Турдубек Мамбетов,
Өкмөткө караштуу Курулуш, архитектура жана турак-жай,
коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси:

"Сот мыйзамды бузган фирманын пайдасына чечип койду..."

- Турдубек байке, сөзүбүздү былтыркы жылдын жыйынтыгынан баштайлы? Жалпысынан канча социалдык объект бүттү?
- Былтыр мамлекеттик бюджеттен жалпысынан капиталдык курулушка 2 млрд. 400 миллион сом бөлүнүп, анын 1 млрд. 350 млн. сому биздин агенттикке каралган. Мамлекеттин акчасына курула турган объектилердин саны 147, андан тышкары Түркиядан алынган насыяга (бизге 32 млн. доллар бөлүнгөн) менен 47 объект куруу каралган. Ошентип, жалпысынан республика боюнча 194 соцобъекттерди курууну пландаштырганбыз. Былтыр анын 65ин бүтүрүп тапшырдык. Айтсак, 40 мектеп, 11 Саламаттык сактоонун имараттары ж.б.
Ал эми быйылкы жылга мамлекеттик бюджеттен капиталдык курулушка 2 млрд. 500 млн. сом каралды. Бул сумманын 1, 5 млрд. сому биздин агенттикке бөлүнөт. Кудай буйруса, бул жагынан жакшы жылыштар бар. Мисалы. 2012-жылы жалпы курулушка 1,1 млрд. сом каралганы менен, пландалган 68 объектинин 30уна бериле турган 200 млн. сом Каржы министрлиги тарабынан берилбей калган. Ошондуктан ал жылы болгону 38 объект гана тапшырганбыз. Ал эми былтыр болсо бир гана объектиге, тактап айтканда каралган жалпы сумманын 72 млн. сому гана берилбей калды. Бул жерде маселенин так жана тез чечилишине Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жетекчиси Жусупали Исаевдин салымы чоң болду. Анткени ал киши мурунку премьер Жантөрө Сатыбалдиев менен илгертен иштешип, жакшы мамиледе болгондуктан, биздин маселени кабыргасынан коюп, катуу киришти. Ал кишинин демилгеси менен көптөн бери бүтпөй келаткан объектилердин бир тобун бүтүрүп алдык.
- Быйыл канча об­ъект бүтүрүү пландалды? Негизинен мекетептерди курууга басым жасалат да?
- Буйруса, быйыл жалпысынан 72 объектини, анын ичинен 25ин Түркиядан алынган насыянын эсебинен бүтүрсөк деген максатыбыз бар. Бирок каржылоо бүгүнкү күнгө чейин ачылбай, бир топ кечигип жатат. Туура айтасыз, басымдуу бөлүгү мектептерди курабыз. Жогоруда айткан түрктөрдүн насыясына салына турган 25 объекти бүт мектеп. Анткени, биз эл аралык уюмдардын изилдөөсүнүн жардамы менен Кыргызстандагы мектептердин абалына байкоо жүргүзгөнбүз. Жыйынтыгында республикадагы 99 пайыздан ашык мектептерге оңдоп-түзөө, капиталдык курулуш жок дегенде жылуулоо керек экенин аныктадык. 50 пайызы авариялык абалда экен. Эскилиги жеткендер да көп. Мисалы, былтыр декабрь-январь айларында Өзгөндөгү жана Алайкуудагы мектептердин чатырлары түшүп кетсе, Аравандын мектеби күйүп кетти. Былтыр биз чатырда окуп жаткандарга жалпысынан 14 мектеп салып бүтүрдүк. Аны бүтүрдүк деп сүйүнүп турсак, Кочкордун Ак-Жар айылында 2006-жылы салынган 192 орундук мектеп курулуш сапатынын начар болгондугуна байланыштуу кулап, жарабай калды. Азыр чатырга которулганы турушат. Быйыл ал мектеп планга кирген эмес. Азыр чечүү жолдорун караштырып жатабыз.
- Кайсы фирма салды эле? Кылмыш козголуп, жоопко тартылыш керек да?
- Ал мектепти илгертен жакшы деп эсептелген Канттагы "Хан-Теңири" фирмасы салган экен. Жетекчиси Халилов Адил Ниязович. Нарын облустук прокуратурасы бир эмес, эки жолу кылмыш иши козгоп, катуу киришкен. Бирок аягында эптеп-септеп ишти сотко өткөрүштү. Сот болсо аталган фирманын пайдасына чечип койду.
- Аткаминерлер биринчи кезекте өздөрүнүн айылына соц­объектилерди куруу маселесин чечип алып жатышканы эч кимге жашыруун эмес. Ал эми далайдан бери арызданып, суранып жүргөн ондогон, жүздөгөн айылдарда соцобъектилер курулбай келатканына кошуласызбы?
- Жалпысынан ошондой деп айтылып жүрөт. Бирок биз акыркы кезде республика боюнча курула турган соцобъектилердин тизмесин түзгөндө алыскы айылдар калып калбасын деп, балансты теңдегенге аракет кылып жатабыз. Дагы бир кызыгы, бир райондон 18-19 депутат болсо, айрым райондон бир да депутат жок. Бир айылдан депутат канча көп болсо, алар баары биригип, айылдагы маселелерди чечкенге аракет кылышат экен да. Кандай болгон күндө авариялык абалдагы мектептерди жаңыртуу, оңдоо маселеси биринчи орунда турат. Мисалы, Жогорку Кеңеште Алайдан 17, Кара-Кулжадан 13 депутат бар. Бул маселени депутаттар да өздөрү айтып, балансты теңдегенге макул боло башташты. Далил катары айтайын, былтыр Ошто 51 соцобъект куруу каралса, быйыл 37 объект курула турган болду. Ошондой эле Чүйдө былтыр 14 объект болсо быйыл 7, Нарында былтыр 6 болсо, быйыл 12 соцобъектилерде куруу каралды. Бирок райондордо, облустарда жашаган элдин саны да эске алынып, ал маселеге да карата бөлүштүрүп жатабыз.
- Башкасын коюп, Бишкек шаарынын башкы планы тууралуу кеп кылсак. Акыркы убакта мыйзамсыз салынган башаламан имараттар көбөйүп жатат...
- Борбор шаарыбыздын башкы планы 2006-жылы 750 гектар жерге жасалып, ал 2007-жылы бекиген. Бирок кайра бир аз өзгөртүү кылып, Шаардык кеңеш 2009-жылы да дагы бир жолу бекиткен экен. Чынында азыр Башкы план өзү бузулган жок. Бирок орусча айтканда ПДПсы (проект детальный проектировка) бузулуп жатат. Анткени, акыркы учурларда салынып жаткан ар кандай имараттардын ПДПсы жок, алар имараттарды салардан мурун ошол ПДПны жасаш керек эле. Тилекке каршы, көбү имараттарды салып коюп, анын артынан жасап жатышат. Ошондон улам, ар кандай башаламандыктар келип чыгып жатпайбы. Мындай көрүнүштөрдү биз текшерип, мыйзамга ылайык иштерди алып барып жатабыз. Жаңы мэр менен жолукканда да, ушул маселени айттым. Азыр кеч болуп турат, бирок мындан да кеч болуп кала электе, кыска убакыттын ичинде шаардын ичине ПДП жасап чыгуу керек.
- Таза суу боюнча кандай иштер жүрүп жатат. Былтыр канча жер, канча эл камсыз болду, быйыл канчасы камсыз болот?
- Буга чейин таза суу маселеси көбүнчө элдин жардамы менен чечилип келген. Кудай буйруса, быйыл Бүткүл дүйнөлүк банк биздин элдин таза суу маселесин чечүүгө 20 млн. доллар бөлүп жатат. Андан тышкары, өзүбүздүн бюджеттен да 50 млн. сом каралды эле, бирок ал сумма кыскарып, 25 млн сом колубузга тийгени турат. Мына ушул суммаларга республика боюнча жалпысынан 100гө жакын айылды таза суу менен камсыздоо иштерин жүргүзмөкчүбүз. Чынында эски бийликтин тушунда таза сууга бир топ акча каралганы менен абдан сапатсыз иштер жүргөн экен. Аларды биз кайра оңдоп жатабыз...
- Мурунку жетекчи Каныбек Нарбаевге бир топ убакыт орун басар болуп иштедиңиз. Ал кишиге козголгон кылмыштын чоо-жайын толук билсеңиз керек...
- Ал кишиге кылмыш козгошоордун алдында Башкы прокуратура мени чакырышты. Кыязы, алар менден маалымат алалы дешсе керек. Алар: "Мэриянын алдында УГС жана ОГС деген бар экен. Экөө тең жол салып иштегени менен, экөөнө каралган сумма эки башка болуп калыптыр. Бирөөсү 21,5, экинчиси 13,5 пайыз болуп калыптыр, эмне үчүн мындай болуп калды? Союз убагында экөөнө бирдей каражат каралып келиптир. Кадырбеков чыгарган буйрукту, Нарбаев жокко чыгарып, эки башкармалыкка эки башка норма коюп берип коюптур, бул маселени сиз билесизби?"- деп сурашты. Мен бул туралуу эч кандай кагаздарды көргөн жокмун. Чынында билбейм. Туура болгонун же туура эмес болгонун өзүңөр текшергиле деп жооп бердим. Ошондон кийин эле Нарбаевге кылмыш козголду. Ал кылмыш туура козголдубу же туура эмес козголдубу, аны укук коргоо органдары алдыда дагы териштиришет да.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев