Төр маек...
Төрөбай Зулпукаров,
ЖКнын вице-спикери:
"20 үй-бүлө колдончу электр энергияны бир эле саунасына короткондор бар"

- Төрөбай Закирович, ЖМК жөнүндөгү жаңы мыйзамыңарга коомчулукта нааразычылык катуу айтылууда. Сөз эркиндигин чектөөнүн аягы жакшы болчу эмес эле...

- Бул мыйзам жалгыз гана журналисттерге эмес, жалпы эле туура эмес маалымат таркаткандарга тийиштүү. Акыркы убактарда ЖК депутаттары деле, саясатчысы деле ар кандай такталбаган маалыматтарды таратып жатышат. Бул мыйзамды журналисттер өзүнө жакын алып кооптонуп жатышса керек, бирок бул бардыгыбызга тийиштүү экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин журналисттер кайсы бир маалыматты жарыялардан мурун такташтыруу иштерин жүргүзүп, факты издеп, мээнет кылууга туура келип калат. Негизи ушундай эле болуш керек. Бул адамгерчилик жагынан дагы, мыйзам жагынан дагы, журналисттик этика жагынан дагы туура болмок. Мисалы демократия десе эле АКШны айтабыз го. Чынында чыныгы демократия ошол жакта. Ал жакта бардыгы эркин, бирок бардыгы мыйзамдын чегинде. Эгер чектен өтсөң, катуу жоопко тартыласың. А биз эркиндикти туура эмес түшүнүп алдык. Америкага барганыбызда алардын конгрессмендери менен сүйлөшүп калып, силерде басма сөз эркиндиги кандай деп сурадым. "Эркиндик жакшы, бирок менин ар-намысыма шек келтирип, ачыктан-ачык маскаралап, атайылап караласа, мыйзам алдында катуу жооп берет" - деп айтышты. Ошондуктан биз кабыл алган мыйзамдан анчалык чочулоонун кереги жок. Айрым кесиптештерим "мен байкабай кнопканы басып алдым, байкабай добуш берип алдым" - деп жатышпайбы. А мен бул мыйзамды колдогонумду ачык эле айтам.

- Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон бааларды көтөрүүнү демилгелеп жатат. Бул демилге парламент элегинен өтөт эмеспи. Тарифтерди көтөрүүнүн учурда канчалык зарылчылыгы бар?

- Төрт жыл мурунку элдин каарын кайнаткан окуяга - дал ушул электр энергиясына, жылуулукка болгон баалардын көтөрүлүшү жана уюлдук байланыштагы 60 тыйын себепкер болбоду беле. Ошондуктан кандай болгон күндө дагы бааларды элдин калың катмарына таасирин тийгизбегендей кылышыбыз керек. Министрликтегилердин сунушун карап чыктым, чынында жалпы элге чоң түйшүк жаратчудай эмес экен. Азыр үйүнүн аянты 200-300 чарчы метр болгон жарандарыбыздын саны көп. Алар хан сарайларын жалаң электр энергиясы менен жылытышат. Күнүнө укмуштуудай акча тапкан кафе, ресторан, сауналарды иштеткендер кадимки эле карапайым калктын терисин жамынып алып, эбегейсиз байлык топтоп жатышат. 5-6 үй-бүлө колдончу энергияны бир үй-бүлө эле колдонуп жатат. Жанагы сауна иштеткендер 20дан ашык үй-бүлө колдончу энергияны коротуп жатат. Электр тармагындагы коррупцияны гүлдөткөн дагы ошолор. Кризиске кептегендер да ошолор. Ошондуктан аларды аябашыбыз керек. Энергетика тармагындагы кризистен чыгабыз десек, тарифтерди жанагыдай жагдайларга карап кымбаттатышыбыз керек.

- "Кыргызгаз" 1 долларга сатылаардын алдында "газ тартыштыгын эми билбейбиз. Газ менен бизди камсыз кылуу милдети "Газпромго" жүктөлдү" - деп жаттыңар эле. Бирок, Ошто жумалап газ жок болуп, көгүлтүр от көйгөйүн жакшы эле тарттык го...

- "Кыргызгаз" 1 долларга сатылды деген туура эмес сөз. Бул жөн гана символикалуу түрдө айтылган. "Кыргызгаз" көптөн бери эле карызга батып, банкрот абалында болчу. Муну азыркы бийлик же азыркы парламент кылган жок. Ошол миллиондогон сумма карызын төлөп берүү милдети жүктөлүп, "Газпром" сатып алып жатпайбы. Эки тараптуу келишимди түзүп жатканда эмне үчүн ошол суммасын так айтып, так жазган жоксуңар деп сурасам, европалык нормада ошондой экен, 1 доллар деп жазылган дешти. Ал эми Ошто газдын үзгүлтүккө учурашы- бул процедуралык иштердеги айрым кемчиликтердин кесепети деп ойлойм. Эми бул убактылуу көрүнүш. Бардыгы өз орду-ордуна келет деген ойдомун. "Кыргызгазды" сатпаган күндө деле биз көгүлтүр отко көз карандыбыз. Өзбекстан буга чейин деле газды саясий курал кылып пайдаланып келген. Өзүбүздү өзүбүз газ менен камсыз кыла албаганыбыздан кийин, бүтүндөй калкыбызга жеткидей газдын кени жок болгон соң, кимдир бирөөгө баары бир көз каранды болмокпуз. Муну туура түшүнүшүбүз керек.

- Кесиптешиңиз Турсунбай Бакир уулу "Ошто автономдуу болобуз дегендер чыгууда" - деген сөзүн айтты. Өзүңүз деле түштүк жакка көп каттайсыз. Ошондой сөздөр чын эле болуп жатабы?

- Кайсы бир депутаттын кайсы бир кеби үчүн комментарий бербей эле койсом туура болот го. Түштүккө эле эмес, Кыргызстандын бүтүндөй аймагын көп кыдырам. Кесиптешим каяктан, кимден угуп, анан эмнеге таянып айтканын билбейт экенмин. Мындай кептерди айтаардан мурун абайласак болмок. Бирок, Кыргызстандын бөлүнүп-жарылып кетүүсүн каалаган күчтөр жок деп так кесе айтуудан алысмын. Бирок мамлекетибиздин андай жаман ою барларды ордуна коюп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоого толук күчү жетет.

Маектешкен
Эрнис Балбаков