшан Жээнбеков, Учкун Ташбаев, Нурлан Сулайманов, Балкыбеков, Ташкул Керексизов, Малабаев, Бакирдин Субанбеков, Исхак Пирматов, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Жумалиев, Иса Өмүркулов, Искендер Гаипкулов, Улукбек Ормонов, Дайир Кенекеев, Султан Раев, Ишимбай Чунуев сыяктуу "азаматтарыбыз" бар, аларды карап артынан өсүп келаткан жаштарыбыз бар. Жөн өссө болбойт беле! Арман ушул! Аталгандар "ашынган түшүнүгү бар" адамдарыбыз, мыйзам эмнеден бузуларын ушулар гана билет...Баса, аталган тизмеде Акаевдер менен Бакиевдер жок. Алар "конкурстан" сырт...
Мыйзамдын баары пейилдин бузулушунан бузулат дейт бир чилистен таанышым, дароо эле Толстойдун Масловасын эстеп жибердим. Ойлоп көрсөм, Маслова айым жогоруда санагандардын бирине да окшобойт экен, анын бузулганы башка жеринен экен, жөнү башка тура. Биздин азаматтардын пейилинин бузулганы курган кекиртегинен, дүнүйөгө тоюнбагандыгынан, ачкөздүгүнөн экен, баары биригип келип элин уруп койбогондуктан экен! Ана эмесе! Азаматмын деп чирене жүргөн немелердин аттарын дурус эмес мааниде санап "ит эле болдуң, сарбагыш!" Муну өзүмө айтып жатканым. Сарбагыш эмне болуп ит болгонун деле даанасын билейм, укканымды айттым да. Ошентип, тигилердин пейилин айтам деп "ит" болуп жатпаймынбы! "Аларга теңелип не, айтпай эле койсом болбойт беле" дегеним менен, ичим ачышып, өрттөнүп кетип жатпайбы, эмнеге менин, карапайым элдин акчасынан алышкан деп. Албай койсо, алардын балакетин алат белек, жан күйгөндө ушинтип кемпирчесинен да кетип каласың!
Конституциябызда бадырайып жазылып турат, бардыгыбыздын укугубуз тең экен. Андай болгон күндө эмне үчүн кай бирөөлөр бу турмушта керектөөчү нерселердин баарын алат, айталы, үй-жайдын кененинен, квартиралары, бир дейсиңби, бир эмес, туура эле он сегиз квартирасы бар, машинанын кымбаты, анысы жалкы болбой калсын, ресторан-кафе, пансионат, сауна, жер тилкелери, Сарыбайдан кем эмес малы... баары бар, баары. Ал эми карапайым адамда андай байлыктан бири жок, байлыкты кой баласынын батинкеси жок болуп турат, кызынын кийиминен кеми көп, аялы күчүн үшкүрүктөн чыгарса, күйөөсү үңкүйгөндөн үңкүйөт...дили боздоп Жаратканды жашытып турат! Башын жогору көтөрүп, жашоосуна ыраазылыгы жүзүнөн дааналанып, бүлөсүнүн кем-карчы жок жашаганына андан бетер көңүлү ток болуп жашаш керек эле да, ошондой жашоого укуктуу болуп жаралган эле да бу шордуу. Наадандардын айынан жашоосу азап менен уланып жатпайбы!
Туура, кай формация болбосун коомдо жашаган адамдардын абсолюттук теңдиги болбойт экен: кул ээлөөчүлүк, феодализм, капитализм, социализм коомдорунда теңсиздик болуп келди. Кийин бизге-кыргызга келген түшүнүксүз коомдо теңсиздик дегениң өсүү-өнүгүү жолунда болуп жатат. Социализм заманын да тебелеп-тепсеп басып өтпөдүкпү, ошондо адамдар арасында азыркыдай чоң айырма жок болчу. Кеп жашоо деңгээли жөнүндө болубатпайбы. Акыл жагынан алсак, теңчилик бар. Кызыгы, кээ бир чоңдорго, байларга караганда жанагы баласынын батинкеси жок адамдык акылы артык! Эгерде адам акылын да жеп-жутуп койчу жол болгондо анда коррупционерлер баарыбыздын акылыбызды небак кайсап тынмак. "Гитлердин тилегиндей" деп айтып жибере таштаганымды карасаң!
Татаалы жок маселени талдаган бололу да. Кайсы бир жетекчи мыйзамда чектелген айлык менен өмүр ою иштеп келет. Андай айлыкты, а балким, андан көбүрөөк айлыкты майда кызматта иштеген дагы бирөө алат. Тиги чоңдун дачасы, кабат үйү, квартиралары, пансионаты, малы, мал сарайы, жери ж.б. байлыктары бар, кээсиники кабат-кабат бар, ашкере көп дегеним. А берки кызматкердин же жөн адамдын тиричиликке өтө керек нерселеринен ашык эч нерсеси жок. Үйү, эски машинасы бар, а балким, беш-алты кою, бир ую бардыр, айылдагы иниси баккан. Эмне үчүн ушундай чоң айырма? Анткени, байлыгы көбүнүн ачкөздүгү алдыга чыккан, адамдыгы ай талаада калган, "адам топуракка гана тоет" деген улуу сөз, дал ошол байдын жолунан алынган. Ал киши бу тириликте тойбойт, көрдөн орун алганда гана тоет, анткени, жутунган дили өлдү! Сооп болду! Ал неме тирүүсүндө мекеме, ишканасындагы байлыктан түрдүү жол таап туруп жеп келди, улам жеген сайын арааны ачылды, бүгүнкү алганы аз болуп эртең көп ала турганын мелжеди, анысы жашоосунун мазмунун түзүп калды. Бүлөсү да ошого ыңгайлашты, үйүнө агып келип жаткан арам акчалар күнүмдүк турмуштун бир бөлүгү экениндей түшүнүп, аны мыйзам ченемдүү көрүнүш кылып алышкан. Ошол акча бирөөнүн жон терисинен сыйрылган, бирөөнүн канынан турган арам акча экени алардын оюна кайдан келмек?! Андыктан коррупционердин бүлөсү каалаганын алып, каалаганын кылып жашайт, мораль деген түшүнүк аларда кайдан болмок, алардын моралы -башкадан бай жашоо, жетишпеген бүлөнү шылдыңдап, алардан алда-канча жогору турарын көрсөтүп байлыгын даңазалап туруу, көңдөй дээри менен, көпкөн сезими жуурулушуп наадандыгы куюлган бир жан го алар, жан эмес, дөң го бир эшектер оонаган!
Коррупционерлердин дээрлик көбү шаарларда жашайт, анткени, чоң кызматтар шаарда да. Анан ошол коррупционер бир күнү айылына келет, келгенде да чирене келет, бу жарыкчылыкта өзү, анан көзүнө анча көрүнбөгөн туугандары менен айылдаштары. Аларга тамак берет, арам тамагын берет. Тамагын жеп, арагын ичип жаткандарды көрүп тиги ого бетер көкөлөйт, алардан жогору турары дилинде ойноп турат. Чыныгы дилинде сөз тандап узак сүйлөп көрүнүп коюшу бар: Мекенди сүйөлү дейт, улууну сыйлап, кичүүдөн ийменели дейт, адамдыкты сактаганды көз ирмем унутпашыбыз керек дейт, элдин мүлкүнө кол салбай таза иштейли дейт(!), кыргыз ыймандуу болгон, ыйманды туу туталы дейт... дей берет, дей берет, Манас атасынын баатырдыгынан, айкөлдүгүнөн мисалдатат, албетте, мактаныч жетелеген оюнда өзүнүн турпаты да Манас атасыныкына окшоп кетет(!),өзү өмүр бою эл үчүн ак дилден эмгектенип келдим дегенди кайдан унутмак! Тамак менен аракка тоюп тургандардын көбү тигини колдоп турат, кээси чын, кээси калптан ошентет, дагы бир-экөө тигинин наадан экенин дагы бир ирет билип тим болот. Анан ошол коррупционер кеткенден кийин ал жөнүндө көпкө чейин кеп болуп, анын кыйындыгын баса белгилешет, "кекиртек заман" болуп турганда ошондой болот да... Ошентип, азыркынын кыйыны ошол коррупционер болду! Адамдыктан наадандыкка кеткен жол мелтирейт да, ыя, окурманым?!
Бүгүн коомдук турмушубузда чалмакей чалынып жатат. Мурун "эл" деген маани сөзсүз түрдө жакшы деген тарапты билдирчү да. Бийлик тарап "ит" болчу! Азыр бир жактуу ошондой баа берүүгө болбой калды көрүнөт. Анткени, бузулган адамдар айтмакчы "эл бузулду". "Керкисинде да, кемигинде да" болуп чын эле бузулуп барабыз. Бирөөнө кайтарымы жок жакшылык кылуу сээлдеп калды, жолдогу жолоочуну кол булгай чакырып ак сунуп турган учур кайда?! Азыр бир чыны суу сурап ичиштин маселеси кыйындыкка туруп калды! "Алайын, жулайын, менде гана болсун, болгондо да баары болсун, меники гана болсун!" деген психология спруттай ороп турат, жалпыбызды. Э наалатыныкы, жалпыбызды деп өзүмө баш бербей айтылып кеткен маанини карачы! Жан коер бекен ошол маани?!
"Заманың бөрү болсо, бөрү бол" деген кеп туура эмес экен. Заманды ким жаратат? Адам баласы жаратат. Андай болгон күндө заман өзүнөн өзү эле бөрү болбойт, анда жашагандар бөрү болуп, анан гана заманың бөрү болот, бөрүлөрдүн куулугун кара, өзү биринчи бөрү болуп, аны заманга шылтай салганын. "Сен бөрү болсоң, заманың да бөрү болот" деп айтсак, туурасы ушул! Ошентип, баарыбыз бөрү болуп бүттүк, "замандын ичин" жара тартып барабыз! Эң жаманы -биз тоголоткон башты бөлтүрүктөр илгиртпей илип алып жатканы!
Эл массасынын көз алдында көрнүүп турган жер- публичный жер болот. Азыр биздеги ошондой жердин анабашы-Жогорку Кеңеш. Анын эмне иш аткарып жатканы, кандай мыйзамдарды чыгарганы, депутаттардын баскан-турганы баары-баары массалык маалымат каражаттары аркылуу, аны менен бирге мыйзамда жазылбаган каражаттар аркылуу, айталы, күбүр-шыбыр, жекече байкоо-баамдоолор, ушак-айыңдар ж.б. аркылуу ал жердин абалы "ит жатагына" чейин белгилүү болуп турат. Ошол өңүттөн караганда Жогорку Кеңеш өз вазийпасын дурус аткарып жатат деп айтууга фактыбыз жетишпей жатат. Анткени, алар аткарган иштерде позитиви таптакыр эле аз. Жалпыбыз билебиз- депутат дегениң Конституциянын негизине таянып туруп жакшылык алып келчү мыкты-мыкты мыйзамдардын чыгаруу, аны менен бирге ошол эле Конституцияда жазылган милдеттерин аткаруу, маселен, премьерди шайлоо, өкмөт курамын түзүү, маанилүү маселе чыгып калса, комиссия түзүп иликтеп чыгуу ж.б. А биздин парламент болсо, таптакыр эле саясий оюндарга чыккыс болуп кирип алган, анын негизинде ар кандай масштабады интригалар, кармашуулар, өзүнө күл тартуулар, ушак-айыңдар, каралоолор, басынтуулар, жеке башка шек келтирүүлөр, жакынын кызматка орнотуу аракети, популизмдин туткунунда калуу... деги, бар негативдин баары бар. Эл дагы, эл ичиндеги жаш муун дагы парламенттен кандайдыр бир жакшы нерсе алуусу керек. Адамдыкты, ак ниеттүүлүктү, тайманбастыкты, түз кепке багынып берүүнү, туура сөздө тууган жогун, эл кызыкчылыгы үчүн чын дилден күйгөндүктү, мыйзамдарды мыкты билгендикти ж.б. Парламент эл массасын дегдеңдете жетелеп алышы керек. Биздин парламентте андай эмес. Бири-бири менен карчылдашып жатканы, жеке кызыкчылыгын сууруп чыгып чабышып жатканы, билимсиздигин көрсөтүп тантып турганы... баарыдан да асылбаа аялзатынын оозунан назик сөз чыкпай аркырап турганы. Маселен Жолдошева айымдын оозунан жакшы сөз чыкканын уга элекпиз...угушубуз керек эле... Парламент турмушун улантып айтууну эмдиги кезекке калтыралы.
Баратбай Аракеев