Бейиш - энелердин таманында
2012-жылы Президенттин жарлыгы менен май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү деп жарыяланганы коомчулукка белгилүү. Өткөн жумада "Айкөл" ресторанында Мухтарбек Өмүракунов атындагы фонд жана Кыргыз теле-радио берүү корпорациясы менен биргелешип "Энелер - эл куту" аттуу майрамдык иш-чара өткөрүштү. Аталган фонддун Эне институтун чыңдоо максатында уюштурган бул иш-чарасы жогорку деңгээлде өтүп, Кыргызстандын 7 дубанынан тандалып алынган кутман энелер атайын номинациядагы төш белги, 30 000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ал тургай аларга "Азалия" кийим тигүү ишканасынан атайын улуттук үлгүдөгү жогорку чеберчиликтеги кийим-кечелер тигилип, белекке берилди. Кыскасы, өлкөнүн булуң-бурчунан тандалып алынган кадырлуу энелерди сыйлоонун, аларга таазим этүүнүн үлгүсүн көрө алдык. "ҮЙРӨТМӨН ЭНЕ" номинациясынын ээси 79 жашта Матанова Оңол Көлдүн Семеновка айылынын тургуну. Ал муундан-муунга өтүп, улуттун улуттук белгисин, кыргыз аялзатынын табият менен болгон шайкеш мамилесин даңазалаган узчулук өнөрдү туу тутуп, өмүрүн кыргыздын табышмактуу оймо-чиймелерин түшүрүүгө жана аларды жайылтууга, сыр жашырган өнөрүн кыз-келиндерине үйрөтүүгө арнаган.12 баланын энеси, Баатыр эне наамына ээ болгон. 150дөй небере-чөбөрөлөрдүн чоң энеси болгон Оңол апаны көлдүктөрдүн көбү тааныйт. "КААРМАН ЭНЕ" номинациясынын ээси 75 жаштагы ЖАМАЛКАН САГЫНАЛИЕВА Чүй районунун Карой айылынан.12 баланы төрөп өстүрүп, татыктуу билим берүүгө жетишкен. Чарбада иштеп, кызылча, чемичке багып мол түшүм берип, ушул убакка чейин жаны жай албайт. Ал эми Нарындын Жан-Булак айылынын тургуну 21 жаштагы КУБАНЫЧБЕК кызы КУНДУЗ "БООРУКЕР ЭНЕ" аталды. Атасынан да, апасынан да бирдей ажыраган Кундуз жолдошу менен кеңешип, бир баласына кошуп, жашы жете элек алты бир тууганын багып алган. Чие­дей бир туугандарынын чачырашынан корккон Кундуздун аракети текке кетпей, Нарын шаардык сотунун чечими менен бир туугандар Кундузга багууга берилген.
"НАСААТЧЫ ЭНЕ" номинациясынын ээси 82 жашта ПЕТРУХИНА АНТОНИНА Бишкек шаарындагы №21 дүлөй балдар мектебинде 1970-жылдан тарта тарбиячы-мугалим болуп эмгектенип келет. Антонина Алексеевна пенсия жашына жеткендигине карабай, азыр да турмушун балдарсыз элестете албайт экен.
Мындан сырткары Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну ЖОЛДОШБАЕВА МАСТУРА "САЛТТУУ ЭНЕ",
Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Тоймаматова Жамбү "КООМДУК ЖИГЕРДҮҮ ЭНЕ", Таластык ГУЛЬНАРА ИЗАГУЛОВА "СЫЙМЫКТУУ ЭНЕ" АХМАТОВА РАЙХАН ""ҮМҮТКӨР ЭНЕ", ДЬЯЧКОВА ВАЛЕНТИНА "ДАНАКЕР ЭНЕ",
ТУРБАБИНА ТАТЬЯНА "МЭЭРМАН ЭНЕ" номинацияларына ээ болушту. Кече баштан-аяк жагымдуу маанай тартуулаган музыка менен коштолуп, коомчулукка белгилүү адамдардын катышуусунда өттү.





Өз ыктыяр менен азаптан кутулган жакшы
Топугу жок бай- кедейдин кедейи
Эраул Роттердамский

Акыл эсти дарылабай туруп ооруган дене бойду айыктырыш кыйын
Сократ

Элибизге ак кызматыбызды арнап, Ата Журтубуздан урмат- сый тапканга эмне жетсин. Өткөндө бир курдай жогорку кызматта иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан карыянын; ".. атаңгөрү ашыкча дүйнө баш жарат деген чын белем. Көр дүнүйнө жыям деп шайтан амалына азгырылып, сөөм, сөөм көп жылдар боюу кашыктап жыйган кадыр-баркымды чөмүчтөп чачып алдым, жаманатты болуп калдым деп",-деп кейигенин угуп калдым эле.
Атанын жыйган байлыгы баласына дүнүйө болбойт деген сөздүн чындыгы тереңде экен. Кийин ал киши дүйнө салып кеткенде балдары ызаат менен сый сыяпатын жасап акыркы сапарга узатканга жараган жок. Мүрзөсүнүн топурагы тоборсуй электе атасынын жыйган байлыгын өз ара талашып, бөлүшө албай чырлашып жүрүштү. Атасынын элден, мамлекеттен айлакерлик менен өөнөп алган дүйнөсү эле опо болгон жок. Батасы тийбеди. Зыяны тийди. Бир туугандар биринин үйүнө бири киришип чыгышпай, ыркы келишпей өз ара душманга айланышты.
Дагы бир ушундай жегич пенде өмүрүнүн акырын кордук көрүп жүрүп өткөрүптүр, өзүнүн эле үй-бүлөсүнөн, бала-чакасынан. Көрдүңүзбү кудайдын мыйзамы бар да. Ошондуктан, адал жүрүп, таза жашаганга аракет кылабыз. Берекеси болот, майнап да табасың. Эң башкысы көңүлүңүз ток, санааңыз тынч, жүзүңүз жарык болот.
Адамга бактылуу болуп жашоо үчүн көп деле нерсенин кереги жок. Чыны байлык жыюу өмүр үчүн мурат деле болбош керек. Жыйынтыгында пайдасынан зыяны көп болуп калат. Митечилик менен байлык жыюу коомго гана жаман таасирин тийгизбестен, эл ырыскысын уурдап келген пенденин өзүнө да ар дайым опуртал шектүү көлөкөсүн түшүрүп, өмүрүнө коркунуч келтирип турат.
Алтындын ээси болот дегендей, ар кандай арам жол менен табылган байлыктын да алыстан тымызын сак сактап турган ээси болот. Кези келгенде ээ болуп калат. Анткени, атам замандан байлык дегениң колдон колго өтүп келе жатат… Опосуз, бапасыз дүнүйө деп ошондон улам айтылып калган тура.
Ошондон улам уруулук жол менен өзүнө коркунуч келтирип, жаманатты болуп,мамлекетке зыян келтириштин канчалык кажаети бар эле деген ой туулат. Кызылдай мээнети, таман акы маңдай тери менен байыса бир жөн, көз көрүнө ыйманын жеп, кызыл кулактык кылып,көз будамайлаган ар кандай кесепеттүү арамза жолдор менен дүйнө жыйып коомго жек көрүнүп, эл журттун каргышына калып наалаты болуп, өз азабын өзү таап алып жүргөндөр турмушубузда бакырайып эле, уруулуктун арты пендени эмне кылып коерун көрсөтүп турбайбы.
Көр дүнүйө деген сөз бекеринен айтылган эмес да. Ал эч кимге опо болгон эмес. Пайдасынан зыяны көп болуп, кесепетин тийгизип, түпкүрдөн жаңырыктаган каргышы өзүнө гана тийбестен урпактарына да доо кетирип, өмүр көчүнө шек келтирип, өзүнүн заар уусун чачып келатат.
Турмуштан, тарыхтан арам жол менен жыйылган байлыктын кесепети канчалык болорун билип турса да андан жыйынтык чыгарайын деген пенде сейрек. Өзүн кошо оп тартып кетчүдөй болуп иримдеп калтылдап турган байлыктан баш тарткылары жок, көзү тирүүсүндө эч кимге ыраа көрбөйт. Пенденин табияты ушундай экен. Көзү көр топуракка гана тоет деген накыл тегин жеринен айтылган эмес да. Эми ага айла жок. Ошон үчүн көр пенде, карама көр пенде деген сыпаттама кошо айтылып калган тура. Арамзалык жана ач көздүк менен жыйылган байлык эч кимге опо болбойт, убактылуу гана көз кызартып кылтылдап турат.
Жемкорлукту ураалап аламан чабуул коюу менен жеңүү мүмкүн эместигин турмуш көрсөтүүдө. Анын жомоктогу жети баштуу ажыдаардай улам бир башын кыя чапсаң, кийинки башы өсүп чыгып турганы. Демек аны тамырынан сууруп курутуу керек. Ал үчүн убакыт талап кылынат. Ошол арада коррупционерлердин ыйманын ойгото тургандай иш жүргүзсө болбойт дейсизби. Албетте болот, кечээ эле жибектей созулуп тазабыз деп кербезденип турган пенделер эмес беле. Алардын ар намысын ойготуп, Ата Журттун таламдарын коргоп чыгуучу рыцарга айлантууга эмне үчүн болбосун. Биротоло түңүлүп жиберүүгө али эрте. Алардын да аң сезиминде Мекен деген түшүнүк жашап турат . Айлампа турмушта ар кандай күтүлбөгөн бурулуштар боло берет. Бара бара эл журтунун тагдырын ойлоп намысы ойгонбойт, арданбайт деп ким айта алат. Жакшы ойдун шарапаты дегендей элине пайдасын тийгизер күнү тууп калар мезгили да болор.
Ал үчүн ошого тете иш жүргүзүү зарыл. Жогортон үлгү көрсөтүлүп, нуска ташталып турса кана. Эзелтен ата бабабыз тутунуп келгендей намысчыл, Ата Журтту жанындай сүйгөн, анын кол тийгис дөөлөттөрүн көз карегиндей сактап, кан-жанын аянбай тике турган күчтүү идеологиябыз болушу керек. Идеологиябыздын күчү бардык нерседе ар тараптан сезилип турса кана, аттаганат! Эр Манастын сүрү бар айбаттуу да, күчтүү да идеология ушу кезде мамлекетибизге аба менен суудай эле керек болуп турбайбы.
Жемкорлук деген илдет коомубузга түшкөн мите курттай болуп ичтен жеп турат. Эми эң башкысы бул коркунучтуу дартка каршы күрөштү параллель түрдө жегичтердин аң-сезимин сакайтуу аңытында жүргүзүү зарылчылыгын мезгилибиз талап кылып турат.
Элден, мамлекеттен бөлүп менчиктеп адалдап алгансызбы, же башка жолун таап кымырып кеттиңизби аны өзүңүз жакшы билесиз, оңтоюу келсе ыгын таап кайра артына өткөрүп эле берип койгонуңуз оң болот. Оо дүйнө, бу дүйнөдө абийириңиз таза жүрөсүз. Кор болбойсуз, акырет деген бар эмеспи.
Жогорку кызматта жүрүп, эл, журтка эмгек сиңире алган болбосоңуз да пендечилик кылып (кызылга кызыгып) шайтан азгырыгына кирип көрүнөөсүн көрүнөө, көмүскөсүн көмө кымырып келген байлыктарыңыздын жолун таап өткөрүп берип койсоңуз күнөөңүз жеңилдейт. Антпесе, өзүңүзгө көрүнбөгөн менен каргыдай болуп тагылып, көпчүлүккө такмаза кылып турбайбы. Бей-бечараларга жардам кылып, же балдар үйүнө өткөрүп берип койсоңуз дегеле жакшы болот. Сооп да табасыз. Балким түпсүз терең туңгуюкта күтүлүп турган жазадан да эбепке себеп болуп дегендей кутулуп кете аласыз.
Дегиси, бул дүйнөдө "көрбөйт деп уурулук кылба, укпайт деп ушак айтпа" деген чын тура. Былк эткендин баары эле кудайдын көз алдында көрүнүп турат экен. Пенде түбөлүккө жашап турбаганы чын, оо дүйнөнүн бейиши жана тозогу болору да далилденген. Ошондуктан, элдин ырысын, мамлекеттин байлыгын уурдагандардын, шүдүңгүттөрдүн азгырыгына кирип, ага шек келтиргенден коркуп, бей-бечараларга кордук көрсөтүп, басмырлап тургандан, мээнетин жеп алгандан сак болуңуз. Кусуру урат.
Бей-бечара жардам сурап кайрылып калса, колуңузда болсо ажаатын ачып коюуңуз. Берген акчаңызга ичиңиз ачынбасын, сообу тиет. Жөн эле жеринен пенде жардам сурап кайрыла бербейт. Шамал жүрбөсө байтерек деги термелбейт. Баары жараткандын буйругу менен. "Тең ичкен теңирге жагыптыр" деген накыл бар. Бей-бечарага бөлүшүп койгон жакшы болот. Бул нуска эмес, айрымдар ойлоп тургандай акыл үйрөтүү эмес, турмуштун өзү ушундай. Ыкыбалы келип кудайдын буйругу менен ушул сөздүн айтылып турганы да. Жөн эле жеринен эч нерсе болбойт. Баарына кудайдын буйругу болот экен. Уурдап алган же алдап алган мүлкүңүздөн соопчулукка деп кембагалдарга берип турганды унутпаңыз. Бул да болсо тапкан сообуңуз көбөйө берсин деп жараткандын күнөөңүздү жеңилдетип турганы экенин унутпаңыз.
Тегин жерден тегирмен жүрбөйт. Ак менен карасы, ысыгы менен суугу, жамандыгы менен жакшылыгы, адилеттиги менен карасанатайлыгы, мээрими менен мерездиги, калыстыгы менен жүзү каралыгы жанаша жүргөн дүйнө ушул болот. Жараткандын түбөлүк мыйзамы менен турмуш уланып келет.
Бирөөгө жамандык кылган болсоңуз, уурулугуңуз же башка күнөөлөрүңүз болсо эртелеп акырет жазасын жеңилдетүү үчүн ар кандай жол менен жакшылыгыңызды арттыра бериңиз. Кудайдын көзү бар дүйнөдө баары эске алынат. Турмушта биз билбеген, кабарын уксак да маанисин жеткире түшүнө бербеген, кудай мыйзамы менен бекип көлкзлдөп турган купуя дүйнө бар. Аалам каттамдары өмүргө таберик өзгөчө сырдуу табышмактарга толуп турат. Тообо келтирип, топук кылып жүргөн жакшы болот.
Меңдибек Асылбеков