Сайдулла Нышанов,
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты, ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы:

"Депутаттарга берилген үйдү таптакыр алып салып, аны жетим-жесирлерге берүү керек..."

- Сайдулла мырза, алгач чечилбеген чек ара маселеси боюнча сүйлөшөлү. Баткендеги кырдаал боюнча кандай пикир айтасыз?
- Чынын айтканда, чек ара маселеси СССР доорунан, так айтканда алды 100 жыл, бери жагы 70 жылдан бери чечилбей келаткан өтө көйгөйлүү маселе болуп калды. Мен да Баткенди кыдырып баарын көрүп келгем, негизинен ахыбал оор. Ал жерде арыктын ары жагы Тажикстан, бери жагы Кыргызстан болуп жатпайбы. Дүйнөдө мындай чиеленишкен чек ара жок болсо керек. Мурунку өлкө жетекчилери ушул чек ара маселесине талапка ылайык көңүл бурбай кол шилтеп жатышып, бүгүнкү күндө жалпы ахыбал өтө оор болуп кетти. Чек ара маселесин чечүүдө биринчи кезекте эки элдин ынтымагы болушу абзел. Бирок мен биздин элдин да, тажиктердин да чек арадагы жер тилкелерин бир карыш болсо да бошотоюн, артка жылайын деген аракеттерин байкаган жокмун. Демек, чек араны эки элдин мамлекет башчылары акыл калчап терең сүйлөшүп, калыстык менен чечиши күндүн талабы болуп турат. Албетте, буга абдан көп аракеттер керек. Бирок качан чечилет мен аны бүгүн айта албайм. Ал эми биздин тажиктер менен тең ата боло албай жатканыбыздын себеби төмөнкүдөй: буга чейинки жетекчилер тажиктер менен чырдашканда, ар дайым жергиликтүү элди тынчытып: "Чагымчылдыкка алдырбагыла, сабырдуу болгула" деп басмырлап келишкен. Аны жакшы билген тажиктер айрым учурда чектен чыгып кетип жатышты. Бирок тажиктерге тең ата болобуз деп катуу ачуулукка алдыра турган болсок, эки элдин ортосунда согуш чыгып кетиши мүмкүн.
- 7-майдагы чырдан кийин Баткен эли губернатор Жеңиш Разаковдун ордуна мурун иштеп кеткен Мамат Айбалаевди дайындоону суранып жатышат. Бул боюнча кандай пикир айтасыз?
- Жеңиш Разаковго Баткенге барганда жолуктум. Өзүнүн сөзү бар, тың, мурда укук коргоо органдарында көп жыл иштеген тажрыйбасы бар, эң башкысы Баткен жерин коен жатагына чейин билген адам экен. Кызматта турган адамдын баарына жагышы кыйын да. Балким, өзүнөн да кеткендир. Айтор, ага бааны эл берсин. Бирок мага анын кызматта туруп, кызматын сактап калуу үчүнбү же башка максат мененби, колдоо тобун түзүп алып, элди жыйнап митинг кылганы жакпады. Мамлекеттик кызматта турган адам мындай кадамга барбашы керек. Айбалаев аксакал болсо убагында жакшы иштеген. Ошон үчүн суранып жатышат го. Бирок ал киши чек араны жалгыз чече албайт. Бул маселе премьерлердин, президенттердин деңгээлинде чечиле турган чоң жана оор маселе болуп калганын жогоруда айттым.
- Түз маанисинде айтканда "Ата Мекендин" өкмөтү, КСДПнын министри электр энергиянын баасын көтөрүүгө катуу аракет кылып жатат. Бирок бул маселе парламенттен колдоо таппасы белгилүү десек жаңылышпайбыз да...
- Чынында ал аракеттер элге жакпай турган маселе. Парламенттен колдоо табышы да кыйын. Энергетика тармагында Ширшовдун "азаматтарынын" коррупциялык схемалары дагы эле иштеп жатат. Мына ошону жокко чыгарып, элге болгонун - болгондой ачыкташса жакшы болмок. Региондордогу столбаларды, анын чайнектерин, зымдардын ж.б. жабдыктардын баарын алмаштыруу керек. Ага миллиондогон суммалар керек. Ал акчаны кайдан алабыз? Биринчи кезекте жогоруда айткан коррупциялык схемаларды ачыктоо зарыл. Бирок 20 жылдап түзүлүп калган коррупцияны кыска убакыттын ичинде жокко чыгаруу оңой эмес. Ошол көмүскөгө кетип жаткан миллиондор энергетика тармагын оңдоого жетеби- жетпейби, аны да байкашыбыз керек. Чынында азыр Токтогул ГЭСинде да суу бир топ аз. Мен аны өзүм көрүп жатам. Азыр Максимдей болуп суу сатып жатышкан жок. Ал жагын баарыбыз көзөмөлдөп, байкап жатабыз. Буга себеп, жаратылышыбыз да кургачылык болуп жаткандыгы десек жаңылышпайбыз.
Бизде электр энергиянын баасы кудайга шүгүр арзан. Бирок муну тактап, тартипке салып алышыбыз абзел. Мисалы, мен айына 400 сом төлөйм. Кипрге барып келдим, ал жакта батирде турган бала менен сүйлөшсөм, ал: "Айына электр энергияга 200 доллар төлөйм" дейт. Албетте, муну салыштырып болбойт да.
- Айыл - чарба тармагын көзөмөлдөгөн комитетти жетектеп жатасыз. Аталган тармактагы көйгөйлөр тууралуу айта турган кебиңиз болсо керек...
- Албетте бар. Союз кулаганда кыскартуулардын баары ушул айыл - чарба тармагынан башталган. Ошондуктан, бул тармактагы бир топ мүмкүнчүлүктөр, пайдалуу нерселер кыскарып, жоюлуп олтуруп, акыры абалы оор болуп калды. Мисалы, азыр мал дарылоо тармагы өтө оор абалда турат. Бир сөз менен айтканда кадр жок. Союз кезинен бери иштеп жаткан мал доктурлардын эң эле жашы 54 жаштан жогорку адамдар. Айлыктары да абдан аз. 1200 сомдон башталат. Жаш кадрлар бул акчага иштешпейт экен. Ошон үчүн Ош базардагы бир мал доктурду алмаштыргандан көрө, Ленин районунун акимин алмаштыруу кыйла жеңил.
Андан тышкары, жерлерибиздин көбү айдалбай кысыр калып жатат. Үрөн боюнча да маселе татаал. Бирок аздан болсо да акыркы эки-үч жылдан баштап жылыш башталды. Мисалы, дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү маселесин колго алдык. Былтыр 3 млрд. 124 млн. сом таратылса, быйыл ал сумманы биз 7 млрд сомго көтөргүлө деп өкмөттөн талап кылып жатабыз. Өкмөт: "5 млн. сомдун тегерегинде таратабыз" деп пландап жатышыптыр. Кыскасы, биз сумманы жогорулатууга аракет кылабыз. "Жаздын бир күнү кылымга тете" дегендей, өкмөт ал насыяны өз убагында бербей, бир аз кечириктирип жатат. Дагы бир жагымсыз көрүнүш - бул насыя алган адамдар ал акчаны айыл чарбага жумшабай, ар кандай той - топурга жумшап жиберип жатышат.
Ал эми айыл чарба техникалары 90 пайызга эскирген. Бул маселе боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Мисалы, эки күн мурун айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү болду. 15-майга карата 115 тракторго (лизингге) алууга кезекке туруп калышты.
- Дыйкандар ал техникалардын баасы кымбат экенин айтып арзданып жатышпайбы...
- Баасы андай деле кымбат эмес. Болгону үстөгү кымбат болуп жатат. Ал техникаларды насыяга 30 пайыз үстөгү менен берип жатышпайбы, дыйкандар ошону 10 пайызга чейин азайтып бергиле деп суранышууда. Себеби, 30 пайыз менен колунда барлар гана алышат экен да, карапайым адамдар ала албай калышат экен. Азыр биз ушул маселени да караштырып, андан тышкары дыйкандарга берилчү насыяны 9 пайыз менен эмес, 5 пайыз менен бергиле деп өкмөттөн талап кылып жатабыз.
- Журналисттерге карата: "Жалган маалымат тараткандарды 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 500 миң сом айып төлөйт" деген мыйзам долбоору тууралуу кандай пикирдесиз?
- Негизи мен бул мыйзамдын долбоорун колдобойм. Биз минтип сөз эркиндигине чек койбошубуз зарыл. Анткени, сөз эркиндиги чоң баалуулук да.
Бул мыйзамга добуш берген күнү мен жок элем, добушумду ишеним кат менен бир кесиптешиме калтырып кеткем. Кыязы, ал макул деп добуш берип койсо керек. Бирок журналисттер да айрым учурда чектен чыгып жатышканын жокко чыгарууга болбойт.. Муну силер өзүңөр да моюнга алышыңар абзел. Өз ара ынтымактуу болуп, кандайдыр бир жыйындарды байма-бай өткөзүп, ичиңердеги "заказ" менен иштегендерди тартипке салышыңар керек. Болбосо, "Бир карын майды, бир кумалак чиритет" дегендей, мисалга 100 журналисттин баркын 1 эле журналист кетирип коюп жатпайбы. Андыктан, бул жагына да көңүл буруу абзел. Бүгүнкү коомдун өсүшүнө журналисттердин салымы абдан чоң. Мурунку депутаттардын жүрүм-турумдарына салыштырмалуу, азыркы депутаттардын жүрүм -туруму кыйла оңолду. Буга да журналисттер өз салымын кошту. Мына силер жакында ушул маселе боюнча президентке кат жолдоп, тынчтык митингине чыгабыз деп жатасыңар. Чыккыла, калыс пикириңерди айткыла. Бирок арабызда "заказ" менен иштегендерди тартипке чакырабыз, жоопкерчиликти алабыз деп ачык айтсаңар, депутаттар бул мыйзамды артка кайрып алышы деле толук мүмкүн. Мен түшүнөм. Журналисттерди пайдаланган же гезит ээси, ТВ ээси болгон саясатчылар да бар. Айрым учурда ушактын тарашына алар да себепкер болушат. Себеби, кожоюн да, кол алдындагы журналисттерге ар кайсыны жаздырып коюшат. Бирок биз 5 жылда мындай көрүнүштөн да кетишибиз зарыл.
- Кесиптештериңиз, батир акысын 18 миң сомдон 38 миң сомго чейин көбөйтүү, телефонго акча кошуу, машинеге бензинди көбөйтүү маселесин көтөрүп жатышат. Сиз муну колдоп жатасызбы?
- Биринчиден мен бул маселени кайсы кесиптештерим көтөрүп жатканын билбейт экенмин. Экинчиден мен депутататтык үйдө эмес, өз үйүмдө жашайм. Бул маселени мен колдобойм, такыр туура эмес. Себеби, депутат болуп үй алайын, байыйын деп келүү акылга сыйбаган нерсе. Адам өз жанын, үй-бүлөсүн бага албай жатып, кантип депутат болуп келип, элдин маселесин чечип берет? Ошон үчүн депутат болуп келем дегендер өз маселесин толук чечип алып, үйгө муктаж болбой келиши керек. Негизи депутатка жете турган айлыкты коюп, калган үй берүү, батир берүү маселелерин такыр алып салыш керек. Кээ бир кесиптештеримдин өз үйү, толук мүмкүнчүлүгү деле бар, бирок уялбай эле ошол депутаттык үйдө жашап жатышат. Андан көрө ошол депутаттык үйлөрдү майыптарга, жетим - жесирлерге, кыскасы чыныгы муктаж болгондорго кандайдыр бир шарттар менен берип койсок жакшы болмок. Ал эми телефонго айына 2500 сом, машинеге 10 литр май. Менин оюмча, бул өтө деле көп эмес. Андыктан буларды алып салса да болот, албай калтырып койсо да болот. Мен эки чакырылыштын депутаты болдум. Азыркы депутаттарга караганда мурунку депутаттардын кетирген чыгымы эбегейсиз көп болчу. Азыр андай эмес, бара-бара бир топ нерселер кыскарып жатат. Ушинтип олтуруп бул маселе талапка ылайык тартипке түшөт го дейм.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев