Собол...
1. Баткендеги кыргыз -тажик чатагы боюнча кандай пикирдесиз?
2. Баткен эли Мамат Айбалаевдин губернатор болуп дайындоону
суранууда, сиз бул маселени колдойсузбу?


Жеңиш Разаков,
Өкмөттүн Баткен
облусу боюнча өкүлү:

"Мени Айбалаевдин орун басары болуп иште дешти...."

- Бизде чек ара маселеси жеңил деп айта албайм. Анткени, өзүңүздөргө белгилүү болгондой деморкация, делимитация маселеси толук бүтө элек. Чатак чыккан күнү мен Санкт-Петербургда иш сапары менен жүргөм. Чатактан улам жабыркаган 2 адамдын абалы бир аз оор. Алардын бирөө Ошто, бирөө Баткенде. Калган 8 адамдын жарааттары жеңил болгондуктан Баткенде эле дарыланышууда. Азыр чатак боюнча атайы комиссия түзүлгөн. Чатак окуядан улам чыккан чыгым азыр алдын ала эсептөөлөр боюнча 7 млн. 200 миң сом болду. Бирок мен жабыр тарткан үйлөрдү, дүкөн ж.б. кыдырып көрүп чыктым. Менимче, чыгым жогоруда айткан сандан да көп болот. Тажик тарап чыгымдарды бирге иликтейли деп сунуш кылып жатышат. Демек, кайрадан бирге иликтешибиз мүмкүн.
Эми Айбалаев тууралуу кыскача айтайын. Бул адам убагында иштеген. Аны губернатор болсун деп 100дөй адам колдоп келишиптир. Аны угуп алып, менин 500гө жакын тарапташтарым да чыгышты. Негизи көпчүлүк Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарынын айыл өкмөттөрүнө нааразы. Анткени, аталган айылдар губернаторду алмаштыруу маселесин көтөрүп чыгышты да. Алар мага катуу сөз айта албай: "Жеңиш сени эми Айбалаевдин орун басары болуп иштеп бер" дешти. Мен эгер өкмөттүн токтомун алып келсеңер каршылыгым жок. Өкмөт кайсы жакка иште десе, ошол жакта иштей берем деп жооп бердим.
Менин укканыма караганда Айбалаев: "Мен эки нерсени жаман көрөм. Биринчиси тажиктерди, анан кыпчактарды" деп айткан экен. Менимче, бул айтканы туура эмес го. Анткени, Баткендеги ичкиликтердин эң чоң уурусу - бул кыпчактар. Кадамжайда, Лейлекте ж.б. райондордо олтурукташкан. Анан алар бул сөздү угуп алышып, Мамат акебизге жини келип, губернатор болуп келсе каршы болуп чыгабыз деп жатышканын мага айтып келишти.

Мамат Айбалаев,
Баткен облусунун
мурдагы губернатору:

"Бир, эки жыл
губернатор болуп
иштеп бергенге күчүм жетет... "
- Баткенде чек аранын абалы өтө начар. Ушул убакка чейин делимитация, демаркация боло элек. Буга чейинки президенттер президент болгонуна сүйүнүп жүрүп эле убакытты өткөрүп ийишкен. Тез аранын ичинде чек ара маселесин чечпесе болбойт. Чек ара чечилмейин, иш алга жылбайт.
Баткен эли мага телефон чалып "Губернатор болуп бериңиз, биз сизди губернатор болсун деп өкмөттөн суранып жатабыз" дешти. Эгер өкмөт колдосо мен иштеп бергенден качпайм. Бир-эки жыл иштеп бергенге күчүм жетет. Чек араны чечкенге аракет кылам. Чек ара маселесин жакшы түшүнөм.

Баатырбеков Алмаз,
"Ынтымак" тобунун депутаты, ЖКнын Коргонуу жана коопсуздук комитетинин жетекчиси:

" Райондук деңгээлдеги эле маселе го дейм..."

- Чынында Баткендеги чек ара маселеси абдан оор болуп турат. Менимче, өкмөт тараптан деморкация жана делимитация маселеси толук чечилмейинче мындай чатактар улам кайталана бериши мүмкүн. Ошон үчүн бул маселени көз жаздымда калтырбай тезирээк алдыга жылдыруу мезгилдин да, жалпы коомчулуктун да талабы болуп турат. Чынында чечилбеген чек ара маселесине эки мамлекеттин биринчи адамдары кийлигишпесе, жакын арада чечилбөөчүдөй. Мен жетектеген комитетке чек ара маселеси түздөн-түз тиешелүү болгондуктан, жакынкы күндөрү комитеттин көчмө жыйынын Баткен жергесинде өткөрөлү деп жатабыз. Мына ошол жерге барып чек ара маселесин жеринде талкуулап, элдин пикирин, сунуштарын да угуп келебиз.
Ал эми Мамат Айбалаев убагында иштеп өзүн көрсөткөн адам. Бирок азыркы губернатор Жеңиш Разаковду эмненин негизинде алмаштырабыз деп жатышканы мага азырынча түшүнүксүз. Бул маселе кыязы райондук деңгээлде эле көтөрүлүп жатса керек.

Эркин Сакебаев,
КСДП фракциясынын
депутаты:

"Маматалиев Баткенге барбай эле, кабинетинде олтурат..."

- Өкмөт чек ара маселесин тезинен чечпесе эки коңшу эл ушинтип кагылышып, кыйнала берет. Мына биз өткөндө Жогорку Кеңеште ушул маселе боюнча жабык жыйын өткөрдүк. Бирок аны эмне үчүн жабык кылып коюшту, мен түшүнбөдүм. Ачык эле өткөрүш керек болчу. Ошол жыйында мен Абдырахман Маматалиевди биз чек ара маселеси боюнча вице кылып бекиткенбиз. Бирок ал Баткендеги маселени жеринде чечпей эле, Бишкекте эле жүрөт. Кабинетинен чыкпайт. Баткенге барса, бир күн барып коет, анан болду. Керек болсо аппараты менен кошо Баткенге кетсин деп айттым. Биздин президент менен Тажикстандын президенти өткөндө Москвада жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты. Тажик президенти деле чек ара тезинен чечилсе деп жатат. Бирок биздин өкмөт бул боюнча катуу кадамдарга барып, мыкты иш алып барбаса, маселе мындан да оорлошуп кетиши толук мүмкүн.
Мамат Айбалаев тууралуу сурооңо айта турган деле пикирим жок. Анткени мен ал кишини тааныбайм. Угушума караганда убагында аракет кылып жакшы иштеген дешет. Бирок азыр жашы 70ке таяп, карылыкка жашып жетип калыптыр.

Эрик Арсалиев,
экс-депутат, коомдук ишмер:

" Тиши өтпөгөн маселеге деле мен барам деп бара береби?"
-Эгер биздин бийлик күчтүү болсо, чек арада мындай чатактар болбойт эле да. Тилекке каршы, бийлик алсыз. Өзгөчө чек ара маселесин чечет деген вице Маматалиевдин эл ичинде кадыр-баркы жок экен. Баткенге барганда, аны жергиликтүү эл кандай талашты. Ал мындай жүрүшү менен алдына койгон максатына жете албайт го. Эмне тиши өтпөгөн ишке деле мен барам деп бара береби? Чынында эмнеден коркобуз?! Күчкө күч керек. Мажүрөө болбой, тең ата сүйлөшсөк жакшы болот эле. Биздин бийликтин чек ара маселеси боюнча курч болбой, мокок болуп жатканы жалпы коомчулуктун кыжырын кайнатууда.
Мамат Айбалаевге менин көз карашым түз. Бул кишини Баткенге губернатор кылып дайындашса, мен 100 пайыз колдойт элем. Себеби, ал киши Баткендин элин да, жерин да беш колдой билет. Чечкиндүү, башкалардай болуп коркоктук кылбайт. Чек арада тартип болмок. Мындан башка ким татыктуу экенин билбейм.

Бермет Букашева,
журналист:

"Президент
жоопкерчиликти мойнуна алышы
керек..."
-Тилекке каршы, өкмөт чек ара маселесин жакшы чече албай жатат. Жакын арада өкмөттүн жыйынын өткөзүп, чек-арада жашаган жарандарды чакырып, кечиктирилгис чараларды көрүш керек. Биздин кошуналар Кыргызстанда өкмөт, парламент, бирөө дагы жеке жоопкерчиликти албай жатканын көрүп турушат. Менин оюм боюнча Президент жоопкерчиликти өзүнүн мойнуна алып, өкмөт менен парламентти камчылап, тез арада чечиши зарыл.
Айбалаев аксакал жөнүндө менин оюм жакшы, ал кишинин тажырыйбасы жана акыл-эси азыркы учурда өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого керек болуп турат.


Айбек Шамшыкеев
Мирлан Алымбаев