Оңтойсуз суроолор?
Кошоматчысызбы?
- Кенжебек Сатымкулович, Сиз Бабановдун арты менен "Республика" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келдиңиз. Ошондон уламбы, басып-турсаңыз Бабановду ылайыгы келсе да, келбесе да мактап-жактап, коргогондон тажабайсыз. Кошоматчы атка коном деп коркпойсузбу? Же чындап эле кошоматчысызбы? Депутат болуп келгени эмне иш бүтүрдүңүз? Канча мыйзам жаздыңыз? Атамбаев бийликти узурпациялап алды деп Равшан Жээнбековдун айтканы туура деген пикириңизди билдирип чыктыңыз. Кантип, кандай жол аркылуу узурпациялап алды, конкреттүү далилдер менен санап бере аласызбы? Айткандай, бул ой өзүңүздөн чыктыбы же Бабанов кулагыңызга шыбырап койдубу? Баса, "Республика" фракциясы ич-ара бөлүнүп, улам-улам лидерлери алмашып жатканда фракция лидери болууга катуу аракет көрдүңүз. Бирок андан майнап чыкпады. Канчалык кошомат кылсаңыз да Бабанов сизге ишенбей койдубу? Сизге караганда Назарали Ариповду жогору санадыбы? Эмне ошончолук дарамет деңгээлиңиз өлчөлүүбү?

Максатыңыз эмне?
- Рустам Ырысбаевич, Сиз учурда мектеп окуучуларына улуттук орнаменттер камтылган бирдиктүү форма кийигизүү демилгесин көтөрүп, конкурс жарыяладыңыз. Албетте, бул идея колдоого арзырлык. Бирок конкурс калыс өтпөй, өң-тааныштык өкүм сүрүп, дизайнерлердин нааразычылыгын жаратып жатыптыр. Эмнеге мындай адилетсиздик өкүм сүрүп жатат? Демек, мектеп формасын шайлоо алдында саясий упай топтоо максатында колдонуп жатыптырсыз да, чынбы? Өзүңүздөн өзүңүз интервью алып, социалдык тармакка, тагыраагы фейсбукка жарыялагандан уялбайсызбы?
Айтмакчы, КСДП партиясынын тизмесине кирүүгө аракет көрүп жатат деген сөздөр ыраспы? Кезинде сиз Жогорку Кеңешке депутаттыкка койгон учурда, жер баспай турган Алтынбек Сулайманов сизди кайтарып, жан сакчы болуп жүрчү экен. Анан иниңиз Дилишти сабап салып, мамилеңер бузулган дешет. Кийин Алтынбек мырзанын Ноокатта кадыры көтөрүлүп депутат болуп кетип, ошого ичиңиз күйүп калыптыр. Бул айтылып жүргөн сөздөрдүн канчалык чындыгы бар? Сизди кайтарып жүргөн Сулаймановдун депутат болуп, а сиз болсо көчөдө калганыңызга арданып, депутат болууну самап жатасызбы?

Үчүнчү күчтөр кимдер?
- Абдырахман Мадакимович, Сиз күч тармагын жетектеген вице-премьер министр болгону Баткендеги чек ара маселеси күчөдү. Албетте, бул сиздин кызматка келгениңиз менен байланыштуу эмес. Айтайын дегенибиз, сиздин "Кийинки жаңжал-чатактар үчүнчү күчтөрдүн сценарийи менен уюштурулуп жаткандай туюлуп жатат" деген пикириңиз коомчулукта талкуу жаратып жатат. Сиздин баамыңызда үчүнчү күч кимдер болушу мүмкүн? Эмнеден улам мындай пикирге келдиңиз? Сиз айткандай айрым жарандардын жүрүм-туруму шек жаратып жаткан болсо, алар менен алдын-алуу иштерин жүргүзүп, тамырын тартып көрсө болбойт беле? Чек ара коопсуздугу бир эле Баткендин эмес, Кыргызстандын бейпилдиги, коопсуздугу экенин эске алганда, облустагы күмөн жараткан шектүүлөрдүн үстүндө иш жүргүзүш зарыл эмеспи, туурабы? Болбосо, баарын жалаяктай кылып коомчулукка жарыялап салса эле маселе чечилип калбайт да. Бул боюнча эмне иш кылып жатасыздар? Эки жолу Баткенге эл менен жолугушууга барып, экөөндө тең элдин барымтасында калды деген маалымат тарады. Барымтага калмайын иш бүтүрө албайсызбы?




Башкы прокуратураны кимдер башкарат?

Гезитибиздин электрондук дарегине бир тоголок кат "топ эле" деп түшкөнүнөн кызыгып ачып көрсөк, чын эле кызыктар бар экен. "Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деген макалыбызга өтө эле төп келчүдөй. Тоголок катка токтолсок, анда Кыргызстандагы менменсинген саясатчысынан баштап, чиренген чиновник, депутаттарына чейин "Аида Жеңишбековналап" ийилип турган Баш прокурор айымыбыз тууралуу кептер кетиптир. Аида Салянова Башкы прокурорлук кызматка отургандан бери башкы көзөмөлдөөчү органды нарындыктар көзөмөлдөп калганы жазылган экен.


Анда эмесе:
Аида Салянова - Баш прокурор, нарындык
Молдоев Кубан - Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы - Нарындан
Эсен уулу Эмиль - Ысык-Көл облустук прокурорунун орун басары - Нарындан (Молдоев Кубандын бир тууганы)
Молдалиев Максат - Аскер прокурорунун орун басары- Нарындан
Касымбеков Таалай - Талас облусунун прокурору - Нарындан
Токтогонов Кайрат - Москва районунун прокурору
Арпачиев Кылыч - Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы - Нарындан
Акматалиев Майрамбек - Балыкчы гарнизонунун аскердик прокурору - Нарындан
Бектурганов Малик - Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы - Нарындан
Казиев Астапа - Нарын шаарынын прокурору - Нарындан
Чынбаев Азамат - Жети-Өгүз районунун прокурору
Токтомамбетов Кеңеш - Башкы прокурордун жардамчысы - Нарындан
Тайсалов Алмаз - Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурору - Нарындан
Калиев Замир - Сокулук районунун прокурору
Жунушалиев Кенжебек - Кара-Көл шаарынын прокурору -Нарындан
Эсеналиев Күрүчбек -Тоң районунун прокурору - Нарындан
Байбосунов Арсланбек - Аксы районунун прокурору - Нарындан
Абыкеев Болот - Каракол шаарынын прокурору - Нарындан
Чоробеков Марлен - Токтогул районунун прокурору - Нарындан
Токтогазиев Канат - Ысык-Көл районунун прокурорунун орун басары -Нарындан
Кошнарова Гүлмира - Баткен облпрокурорунун орун басары - Нарындан
Батырканов Билялы - Жайыл районунун прокурорунун орун басары - Нарындан
Албетте, жогорудагы нарындыктардын баарын Аида Жеңишбековна өзү тандап "терип келди" дегенден алыспыз, бирок бул тармактын кадр саясатын калчагандар жердешчиликке жеңдиргени ачык эле көрүнүп турат. Жердешчиликти жек көргөн гезитибиздин позициясы ушундай. Оштугу болобу, нарындыгы болобу, чүйлүгү болобу, тең салмактуулук деген болушу керек.