Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын жана облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, генерал-майор:

"Садиев Мырзакматовдун жээни эмес, анын өлүмүнө бийликтин тиешеси жок..."
30-апрель түнү Оштун Жапалак айылынын тургуну мурун криминал тобунда жүргөн Жеүиш Садиевди Кара-Суу районунун Дыйкан айылынан белгисиз бирөөлөр өз үйүндө атып кетишти. Эки ок жеген Садиев ооруканада эсине келбей жатып кайтыш болду. Жумурткадан кыр издеген оппозиция, тактап айтканда алгач өздөрүн БОК, андан кийин, УОК деп жарыялашкан оппозицияга бул жаңылык "майдай" жакты. Себеби, Равшан Жээнбеков башында турган УОК: "УОК Мырзакматовдун жээни Жеүиш Садиевдин буйрутма жол менен атып өлтүрүлүшүн кескин түрдө айыптайт. Бул кандуу окуя "белгисиз күчтөрдүн" Атамбаевдик бийликке катуу сын айтып, анын кемчилигин көзгө сайып көрсөткөн оппозициялык саясатчыны коркутуп, ага моралдык жана психологиялык басым жасоого кылган аракетинин натыйжасы" - деген билдирүү таратты. Албетте, акыл-эси ордунда киши УОКтун бул билдирүүсү бийликке карата болгон жалган-жалаа экени ачыктан ачык эле көрүнүп турат. Биз бул чуулгандуу маселеси боюнча Ош шаарынын жана облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковго телефон чалып, бир суроо менен кайрылдык.


- Сүйүн мырза, УОК Мырзакматовдун жээни Садиев бийликтин буйрутамасы менен өлтүрүлдү деген айып менен атайы билдирүү таратышты. Бул боюнча эмне айтмакчысыз?
- Биринчиден айта турган кеп мындай. Жеңиш Садиев Мелис Мырзакматовдун эч кандай жээни эмес. Болгону анын апасы Мырзакматовдун айылдашы. Бир сөз менен айтканда Мелистин бул окуяга тиешеси жок. Садиев дагы саясатка бир да жолу аралашкан эмес. Ал эми УОКтун окуянын чын-төгүнүн билбей туруп эле мындай билдирүү таратып жатышы туура эмес. Кыязы, алар өздөрүнчө упай топтойлу дешсе керек го. Бул ишке бийликтин эч кандай тиешеси жок экенин мен ишенимдүү түрдө баса белгилеп кетейин. Эртең баары ачыкка чыкканда УОКтун лидерлери уят болушуп, бул жалган маалыматы үчүн жоопко тартылып калышы мүмкүн.
- Жеңиш Садиев Батукаевдин тобунда болгону айтылууда...
- Ооба, мурун болгон. Ал буга чейин эки жолу соттолуп чыккан. Биринчисинде маңзаттарды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү боюнча, андан кийин кыймылсыз мүлктү урдоо боюнча соттолгон.
Кийинчерээк жеке ишкерлик менен алектенип, чет мамлекеттен көп санда машине алып келип, аларды сатуу менен алектенип жүргөн. Азыр Садиевдин өлүмү боюнча тергөө жүргүзүп жатабыз. Биз көп нерсени иликтеп, натыйжада конкреттүү бир топ маалыматтарды чогулуттук. Буюрса, жакын арада бул кылмыштын бетин ачабыз деп турабыз.
Тактап кетейинчи, Садиевди 30-апрель күнү өз үйүндө 16-калибрдеги мылтык менен биринчи колуна, анан көкүрөгүнө атып кетишкен. Мен азыр тергөө кызыкчылыгы үчүн көп нерсени айта албайм. Тергөө бүткөндөн кийин, баарын ачык айтып беребиз.

Айбек Шамшыкеев




Тажиктер кайрадан жол буушту

Баткен облусунун Баткендин Ак-Сай айылында Ворух анклавы Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырган жол 3-майдын кечинен бери тосулуп турат. Жергиликтүү тургундар чек арачылардын коштоосу менен Улар жайлоосуна мал айдап бараткан 40ка жакын тажик жарандары аларды өткөрбөй коюшкан. Ортодо жаңжал чыгып, чек арага эки тараптан тең эл чогулуп, пикир келишпестиктен улам, кыргыз жарандарына таандык эки унаа талкаланган. Эске сала кетсек, буга чейин малды жайлоого өткөрүү боюнча кыргыз-тажик райондорунун жана облустук жетекчилеринин ортолорунда макулдашуу болгон. Бирок тажиктер ал макулдашууну 4-5 күн аткарышкандан кийин "эски оорусун" карматып, кайрадан жол буумайга өтүшкөн. Ал эми күч тармактары, анын ичинде чек ара маселесин жөнгө сала турган вице-премьер Абдырахман Маматалиевдин бул маселелер боюнча эмне иш бүтүрүп жатканы белгисиз. Кыязы, "тиши өтпөй" кыйналып жатса керек.


Турсунбек Акундун айтканында данек бар

Өлкөдөн урмат-сый менен узатылган Батукаевдин окуясына байланыштуу, Турсунбек Акун Мамлекеттик коопсуздук комитетине сурак берүүгө чакырылган. Турсунбек Акундун айтуусунда, ал аталган кыматтын өкүлүнө: "Эгер мени Батукаевден 100 миң доллар алган деп күнөөлөсөңөр, анда Башкы прокурор Аида Салянова, УКМКнын башчысы Бусурманкул Табалдиев, экс-ички иштер министри Шамил Атаханов, Нарын шаарынын соту Жапар Эрматов, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевалар дагы суралсын, алар миллиондоп алышкан" деп жооп айткан. Бир карасаң Турсунбек Акундун айтканында данек бар. Анткени "өтүшүп кеткен аккан оорусу менен ооруп өлгөнү жатат" деп түрмөдөн бошотулуп Чечняга жөнөтүлгөн Батукаевдин окуясы бир эле Турсунбек Акунга тиешелүү эмес. Демек, кимдер аралашса баары жооп берүүгө тийиш.


Ойлон, таразала анан иш кыл!

Депутат Дамира Ниязалиева Жогорку Кеңештин жыйынында "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери" деген мыйзам долбоорун демилгеледи. Мыйзам долбоору "балдарга жаш кезинен тартып жыныстык билим берүүгө" багытталган. Кыргыз элинин менталитетин, дүйнө таанымын, мусулманчылыкты эске албаган депутат айым: ""Сени капустанын арасынан таап алганбыз"-деп балдарыбызды качанкыга чейин ишендиребиз? Жыныстык билим берүүнү баштоо туура"- деп бакылдады. Акылдуу айымдын жүйөсүнө таянсак, жыныстык билим берүү аркылуу жашы жете элек кыздардын боюнан алдыруу маселесине бөгөт болчу тарбия берет экенбиз. Эл аралык бейөкмөт уюмдардын улуттук нарк-насилди, үй-бүлөлүк баалуулуктарды талкалоочу идеяларын мыйзам долбооруна айлантып сунуштап жаткан Дамира айымга оңбогондой көлөмдө каражат убада кылынган окшойт. Болбосо адеп-ахлах, ыйманга сыйбаган мыйзам долбоорун токуп алып, анысын мактап-жактап отурбайт эле. Ошондуктан бул идеясын адегенде өз кызынан баштап, жыныстык катнаш тууралуу сабак өтүп, анан анын натыйжасы кандай болгонун коомчулукка айтып берсе дейт элек. Анткени депутат айымдын "ачылышы" коомчулукту кыжырдантып жатат.