Адабий сын...
КӨНҮМҮШ ЧЕН-ӨЛЧӨМДӨРГӨ СЫЙБАГАН ЧЫГАРМА ЖЕ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВДИН "АГЫНДЫЛАРЫНЫН" АРТЫКЧЫЛЫГЫ ЭМНЕДЕ?

(Башы өткөн санда)

Социалисттик реализм эстетикасынын турмушту "революциялык өнүгүүдө" көрсөтүү, советтик тирликтин "типтүү жактарын, алгалоочу тенденцияларын" ачуу, алды жактан "кеңири горизонтторду", "социалисттик чындыктын перспективасын" көрө билүү жөнүндөгү идеологиялык талаптарына баладай ишенип, чын ыкласынан берилип, көнүп калгандыктанбы, кыргыз адабиятында көптөгөн калемгерлер өз айылын, туулган аймагын, районун сүрөттөгөндө көп учурда анын бери жактагы жалтыраган фасадын, "параддык" жагын, көрсөткүчтөрүн поэтизациялаганга ("Алтын өрөөн", "Гүлдөгөн өрөөн", "Өзгөргөн өрөөн" ж.б.), көбүртүп-жабыртып көкөлөткөнгө ык алып келишти. Мындай көнүмүш адабиятыбызда турмушту көп учурда боёп, жылмалап көрсөтүүгө (лакировкага) алып келгендиги белгилүү. Мына ушундай "коммунисттик, оптимисттик көз караштын" инерциясы бүгүн да биздин адабий менталитетте астыртан сезилип турат. Кыйлалаган көркөм жана публицистикалык чыгармалардан, эссеистикадан айылдын өйдө-ылдый татаал, карама-каршылыктуу реалисттик картинасын эмес, адат катары туулган аймакка ода айткан экзальтацияны көбүрөөк учуратабыз. Патриотизм деген нерсе, жалаң эле кичи мекениңди мактоодобу, даңктоодобу, романтизациялоодобу? Ушул жерден XIX-кылымдагы орустун атактуу уулдарынын бири Петр Яковлевич Чаадаевдин айткан төмөнкүдөй бир сөзү эске түшөт: "Мен өз мекенимди көздү жуумп алып, эрдимди бекем кымтып, колумду куушуруп сүйгөнгө көнгөн эмесмин. Мен минтип түшүнөм: Адам өз Ата-Журтуна аны ийне-жибине чейин жакшы билип, апачык көрүп турса гана пайдалуу боло алат. Сокур сүйүүнүн мезгили бүттү деп ойлойм. Эми биз өз мекенибизге акыйкат, чындык менен гана жөлөк-таяк боло алабыз".
Кандай терең айтылган ой. П.Я.Чаадаевдин бул сөзү чыныгы мекенчил гражданин-атуулдун сөзү.Чаадаевдин курч айтылган бу философиясы, керек болсо Кыргызстандын бүгүнкү көркөм сөзүнүн жаңы эстетикасынын негизинде жатууга татыктуу ой дегим бар. "Агындыларды" окуган адам, анын авторунун тутунган сүрөткерлик принциби дал ушул П.Я.Чаадаевдин позициясына өңдөш экенин байкабай койбойт. Анан калса, Ш.Дүйшеев окурмандар үчүн берген маегинде мына моминтип бизге сырын ачып отурбайбы. Окуйлу: "Өзүңдүн чыныгы кебете-кешпириңди жаап-жашырып, каратып туруп калп сүйлөп, жаркылдап туруп жалган сүйлөп, акылы анчалардын алдында акылдуу көрүнгөн адамдын жасаганы да, жазганы да калп, жалган, жасалма болот.Жазып аткан нерсеме жанымды салып иштейин, "жаны" жок кылып албайын деп, мен Кудайды карап туруп жаздым. Кудайды карап жазганда калп айталбай калат экенсиң. Орустар "душа" деп коюшат го, мен ошо "душамды" дуулдатып, жанымды жагып олтуруп жаздым" ("Де-факто", 25.04.2014). Ш.Дүйшеев "Агындыларын" ушинтип жазыптыр. Демек, жазуучу Ш.Дүйшеевдин жазайын деп үстөлгө отурганда сыйынганы, туу кылып тутунганы-чындык. Автор жасалма, "жаны жок" чыгарманы эмес, тирүү, "жаны бар" чыгарманы жаратууну көздөптүр. Ал эми "тирүү" чыгарманын согуп турган жүрөгү, каны-жаны кудайдын көз алдындагы чындык, акыйкат гана боло алмак. Демек, Шайлообек жогоруда П.Я.Чаадаев айткандай, кичи мекенинин алдында көздөрүн жумуп алып, колун куушуруп туруп, көңүлдү магдыраткан таттуу сөздөрдү чубуртуп айтуу менен эмес, өзүнүн Ат-Башысына "чындыктын чечекейин жара сайган" ачык-айкын атуулдук сөзү аркылуу көбүрөөк керек болорун жана көбүрөөк кызмат кыларын, окурмандарды көбүрөөк ынандыраарын терең туюнган.
Натыйжада, "Агындылардан" буга чейин "коммунисттик көз айнек" менен шөкөттөлө жүргөндөй, тууган жердин баягыдай идеологиялашкан кебете-кешпирин эмес, кооздолуп "саймаланган" фасадын эмес, "карааныңдан кагылайын Ат-Башым!" деген сыяктуу караандай эмоцияны, демейки тираданы эмес, бир боор аймактын ары ич жагынан аңтарылып сүрөттөлгөн, чыркыраган чындыкка негизделген, кандайдыр бир нормативге салынбаган, альтернативалуу дейбизби, вариативдик дейбизби, бейнесине күбө болобуз. Биерде боёлгон Ат-Башы жок. Көз алдыбызда ары жактагы "иче-кардынан" бери көрүнгөн, өзүнүн тарыхый-социалдык тагдырына жана элеттик стихиясына ылайык жашап, чалкып жаткан кадимки натуралдуу Ат-Башы турат. Мына ушинтип, турмуш чындыгы принцибин (принцип жизненной правды) тутунуп жазылган "Агындылардан" биз ажайып жер - Ат-Башыдагы элдик турмуштун бийигин да, жапысын да, тереңин да, тайызын да, кайгысын да, кубанычын да, комедиясын да, трагедиясын да, (маселен, үч кыздын өз бир боор атасы Сейитбекти өлтүрүшү-92-бет) сулуулугун да, улуулугун да, (Канымгүл Эне менен Касым жезденин моралы) жаманын да, жаркынын да көрүп отурабыз.
Дагы айталы, "Агындылардан" биз Ат-Башынын карама-каршылыктуу, чааралакей картинасын көрдүк. Караңызчы, жарыктык Ат-Башынын "дене-бою" ушунчалык узун деңиз, те байыркы дүйнөдөн тарта бүгүнкү күнгө чейин созулуп жатат (ырас эле, элибиздин те тетиги илгерки көчмөн коомдон кечээ эле чыгып келгенин эстеп коёлучу). "Агындылардагы" Кошойдун жеринин менталитетинин бир учу байыркы уруулук архаикада-коло доорунда жатат (айылдын көчөлөрүнүн уруулук принцип боюнча жайгашканы). Дагы бир учу орто кылымдарда жүрөт (бул жерде 50-60-жылдарда илгерки магия, дүйнөнү пантеисттик, мифологиялык кабылдоо кадимкидей тирүү).Кыскасы, Ат-башылык адамдардын психологиясынан, аң-сезиминен, нраваларынан, социалдык мүнөзүнөн ар түрдүү тарыхый доорлордун издерин көрөбүз. Ат-Башыга XX кылымдын цивилизациясы да өзүнүн "мөөрүн" ташка тамга баскандай кылып баскан. Бул советтик маданий-агартуунун көчмөндөрдү көкөлөткөн жакшылыктары да, чарбалык тирлик кылуунун жаңыча модели да (Керим акенин агороту -99-бет), цивилизациянын таасиринин терс натыйжалары да (Арак кыяматы: чабан Орозобайдын Ак-Сайга көчүшү. Жөн жаткан көчөнүн жанын койбой атын татырактатып, иттерди ызы-чуу түшүрүп, билегиндеги камчысы жерге сүйрөлүп, атынын бирде баягына, бирде тыягына ооп, унаасынын үстүнөн мына-мына үзүлүп түшчүдөй болуп жүрөктү шуулдаткан мас Талиптин дайымкы көнүмүш жоругу.-103-бет), тоталитардык, административдик-буйрукчул системанын темир таманынын түшүргөн тамгалары да (Тентигендин тагдыры, Ат-Башынын оозуна аскердик тосмонун коюлушу, элдин укугу менен эркинин тебелениши, тоталитардык райкомдун режими жинди кылган Айша сулуу), көчмөн турмуш образынын көнүмүштөрү да, а түгүл айылдардагы дудук-жиндилерден өйдө, жылкы менен кошо короодо жашаган эшектер да, кыскасы, бир сөз менен айтканда, туулган жердин жамандыгы жана жакшылыгы, триумфу (Кыргызстандын чемпиону-Кенже Эсенбаева) жана трагедиясы (атасын бычактап өлтүргөн уул) да, койчу, бардыгы байкаган адамга баканга тизилип илингендей болуп дапдаана көрүнүп турат. "Агындылар" Ш.Дүйшеевдин тууган жерге болгон сүйүүсүнөн жаралган. "Ак мөңгүлүү тоолору көзгө "жарк" дей түшкөн Ат-Башым, ошондо бүткөн боюм коргошундай көлкүлдөп, көкүрөгүмө батпай толуп ташып чыккан сагынычым" деп агынан жарылып турган Ш.Дүйшеевдей көкүрөгүнө мелт-калт сүйүү толгон мекенчил инсан гана учкан уясына карата ушундай улуу сөздөрдү жана "Агындылардагыдай" жылаңач, жан күйгүзгөн ачуу чындыктарды айта алмак. Ш.Дүйшеевдин патриотизминен улам өзүмдүн бир учурда жазган төмөнкү саптарымды эстедим: "Түзөймүн деп бу турмуштун кыйшыгын, жоготкомун жан дүйнөмдүн тынчтыгын, кемтик менен келишпеген сынчымын, ошон үчүн бүтпөйт менин ыр-чырым, таалайы ушул, тагдыры ушул сынчынын, мекенимдин бүтөйм тешик - жыртыгын!.. ".
Мынакей, киши тагдырлары аркылуу туулган жердин калыс, чынчыл, болгонун болгондой таасын көрсөткөн обьективдүү картинасы деп ушуну айтыш керек. "Агындылар"- Ат-Башынын өзүнчө бир көркөм энциклопедиясы сыяктуу. Эң негизги нерсе, автордун балалык тагдырына жуурулуштура көрсөтүлгөн Ат-Башынын тагдырынын чынчыл сүрөтүн көрүп окугандан кийин окурман туулган жердин таржымалынан кандай сабак - осуятты алам, учкан уямдын кыйшыгын кантип оңдойм, ийрисин кантип түзөйм, үзүлгөнүн кантип улайм, чачылганын кантип жыйнайм, асылын, артыгын кантип сактайм, эмнени аяп, эмнени коргойм, (албетте, Канымгүл чоң эненин рух маданиятын коргоо керек), мен өзүм киммин, Ат-Башым кайда баратат, "устаранын мизинде оодарылган заманда" (Арстанбек) элимдин, жеримдин мындан аркы тагдыры кандай болмок, кайсы стратегияны карманам?- деген сыяктуу проблемалуу суроолор менен тогуз толгонууга аргасыз болот. Биздин оюбузча "Агындылардын" кундуулугу, башкы жемиши окурмандын жан дүйнөсүндө дал ушундай эффектини жарата алгандыгында. П.Чаадаевдин жогорудагы мекенге "чындык, акыйкат менен жөлөк-таяк болуу" жөнүндөгү патриоттук насыйкатын "Агындылары" менен дал ушул Ш.Дүйшеев аткарган экен го. Ат-Башынын социалдык, рухий-маданий бейнеси-Кыргызстандын бейнеси. Ар ким андан өз районунун сүрөтүн көрө алат. Ал эми чет өлкөлүк интеллектуалдар болсо "Агындылар" аркылуу (эгер которулса) белгилүү бир географиялык чөлкөмдө, коомдук мамилелердин белгилүү бир тарыхый системасынын алкагында өтүп жаткан кыргыздардын жашоо образын, менталитетин, ошол системанын продуктылары-белгилүү бир адамдык социалдык типтерди, (алды жакта аттары саналып өткөн кейипкерлерди эске түшүрүңүз), бир сөз менен айтканда, Ат-Башы деген жердеги дүйнөнүн абалын, чоо-жайын (состояние мира) көрүп, ой толгоп, акыл тегеретишери шексиз.

(Уландысы кийинки санда)
филология илимдеринин
доктору, профессор, адабий сынчы,
Советбек БАЙГАЗИЕВ