Кимдин, кимдин заманы?
Илгери Акаевдин убагында кеминдиктердин "кел-кели" келип, "кеминизм" заманы курула жаздаган. Кийин Бакиев келгени сузактыктардын доору башталып, кайда барба КурСалиевичтин аке-үкөлөрү үлкөн кызматтарда чалкалап калган. Азыр кандай? Азыр абал башкача. Алмазбек Атамбаевдин айылы эмес, бүтүндөй Чүй аймагынан чүйгүн кызматтарга "кыпчылгандар" дээрлик жокко эсе. Бул азыркы ажонун мурункуларга окшоп жердешчиликке жээликпегенинен го. Бирок азыр чоң кызматтарды байкап көрсөк, нарындыктар алдына ат салдырбаптыр.
Башкы прокурор - Аида Салянова, Юстиция министри - Алмамбет Шыкмаматов, Транспорт министри - Калыкбек Султанов, кечээ жакында эле кызматын тапшырган Коргоо министрлигинин экс - башчысы- Таалайбек Өмүралиев, ИИМ министринин биринчи орун басары - Бактыбек Жусубалиев, Энергетика жана отун өнөр жай министринин орун басары - Канатбек Муратбеков, Социалдык фонддун башчысы- Мухаммедкалый Абулгазиев, Президенттин аппарат башчысы - Данияр Нарынбаев, Бишкектин ШИИБ башчысы - Мелис Турганбаев, Бишкек шаардык сотунун төрагасы - Айдар Осмонов жана башкалар бар. Бирок, бул тизмедегилердин дээрлик бардыгы ишинин майын чыгарган, калктын кадырлоосуна татыгандар...




Экстер эмне кылууда?
Уйкусу качты
Экс-ички иштер министри Шамил Атахановдун бүгүнкү күндө маанайы пас. Башкы прокурор Аида Салянова качып кеткен Азис Батукаев боюнча жаңы кылмыш иши ачылып жатканын айткандан бери тынч уктай албай калыптыр. Анткени кылмыш иши ачылса, анын учугу ошол кезде күч органдарын тейлеп турган вице-премьер министр катары Атахановго такалары турган иш эмеспи. Батукаев бошоп кеткенде, Шамил Атахановду ошол кездеги өкмөт башчысы, жан досу Жантөрө Сатыбалдиев коргоп, колдоп, жөн гана кызматтан четтетип койгон. Эми Сатыбалдиев өз аргасын таппай турганда, Атахановду тирек болуп калкалап калганга чамасы жетпейт го. Андыктан Атахановдун чочулап жатканы бекеринен эмес.


Аргасы кетти
Өкмөт башчы болуп "галдирбай" атагын алып, ээрден оогон Жантөрө Сатыбалдиев учурда айласы кетип турган чагы. Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясындагы былыктарын жаба албай, камалып кетемби деп кыйпычыктап, кырдаалдан чыгуунун жолун издеп убара. Кошул-ташыл болуп, бир кезде Ош-Бишкек жол курулушун башкарган учурундагы "өөнөп" жиберген схемалары да ачыкка чыгышы мүмкүн болуп турат. Мындай коркунуч мурдагы Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановго карата кылмыш иши козголгону күч алды. Буга байланыштуу, коррупцияга каршы согуп жаткан эпкинден аман калуу үчүн эптеп бир элчиликти алып, Кыргызстандан тышкары жүрүүгө далалат жасоодо. Азырынча бул аракетинен майнап чыга элек. Дегенибиз, Орусияга элчи болуп кетүү максаты ишке ашпай, президенттин уруксаатын ала албай коюптур. Эми Түркияга элчи болуп барууну самап жатыптыр. Кыялы ишке ашабы, жокпу жакын арада билинет. Айтор, абалы жакшы эмес. Төбөсүндө сур булут салаңдап турат.


Элчиликти эңсеп…
Министр кезинде маданиятты майкандап жатканы коомчулук тарабынан катуу сынга алынган, маалымат каражаттарынан үзгүлтүксүз "тепкиге" салынган Султан Раев деген бар. Кызматтан кеткени кабары угулбай калды. Иликтеп көрсөк, президент тарабынан кыргыздын тарыхын иликтөө максатында уюштурулган "Мурас" фондунун ишин "иритүүнүн" камында экен. Министр кезинде аталган фонддун жетекчилигин бошотпой тырышып жүргөн болчу. Көрсө, акыры министрликтен кетээрин ошондо эле билип, көчөдө калбайын деп келечегин ойлоп жүргөн окшойт. Бирок "чоң жеп, чоң чычып" калган неме фондго ыраазы болбой жатыптыр. Ак үйдөгү маалыматтарга караганда, Тажикстанга элчи болсом деген тилеги бар экен. Сыягы, министр кезиндеги былыктары чубалып чыга электе Кыргызстандан чыга качып, тынч китеп жазып жанымды багайын деген көрүнөт.


Ток пейил Токонду тооругандар көп
Токон Мамытов "Ар-Намыстагы" 10 депутатты эркиндикке үндөгөнү үчүн Кулов андан куулук менен кутулду. Бирок ишсиз калганына анчалык деле ичи күйбөгөн Токон байкебиз ток пейил мүнөзүнөн жазбай, жадырап-жайнап эле жүрөт. Терроризмге арналган докторлук диссертациясын чиймелеп жатканын уктук. Токон Болотбековичтин билимин билгичтик менен пайдалануу ниетин билдирген бийлик, Алматыдагы Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча Орто Азиялык башкармалыкка барып бериңиз деп жаткан экен. Азырынча ачык жообун айта элек дешет. Ал ортодо омоктуу ою бар Токон мырзага Аскар Салымбеков "Эмгеги" менен "чогуу эмгектенели" деп эшигин каккыласа, Алтынбек Сулаймановдун "Бир болу" бир болууга чакырыптыр.


Зарылбек зарыккан жок
Саясаттын сасык жытынан жадаган генерал Зарылбек Рысалиев учурда кичи мекени Таластагы үлүш жерине бак отургузуп, багбанчылык кылып жатыптыр. Бирок эртеңки шайлоонун камын көргөндөр эл сүйгөн генералды эриктирбей улам-улам телефон кагышып, "келээрки парламенттик шайлоодо чогуу аттаналы" - деген кептерин кайра - кайра айтып жаткан экен. Айрым саясатчылардай болуп эки сүйлөгөндү жактырбаган Зарылбек Рысалиев "министрликке КСДПнын квотасы менен келдим эле, генералды ошол партиянын "атасы" Алмазбек Атамбаевден алдым эле, башкаңарга бара албайм" - деп сылык-сыпаа жооп берип, жолго салып жаткан экен. Айтор элдик генералды ээрчите кетип, элдин колдоосуна ээ болсок дегендердин аягы алигиче үзүлө элек.


Экөөнүн башы бирикти, элдин башын чиритти
"Мистер 10 пайыз" ылакап аты бар Акылбек Жапаров да жөн жатпай, ары-бери чапкылап жөрөп, акыры өзүнө окшогон Өмүрбек Бабановду тааптыр. Чачырап кетип, шалдырап калган "Республикасын" реабилитация кыла албай, айласы куруп отурган Бабанов Акылбек мырзанын акылына муюп, келээрки парламенттик шайлоодо чогуу чыкмай болушуптур. Бул экөөнүн жаңы адамдары, жаңы кадамдары кандай болоорун жакында көрүп калаарбыз. Бирок экөөнүн башы бириксе оңой эмес күч болот.


Ишенгени Ибрагим болсо...
Экс-вице-премьер, экс-министр Ибрагим Жунусов өзү бош болгону менен колу бош эмес. Эртеден кечке эпилдеп чуркап, катуу эмгектенип жатат. Атактуу олигарх Аскар Салымбековдун "Эмгек" партиясына эрмешип алган экен, түштүктү түрө кыдырып, "Бул жакты мага коюңуз, арбын добуш алып берем" - деп, ар бир айылга экиден штаб ачып жатыптыр. Мурунку шайлоодо "Ата-Журт" менен аттанып, жадагалса кичи мекени Кара-Суудан жарыткан добуш ала албай, карайлап калганын уккан элек. Аскар мырзаны ара жолдо калтырып, кашайтпаса эле болду. Анын үстүнө бул ырчыбыз Сулайманов, Мырзакматов, Төрөбаев дегендер менен добуш талашчу деңгээлге жете элек.

Айбек айылдык жигитке айланды
Чүй облусунун башчылыгынан баш тарткандан бери Айбек Азыранкулов айылында араба түртүп, кадимкидей эле оокатын кылып жатат. Панфиловдук бул жигит экс - чиновник элем деп элирбей эле, айылдаштары менен кадимкидей эле жазгы талаа иштерине аралашып жүрөт. Ордо калаага анда-санда эле чыкпаса, "жаздын бир күнү - бир жылга тете" - деп коюп, кара жумуштан колу бошобойт.